Зина эже: "Каражаттын айынан баламды дарттан куткара албай калбасам экен…"

Эне үчүн баланын оорусунан бөлөк бул дүйнөнүн тозогу жок болуш керек. Кан-жанынан чыккан данеги чыркырап ооруп, кыйналып жатса эне байкуш эки оттун ортосунда калгандай күйөт эмеспи. Бүгүнкү маектешибиз жети жылдан бери уулунун дарты менен алышып, тынч жашоонун жыргалын унутуп келет. Бул тууралуу өткөн сандарыбыздын биринде да кабарлаган элек. Бирок бейкүнөө бала дагы деле оорунун тузагынан кутула албай кыйын абалда турганын көрүп дагы бир ирет гезит бетинен орун берүүнү туура таптык. Тери рагы оорусунан жабыркаган Бактиярдын энеси Зина эженин дагы да болсо жакшылыктан үмүтү чоң.

"Баламдын диагнозу такталбай эки жыл жүрдүк"

- Өзүбүз Токтогул районунун жашоочуларыбыз. Тынч­тык экөөбүздүн үч балабыз бар. Бактияр алардын кенжеси. Уулум төрөлгөндө алты саны аман, ден соолугу чың эле төрөлүп бизди бакытка бөлөгөн. Бактияр экиге чыккан кезинде беттерине сепкилден чоңураак кара тактар чыга баштады. Чочулап дароо Бишкектеги балдар ооруканасына алып келип көрсөттүк. Бирок алар бул эмне деген дарт экендигин так аныктап бере албай коюшту. Арадан диагнозу такталбай эки жылдай убакыт өтүп кетти. Ал аралыкта Кыргызстандагы мен кыйын деген тери оорусу боюнча адистерге жана педиатрларга кайрылып жүрдүк. Бирок эч кимиси дарттын так аныктамасын таба алышкан жок. Элден профессор Балтабаев деген бар деп угуп, акыркы үмүтүбүздү артып ошол кишиге бардык. Ушул дарыгерге ыраазычылыгымды билдирет элем. Болгон анализдерди карап чыгып "дневная ксеродерма" деген диагноз коюп берди. Ошондон кийин тери диспансеринде каттоого туруп калдык. Доктурлардын айтуусунан чыкпай бир ай, кээде эки ай сайын келип, ооруканага жатып дарыланып баштадык.

"Операциядан кийин дарт күчөп кетти"

- Бирок дарылануудан көп деле жакшы жыйынтык болгон жок. Уламдан улам бетиндеги тактар көбөйө берди. Бактияр төрткө келип калган убагында оң көзүнүн үстү жагында шишик пайда боло баштады. Онкологдор бизге бул шишикти тез арада алдырышыбызды ал кайрадан кайталанбай тургандыгын айтып кеңеш беришти. Балабыз операциядан кийин бир топ эле жакшы болуп калгансыган. Бир жыл өтүп өтпөй, бетине баягыдай ириңдүү жаралар чыга баштады. Кайрадан келип текшерилгенибизде доктурлар "туура эмес операция болуп калса же бычак тийип калганда ушинтип көбөйө берет" деп айтышты. Онкологдор адам өмүрү менен иштеп жатканда туура чечим кылып, бардык шарттарын кененирээк түшүндүрүп айтып беришсе мен баламды операцияга бермек эмесмин. Бактияр ушул оор абалга келбейт эле деп ойлойм. Оорусу күн санап өсө баштагандан тарта балам экөөбүз жылдап онкология оору­канасына жатып калдык. Акырында "болду, биздин колдон келбей калды. Балким чет өлкөгө алып барып келесиңер" деген сунушун айтышты.

