Кундуз: “КҮЙӨӨМДҮН КОЙНУНДА ЖАТЫП КҮЙӨӨНҮН КУЧАГЫНА ЗАРМЫН”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Кундуздун абалына карата ой-пикириңиз болсо редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Менин атым Кундуз. Жашым 29да. Кайсы жердин кызы, кайсы жердин келини экеним анчейин деле маанилүү болбосо керек. Бой тартып калган курагымдан баштап уктар алдында да, уйкудан көз ачарым менен да тилегеним билимдүү, сулуу, турмушка тың, өткүр жигит таап, ага жар болуу болуп жүрдү. Мындай сыпаттарды оюмдан чыгарып эмес, мен иштеген кафеде администратор болуп иштеген баланы жактырганымдан улам айтчумун. Мен эле дейсизби, чогуу иштеген официанттардын баары ага ашык экени ачык эле белгилүү болчу. Кыздардан “Абай тиги кыз менен жүрчү экен. Анан беркиге кетип, анысын таштап салыптыр. Ой, анысын да таштап азыр баланча менен жүрөт дейт” дегендерин уксам да укмаксан болчумун. Мен анын ушундай “белгилүүлүгүн” сүйгөнмүнбү же жактыруу менен ушунчалык көз жуумп койгонмунбу, билбейм. Бассам-турсам аны менен бактылуу болгон кездеримди кыялдана берип, мага көз салып, сөз айткандарды жаныма жакын жолотподум. Тиленип гана жашап жаттым. Акыры бир жылдан соң менин бул тилегим да орундалды. Анын бал сөздөрдү чуурутуп, өнтөлөй көңүл буруп мамиле кылганына купулум толуп, болуп жаткандар өңүм же түшүм экенин ажырата албай бактылуу болуп эле жатып калдым. Сизге жалган, мага чын, чогуу иштеген курбуларымдын көпчүлүгү ичтери күйгөнүнөн башка кафелерге которулуп кетишти. Биз болсо кадимкидей чоң той кылып, баш кошуп жашап калдык. Кудай тилегимди берип менин жашоомдогу биринчи мырза Абай болду.

Экөөбүз шаарга келип батирде жашай баштадык. Абай баягы эле жумушунда, мен анын каалоосу менен жумуштан чыгып, окуум менен эле алек болуп калдым. Баары өзүбүздүн эркибизде, баары бар. Күнүбүз да, түнүбүз да керемет болуп, абдан таттуу жашап баштадык. Көп өтпөй мен кош бойлуу болдум. “Мурда эмнени бакыт деп жүргөнбүз? Мына бакыт”, - деп кубанганбыз, эх...

Боюмдагыга жети ай болгондон баштап кыймылым оорлошуп, кыртышым эч нерсени сүйбөй абдан жүдөп кеттим. Кош бойлуулуктун азабы мынча болорун билбептирмин. Ага карабай жолдошума жакканга болгон аракетимди кылып, жакшы аял болуп жаттым. Ошентип, наристебизди күтүп жашап жаткан күндөрдүн биринде күйөөм түндө келбей калды. Кафеде банкет болгон күндөрү кеч келчү, бирок келбей калган күнү таптакыр болчу эмес. Келип калар деп улам уктап, кайра ойгонуп жатып бир маалда чалсам, телефону өчүрүлүү экен. Каным кайнап, ызадан муунуп чыктым. Буркан-шаркан түшүп ыйлап алдым да, кайра ар кандай жаман ойлорго курчалып санаам санга бөлүнүп күттүм. Курсагымдагыны аяп уктап калайын деген менен деле бир көз ирмей албай койдум. Ошентип, узак түн жарыкка алмашты. Тар батирдин ичин чарк айланып басып жүрсөм каалга кагылды. Күйөөм аман-эсен, кадимкисиндей кабагы ачык, деги эле эч нерсе болбогондой кирип келди. Анан: “Тиги-и жаңы официант, ой, тиги, шефтин тууганы каза болуптур... Анан көз көрсөтүп... Эми кол алдында иштеп жаткан соң бардык...” - деп эле буйдала берди. Унчукпадым. Анткени ал эшиктен кирип босогону аттаганда эле мен андан атыр, упа эмес, башка аялдын жытын сезгем. Кандай иш менен жүрүп келгенин билгем. “Жыты сиңишип калган” деген кандай сөз экенин ошондо билдим. Мага сиңген жытын бузуп келген, андан да эч нерсе билдирбеген киши болуп маңдайымда калп айтып олтурган сүйгөнүмдү тааный албай айлам куруп турдум.

