ТҮН ЭСКЕРТКЕН КҮНДӨР

Караңгылык канчалык көздү байлагысы келгени менен Жараткандын керемети болгон ай, асман толгон жылдыз буга жол бербейт. Толукшуган нурлуу түн тынч гана өкүм сүрүүдө. Ушу бүгүн айдын нуру Касымдын үйүн шыкаалап, терезени жарым жартылай тосуп турган парданын ачык жеринен төр жакта турган бешикке умтулат. Бул ай нуру үч бөлмөлүү, тыкан салынган үйдөгү көп окуяларга күбө болуп келет.

Түн жарымында жымжырт­тыкты баланын ыңаалаган үнү бузду. Айкан адатынча ордунан шып тура наристени эмизе баштады. Ымыркай энесинин эмчегин аптыга эмет. Баласынын мунусуна ичи эзилип, ансайын ­ийип,­­ мээримин төгүп, назик эриндерин кыбыратып баласын алкап турат. Жаратканга ичинен ыраазычылыгын айтып, терезеден көктү тиктеп көзүнө жаш айланды. Кудайым берерин унутпасын деп бекеринен айтпайт тура деп улутунуп койду.

Терезеден тийген ай нуру, жымыңдаган жылдыздар, чегирткелердин анда-санда чырылдаганы Айкандын мындан бир жыл мурунку эң бактысыз күндөрүн эске салды.

***

Экөө баш кошкондон бери мектепте мыкты иштеп Касым окуу бөлүмүнүн башчысы болду, Айкан мугалимдер аралык сынактардан ийгиликтерди жаратып келет. Экөө ырасында суктанарлык куп жарашкан жубайлар.

Бүгүн башталгыч класстын мугалими Нуржамал эже неберелүү болуп кесиптештерин жентек тойго чакырган. Мугалимдер келгенде кошуна үч-төрт кемпир анан кызмат кылган келиндер бар эле. ­Баары Нуржамал эженин сыйын көрүп, небересине өмүр тилеп көңүлдөрү көтөрүңкү отурушту. Дасторконго бата кылынар замат:

– Ай-ий, ботом, таттуулардан чөнтөгүңөргө сала кеткиле, куру кетпей. Баарыңардын үйүңөрдө той болсун, бул жоолуктарды салына кеткиле, - деп конок ээси кубанычын жашырбай төгүлүп-чачылып жатты.

Аялдар момпосуйлардан ала башташты. Эл арасында Айкан да «биз да жентек той берээр бекенбиз» деп улутуна момпосуйга кол сунду. Аңгыча төрдө отурган кемпирлердин бири шаңкылдап:

 - Ай, Касымдын келинчеги, эл алдынан тосуп чыкчу балдарына алып жатат. Сен кимге камдап атасың, - дебеспи.

Бозоро түшкөн Айкан эки жагын карана чок баскандай эле ордунан ыргып турду. Эмне дээрин билбей шашкалактап эми эле Нуржамал эже салган жоолугу башынан түшүп, момпосую колунан ыргып, же ыйлаарын билбей, же күлөрүн билбей эшикти көздөй басты. Бут кийимин кийгичекти дагы бир кемпирдин:

– Ии, десең, эмгиче Касымыбызга бирди төрөп бербейт же кетип калбайт. Мындан кийин келген келиндер үч-төрттөн төрөп алышты, - дегенин укту.

Үйдөн атып чыккан Айканга акыркы сөздөр үзүл-кесил угулуп жатты. Берки мугалимдер «ай, мынча эмне?..» деп эле жакаларын кармап же улгайган кемпирлерге кайрып сөз айтуудан айбыгып тарап кетишти. Жоодон качып келаткансып буту жерге тийип-тийбей үйүнө жеткен Айкан төркү үйгө кире качып, жанын коёрго жер таппай, бир үнү көктө, бир үнү жерде өкүрүп жатты.

