СОЧИ-2014 ОЛИМПИАДАСЫНЫН УРУНТТУУ УЧУРЛАРЫ

Олимпиада оюндарын өткөрүү - ар бир өлкө үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-барк. Мындай мүмкүнчүлүк үстүбүздөгү жылы Орусияга буюрду. Муну менен катар ал ушул учурга чейин эң көп каражат сарпталган олимпиадалык оюндар катары тарыхка кирүүгө жетишти. Ошол эле маалда ачылышынан тартып дүйнө өлкөлөрү көз салган иш чаранын жүрүшүн тигил же бул деңгээлдеги ийгиликтер жана жетишпестиктер коштоп келет.

Орусия тууралуу түш

Олимпиадалык Сочи иш чаранын ачылышында өзүнүн конокторуна жана көрөрмандарына «Россия тууралуу түш» тартуулады. Ага баш-аягы 12 миң киши катышуу менен бул түш техникалык жактан эң оор шоу катары тарыхта калды. Алгач стадиондогу экранда орус Азбукасы пайда болуп, ал А тамгасынан Я тамгасына чейинки Орусиянын дүйнөгө белгилүү салымдарын жана баалуулуктарын чагылдырды. Анан шоунун башкы каарманы Любовь пайда болуп, бул кичинекей кыздын түшү аркылуу улуу Россиянын тарыхы жана келечеги көрсөтүлдү. Любовдун ролун ойногон кыздын өзүнүн аты Елизавета Темникова. Ал Краснодарда 5-класста окуйт. Жаш гимнастка тууралуу уюштуруучулар “биз бул ролго татыктуу кызды узакка чейин издедик. Елизавета абдан жөнөкөй үй-бүлөдө чоңоюп жатыптыр. Көрсө, ал 6 жашынан бери эле көркөм гимнастика менен машыгып, улуу спортчу болууну кыялданат экен. Биз анын бул максатына ийгилик гана кааладык. А шоудо Елизавета өзүнүн ролун мыкты ойноду” деп билдиришти.

 

Сочи-2014 Олимпиадасынын ачылышы

Сочидеги Олимпиада оюндары 7-февраль күнү Орусия убактысы боюнча саат 20 14тө ачылды.

Уюштуруу комитетинин маалыматына ылайык, аны бүткүл дүйнө боюнча 3 млрд киши көрдү. Мунун курамында Сочи шаарынын «Фишт» стадионундагы Олимпиаданын 40 миң коногу бар. Иш чара расмий түрдө трансляция болгучакты стадиондогу коноктордун көңүлүн Иван Ургант менен Яна Чурикова ачып турду. Андан кийин ИИМдин хору, «Токио» группасы ырдашты.

Буларды улай эле «Тату» дуэти жандуу үн менен «Нас не догонят» аттуу чыгармасын аткарды. Көпчүлүк муну өспүрүмдөр арасындагы гомосексуализмге чек коюуга берилген белги катары түшүндү. Анткени, Сочи Олимпиаданын алкагында сексуалдык азчылык үчүн ЛГБТнын спортсмен-өкүлдөрүн тейлөөчү конок үйлөрдү ачуудан баш тарткан.

Сочини майрамдык салют каптап, стадиондо олимпиадалык от күйдү. Факелди чемпион, легендарлуу жана алдыңкы атка конушкан Мария Шарапова, Елена Исинбаева, Алина Кабаевалар Ирина Роднина менен Владислав Третьякка жеткирип беришти жана аталган экөө олимпиадалык отту жандырды.

Эң кызыгы жана көпчүлүктүн көңүлүн бурганы ачылыш аземдин салтанаттуу бөлүмүндө стадиондун үстүнө илинген 5 кардын бири ачылбай калганы болду. Уюштуруучулардын ою боюнча, ал олимпиадалык 5 шакектин бирине айланышы керек эле. Натыйжада, 5 материкти туюнтуучу символдо Американын орду ачылган жок.

Спортсмендер парады баарынан кызыктуу болду. Мында стадион талаасында космосто учуп жүргөн Жер планетасы элестелип, анда ортого чыккан делегациянын өлкөсү жанып жатты. Жалпысынан парадга 3,5 миң спортчу чыкты.

