Жөтөлдү элдик ыкмалар менен дарылоо

Жөтөл - кар же жамгыр жааган муздак аба ырайында үйгө суу болгон колкап, ным болгон бут кийим менен келүүнүн жыйынтыгы. Бул абал бала-бакыра баккан ата-энелердин баарына тааныш. Анткени, уул-кызынын жөтөлгөнүн уккан ата-эне кайгырат, ошол эле маалда кол куушуруп отура албай калат. Же андай эмеспи? Ошондой болсо келгиле, жөтөл күч алган ушул учурда аны менен күрөшүүнүн жолдоруна токтололу.

Жөтөл

Жөтөл - организмдин коргоочу механизми. Ал аркылуу дем алуучу жолдор ар кыл вирустардан, бактериялардан, чаңдардан жана микробдордон тазаланат. Тагыраак айтканда, организм жөтөлүү менен оору жаратуучу микроорганизмдерди сыртка чыгарат. Адатта адам кичинекей же чоң экенине карабай бир күндө бир нече жолу жөтөлөт. Айрыкча, мындай көрүнүш эртең менен болсо андан кооптонуунун таптакыр кажети жок. Ал эми сасык тумоо, бронхит, ангина, гайморит, суук тийүү, аллергия жана синусит сыяктуу оорулар себепчи болуп, кечкисин же түнкүсүн тамакты оорутуу жана кычыштыруу менен коштолгон жөтөл албетте, тигил же бул жол менен дарыланууну талап кылат.

 

Түрлөрү

Мүнөзүнө жараша жөтөл кургак жана нымдуу болуп эки түргө бөлүнөт:

Кургак жөтөл кайсы оору болбосун ал башталаарда күтүүсүз пайда болот. Мында адам жөн гана жөтөлө берет, бул учурда анын дем алуу тутумунан эч кандай суюктук бөлүнүп чыкпайт. Сезгенүү башталып, оору жанданганда гана жөтөлдү шилекей коштошу мүмкүн.

Нымдуу жөтөл деп жөтөлгөн сайын дем алуу жолдорунда жана өпкөдө кырылдап шилекейдин, былжырдын, какырыктын бөлүнүп турушу айтылат. Нымдуу жөтөлдү көп учурда кургак жөтөл коштоп жүрөт. Эгер бул абал 3 жумадан созулуп кетсе, анда жөтөлгө себеп болгон оору өнөкөт түргө айланат. Сыркоонун мындай түрүн айыктыруу алда канча кыйын же мүмкүн эмес экени жалпыга белгилүү. Андыктан, ар бир адам күтүүсүз башталып, бара-бара кырылдоо, приступ коштоп, кан жана какырык пайда кылып, узакка созулган жөтөл менен күрөшкөнү жакшы.

 

Рецепттер

 

Түрп. Бир даана бүтүн түрптү колуңузга алып, анын үстү жагын мискейдин капкагы сыяктуу кесип салып ортосун терең эмес кылып оюу керек. Пайда болгон чуңкурчага бал куюп, кайра капкагын жабасыз. Бир азда түрп шире бөлүп чыгарат жана ал бал менен аралашат. Ошол аралашмадан күнүнө 1 чай кашыктан бир нече жолу ичүү менен жөтөлдү жок кылуу жеңил.
 

Сабиз. Сабизди сүткө бышырып ичүү дагы жөтөлгө каршы жакшы каражат. Бул үчүн биринчи кыргычтан өткөрүлгөн бир аз сабизди бир аз сүткө жумшаргыча жай отто кайнатуу менен бышырасыз. Анан өзүңүзгө жаккандай кылып ага бал менен каймакмай кошуп жешиңиз абзел. Күнүнө 2 жолудан айыккыча кайталоого болот.

