Анархан: «УУЛУМДУН АЗЫРКЫ АБАЛЫНА КЕЙИСЕМ ДА АМАН КАЛГАНЫНА СҮЙҮНҮП ОТУРАМ»

Замандаштарыбыз арты-артынан агылып кетип жаткан Россия баарына эле бакыт ыроолоп жаткан жок. Көр тириликтин көйгөйү менен барган жүздөгөн замандаштарыбыз ал жактан ден соолугунан ажырап кайтып жатышса, айрымдарынын муздак сөөгү келип жаткандыгы ачуу чындык. Күтүлбөгөн кырсыктан улам жагымсыз кырдаалга туш болгон Талант аттуу мекендешибиз дагы жаш өмүрүнүн саламаттыгын Россияга калтырып, катуу жаракат менен мекенибизге кайтып келди. Уулунун ден соолугу үчүн оор улутунса, кара жаны аман калганына кубанган эне гезитибиз аркылуу өкмөткө болгон ыраазычылыгын билдирип өттү.

– Анархан эже, уулуңуз жакшы болуп калдыбы?

– Рахмат, мурдагы абалына салыштырып келгенде абдан эле жакшы деп айтсам болот. Уулум Талант Кыргызстанга келгенибизди бир билсе, бир айырмалай албай жаткан абалда болуп жатат. Анткени, алгач келген маалда абдан оор абалда эле. Бул жакка келээрде дене табы 39га чейин көтөрүлүп, тынбай ичи өтүп келген. Азыр ырас, ал нерселер токтоду. Кудайга шүгүр, атасы экөөбүз эки жагынан жөлөп-таясак бир аз басып калды. Аз убакыттын ичинде боюн кармап басып калат деп жатышат.

– Кырсык кандай болуп өтүптүр?

– Менин эки эле уулум бар. 1989-жылы туулган кичүү уулум Талант 3-4 жылдан бери эл катары Москвада иштеп жүргөн. 2013-жылдын 30-декабрында уулум жанында бирге иштеген бала менен түн ичинде дүкөнгө чыккан экен. Айтымында, жол чырактан өтөөрдө тиги бала алдыга өтүп кетип, уулум артта калып калыптыр. Анан ошо маалда орус улутундагы кыз башкарып келе жаткан унаа уулумду коюп кетиптир. Жакшысы, ал кыз өзү тез жардам чакырып, уулумду ооруканага жеткириптир. Балам ошондо дароо эле реанимация бөлүмүнө кабыл алынып, комага түшүп калган экен.

– Ал жакта канча убакыт дарыланды?

– Уулумдун кырсыкка кабылганын 2-3 күн өткөндөн кийин уктук. Москвада менин ошол жактын жарандыгын алып жашаган жээндерим бар. Алар Таланттан кабар алышканы менен уулумдун абалынын катуулугунан улам алда кандай болуп кетет деп чочулашып бизге эч нерсе айтпай турушуптур. Мен анысын кайдан билейин, майрамдын алды болуп калгандыктан, уулумдан кабар алайын деп ага чалсам эле бир кыз алып жатты. Ар кандай шылтоолорду айтып уулум менен сүйлөштүрбөй, кечинде чалсам эртең менен чалыңыз деп, эртең менен чалсам түштө чалыңыз дей берди. Бир күнү катуу айтып «кимсиң? Мен деген Таланттын энеси болом” дегенде гана ал кыз уулумдун кырсыктаганын айтты. Анан жээндериме кабарлашсам «сиз келген менен эч пайда жок. Бизди дагы киргизбей жатышат. Оорукананы айланып эле кайра кайтып жатабыз» деди. Ошону менен атасы экөөбүз бул жакта беймаза болуп жашап жаттык. Уулум 24 күн комада жатып, 25-күн дегенде палатага которулду.

– Уулуңузду мекенине алып келүү иштери кандай жүрдү?

– Түбүбүз Нарындын Ат-Башысынан болот. Бирок, он жылдан ашык убакыттан бери борбордо турабыз. Уулумдун кырсыкка учураганын уккандан баштап эле борбордогу бутубуз жеткен жердин баарына кайрылып, уулума жетүүгө камынып баштаган элек. Уулумдун палатага которулаары белгилүү болору менен 25-январда мен Москвага учтум. Бул жактан кетип жатканымда Жаштар жана туризм министрлигине жардам керектиги тууралуу кат жазып калтыргам. Мен барган соң уулум ал жакта 20 күн палатада жатты. Мен күн-түн дебей жанында болуп, аны бактым. Чет мамлекеттик делинип ар бир күнүбүзгө үч жарым миң рублдан төлөп турдук. Ошентип, уулум ал жакта дарыланып жаткан маалда мен кат таштаган министрлик Саламаттыкты сактоо жана Транспорт министрликтери менен жооптошуп, уулумду алып келүү боюнча чечимге келишиптир. Алардын жардамы менен 16-февраль күнү борборго келип түштүк. Биздин суранычыбызды жерге калтырбаган министрлерге терең ыраазычылык билдирем. Бизге кылган жакшылыгынын жообун Жараткандан алышсын.

– Бул жактан кабыл алуу, кароо кандай болуп жатат?

– Жакшы, абдан ыраазымын. Уулумду дароо кабыл алышып, реанимация бөлүмүнө жаткырышты. Орусиядагы дарыгерлер мээдеги суунун көлөмү көбөйүп кетип ал мээни кысып, баланы кыйнап жатканын айтышкан. Бул жактан дагы ошондой эле аныктама чыгып мээсин операция жасоого даярдашты. 3 күндөн кийин дарыгер Сакиев Советбек агай өзү операция жасап, мээсинен 150 миллиграмм суу алынды. Ушул күнгө чейин агай өз көзөмөлүндө карап жатат. Башына жасалган операция бекер болду. Ал эми дары-дармегин өзүбүз алып жатабыз.

– Ден соолугундагы чоң жоготуу уулуңуздун аң-сезимине таасирин тийгизбей койбосо керек?

– Баш талуу жер болгондуктан, таасири болбой койгон жок. Кырсык болгондо эле бир көзү жумулуп калган экен. Азыркыга чейин ачылбай жатат. Бирок, доктурлар “бара-бара калыбына келет. Андан эч кандай деле коркунуч жок” дешти. Анан да азыркыга чейин жөөлүп, азырынча уйкусунда тынчтык жок. Мурдагыдан ачуулуу болуп, атасы экөөбүздөн башка адамдарды кабыл ала албай жатат. Күзгүдөн өзүн көрүп абдан капа болуп, жинденип кетет. Баары калыбына келерин айтып, көңүлүнө карап багып жатабыз. Ийнесинин бүтөрүнө аз эле күн калды. Анан үйгө чыгарып дарыгерге убак-убагы менен гана келип турат экенбиз. Бар нерсеге тобо кылыш керек экен. Уулумдун азыркы абалын көрүп зээним кейисе дагы аман калганына жакамды кармап олтурам.

 

Гүлайым Калыбекова