Асанкан ЖУМАКМАТОВдун небере кызы Жамиля: «Атамдын кан күйгөн согуштан аман келип, лифттен ажал тапканы бизди күйгүздү»

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет» деп Аалы Токомбаев төгүн жерден айтпаптыр. Эл үчүн эмгек кылган ар бир инсан эл эсинен унутулбайт турбайбы. Дал ушундай эмгеги менен эл эсинде жашап калган КРнын баатыры, кыргыз маданиятына зор салым кошкон мыкты дирижёр Асанкан Жумакматовду небере кызы менен чогуу эскердик.

– Жамиля айым, сиз чоң атаңыз Асанкан Жумакматовдун өз колунда өстүңүз беле?

– Ооба, мен Асанкан Жумакматовдун тун небереси болом. Ал учурда биринчи неберени чоң ата, чоң энеси багып алчу турбайбы. Мени дагы чоң атамдар ымыркайымда эле колдоруна алышып, документиме чейин өздөрүнө жаздырып алышкан экен. Анткени, атамдардын кыз баласы жок болчу. Ошондуктан, Асанкан Жумакматовдун кызымын десем болот. Атама кичинемден абдан жакын болуп өстүм. Мени мойнуна мингизип алып ойноткондору азыркыга чейин эсимде.

– А канча эркек баласы бар?

– Эрмек, Эрик деген эки уулдуу болушкан, анан мен. Улуу агам Эрмек 54 жашка чыкты, учурда үч баланын атасы. Кесиби – сүрөтчү, архитектор. Экинчиси Эрик 50 жашта, эки баласы бар. Азыр бажы кызматында иштегени менен чыгармачыл адам. Ырдын сөзүн, музыкасын өзү жазып, өзү аткарат. Буюрса, 6-мартта чыгармачыл кечеси болгону жатат. Мен болсо профессионалдык деңгээлдеги үй кожойкесимин (күлүп). Негизи туризм боюнча билим алгам. Азыр эки кызым менен үйдөмүн.

– Кыргыздын залкар инсаны балдарына кандай ата болгон?

– Атам кыргыз элине абдан белгилүү, кайда болсо сый үстүндөгү адам болгону менен өтө жөнөкөй эле. Үйдө абдан ак көңүл, жумшак адам болчу. Түрдүү анекдотторду айтып берип боорубузду эзчү. Айтып берген анекдоттору абдан күлкүлүү болгондуктан, мындай анекдотторду кайдан эле үйрөнүп алат деп таң кала берчүмүн. Бизди урушуп же жазалаганы эсимде жок. Анан да үй-бүлөсүнө карамдуу ата эле. Бизге түрдүү белектерди тартуулап көңүлүбүздү көтөрчү. Бир ирет атамды жумушунда концертке даярдык учурунда көрүп калдым. Атам жумушта талапты катуу койгон, таптакыр башкача адам экен.
 

– Дирижёрлук кесибин канчалык деңгээлде сүйчү?

– Албетте, атам үчүн кесиби биринчи кезекте турчу. Атам согушка катышкан учурунда он сегиз жашта болчу экен. Душмандын огу колуна тийип жарадар болот. Ошондо дарыгерлерге «колумду кеспегиле, мен дирижёр болгум келет» деп ыйлаган экен. Дарыгерлер атамдын ал жарадар колун араң сактап калышыптыр. Андан кийин көксөгөн максатына жетип, аз кезигүүчү дирижёрлук кесиптин ээси болуптур. Атамдын ошол жарадар болгон колу өйдө көтөрүлбөгөнүнө карабай өмүр бою бул кесип менен иштеди. Эсимде, эртеден кечке иштеп, кечинде үйгө келип тамактанаары менен уктап калчу. Анан баарыбыз уктап үй жымжырт болгондо, түнкү саат 1-2лерде туруп алып, түрдүү аспаптарга музыка жазып, сүйгөн жумушу менен таң атканча алек болчу. Ал эми эртең менен сөзсүз түрдө дене тарбия көнүгүүсүн жасачу дагы муздак душка түшчү. Биз Киев көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилишинде жашачубуз. Атам болсо күн сайын үйдөн өзү иштеген филармонияга чейин эч кандай машина же троллейбуска түшпөй жайы-кышы жөө барчу.

