Уй кымыз - табигый антибиотик

Кыргыз эли төрт түлүк малдын этинен, сүтүнөн баштап терисине чейин ден соолукка пайдалуу тамак-аш, кийим-кече, буюмдарды жасап, уникалдуу жашап келишкен. Анын бири улуттук суусундуктардын катарын толуктаган пайдалуу суусундук - уй кымыз. Эмесе, уй кымыз тууралуу кызыктуу маалыматтарга назар салыңыз.

 

    Пайдалуулугу:

Орусиялык илимий клиникалык изилдөө уй кымыздын адам ден соолугуна таасир этүүчү пайдалуулуктарын тактап, төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен:

- Уй сүтүнөн жасалган кымыз нерв системасын козгоп, жүрөктүн жана кан тамырлардын иштөөсүн жакшыртат. Ошондой эле чарчоону басып, табитти жогорулатып, ишке болгон жөндөмдүүлүктү арттырат. Курамында В жана С витамини, кичине табигый өлчөмдөгү алкоголь кездешет.

- Витаминдердин комплекси зат алмашуу процессин жакшыртса, көмүр кычкыл кислотасы менен сүт кислоталары тамак сиңирүүчү суюктукту иштеп чыгат. Диета сактап, мүнөздөп тамак ичкендерге уй кымыз сунушталат.

- Айрыкча тамак сиңирүү органдары жабыркап гастрит, колит, холецистит жана энтероколит дартына чалдыккандарга табылгыс азык болуп саналат. Эскертүү: уй кымызын тамак ичкенден соң жарым сааттан кийин гана ичүүгө болот.

- Уй кымыз ичегидеги микробдордон, курттардан тазалоочу дагы кызматты аткарат. Табигый антибиотик затын бөлүп чыгарып, ал жара пайда кылуучу зыяндуу клеткаларды өлтүрүүгө жардам берет. Көпчүлүк учурда кургак учуктун таякчаларын алсыздандырып алдын алган касиетке ээ. Ошондой эле өнөкөт өпкө оорулары бронхит, эмфизема, пневмония оорусу менен жабыркагандар үчүн да пайдалуу азык экендиги тастыкталган.

- Уй кымыз артериялык кан басымы төмөн, аз кандуулук менен ооруган же уктоо системасына доо кеткен адамдардын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизет.

  - Уй сүтүн бээ сүтүнөн айырмалап турган белоктогу казеин ферменти болуп саналат. Анын таасиринен сүт сыр, быштак, айранга айланууга оңой болгон химиялык курамга ээ. Ал эми кымызга айландырууда казеиндин курамы кескин өзгөрүүгө тийиш. Антпесе сүт ирип кетет.

 

Зыяны:

- Кардиосклероз, жүрөк кемтиги, семирүү, өнөкөт сарык оорусу, панкреатит, өнөкөт нефрит, кант диабети, кургак учуктун оор стадиясындагы оорулуулар уй кымызды азык катары пайдаланса, саламаттыгына залалын тийгизип алуу коркунучу бар.

- Уй кымыз ичтин көбүшүнө алып келбейт. Эгерде бир күндүк тамактануу рационуна көк чөптөр же мөмө-жемиштерди кошуп, уй кымызды да кабыл алса, ичтин өтүшүнө алып келиши ыктымал.

 

Канча ичүү керек?

- Уй кымызын чоң адам күнүнө бир-эки литрдей ичсе болот. Алгач күнүнө 3 маалдан ичип баштап, кийинчерээк 5-6 маал тамактан кийин суусундук катары ичсе болот. 8 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүм балдарга күнүнө бир литрден ашык берүүгө болбойт.

100 миллиграм

м уй кымызында:

Калориялуулук: 30-40 ккал

Белоктор: 1,5 гр

Майлар: 0,1 гр

Углеводдор: 2,1 гр

 

Пайдалуу кеңештер:

- Уй кымыз сүт сыяктуу эле жанындагы ар кандай жытты өзүнө бат сиңирип алуучулардын катарын толуктагандыктан оозу жабык идиште гана сакталышы керек.

- Кымызды караңгы, муздак жерге эмаль идишке 

куюп сактаса, узак убакытка чейин жаңы бойдон турат. Эгер ачык тийген күндө же жылуу жерде туруп калса, курамындагы витаминдер өзүнүн күчүн жоготот.

- Эгерде бышырып жаткан сүт түбүнө тартып кетсе, даамданып калбаш үчүн дароо башка идишке куюп салып, үстүн сууланган таза майлык менен жаап койсо, жыты кетип калат.

- Ал эми кымызга деп бышырып жаткан сүт күйүп кетпеши үчүн бышырарда бир чай кашык шекер салып койсоңуз ,идеалдуу болот.

 

Уй кымыздын жасалышы

Сайра Ноорузбаева: “60 жылдан бери уй кымыз жасап келем”

– Мен мал киндиктүү Ат-Башынын жашоочусумун. Жашым 82де. Абышкам менен баш кошуп түтүн булаткандан баштап 60 жылдан ашуун мал багып, анын аркасында көп нерсени өздөштүрүп келдим. Бардыгынан сүйүп жасаганым - уй кымыз. Жай-кыш дебей үзгүлтүксүз жасайм. Анткени уй кымыз бээнин кымызына караганда жеңил, жагымдуу жана ден соолукка пайдалуу касиети көп. Мен баалаган уй кымыз мындайча жасалат: жаңы саалган уй сүтүн бышырып, каймагы калың турганча коюп коём. Каймагы алынгандан кийин ал сүттөн (5 литр деп алсак) мээлүүн кылып жылытам да, ышталган жыгач идишке куюп, ага жарым литрдей саамал кымыздан же кадимки кымыздан, болбосо айрандан деле кошуп туруп, ирип кетпеши үчүн жарым сааттан ашык тынымсыз чалам. Үстүнө көбүгү көп чыгып калганда ачытуу үчүн жайлуу жерге коюп жылуу тонго же көрпөгө ороп коём. Ал жерде 6-7 саат тургандан кийин кайрадан жарым саатча жакшылап чалам. Ошондо уй кымыз даяр болот. Эгер жайдын күнү болсо, кымыз эскирип кетпеши үчүн эки күндө бир сүт кошуп туруу керек. Жумасына бир жолу кичине кайнак сууну мээлүүн кылып суутуп кошуп, туз салып койсо, тамшандырган даамдуу болуп жакшы ичилет. Ал эми чапталган кымыздан көрөңгө кылып жасаган уй кымыз анчалык жакшы ачыбай калат.
 

Ызаат Тургунбаева