Сурагым келет

Биз бул жолу “Сурагым келет” рубрикабызда динге байланыштуу суроолорго жооп кылмакчыбыз. Окурмандарыбызды кызыктырган диний багыттагы суроолорго дин аалымы Чубак ажы Жалилов жооп берет.

Суроо: – Учурда экинчи никедеги күйөөм менен жашайм. Жакында бирөөдөн «аял аркы дүйнөгө барганда биринчи никедеги жолдошу менен жашайт экен» деген сөздү уктум. Ушул сөздүн канчалык чындыгы бар?

Айпери.

Жооп: – Жалган дүйнөдө аялзаты бир канча ирет турмушка чыккан учурда чын дүйнөгө барганда ошол жолдошторунун ичинен эң эле адеп-ахлактуусу, кулк-мүнөзү жакшыраагы менен болот. Албетте, экөө тең бейишке барган учурда гана ошондой жагдай жаралат. Бул туурасында Пайгамбарыбыз алайхи салам өз сөзүндө баса белгилеген. Эске ала турган эң негизги маселе адам бейишке барганда ким менен болоорун ойлобой, ошол жерге барабы же жокпу деген ойдун жетегинде болуусу керек. А чынында бейишке кирген адам ар дайым бактылуу болот, бардык нерсе купулуна толот. Ал жерде көңүл ирээнжиткен же ойго толбогон нерсенин болуусу мүмкүн эмес.

Суроо: – Башында күнөө экенин билбей кашымды терип койгом. Азыр өстүрөйүн десем көзүмдүн үстүн каптап кетти. Эми тергенден башка жол жок болуп жатат. Тере берсем болобу?

Айжан.

Жооп: – Аялзатына каш терүүгө болбойт. Каш салаңдап өсүп барып көзүнө кирип кеткенде гана учун кыркып койсо жарайт. Андан сырткары каш узарып барып адамдын бетиндеги түккө кошулганда, кашты эмес ошол түктү терүүгө болот. Анткени, каштан башка жүздөгү түктөрдүн баарын терүүгө аялзатына уруксат берилет.

Суроо: – Мен намаз окуйм, жолдошум окубайт. «Намаз окубаган адам менен жатуу чочко менен жатканга барабар» деген сөз чынбы?

Бурул.

Жооп: – Адамды ак жолго салуу Аллах Тааланын иши. Пенденин колунан келбейт. Пенде себеп гана боло алат. Ошондуктан, ар бир намазыңызда жолдошуңузга дуба кылсаңыз жакшы болот. Жолдошуңуз мусулман болсо никеңер сакталып турат. Көңүлүн алып, ыраазылыгын тапсаңыз бейиши болоорсуз. Сиз айткан сөз да айтылат.

Суроо: – Намаз окуп жатканда айымдар бутуна байпак кийиши шартпы?

Жайна.

Жооп: – Чоочун эркектердин көзү түшө турган жерде болсоңуз бутуңузга байпак кийип алууңуз шарт. Ал эми өзүңүз жалгыз же туугандарыңыздын, болбосо жалаң аялдардын арасында болсоңуз бутуңуз кызыл ашыкка чейин жабылуу болгон болсо байпак кийүү шарт эмес. Анткени, аялзатынын буту намаздын өзүндө аврат деп эсептелбегени менен чоочун эркектерден бутун жабуусу милдеттүү деп фатва берилет.

Суроо: – Мен мурда бир жигит менен жүргөм. Ал мени алдап кыздык белгимди алып койгон. Экөөбүз урушуп кетип, мен азыр башка бала менен жүрөм. Ал мага үйлөнөм деп жатат. Эгерде ага чынын айтсам кечиреби? Кеңеш бериңизчи?

Самара.

Жооп: – Кеп чынынан бузулбайт. Азыр айтпасаң кийин билинип, курулуп калган жашооң бузулат. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет» деген кеп бар. Азыр кыямат жакын калгандыктан кырк жыл эмес, бир-эки жылда эле билинип калып жатат. Турмуш курганда баарын ак баштаган жакшы болот. Ошондой эле сизге айта кетерим, шариатыбызда кыз-жигит болуп жүрүү деген нерсе жок. Бул жапайычылык.

Суроо: – Өлгөн адам түшкө кирсе эмне кылыш керек? Деги эле түшкө ишенсе болобу? Түш тууралуу шариатта кандай айтылат? Кенен айтып берүүңүздү суранам.