"Балам үчүн миң түрдүү аракеттерди көрүп жатабыз"

- Бактиярдан улуу эки уулум менен жолдошум Токтогулда. Күйөөм куруучу болуп иштейт, тапкан акчасы колундагы эки баланын курсагын тойгузганга, мектебине эле эптеп өп-чап жетет. Бактияр ооругандан бери өзүбүз колдон келген аракеттин баарын кылып атабыз, бирок уулумдун ден соолугу оңолгон жок. Доктурлардын акыркы сунушунан кийин болгон жерге кайрылып күндөп-түндөп жардам издедик.Чоң үмүт менен кыргыздын депутаттарынан баштап министрлерге, президентке чейин кат жаздым. Ал каттарым жеттиби же жокпу билбейм, кыскасы мамлекеттен бир тыйындык дагы жардам келбеди. Карапайым элге миң мертебе ырахмат. Абалыбызды уккан бизди таптакыр тааныбаган эле адамдар келип каражат жагынан, моралдык жактан дем берип, колдоп турушту. 15-июлда ырчылар биригишип Бактиярдын атына кайрымдуулук концерт уюштурушту. Бирок ал жерге көрүүчү болуп жүзгө жетпеген гана адам келип калып, уюштуруучулар 5000сом өлчөмүндөгү каражатты колума санап беришти.

"Орусиядан айыгып келишибиз мүмкүн, эгер..."

- Эл чогултуп берген азыноо­лак акча менен бел байлап Орусияга келдик. Бул жерге келгенден тарта анализдерди тапшырып жатабыз. Алгачкы жыйынтыктар чыгып калды. Сүйүнүчтүүсү рентген менен канынын кээ бир изилдөөлөрү таза чыгып жатат. Биз бул жерге сырттан келген оорулуу катары бардыгы кымбатка турууда. Башталышындагы эле бир анализдин баасы 2000-3000 рублга чейин болду. Орусиялык доктурлардын айтымында томография­га түшүү чет өлкөлүктөр үчүн 50-60 миң рублга чейин болот экен. Андан тышкары толгон текшерүүлөрдөн өтүүбүз зарыл болуп турат. Эгер жатып дарыланып калсак анда ар бир күнгө ооруканага жаткандыгыбыз үчүн 1000ден ашык рубль төлөөбүз керек экен. Алып келген акчам анализдерге эле араң жетип түгөнөт окшойт. Дарттын келип чыгуу себеби аныкталып, баланы дарылайбыз дешсе каражаттын айынан баламды дарылата албай Кыргызстанга кетип каламбы деп ойлоп, күнү-түнү уктабай калдым. Баламдын оорусу күнгө чыкканга болбой турган тери рагы болгондуктан ооруканага жеткенге чейин чыркырап ыйлап иет. Иммунитети дагы аябай начарлап кеткен окшойт, кусуп, температурасы түшпөй кыйналып жатат. Врачтар "бетиндеги чоң жарадагы ириң көбөйүп башына тээп жатат, тез арада дарылоого өтүш керек" дешти.

"Мекендештер, барсыңарбы?"

- Бактиярдын абалы тууралуу уккан, билген ар бир кыргыз колубуздан келген жардамыбыз­ды берсек, кыргыздын бир уулун оорунун чеңгелинен сууруп алганы турабыз. Келгиле, кайдыгерликти, мерездикти ушул жолу алыс ыргытып, кичинекей Бактиярга жабыла кол суналы. "Кимде ким муктаж болуп тургандарга кол сунса, мен алар тараптамын" деген Аллах. Биригели, биздин бир жолку жардамыбыз Бактиярдын бүтүндөй өмүрүнө өбөлгө!

Кыргыз сому менен банк реквизиттери. Алуучу: Тилекматова Зина Каралаевна KICB БАНК БИК 128001 SWIFT: KICBKG22:АКШ доллары менен банк реквизиттери: Алуучу: Тилекматова Зина Каралиевна Расчеттук эсеби:1280016012458348 Банк KICB БИК 128001 SWIFT: KICBKG22
Атасы Тынчтыктын байланыш телефону: 0553117309
Апасы Зинанын Россиядагы байланыш телефону: +79296843002



Ызаат Тургунбаева