Парадда курамы эң көп кишиден турган делегация Орусия болду. Анда 250 спортсмен бар эле. Австрия делегациясынын бир өкүлү парадда тең салмактуулугун жоготуп кулап түштү.

 

Кышкы Олимпиада оюндары

Кышкы Олимпиада оюндары – спорттун кышкы түрлөрү боюнча ири масштабдагы эл аралык жарыш. Ал 4 жылда бир жолу Эл аралык олимпиадалык комитет тарабынан өткөрүлөт. Негизи Кышкы Олимпиада оюндары 1924-жылы башталган. Ага чейин спорттун айрым кышкы түрлөрү боюнча оюндар Жайкы Олимпиада оюндарынын карамагында эле ойнолуп келинген. 1992-жылга чейин Кышкы жана Жайкы Олимпиада оюндары бир эле жылда өткөрүлчү. Эл аралык олимпиадалык комитет ошондон тартып бул эки иш чараны ар бир эки жылда алмак-салмак өткөрүү тууралуу чечим кабылдаган. Тарыхта Кышкы Олимпиада оюндарын Ак оюндар деп дагы аташат. Расмий түрдө бул иш чараны 1924-жылы биринчи болуп Франция өзүнүн Шамони аттуу шаарында өткөргөн.

 

Расмий талисмандар:Ак аюу, Коён, Кабылан

Сочи-2014 Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий талисмандары Ак аюу, Коён жана Кабыландар болушту. Булар бүткүл элдик добуш берүү жолу менен тандалган. Муну уюштуруучу топ “пьедесталда 3 орун бар. Буга байланыштуу, 3 олимпиадалык талисман тандалды. Экинчи жагынан бул 3 баалуулуктун Ак аюусу спортчуларга күч, Коёну ылдамдык жана Кабыланы шык тартуулап турат” деп чечмелейт.

 

                      

    Олимпиаданын оору, узуну, жеңили, жашы жана карысы

Словакия курама командасынын желегин көтөрүп чыккан хоккеист Здено Хара Ак оюндарга келген бардык спортчулардын эң оору жана узуну болду. Анын бою 206 см, салмагы 117 килограммга барабар. Олимпиада оюндарынын жалпы катышуучуларынын ичинен эң кыскасы болуп Япониядан келген фигурист Наруми Такахаси табылды. Анын бою 146 сантиметрди түзөт. Олимпиаданын эң


жеңил спортчусу украиналык Александр Окипнюктун салмагы 43 килограмм. Кышкы оюндардын эң жаш катышуучусу 15 жаштагы япон Аюму Хирано болсо, эң улуу спортчу Мексиканын 55 жаштагы лыжачысы Хубертон фон Хохенлохе болуп табылды.


 

 

 

 

 

 

      Кызыктуу фактылар                      

- Орусиянын аймагында масштабдуу Олимпиада экинчи ирет өтүп жатат. Биринчи жолкусу 1980-жы

лы Москва шаарында өтүп, ал жыйырма экинчи Жайкы Олимпиада оюндары болсо, Сочидеги бул иш чара жыйырма экинчи 

Кышкы Олимпиада оюндары болуп калды;

- “Фишт” Сочидеги эң чоң олимпиадалык объект болуп калды. Ал өзүнө азырынча 40 миң көрүүчүнү сыйдыра алат;

1300 даана медаль даярдоо менен Ак оюндар тарыхында Сочи сыйлыктардын саны боюнча рекорд койду. Аларды даярдоого 3 кг алтын, 2 т күмүш жана 700 кг коло кеткен. Ал эми бир медалдын диаметри
10 смди, калыңдыгы 1 смди түздү;

- Сочидеги Кышкы Олимпиада жарышка жана инфраструктурага коротулган акча каражаты боюнча да рекорд койду. Баштапкы эсеп боюнча иш чарага 12 млрд доллар пландалса, факт боюнча ага 50 млрд доллар сарпталды;

- Сочидеги олимпиадалык объекттердин баары кичинекей жана бири-бирине жакын курулду. Муну бир стадиондон экинчи стадионго бир нече мүнөттөн жарым саатка чейинки убакыт ичинде жетип алууга болот деп түшүнүүгө болот.

 

Гаухар Жакшылыкова