Каным.

Жооп:Өлгөн адам түшкө кирсе Куран окуп, сообун багыштаса жакшы болот. Бул туурасында "Бактылуулуктун формуласы" деген китебибиздин 75-бетинде кеңири айтканбыз. Ал эми түш үч түргө бөлүнөт. Жакшы түштөр Алла Тааладан, жаман түштөр шайтандан, түшүнүксүз түштөр адамдын чарчаганынан, көңүлүнүн жай эместигинен болот. Бардык түштү колдон келишинче жакшылыкка гана ак пейилдүү адамга жоруткан жакшы. Көңүлгө жакпай турган түш болсо, эч кимге айтпай жардыларга садака тыйын берип койгонуңуз жакшы болот.

Суроо: – Боюнан алдыруу канчалык күнөө? Аркы дүйнөгө барганда ошол балдар энени тозокко сүйрөйт деген чынбы?

Паризат.

Жооп: – Мындай ишке барган адам адам өлтүргөндөй эле күнөөкөр болот. Боюндагы баланы төрөө эненин ден соолугуна олуттуу зыян бере турган болгондо же ичтеги бала өспөй калып, же катуу оорулуу болуп (мисалы баш сөөгү жок) калып, туулгандан кийин да ата-энесинин балээси боло тургандай жагдай жаралса гана алдырганга уруксат берилет. Мындай шарттарда адегенде дарыгерлердин чечими, андан кийин молдокелер карап макулдук бергенден кийин гана алдырганга уруксат. Ар ким өзү билемдик менен алдыра албайт. Кээ бирлер баланын жарыкка келишин пландабай калганы үчүн, же каалабагандыгы үчүн, же жөн эле бага албай калам деген шылтоо менен мындай ишке барган болсо адам өлтүргүч болуп эсептелинет. Ислам шариаты боюнча адам өлтүргөндөй жазага тартылат.

Суроо: – «Тирүүлүктө жети күйөөгө тийген айымдар бейишке чыгат» деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

Рахат

Жооп: – Андай сөздү укпаптырбыз. Бул кайра-кайра күйөөгө тийгиси келгендердин чыгарганы го. Менин жообум: Кудайым аялдарды көз ачып көргөнүнөн айырбасын. Кошкону менен кошо карытсын.

Суроо: – Кечиресиз, ыңгайсыз болсо дагы суроомо жооп алгым келет. Кытайлардын бир дарысы бар экен, формасы эркек кишинин мүчөсүнө окшош. Аны пайдалануу менен аял жатын ооруларынан арылат экен. Мындай каражатты колдонуу күнөө болбойбу?

Дамира.

Жооп: – Кечиргенден дагы сурооңузга жооп берүү кыйыныраак экен. Жатыны ансыз айыкпай турган болсо эмне кылмак эле? Ооруп жаны сыздагандан көрө аны пайдаланганы оңураак болгону турат. Бирок, тескери жагы: ага көнүп алып, күйөөсүн теңсинбей калса коом бузулганы жатпайбы? Жакшысы, Кудайым жаратып койгон дары - күйөөңүздү жакшыраак пайдаланыңыз. Дарылык касиети анча жок болсо күчтөндүрүп тамак берип, бапестеп карасаңыз, ордуна келээр. Күйөөңүз жок болсо күйөөгө тийиңиз.

Суроо: – Саламатсызбы, мен үч бир тууганмын. Байкем менен эжем турмуш куруп кетишкен. Апамдын колунда мен эле калгам. Кийин бир жигит менен сүйлөшүп, ага турмушка чыккам. Жолдошумдун ата-энеси айылда болгондуктан, биз апамдын үйүнө кирип алганбыз. Андан бери эки уулдуу болдук. Азыр жолдошум маянасы аз жумушта иштейт. Мен болсо балдар менен үйдө олтурам. Жолдошумдун тапканы эч нерсеге жетпейт. Баары апамдын мойнунда. Апам азыр биздин өз алдыбызча кетишибизди каалайт. Бирок күйөө баласына жаман көрүнүп калбайын деп жолдошума унчукпайт. Туугандарыбыз дагы «өз алдыңарча жашагыла, апамды кыйнабагыла» деп мени жаман көрүп келишет. Жолдошума бул маселе тууралуу айтсам «сен эң кенже кызсың. Үй бизге калат. Бөлүнсөк батирге кантип, каяктагы акчаны төлөйм. Анда ажырашам» деп коркутат. Мындан улам мен азыр абдан оор абалда жашап жүрөм. Кээде ушул маселеден жаралган чыр-чатактан улам өз жанымды кыйгым дагы келип кетет. Балдарымды аяйм. Мен мындан ары кандай кылып, эмне кадамга барышым керек. Кеңеш бериңизчи?