Шекер. Аш кашыкка анча толтурбай шекер салып, аны күрөң болуп эригиче отто кармап турасыз. Эриген соң кичинекей жана чуңкур айнек тарелкада турган ошончо көлөмдөгү сүткө куюп жибересиз. Пайда болгон таттууну катырып, андан кийин эригиче соруп жүрүүңүз зарыл.

 

 

Сода. Жарым стакан жылуу сууга жарым чай кашык аш содасын жана бир чымчым туз кошуп, тамактагы какырыкты кетирүү үчүн ичүүгө болот. Муну күнүнө 2 жолу, тагыраагы, эртең менен ачкарын жана түшкүсүн тамак алдында кабыл алуу керек.

 

 

Пияз. Алгач 2 даана пиязды майда туурап, жарым стакан сүткө бышырасыз. Төрт саат тыныктырган соң ар бир 3 саат сайын 1 аш кашыктан жей берүү кажет.

 

Жумуртка. 1 даана чийки жумуртканы 1 аш кашык таза арак, 1 аш кашык жылытылган каймакмай, 1 аш кашык бал, 1 аш кашык сүт жана 1 чай кашык сода менен жакшылап аралаштырасыз. Анан бул аралашманы ачкарын калтырбай ичип жиберүү зарыл. Мындай ыкма көп учурда адамды бир колдонуудан кийин гана жөтөлдөн толук арылтат.

 

Каз майы. Жөтөлдү айыктыруучу эң натыйжалуу ыкма. Ал үчүн кыргычтан өткөрүлгөн пиязды каздын майы менен теңме-тең аралаштырып, пайда болгон массаны көкүрөккө, желкеге жакшылап ысыта шыбоо керек. Анан жылуу оронуп жатып алса натыйжасын жакшы берет.

 

 

Жөтөлдү дарылоонун элдик ыкмалары

Ингаляциялар

Суу. Бир стакан ысык сууга 1 чай кашык соданы, 2 тамчы йодду кошосуз. Анын буусу менен дем алып отурсаңыз, көп өтпөй эле дем алуу жолдоруңуздун жумшара баштаганын сезесиз. Мында йод бактерияларды өлтүрөт, ал эми сода тамакты калыбына келтирет. Күнүнө 2 ирет кайталоого болот.

 

 

Жалбыз. Идишке муздак сууну куюп, ага жалбыздын чөбүн көбүрөөк, эрмендин, бака жалбырактын, ромашканын жана малинанын чөптөрүн азыраак кылып саласыз да, жай отко коюп кайнатасыз. Кайнаган соң оттон чыгарып, анын буусу менен дем алып отуруу керек. Жайкысын чөптөрдү талаадан эле үзүп алып, а кышкысын сатыктан алып колдонгонго болот.

 
Картошка. Картошканы сууга бүтүн бойдон бышырып, анан идишке эзип алып анын буусу менен 10-20 мүнөт дем алып отуруу керек. Чоң апалардын эски бул ыкмасын күнүнө бир нече жолу к
айталаган адам жөтөлдөн тез эле айыгат.
 

Бала жана жөтөл

Жөтөлгө каршы колдонулуучу көп элдик рецепттер чоң кишиге кандай таасир берсе, балага деле ошондой таасир этет. Болгону аларды кичинекей балага жасап жаткандан кийин дозасын 2 эсе азыраак колдонуу зарыл. Бул элдик медицинанын бирден-бир алдыңкы талаптарынан деп айтса жаңылыштык болбойт. Төмөндө балдар үчүн жөтөлгө каршы элдик рецепттер:

•Жылуу сүткө инжир кошуп ичирсе болот;

•Бир стакан ысык сүткө 1 чай кашык бал аралаштыруу менен жөтөлдүн күчтүүсү айыгат;

•100 г бал менен 100 г каймакмайды аралаштырып, анан ага ванилинден бир аз кошуп жегизүү дагы натыйжалуу ыкмалардын бири. Күнүнө 3 жолу кайталоо талап.

 

 

Гаухар Жакшылыкова