– Жумакматовдун кызы болуу канчалык сыймык?

– Мен атам менен кечелерге көп барып калдым. Ал жактан баары атамды сыйлап турушар эле. Мен үчүн ал нерсе жагымдуу болчу, ансайын керсейип, ичимден кубанып калаар элем. Азыр деле Жумакматовдун кызы экенимди билип калып, жакшы сөздөрүн айтып калгандар бар. Бул нерсе мен үчүн жагымдуу. Бир жолу рулда баратсам МАИ кызматкерлери токтотушту. Алар айдоочулук күбөлүгүмдү көрүп алышып «сиз Асанкан Жумакматовдун өзүнүн кызысызбы, колуңузду кыса кармап алалы» деп мени жылуу узатышкан. Элдин ушундай жакшы мамилеси атамдын элге эмгегинин сиңгенинен деп ойлойм. Менин Жумакматовдой улуу адамдын кызы экенимди билгендер ушундай жагдайларда эле билип алышпаса, өзүм айткандан тартынам. Бул эмгекти мен эмес атам кылган, ошондуктан, атамдын атын пайдаланбайм. Мен үчүн атамдын фамилиясын алып жүрүү эле чоң сыймык. Керек болсо турмушка чыкканымда дагы фамилиямды өзгөрткөн эмесмин.

– Атаңыздын акыркы жылдары ден соолугу начарлап калган беле? Өмүрүнүн акыркы күндөрү өткөн кесиптик ооруканага эмне үчүн жаткан эле?

– Атамдын ден соолугу абдан мыкты болчу. 85 жашка чейин жашады, ошол аралыкта жашына байланыштуу эле бир аз көзүнүн көрүүсү начарлабаса, такыр ооруган эмес. Атам кесиптик ооруканага жатпаганда каза болмок эмес, дагы да арабызда жүрмөк. Ошол 2008-жылдын күзүндө атамдын 85 жылдык юбилейи болмок. Юбилейге даярдыкты бүтүрүп коюп ден соолугумду бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп коёюн деп июль айында кесиптик ооруканага жаткан эле. Акыркы жолу апам экөөбүз ооруканага барсак, атам палатасында жок экен. Медайымдан кайда кеткенин сурасам «эшикте Усубалиев менен сейилдеп жүрсө керек» деди. Анан апам экөөбүз алып барган тамак-ашыбызды палатага калтырып кетип калганбыз. Ошол учурда атамдын кийимдеринин баары палатада турганынан «пижамачан чыкса жакын жерде эле экен» деп ойлоп койгом. Эртеси күнү эле атамды жоктоп издөө башталды. Менин оюма дароо эле «атамды машина сүзүп кеттиби же бир жерге жыгылып калдыбы» деген ой келди. Көрсө, андан да жаман болуптур. Атамдын лифт менен эшиктин ортосунда калып тик турган боюнча каза болгону биз үчүн абдан оор болду. Кан күйгөн согуштан аман келип, лифттен ажал тапканы адамды күйгүзөт экен.

– Каргашалуу окуя кандайча болуптур?