Жазира.

Жооп: – Ырас, жолдошуңдун каражаты жетпей жаткан соң аны андан ашыкча кыйноонун кереги жок. Убакыт-сааты келгенде баары өз ордуна келээр. Ага чейин апаңардын үйүндө жашап турганыңар оң болот.

Өз жаныңды кыйгандыгың апендичилик эле болот. Өлгөндүн жазасы - көмгөн. Өлүп калуу менен эч кандай маселе чечилбейт. Андан көрө балдарга жакшы тарбия бергенге аракет кыл.

Ал эми апаңдын үйү боюнча айта турган болсом, апаң жүзгө чыгып бейишке кете турган болсо, үйдүн төрттөн эки бөлүгү эркек бир тууганыңа, ал эми эжең экөөңөргө төрттөн бир бөлүктөр тиет. Ата-эненин үйү кичүүсүнө калат деген сөз кыргызда эле салт болуп калган. Бир туугандар ыраазы болуп беришсе гана эң кичүүсүнө калат.

Суроо: – Никесиз төрөлгөн бала бактысыз болуп калат дешет, бул тууралуу шариатта кандай айтылат?

Жазгүл.

Жооп: – Адатта никесиз төрөлгөн балдар атасы жок болуп же таштанды бала болуп чоңоюшат. Татыктуу тарбия берилбей калгандыктан, турмуштун соккусуна көбүрөөк дуушар болуп, бактысыздыкка арбыныраак учурайт. А чындыгында, никесиз төрөлүп калгандыгы үчүн байкуш наристе күнөөкөр болбойт. Анын жаралуусуна шариатсыз жол менен себеп болгон эркек менен ургаачы күнөөкөр болушат. Аларга тообо кылуу милдеттүү болоор.

Суроо: – Айлыгымды алганда жолдошумдан жашырып бир аз бөлүгүн өзүмө керектүү нерселерге коротуп коём. Бул күнөө эмеспи?

Алиман.

Жооп: – Ырасында, аялдын иштөөсүнө күйөөсү уруксат берүүсү керек. Күйөөсү уруксат бербесе үйдө олтуруп, үй-тиричилиги менен, балдардын тарбиясы менен, өзүн аздектеп-сулуулоо менен алек болот. Күйөөсү таап келгенди жейт, кийинет. Бирок «кеңешип кескен бармак оорубайт» деп жубайлар кеңешип туруп үй-бүлөлүк бюджетти чогуу толтуралы дешсе, анда күйөөсүнүн уруксаты менен аял киши иштесе болот. А аял өзү тапкан каражатына өзү гана ээлик чыга алат. Анын байлыгын башкарууга күйөөсүнө укук берилген эмес. Ошодуктан, сиздин бул аракетиңиз күнөөгө жатпайт.

Суроо: – Саламатсыздарбы, «Чубак ажы эс алуу күндөрү аялдар үчүн таалим сабактарын өтөт экен» деп уктум, ушул тууралуу маалымат бериңизчи. Дагы бир суроом, бул сабакка сөзсүз жоолук салынып, узун көйнөк кийип баруу керекпи?

Айдай.

Жооп: – Жуманын ар жекшемби күндөрү эртең мененки саат 10:30 дан 11:30 га чейин лекциябыз болот. Андан кийин дээрлик бир саатка жакын убакыт лекциянын катышуучуларынын кагазга жазылган суроолоруна жооп берилет. Лекция аялдар үчүн гана. Катышуучулар анча ачык эмес болгон каалаган кийимин кийинип барса болот.

Суроо: – Мен улуу, кичүү айымдар менен шеринеге барып турам. Ал жерден жолугушуп сырдашып, сүйлөшкөндөн сырткары кезектешип бир адамга акча чогултуп беребиз, бул нерсе туура элеби?

Гүлбарчын.

