Улуктун апасы Назира айым: «УУЛУМДУН БИР КӨЗҮНДӨГҮ ДАРТ ЭКИНЧИ КӨЗҮНӨ ӨТҮП, КОРКУНУЧ КҮЧӨП БАРА ЖАТАТ»

Биздин бүгүнкү каарманыбыз алты жарым жаштагы Улук аттуу наристе. Жашоонун оош-кыйышынан али кабары жок Улук учурда коркунучтуу көз ооруга кабылып, күн өткөн сайын жакындарынын санаасын санга бөлүп келет. Наристе болсо дагы зиректиги турпатынан байкалган Улук биздин эртеңки келечегибиз. Андыктан, жаш өмүрдүн саламаттыгы үчүн биз дагы салым кошолу, замандаш.

– Назира эже, Улуктун көз оорусу качан башталган?

– Уулум Улук биздин тун балабыз. Жолдошум экөөбүз жашоо-шартка байланыштуу убактылуу борбордо иштеп жүргөнбүз. А Улук болсо кичинесинен эле менин апамдын колунда болуп, апам иштеген бала бакчага барып жүрчү. Ал үч жашка чыкканга чейин баары жайында болчу. Анан эле апам уулумдун оң жак көзүндө ак челдер пайда боло баштаганын айтып калды. Жолдошум экөөбүз кантип тынч жаталы, Нарынга балабызга барып аны облустук ооруканага көргөздүк. Ал жердеги доктурлар көзгө операция жасатуу керектигин, бирок, азыр ага жашы жете электигин айтышкан. Биз буга макул болуп ага чейин керектелүүчү дары-дармектерди алып бергенбиз. Бирок, убакыттын өтүшү менен уулумдун көз оорусу күчөп, бир кареги чоңоё баштады.

– Оорунун себеби аныкталдыбы?

– Оорунун эң кооптуусу жана такталбай жатканы - каректин чоңоюшу, анын улам сайын күчөп бара жатышы болуп жатат. А негизинен көз оору атасы тарапта бар экен. Уулум башынан эле жакшы көрө алчу эмес. Атасы ушул көз дартынан улам 2-топтогу майыптыкка чыгып, ишке жараксыз болгондугуна байланыштуу бул нерсени биз кадимки көрүнүш катары кабыл алчубуз. Мынчалык коркунучтуу болуп кетет деген ойго деле ыраа көрчү эмесмин. Анан уулумдун оң көзүндөгү челдер көбөйүп, кареги улам сайын чоңоюп баштаганда доктурдан доктурга алып бара баштадык. Алар мурдагы «жашы жеткен кезде операция кылабыз» дегендерин унутуп «убагында алып келбей коюптурсуңар. Биздин алыбыз келбей калды» деп башташты. Айлабыз кеткенде «кыргызча» деп молдо, табып дегендерге дагы алып барып көрдүк. Анткени, «көзүнө конок конуптур» дегендер дагы болду. Бирок, эч кимисинен жардам болгон жок. Сүрүштүрүп көрсөк, уулумдун алтынчы энесинде көз оору болгон экен. Андан кийин көз оорудан жабыркагандар күйөөм менен уулум гана болуп жатышат. Кайындарым тараптан алардан башка көз оорудан жабыркагандар жок. Кыязы, бул тукумдагы оору болуп калды окшойт.

– Эми кандай чаралар көрүлүшү керек болуп жатат?

– Учурда уулумдун оң көзүндөгүдөй челдер сол көзүндө дагы акырындап пайда боло баштады. Андан улам чала көргөн бул көзү дагы күн өткөн сайын көрбөй баратат. Ал эми уулумдун көзүнө операция Москвада жана Түркия мамлекеттеринде гана жасалат экен. Биздин доктурлардан «көзүн алмаштырууга мүмкүнбү?» деп сурасак, «мындай нерсе эч жерде жок. Көздү алмаштырууга уруксат берилген эмес. Эгер андай жолго барсак соттолуп кетебиз» дешти. Доктурлар бизге «көздү алмаштырууга Түркия мамлекетинде гана уруксат. Анда дагы күтүүсүз кырсыктан жан берген адамдын гана көзүн колдонушат. Көз 12 саатка чейин тирүү сакталат. Ошол убакытта жетишип көздүн керектүү бөлүгүн оорулууга которууга мүмкүн» деп түшүндүрүштү. Ал эми уулума анык кандай операция жасалат көзүм жетпей жатат. Бирок, кандай болгон күндө дагы уулумдун көрүү мүмкүнчүлүгүн кайрып алуу үчүн аракеттерди көрүп жатам. Биз операцияны Түркия мамлекетинде жасатууну ойлоп жатабыз. Анткени, Москвага салыштырмалуу ал жак кепилдик берет экен. А операция үчүн 20 миң АКШ доллары керек болуп жатат.

– Аталган сумманын канчасы чогулду?

– Бул биз үчүн абдан чоң сумма. Ошондуктан, элден жардам суроого аргасызбыз. Мен эки баламды багып, Улукка кам көрүп иштегенге убактым жок болсо, жолдошум көз дартынын айынан ишке жараксыз болуп ал дагы үйдө олтурат. Анын майыптык үчүн алган пенсиясы өз дары-дармектерине да жетпейт. Андан тышкары батирге акча төлөйбүз. Албетте, жолдошум экөөбүздүн жакындарыбыздан аздыр-көптүр жардам болуп жатат. Бирок, баары бир аталган сумманын бардыгын чогултуу кыйын экен. Азыркы тапта биздин абалдан кабардар болгон айрым кайрымдуу адамдар жардамдарын берип жатышат. Ошондон улам дагы бизде илгери үмүт пайда болуп, элибизде мээримдүү, боорукер адамдар бар экенине ишенип, элге кайрылып жатабыз. Уулумдун көзү гана көрбөгөнү болбосо акыл-эси, ой жүгүртүүсү абдан жакшы. Эс тутуму ушунчалык күчтүү. Анан да ар бир нерсеге кызыгып түрдүү суроолорду берип, билип алууга дилгирленип турат. Уулумдун ушундай зиректигинен улам келечегинен көптү үмүт кылам. Улугумдун ден соолугуна кайдыгер карабай жардамын көргөзгөн мекендештериме алдын-ала ыраазычылыгымды билдирем.

Байланыш телефондору: 0778 53 38 47; 0707 04 80 09; 0707 17 10 80.

РСК банкы, Эсеп - №1 – 1014; БИК 129024; 1290243470000063.

 

Гүлайым Калыбекова