Мектептеги жумуштарын бүтүрүп эч нерседен кабары жок келген Касым үйдөгү муздак тынчтыкка таң кала шырп алдырбай кирди. Ашканадан тамактын жыты келмек тургай, үйдөгү жарыктар күйө элек. Оорукчан атасы да онтоп караңгы бөлмөдө жатат. Чамасы түшкү тамагын да жебесе керек. Бул эмне деген шумдук?! Айкан үйгө келе элекпи дейин десе бут кийими оң-тетири чечилип тигинде ыргып жатат. Көргөн көзүнө ишенбеген Касым Айкан эле Айкан деп төркү үйгө кирип барды. Боор эти эзилчүдөй болуп эчкире ыйлап жаткан аялын көргөн Касым папкесин ыргыта салып жанына чуркап келди. Абалын сурайын деп умтулган жолдошун «кет жанымдан, биротоло кетсең да мейли, кет! Мен сага татыксызмын, кет!» деп келинчеги жанына жолотподу. Эч нерсени түшүнбөгөн Касым:

– Кудай үчүн түшүндүрчү, жаным, эмне болуп жатасың? Мейли, кетейин, бирок түшүндүрчү, - деп чебелектеди.

Болгон ишти уккан Касым тунжурап үнсүз турду да, анан баарына кайыл адамча Айканын бооруна тартты. Канчалык жанында болууну каалап жатканын түшүндүрө­йүн десе да Айкан аны кетүүгө мажбурлады. Айласы кеткен Касым эшикке чыгып бак түбүнө көчүк басты. Дүйнө ага ушунчалык тар сезилди. Ал биринчи жолу көзүнө жаш алып Жараткандан бала тиледи. Баарынан да муну Айкан үчүн беришин суранды. А үй ичинде Айкан көз жашын төгүп наристе жытын насип кыл деп сыздап олтурду.

Биринин артынан бири кубалашып келген түркүн ойлор Айканды караңгы бөлмөнүн бурчуна такады. Айласы кетти, амалы калбады. Мына ушул маалда ай шооласы терезеден төгүлүп, нурун чачып турган эле. Айкан өйдө-ылдый ойлонуп акыры кайраттанды да «эмки ушул маалга чейин Жараткандан бала тилейин, эгер маңдайыма эне болуу бакыты жазылбаса, анда ошондо кетейин» деген жыйынтыкка келди.

Бул окуядан төрт ай өтүп-өтпөй Кудай тилегин берип Айкан кош бойлуу экенин билди. Эртеби-кечпи Жараткан берем десе берет турбайбы деп сүйүнгөн жубайлар бирөөгө айткандан да коркуп, жашырып, сак-сактап жүрүшүп наристесин жарык дүйнөгө алып келишти. Буга карыган атасы эле эмес, бир айыл бүт сүйүндү. Айкан тилегениндей жентек той да беришти. Меймандар арасында баягы кемпирлер да болду. Бата алдында баягы кемпир адатынча кыйркыра сүйлөп:

– Айкан, айланайын, илгери төрөбөгөн аялдарды «ии, байкуш, ушуга кыйын» деп аяй берсе байкуш болуп жүрө берет деп андай аялды эл алдында кагып-силкип, катытып коюшчу экен. Ошондой катуу кеп уккандардын бири менмин. Тогуз жыл төрөбөй жүрүп, сенчилеп кагуу жегенден кийин жети бала төрөдүм. Мына эми минтип ошолордун төрүндө сыйын көрүп олтурам. Сага катуу айтканымдын төркүнү ушул. Ошондогу сенин үйүңдү көздөй зыркырап чуркаганың, ызаланып ыйлаганың, Жараткандан жалынып-жалбарып бала тилегениң мага жашыруун эмес. Мунун баары мага тааныш. Анткени өз башымдан өткөн. Бар бол, айланайын. Балдарыңдын ­чайын ич, - деп жаш толгон көзүн сүртүп, келинге энелик мээрими менен батасын берди.

Бала жытына мас болгон келин үчүн бир жыл ичиндеги бул ирмемдер эч нерсеге татыбай калды. Терезеден шыкаалаган ай бул бакытка күбө болгонуна кубангансып аста жылып баратты.

Гүлзина Мыйзамбекова