Мен төрөгөнгө чейинки кыска убакта мындай көрүнүш дагы эки ирет кайталанды. Анда да күйөөмө ишенгим келип: “Ичим челкейип турсам, мага батына албай атат го. Аман-эсен төрөп берсем, баласына алаксып баары жолго түшүп кетер”, - деп өзүмдү соороттум. Ошентип, экөөбүз мончоктой уулдуу болдук. Ооруканадан эртең чыгам деген күнү келбей калган күйөөмө абдан таарынып калдым. Эртеси гүл көтөрүп, досторунун машинеси менен келип кечиримин сурап, сүйүүсүн, рахматын айтып алып чыгып кетти. Эки күнчө келген-кеткендер менен, бала менен алышып, үчүнчү күн дегенде чыгынып үй жыйнадым. Үй жыйнап жатып биздин бөлмөдөн жаңы гана колдонула баштаган чымкый кызыл помада таап алдым. Баарын түшүндүм, түңүлдүм. Бир кезде мен укмаксан болгон Абай тууралуу айтылган сөздөрдүн бекер эмес экенине ошондо ишенип, буркурап ыйладым. Анан ал келер маалда эсиме келип эки жагымды жыйнадым да, ушул күнү биринчи жолу үйдө туруп ага арнап тамак жасабай койдум. Тамак ичүүчү столдон баарын жыйнап туруп помаданы гана койкойтуп коюп койдум. Күндөгүдөй шаштырып тамакка чакырбаганыма ачуусу келип, баламды кучактап жаткан мени жактырбай: “Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы?!” - деди. Унчукпадым. Жулкунуп ашканага кирген бойдон тынчып калды. Бул түнү ал таңды ашканада тосту. Эртең менен тамак жасап, мени ойготуп алып кечирим сурады. Иттик кылганын, эркектик напси экенин айтып, түшүнүп коюшумду суранды. Бул суранычынан кийин эми жаман жолго барбасына ишендим. Бирок бул ишенимим бир гана жыл жашап, туура бир жылдан соң күйөөмдүн баягыдай ишинен улам биротоло урады.

Айткан сөзүнө турбай, анысы аз келгенсип эми эки-үч күндөп жоголуп кетип, анысы үчүн анчейин деле уялбай калган Абайдан абдан жийиркенип калдым. Алаксыганым - бир гана балам. Абай батир акысын төлөп, азык-түлүктү алып берип, керек дегенди камдап коёт. А мен күн бою балам менен алышып, анын кылыктарынан ырахат алып, күйөөмдүн кечирилгис иштерине көз жуумп коюп жашай бердим. Ошондой күндөрдүн биринде мен өзүмдөн жагымсыздыкты сезип, ооруп калдым. Жакын курбума абалымды айтсам, мендеги белгилер жыныс ооруларына жакын экенин айтып, текшерилишим керектигин эскертти. Эртеңкиге доктурга кезекке жазылып койдум да, Абайды күттүм. Мен текшерилип келгенче баланы карап берсе дедим. Кычагансып ал бул түнү да келбей калды. Баламды көтөрүп алып, доктурга текшерилип трихомоноз оорусуна чалдыкканымды билдим. Доктур: “Күйөөң да дарыланып айыкпаса, сенин дарыланганың натыйжасыз”, - деди. Ал күнү Абайды кепке тартып мендеги ооруну, өзүнө билинбей анын да ден соолугу жабыркап жүргөнүн, бизге дагы бала керек экенин, деги эле көп баскан аякты тыйып тынч жашоого өтүшүбүз керектигин айттым. Айтканымдын бирин кабыл албай, тескерисинче эмнегедир ачуусу келди.

