Ревматизм муундарды жалайт, жүрөктү тиштейт

Суук менен кошо жандануучу оорулардын сап башында ревматизм турат. Ага кабылган адамдардын саны болсо өлкөдө жыл санап көбөйүүдө. Учурда бул дарттан жабыркап, каттоого алынгандар боюнча статистика Кыргызстанда 100 миң кишиден 500 же 600 адам ооруй тургандыгын тастыктайт. Андыктан, биз калктын калың катмарына жеткиликтүү болсун үчүн бүгүн ревматизм тууралуу жаздык.

Ревматизм

Ревматизм – бул муундарды, жүрөк-кан тамыр тутумун, нерв системасын жана терини жабыркатуучу оору. Анын козгоочусу болуп “стрептококк” аттуу микроб эсептелет. Адатта ревматизм ангинадан кийин пайда болот. Өкүнүчтүүсү, аталган дарт менен мурда 6-15 жаштагы балдар ооруп келсе, ал азыркы учурда өзүнүн кучагына 5-21 жаштардагы балдарды, окуучуларды жана студенттерди камтыды. Мунун себеби, бул ооруну жаш иммундук система тез кабылдоого жөндөмдүү болгондугунда. Улуу муундун өкүлдөрүнүн арасында ревматизм менен ооругандар чанда гана кездешет.

 

Белгилери

•Шалдыроо;

•Тердөө;

•Баш оору;

•Температура;

•Жүрөктүн катуураак согушу;

•Колдун, буттун муундарынын бир аз оорушу;

•Колдун, буттун муундарынын бир аз шишиши.

 

Себептери

Ревматизмди стрептококк жаратаарын жогоруда белгиледик. Бул микроб адамдын организминде бар болсо же ага кандайдыр бир жол менен кирсе, ал алгач ангинаны чакырат. Анан ангинанын кесепети ревматизмди пайда кылат. Ошондой эле бул ооруга иммундук системасында кийинкидей кемтиктери бар адамдар чалдыгат:

•Өзүнөн улуу муундарда ревматизм бар болгондор;

•Мурун-тамак инфекцияларына көп кабылгандар (гайморит, синусит, фарингит, фронтит);

•Күчтүү стрептококк инфекциясын алып жүргөндөр;

•Тиштерине дайыма курт түшүп жүргөндөр.

 

Ревматизмди дарылоочу элдик ыкмалар

 

Малина. Уктоо алдында 30 г бышкан малинаны стаканга салып, үстүнө толтура кайнак суу куюу керек. 20 мүнөт тыныктырган соң ичип аласыз. Эки стакан деле ичүүгө уруксат этилет.

 

 

Ромашка. Жай отто кайнап жаткан 200 мл сууга ромашканын кургатылган гүлүнөн 4 аш кашык салып, дагы 10 мүнөт кайнатасыз. Андан кийин аралашманы марлядан сүзүп жиберип, күнүнө 70 миллилитрден 3 жолу тамактан кийин ичүү кажет. Бул муундардагы ревматикалык ооруларды басат.

 

Төө буурчак. Төө буурчак данынын чанагын кургатып, андан кийин майдалоо керек. Анан идишке мындан 20 г салып, үстүнө 1 л суу куюп 3-4 саат кайнатасыз. Эми муну эки кабатталган марлядан таза сүзүп салып, суусунан күнүнө 100 миллилитрден ичесиз.

 

 
Сарымсак. Идиштеги 40 г майдаланган сарымсакка 100 мл арак куюп, үстү жабык абалында караңгы бөлмөдө 7-10 күн тыныктыруу керек. Андан кийин аралашманы марлядан өткөрүп жиберип, суусунан күнүнө тамакка чейин 3 жолу 10 тамчыдан ичесиз.
 
 
Кайың. Кайыңдын данын жашыл кезинде чогултуп алып спиртке же аракка чылоо керек. Көп өтпөй эле ооруган муундарга жакшылап шыбаса, сыздаткан оору басылат.

 

 

Назгуль Омурзакова, медицина илимдеринин кандидаты, Улуттук кардиология жана терапия борборунун жогорку категориядагы врач-кардиоревматологу: “Ревматизм адамды жүрөк кемтигине дуушар кылат”

– Назгуль, айтсаңыз, ревматизм менен ангинанын кандай байланышы бар?

– Түздөн-түз байланышта. Себеби, бул эки ооруну тең козгогон стрептококк болуп жатат. Түшүнүктүүрөөк болсун үчүн мындайча айтып берейин: Адамдын организмине стрептококк түшкөндөн кийин ал алгач кадимки эле ангина менен ооруйт. Мындан улам анын температурасы 38-39 градуска көтөрүлүп, тамагы жуткузбай кызарып, тамагынын астындагы, мойнундагы бездери чоңоюп кетет. Муну улай эле тамагы саргайып ириңдейт. Мына ушул көрүнүштү толук айыктырбай койгон шартта ортодон 2-3 жума өткөндөн кийин ревматизм башталат.

– Кантип?

– Бул ооруну биз ревматизм же ревматикалык калтыратма деп атайбыз. Ал системалык оору. Анда адамдын муундары шишийт, ооруйт, терисинде кызыл тегерекчелер пайда болот, демигет, башы ооруйт жана эң негизгиси жүрөгүнө доо кетет. Бирок, ревматизмдин биринчи чабуулу катуу болбогондуктан жана ачык байкалбагандыктан, муну адам оңой эле көтөрүп өткөрүп жиберет. Арадан дагы убакыт өткөн соң кайрадан ангина козголот. Анан кайра ревматизмдин экинчи чабуулу болуп айланып отуруп жүрөккө, тагыраагы, жүрөктүн клапандарына доо кетет. Дарылоо менен ревматизм жараткан бардык кесепеттерди айыктырууга жана калыбына келтирүүгө болот. Буга ашып кетсе бир жыл убакыт кетет. Ал эми клапандарына доо кеткенден кийин жүрөктү калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес, ал ошол жабыркаган абалында өмүр бою калат. Андан ары күчөтпөй дарылап турууга болот, бирок, баштапкы абалына кайтарууга жол жок.

– Ошондо жүрөк кантип жабыркайт?

– Ревматизмдеги жүрөктүн жабыркашын бузулган эшикке салыштырса болот. Башкача айтканда, болту кармабай шалактап калган каалга кандай болсо, жүрөктүн сезгенген клапандары дагы ошентип калат. А күчөй турган болсо, бул жагдай жүрөк кемтигин жаратып клапандарды протез менен алмаштырууга муктаж кылат. Жүрөк кемтигине туш болгон соң адам майып болуп калаары жалпыга белгилүү эле эмеспи. Ошон үчүн таанымал француз доктору Эрнест Ласег “ревматизм муундарды жалайт, жүрөктү тиштейт” деп таамай аныктама берген.

– Ревматизмдин алдын алууга болобу?

– Болот. Тамагы ооруган же ангина болгон шартта ооруну төшөктө жатып толук айыктырыш керек. Ошондой эле үйдөгүлөргө стрептококк жугуп калбасын үчүн маска кийип, тамак-ашты жеке идиштер менен ичүү зарыл. Ооруганда болсо микроб өлсүн үчүн 0,5-1 саат сайын тамакты фурациллин, шалфей, ромашка аралашкан сууга чайкай берген жакшы. Мындай чайкоолорду башка күндөрү деле эртең менен жана кечинде кайталап коюу ашыктык кылбайт. Курт тиштер, гайморит менен жүрбөө кажет. Болбосо стрептококк ушул жерлерди уялашы мүмкүн.

 

 

Гаухар Жакшылыкова