– Атам үчүнчү кабатка лифт менен чыгат. Лифт ачылганда чыгайын десе лифтке жакын жайгашкан эшик бекитилүү болот. Анан лифт жабылып калат да, атам эшик менен өтө жакын жайгашкан лифттин ортосунда кала берип дем жетпей каза болуп калат. Чынында качан, саат канчада өлгөнү белгисиз. Тик турган боюнча өлүп, ошол жерде эки күн турган. Кызыгы, эки күн бою лифт аркылуу үчүнчү кабатка эч ким чыкпаптыр. Мени капа кылганы, өкмөт атамдын өлүмү үчүн кесиптик оорукананын башкы дарыгери менен сүйлөшүү гана жүргүзүп, эскертүү эле берип койгон. Атам люкс бөлүмүндө жаткан, ал жакта жаткандарды дарыгерлер көзөмөлдөп, кайда, эмнеге кеткенин билип турушу керек эле да. Бирок, алар атам жок болсо дагы издешкен эмес. Лифт менен каалганын ортосунда калып дем жетпей каза болгону белгилүү болуп турса дагы ооруканадагы бир жетекчи «мас болгон окшойт...» деп бир айтып, кайра “талмасы бар окшойт”, “диабети болгонбу?” деп атама тиешеси жок ар нерселерди айтты. Биз атамды сойдуруп текшертели десек, апам «жайына койгула, эртең дарыгерлер дагы бир шылтоону айтат» деп болбой койгон.

– Атаңыздын чыгармачылыгын түшүнүп, аял катары колдоо көрсөтүп келген апаңыз тууралуу дагы айта кетсеңиз?

– Атам жумшак мүнөз, баарына макул адам болсо, апам тартипти бекем кармаган катуу айым эле. Кесиби опера ырчысы болгон. Кийин төрөп үйдө олтуруп калыптыр. Атам 2008-жылы каза болгон болсо, апам атамдын күйүтүнөн туура бир жылдан кийин, 2009-жылы бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Экөө элүү жыл чогуу жашап абдан ынак болуп калышкан экен. Атам каза болгондон кийин деле апам атамдын жумуштан келээр убактысы болгондо «Асанкан жумуштан келет, анан чай ичебиз» деп күтө берчү. Биз «апа, атам эми келбейт» десек унчукпай калаар эле. Экөөнүн жаш айырмасы он жаш болчу, апам 75 жашка чыгып каза болду. Апам көпкө ооруду, биз атамдын ашын 26-сентябрда өткөрдүк. Ошондо «мен Асанканга болгон карызымдан кутулдум» деген, аштан туура бир ай өткөндө, тактап айтканда, 26-октябрда апамды жерге бердик.

– Ата каза болгондон кийин өкмөт тарабынан көңүл буруу кандай болду?

– Атам каза болгондон кийин эстелик тургузганга жардам бергиле деп кат жазып алып, үч жыл чуркадым. Качан гана Роза Отунбаева президент болуп келгенде ал айым акча бөлүп берди. Бирок, ал каражат дагы жетпей Ысык-Ата районунун акими жардам берген. Ошентип олтуруп үч жылдан кийин атамдын эстелигин тургуздук. Атам жашаган үйгө мэриядан мемориалдык тактай дагы коюлушу керек эле. Бирок, коюшкан жок. Биз өзүбүздүн каражатыбызга койдук. Былтыр болсо Маданият министри Султан Раевдин колдоосу менен 90 жылдыгын өткөрдүк. Ал адамга ыраазымын. Анан да атам шаардын ардактуу жараны, КРнын баатыры наамдарынын ээси болчу. Ошондуктан, мэрия атамдын атын бир көчөгө же музыкалык жайга бериши керек эле. Тилекке каршы, арадан беш жылдай убакыт өтсө дагы эч ким унчукпайт. Мен кат деле жазып жүрөм. Кыргыз улуттук консерваториясы менен Искусство институтуна Байтик көчөсү аркылуу бара жаткан жолдо парк бар экен. Ошол паркка деле атамдын атын берип коюшса, музыкалык окуу жайлардын жанында болуп жарашып калмак. Ал тууралуу деле кат жаздым, жооп жок. Бирок, карапайым калк арасынан атамды сыйлап, баалагандарды кезиктиргенде көңүлүм көтөрүлүп, кубанып калам.

 

Динара Чокоева