Жооп: – Аялдар анда-мында чогулуп тамак жешип, арыз-муңун айтышып сүйлөшүшүнө шариатыбыз тыюу салбайт. А бирок, ал нерсенин баары чеги менен болуп, аша чапкан деңгээлге жетпегени жакшы болот. Акча чогултуп бергениңерди илгертеден эле "кара касса" деп атап келишет. Негизи мына ушундай таризде тыйын чогултууга каршылык деле жок. Бирок, эске ала турган жагдай, тыйындын кадыр-баркы улам түшүп-көтөрүлүп турат. Ошондуктан, кээде миң сомго бир козу сатып алсаң, кээде ал акчага чоңураак тоокту зорго сатып аласың. Андыктан, шариаттын талап кылганына ылайык акча бирдиги деп эсептелген алтынга чегерип чектеген жакшы. Мисалы, ар бир чогулганда паланча пробадагы алтындын түкүнчө граммынын акчасы деп айтса туура болот.

Суроо: – Мен өзүмдөн 9 жаш кичүү баланы жакшы көрүп калдым. Бирок, ата-энелерибиз бизди туура түшүнбөсүн билебиз жана ошол эле маалда эки башка да кете албайбыз. Кандай чечимге барсак болот?

Альбина.

Жооп: – Сен аны жакшы көргөнүң жакшы экен. Бирок, маселе ал сени кандай көрөөрүндө турат. Менин негизги пикирим, аялзаты күйөөсүнөн бир канча жаш кичүү болсо жашоо гармониялуу болуп, көп нерсе жаштын фактору менен оң жолуна түшүп кете берет. Аял улуу болгон учурда, көп учурда аялы энесиндей мамилеге өтүп кетет да, бир канча жылдардан кийин күйөөсү башка жаш аялга үйлөнүүнү эңсей баштайт. Ойлонуңуз.

Суроо: – Менин жолдошум абдан кызгаанчак, кечинде жумуштан келгенимде «кайда бардың?», «эмне кылдың?» деп сурап, ар кандай сөздөрдү айттырып карганта берет. Карганган канчалык күнөө?

Венера.

Жооп: – Анчалык кызганчаак болсо, илгерки сарттардай кылып он эки пакса дубал менен коргон кылып, анын ичинде жалгыз сизди баксын же жанбаштыгындай кылып дайыма жетелеп жүрсүн. Жөндөн жөн эле каргана берүү жакшылыкка алып келбейт. Негизинен, кызгануу шариатыбызда мактоого татырлык нерсе. Бирок, жүзүңө конуп калган чымындан деле кызгана берсе жан калабы? Андай кызганууну шариатыбыз жектейт.

Суроо: – Азыр көпчүлүк төрөй албаган айымдар жасалма жол менен бойго бүтүрүп алып төрөп жатышат. Бул күнөө эмеспи?

Шарипа.

Жооп: – Жасалма жол менен бойго бүтүрүү туурасында "Карын эне кайгысы" деген темадагы илимий макалам бар. "Бактылуулуктун формуласы" китебимден таап окуңуз.

Суроо: – Аялдын айызы келип жатканда эркек төшөккө чакырса, аял себебин айтып барбай койсо, бирок, эркек нааразы болуп калса периштелер наалат айтабы?

Нургүл.

Жооп: – Жок, ал учурда наалат айтпайт. А бирок, айыз келген учурда деле аял менен күйөөсү бири-бирин эркелетишсе, өбүшсө, кучакташып жатышса сооп эле болот. Болгону шариаттык мамилеге жол берилбейт.

Суроо: – Айрым адамдар акча же баалуу буюмун жоготуп, уурдатып алганда «башы-көзүмө садага, жамандыктын баары ошону менен кетсин» деп айтып калышкандарын угуп калам. Ушул сөздү айтуу туурабы?

Алтынай.

Жооп: – Бул эми ошол баалуу буюмун жоготкон адамдын ичиндеги отту, ызаны, ачууну басуу үчүн аргасыз өзүн сооротуу үчүн айтылган сөз. Бул сөздүн төркүнү мындайча: Адам садака берсе андан жамандыктар качат. Ырыскы оошот. Келе турган балээлер ыраактайт. Садака жаман өлүмдөн сактайт. Буюму уурдалгандар да «ошондой садака кылып жибердим» деген маанини айткылары келсе керек. Ошондуктан, булардын садакасы мажбурланган садака болуп калат. А чыныгы садака болуп өз ыктыяры менен берилген нерселер саналат.

 

Динара Чокоева