Сыймык Бейшекеев: "Классташымдын такси менен кетели дегенине болбой атайын маршруткага түштүм эле..."

Жаңылыктар көп болгон үчүн бардыгы интернетте отурушабы же бардыгы интернетте отурушкан үчүн жаңылыктар көп болуп жатабы? Айтор, азыркы кезде телефон басууга мүмкүнчүлүгү барлардын бардыгы интернет менен "ооруп", социалдык түйүндөрдө мүмкүн болушунча тынымы жок, "үнсүз сүйлөп" олтурушат. Алардын арасында бизге кол жеткис туюлган белгилүүлөр да бар. Атактуулардын аалам төрдөгү активдүүлөрүнө арналган рубрикабыздын тушоосун ырчы Сыймык Бейшекеев кесет. Рубриканын талабына ылайык биздин маектин өзөгүн ырчынын жеке баракчасына жарыялаган пикири түзөт.

- "Келгиле, бизди ташыбай таштаган маршүрүткөлөрдүн баарын биз да таштайбыз. Чыкпаса чыкпай эле койсун, чыкса да түшпөй коёлу да, баасын түшүргүлө деп... Жаман маршүрүт чыкпайм деп коркутат,( жаңы макал)J -))))". 
- Сиз бул пикириңиз менен көпчүлүккө "Сыймык Бейшекеев ар дайым маршруттук таксилер менен жүрөт го?.." деген ой калтырдыңыз. Чын эле акыркы жолу коомдук унаага качан түштүңүз эле?
- Эми бул бир чети тамаша катары айтылганы менен ачуу чындыгы да бар. Өлкөгө ар бир жаран өз кесиби менен пайда да, зыян дагы алып келет. Ар бирибиз зыяндан пайданы көбүрөөк тийгизгенге аракет жасашыбыз керек. Өзүм түшпөсөм да өлкөмдүн жарандары түшүп жатат, балдарым сабакка барат дегендей. Маршруттук таксисттердин мындай аракети эми бир түркөйлүк да. Өзүм коомдук унаага акыркы жолу атайылап 2002-жылы түшкөн элем. Классташым экөөбүз бирге бир жакка бармакпыз. Анын такси менен кетели дегенине болбой кызыгуу менен түшкөм. Ошол жылдан бери маршруткага түшө элекмин. 
- Байкалбай эле коомдук унаалардын баасы өсүп кетпедиби, сиз студент болуп шаарга келген кезде жол кире канча сом эле?
- Мен шаарга келген кезде борбордо союздун рублы эле да. Ал кезде маршруттук такси жокко эсе болчу. Раф дегендер бар эле, ошолор каттачу. Тыгын жок болчу. Бирок студенттер тынбай каттаган автобус, троллейбус менен жүрчүбүз. Баасы болгону 5 тыйын болчу.. "Проездной билет" деген болор эле, студенттик билет менен арзаныраак сатып алчубуз. Негедир кымбат деп кейиген кишини билчү эмеспиз. Ал кездин адамдарынын пейили ток болсо керек.
- Жол киресиз калып, кыйналган кезиңиз болду беле?
- Жол киресиз калган учур деле болгон. Анда деле эч кимге доо артпай эле жөө-жалаңдап барып жетчү жерге жетип алчумун. ;))
- Биринчи жолу өздүк унаалуу болгонуңуз эсиңизде болсо керек? 
- Биринчи жолу 24 жашымда заводдон жаңы чыккан УАЗ машинасын алгам. Ал машине азыр да бар. Биринчи жолу өзүмдүн машинем деген сезим менен өзгөчө кубангам. Ал сезимди азыр баяндап айтып бере албасам керек. Ошол эле жылдын күзүндө Мерседес алдым. Бирок аны кадимки көрүнүштөй эле кабыл алгам. 
- МАИ кызматкерлери менен мамилеңиз кандай? Сизге алардан кутулуу жеңил эле болсо керек? ;))))
- МАИчилер менен мамилем абдан жакшы. Жол эрежесин деле одоно бузбайм, мыйзам баарыбызга бирдей эмеспи. Бирок дээрлик бардыгы сыйлап турушат, мен дагы алардын сыйына жогорку сый менен мамиле кылам.
- Машинага байланыштуу кандай адатыңыз бар?
- Машинада өзгөчө деле адатым жок. Болгону эртең менен отурганда күнүгө "быссымылда" деп алдыга жылдырып, анан артка жылдырып чыгам. Болгону ушу.
- Машина айдап бара жатканыңызда коомдук унаалар жиниңизге көп тийишеби? 
- Мен унааны салкын кандуулук менен эле айдайм. Андыктан жинимди деле келтирбей айдаганга аракеттенем. Жол эрежелеринин бузулушуна жеке айдоочулар маршрутка айдоочуларын, алар болсо кайра жеке айдоочуларды күнөөлөшөт. Алардын арасында айдоочу катары менин пикиримде "керкисинде да, кемигинде да бар" дегендей катачылыктар эки тараптан тең болот. 
- Унааңыз бузулуп калды дейли. А сиз шашылыш көчөгө чыгышыңыз керек. Чакырган такси да абдан кечикти. Коомдук унаага дароо түшүп кете бере аласызбы?
- Эгер ошондой шашылыш болсо кете берсем керек, бирок андай боло элек...
- Дөөтүңүздү сурагандарга бере бересизби? Өзүңүз бирөөдөн машина сурап айдап көрдүңүз беле?
- Зарыл шартта сурагандар болсо албетте берем. Мурда тоолуу аймакка ылайык машина ала элегимде досторумдан сурап айдачумун. Алар бир жумага чейин жөн эле беришчү да :-))). "Жакшы көргөн досунан ат аяган жигитпи" дейт эмеспи. 
- Ар дайым бет алган багытыңыз байсалдуу, сапарларыңыз ийгиликтүү болсун. 
Бурул Жакеева: - Сыймык, кеп маршруткаларда эмес болуп атпайбы. Азыр андан башка нерселердин да баасы тымызын көтөрүлүп кетти. Балким сага байкалбайт...
Ислам Касымбаев: - Сыймык байке капа болбоңуз, сизде Алла берген унаа бардыр, бирок унаасы жок пенделерге не дейт элеңиз?
Нуралиева Миргуль: - Маршрут жок кечээ шаар шаардай сезилди мага. Эл да сопсонун аялдамадан автобус, троллейбусту күтүп жатышты. Ар кайсы кычыктан тосмой жок. Кадимкидей тартип боло түштү. Маршрутниктер да жашаш керек да, аларды да түшүнүш керек. Бирок ошолорду жаңы конуштарга эле жүргүзүп шаарды аралатпай эле койсо жакшы болмок. Эл кайра эле көнмөк, автобус, троллейбус күткөнгө. Тыгын да аз болмок беле?.. 
Осмон Турдумамбетов: - Досум, алар дагы үй-бүлөсүн багайын деп аракет кылып жүрүшөт.
Жаныш Момунов: - Троллейбус, автобустар жакшы эле жүрүп жатат го, менин оюмча. Ошол деле жетет.



Гүлайым Калыбекова