Мен колумдан келишинче дарыландым. Ал доктурга барбай койгону үчүн төшөк мамилебизди токтотуп, дарыланууга аргасыз болсо экен дедим. Бирок ал дагы деле тилимди албай жүрө берди. Бир күнү мурда кийип жүргөн костюмунун чөнтөгүнөн калың кагаздарды таап алдым. Ар бирин маани берип карап олтуруп, мендеги трихомоноздон башка да далай жыныс илдеттери аныкталган тизмени таап алдым. Курган Абай бул жагынан жедеп оорулуу болуп бүтүптүр. Мага акыркы кезде деги эле жакындабай калганынын себеби ушул болгонбу? Акыркы кез дегеним, биздин жакын мамиледе боло элегибизге бир жылдан ашып бараткан...

Абайдын бул абалын билген соң тынчым кете баштады. Же аны, же өзүмдү күнөөлөрүмдү билбей абдан кыйналдым. Чынын айтсам, мурдагыдан да таттуу болуп, кылыгы арбыган балам да эми мени бул ойдон соорото албай калды. Арадан бир айдай убакыт өткөн соң күйөөмө бул тууралуу кеп баштадым. Бирок ал мен ойлогондой ден соолугуна кабатырланбай, тескерисинче бет тырмап мени менен уруша кетти. Эми жашообуз мурдагыдан да суз улана баштады.

Бир ирет жолдошумдун үйдө ачык калган социалдык баракчасына кызыгып калдым. Буга чейин деги эле аны аңтарып, текшерип көргөн эмес элем. Жазышкан каттарын окуп олтуруп “кыздарга качан баралы?..”, “баягыдай бир эс алууга убакыт келди...”, “өткөндөгү эле кыздарды табалы...” деген сыяктуу кенен маектерди таап алдым. Күйөөм коомду бузуп, үй-бүлөлөргө жарака кетирген бузулган аялдар менен кезигип жүргөнүн, мени менен жатпаганы менен башка жактарда кадимкисиндей эле экенин билдим. Үйдө кирин жууп, тамагын жасап, баласын багып аткан мага карабай, менин эңсөө, каалоомду эске албай өз кумарын гана ойлогон күйөөмө нааразы болуп, мени жана мен сыяктуу толгон аялдарды ыйлаткан бузулган сойкуларга каргыш айтып ыйлап тим болдум.

Ошол күндөн бери арадан туура үч жыл өттү. Ишенесизби, ушул үч жылдан бери мен күйөөмдүн койнунда жатып, күйөөнүн кучагына, жакшы сөзү менен жакшы мамилесине зар болуп жашап келе жатам. Балабыз да чоңоюп келе жатат. Анын келбети, жүрүм-туруму баягы мен жаш кезде сүйгөн Абайдын эле өзү. Бир гана балама карап, алаксыбасам да алаксыган болуп, эч кимге сыр бербей жашап келем. Күйөөм дале баягысындай, мага ачылып айтпаганы менен ал деле мени менен балам үчүн гана жашап жатканын байкайм.

“Улуу сөздө уят жок” дейт эмеспи. Бул жыл аралыгында күйөөм менен кумарга батууга кылган аракеттерим анын кагуусу менен тыйылып калган. Андан улам канча жолу ызамдан жаман ойго кептелсем да, андай кадамга барып өзүмдү булгагым келген жок. Анын айынан ден соолугум жабыркап, өз жашымдан карып да кеттим. Аяштарым менен кезигип чер жазыша сүйлөшүүдө төшөк темасы сөзсүз бир козголот. Андайда уурусун карматкан жандай болуп өзүмчө кыйналып кетем. Мендеги сыр же айта турган сыр болсочу...

Эми кантип жашайм? Дагы балалуу болгум келет. Төрөгүм келет. Уулум чоңоюп калгандан бери кайрадан бала эмизүү бакытын эңсеп жүргөнүмдү да жашырбайм. Бул болбосо деле бир үйдө жашап, бир төшөктө жаткан аял менен күйөөдө төшөк мамилеси болушу керек го?.. Күйөөмдүн ден соолугуна, жашообузга кылган кайдыгерлигин кандай кылып өзгөртө алам? Деги эле эми биз кайра баштагыдай күнү да, түнү да керемет болгон жашоого жете алар бекенбиз?.. Канткенде мен күйөөмдү өзүмө кайрып алам?

Кундуз