Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза айым: "Терезенин түбүндө кылдыратып нарда ойноп отурганы көз алдымдан кетпей жатат"

Бул жыл кыргыз мада­нияты үчүн чоң жоготуу­ларга бай жыл болду. Кыргыз элинин мада­ниятын бекемдеп, журтуна керемет ырахат­тарды тартуу­лаган улуу инсан­дарыбыздын арасынан куудул Жаныбек Алыкуловду да жоготуп алдык. "Шорпо" аты менен элдин эсинде калган талантты өмүрлүк жары Азиза эже көз жашына ээ боло албай олтуруп эскерди.

- Күтүлбөгөн жоготуу күлкү күйөрмандары үчүн да оор болду. Жаныбек аганын акыркы күндөрү кандай өтүп жатты эле? 

- Жаныбектин кант диабети бар болчу. Бирок ал үчүн ар дайым аракеттерди көрүп, ден соолугуна жакшы эле карачубуз. Акыркы кездерде ашыкча оорудум деп айтканын уккан жок элем. Анын үстүнө анча-мынча нерсесин сыртына да чыгара берчү эмес. Күнүбүз кадимкидей өтүп, алдыдагы жайкы эс алууларды пландап жатканбыз, атүгүл күндөрүн да тактап койгон элек. Ысык-Көлгө, Аксыга, Сары-Челекке, Чычканга барабыз деп камынып, жакшынакай эле жүргөн. Анан эле күтүүсүз жерден жүрөгүнүн дартынан алдырып ийдик. Кан басымы көтөрүлүп тез жардам менен ооруканага барганда кайра нөлгө түшүп кетти. Анан кайра катуу көтөрүлдү. Ошентип жатып бизди таштап кетти (ыйлап). 

- Акыркы кездеги эң чоң тилеги эмне болуп жатты эле?

- Балдарыбыз чоңойду деп эки кабат кылып үй салып жатканбыз. Аны бүтүрсөк улуу балабыз­ды үйлөндүрөлү деген планыбыз бар эле. Балдарын чоңойтуп, акылын айтып, билимин берип келип алардын жакшылыктарына күбө болуп төрдө олтурчу маалында ажал алып кеткенине күйүп турам. Келин жумшап, небере жыттасак, ушул кезге чейин кылган мээнетибиздин үзүрүн бирге көрсөк экен дечүбүз. Ажал улук деген ушу экен да. Чыгармачылыгында дагы жаңы аракеттерди көрүп жаткан. "Туура, туура" деген автордук программасы үч-төрт ирет чыгып, анын арты менен шыктанып жаңы идеяларды камдап жүргөн эле. Заматта мындай болорун ким билиптир. Аманчылык болгондо жаркылдап жанымда жүрбөйт беле, бир жуманын ичинде Жаныбекти жоготуп, аны эскерип олтуруп калам деп таптакыр ойлогон эмесмин.

- Канча жыл бирге түтүн булаттыңыздар? 

- 1988-жылы Ош филармониясына солист катары кабыл алынгам. Ошол маалда Жаныбек да ал жерге чакыруу менен барып иштеп калды. Ага чейин Токтогулда иштеп, "Помидор" деген тамашасы менен элге жаңыдан гана таанылып баштаган кези экен. Ошол жерден таанышып, иштешип жүрүп табышканбыз. Ал кезде биринчи никеси менен ажырашып жүргөн экен. Кийин мамилебиз бекемдеп, бири-бирибизге толук ишенген соң бир бүлө болууну чечтик. 1989-жылы баш кошуп, ошол жылдан баштап турмуштун, чыгармачылыктын түйшүгүн бирге көтөрүп келе жаткан элек.

- Сиз турмуш жолуна аттангандан кийин ырчы­лыгыңызды ташта­гансыз го? 

- Башында ырдап жүрдүм. Кийин балалуу болгонубузда таштоого туура келди. Бирок ал үчүн эч кандай өкүнүчүм жок. Жаныбек менин талантымды таптакыр тепсеп, унуткарып салган жок. Тескерисинче мени сүйөмөлөп, дуэт ыр жаздырып ырдатып, кайда барса да жанына ээрчитип алчу. Азыр ойлосом бирге жашаган 25 жылдын ичинде ал бир жакта, мен бир жакта болуп көрбөптүрбүз. Ал турсун алыскы райондорго гастролго чыкса да мени ээрчитип алчу. Ки­йин да бул адатыбыз калбай шаардагы алпарган тойлоруна калтырбай алып барчу. Барбай эле коёюн дегениме көнчү эмес.

- Аганын жылдызы жанган маал кайсы жыл­дары болду? 

- 1990-жылдары "Шорпо" деген ыры менен элге жакшы алынып кетти. Анан бат эле өз атынан да "Шорпо" аты тез тарады. Ошол кезде "Мыскыл жана тамашаны" ар дайым Жаныбек алып барчу. Бул долбоордун өсүшүнө Жаныбектин салымы абдан чоң болду. Ушундай ийгилик менен башталган чыгармачылык жолу ар дайым бир ыргакта уланды. Өзүн "мен одинокий волкмун" деп калчу. Анткени чыгармачылыкта ар дайым өз алдынча иштеп, изденип, сахнага жалгыз гана чыкчу. Ошондон уламбы, узак жылдык сахнадагы жашоосунда атаан­даштык, таймашуу дегендерден да алыс болду. Куудулдардын арасынан кыл өтпөс досу Күмөндөр Абылов эле. 

- Аганын кайсы сапатын артыкча баалачу элеңиз?

- Менин ага турмушка чыгуума жол ачкан анын билимдүүлүгү болгон. Абдан көп окуган, көптү билген билимдүү адам болчу. Орус тили мугалими болгонго сүйлөө маданиятын, туура мамиле кылууну жакшы билчү. Анын бул сапатын ар дайым баалачумун.

- Куудул кандай эс алууну жактырчу эле? 

- Жаратылышты абдан жакшы көрчү. Ар дайым үй-бүлөбүз менен толук эс алууну каалачу. А үйдө болсо, бош болсо эле нардасы менен алек болуп калчу. Азыр дагы терезенин түбүндө нардасын кылдыратып ойноп жатканы көз алдымдан кетпей, ошол туштан чыккан дабышты издеп атам. Жаныбек абдан сезимтал болчу. Жини бат келип, кайра бат ачылчу. Маанайы чөгүп олтуруп калганда дагы акырын барып нарданы жанына коюп койчумун. Ошону менен алаксып олтуруп эле жини жазылып кетчү.

- Балдарына кандай ата эле?
 
- Улуу уулубуз Жанарбек 24 жашта, чыгармачылыктан алыс. Кийинки уулубуз Манас 21де, атасынын жолун жолдоп калды. Жаныбек Манастан көптү күтүп үмүт кылчу. Бирок уулунун алдыдагы ийгиликтерине күбө боло албай калбадыбы. Кенжебиз Гүлжигит мектепте окуйт. Балдарым үчүн да атасын жоготуу абдан оор сокку болду. Баары тең азыркыга чейин ишенип-ишене алышпай, кыйналып жүрүшөт (ыйлап). Жаныбек балдарынын да өзүндөй билимдүү болушуна жакшы кам көрдү. Эми жашоомдогу медер тутканым ушул балдарым болуп калды. Аларды жакшы жолго салып, татыктуу тарбиясын берип кеткенине жолдошума ыраазымын. 




Гүлайым Калыбекова