Малика-Дина: “АПАМ – БУЛ ЖАШООДО КУМИР ТУТКАН ЖАЛГЫЗ АДАМЫМ”

Акыркы убакта сулуу келбети менен сахнанын ажарын ачып чыга келген ырчы Малика чыгармачылык жолун татыктуу улап бара жатат десек болот. Ар дайым шайыр мүнөзүнөн жазбаган ырчы кыз учурда чыгармачылыкка белсенип киришип жаткан учур. Апасынын жолун жолдогон жаш ырчынын балалыктагы кылыктары, учурдагы жашоосу жана келечекке койгон максаттары тууралуу жакындан билгиңиз келсе төмөнкү макалага көңүл коюңуз.

– Салам Малика, кышты кандай өткөрүп жатасың?

– Абдан жакшы десем болот. Анткени, кыш мен сүйгөн мезгил. Өзүм кышында төрөлгөн үчүнбү кенедейимден эле төрт мезгилдин ичинен кышты көп күтөм жана ар бир кышты көңүлдүү өткөрөм. Азыр дагы кыштын ырахатын сезип тоого лыжа тебүүгө барып жатам. Лыжаны быйыл гана үйрөндүм. Мага абдан жакты.

– Чыгармачылыгыңда эмне жаңылыктар болууда?

– Кичинемде ырдап чыкканым менен ортодо сахнадан алыстап кеткем. Ал маалда мен мындан ары ырдабайм го деп ойлогом. Бирок, кийинки кезде мен өзүмдүн ырсыз, бийсиз жашай албасымды билдим. Ошондуктан, азыр кайрадан чыгармачылыкка киришип жаткан учурум. Учурда жаңы ырларды жаздырып жатам. Буюрса, күн жылыса дароо клиптеримди тарттырам. Алдыдагы күндөрдө чын дилим менен чыгармачылыктын үстүндө иш алып барам деп турам.

– Белгилүү инсандын кызы экениңе көбүрөөк сыймыктанасыңбы же өзүңдүн белгилүү экениңе көбүрөөк сыймыктанасыңбы?

– Албетте, мен апамдын кызы экениме сыймыктанам. Анткени, чындап келгенде апам болбогондо мен бүгүнкү Малика-Дина боло алмак эмесмин. Ошондуктан, мен апамдай белгилүү инсандын кызы экениме ар дайым сыймыктанам. Апам менин бул жашоодо кумир туткан жалгыз адамым.

– Апаңдын кандай жакшы жактарын тарткансың?

– Мен апама абдан окшошкум келет. Анткени, апам ачык, мээримдүү, баштаган ишин аягына чыгарган күчтүү айым. Ошондуктан, ар бир күндө апамдын бир жакшы сапатын өзүмө алганга аракет кылам. Көпчүлүк биздин сырткы келбетибизди, мүнөзүбүздү гана эмес үнүбүздү дагы окшоштурушат.

– Атаң менен кабарлашып турасыңбы? Учурдагы мамилеңер кандай?

– Жок, азыркы учурда байланышпайбыз. Бул эми эч кимге деле сыр эмес. Мен азыркы жашоомдо ал адамдын бар экени үчүн гана ыраазымын.

– Аталаш бир туугандарың менен катышасыңбы?

– Мээрим эжем менен катышам. Ал азыр Бишкекте. Бат-баттан жолугуп сүйлөшүп турабыз. Туулган күнүмдө келип жакшы каалоо-тилектерин айтып кетти. Мен Мээрим эжемдей бир тууганым бар экенине кубанычтамын.

– Сулуулугуңа кандай кам көрөсүң?

– Сулуулук үчүн эң башкысы чың ден соолуктуу болуш керек. Бул үчүн туура режимдеги жашоо образы маанилүү деп ойлом. Ал үчүн спорт менен машыгуу, туура тамактануу жана тынч уйку болушу керек. Мен ушул нерселерди туура аткаруу менен сулуулугума кам көрөм.

– Күндөлүк жашоодо боёнбойт экенсиң, андан улам өзүңдү ыңгайсыз сезип калган учурлар болобу?

– Сахнадан тышкаркы маалда косметика колдонбой жүрүп калганыма көп болду. Анткени, бир кезде боёнмоюн жүрбөй боёктон абдан чарчап калган экенмин. Ошондуктан, азыр сахнага чыгаарда, съёмкага тартылаарда гана боёнуп калдым. Боёксуз кезде деле өзүмдү жакшы сезем.

– Үйдөн апаңа эркелеп иш кылбай койгон убагың болобу же апаңа иш кылдырбаган жакшы кызсыңбы?

– Колумдан келишинче апама иш кылдырбаганга аракет кылам. Ошондой болсо дагы апам кээде мени эркелеткиси келип өзү тамак жасап берет. Андан тышкаркы убакта болгон иштин баарын эле өзүм кылам. Анткени, апам мени эмгекти сүйүүгө кичинемден тарбиялаган. Биз үйдө “кыздуу үйдө кыл жатпайт” деген макалды карманып келебиз.

– Динара эже көп маектеринде сенин турмушка чыгышыңа макул экендигин билдирип жатат. Өзүңдү турмушка даярмын деп ойлойсуңбу?

– Мен турмушка чыгууга шашпайм. Азыр болгону 18ге чыктым. Убагы келгенде менде бактылуу үй-бүлө болот деп ишенем. Апамдын айтканы болсо анын энелик таза тилеги деп билем.

– Жүрөгүңдүн ээси тууралуу да айтып кетсең?

– Учурда мен ишенген жана мага ишенген адамым бар. Бирок, ал тууралуу азыр толук айткым келбейт. Убактысы келгенде баары белгилүү болот.

– Жигитиң ырдаганыңа каршы эмеспи?

– Ал менин чыгармачылыгымды колдойт жана мени менен сыймыктанат. Азырынча андан эч кандай каршылыкты көрө элекмин. Бирок, үй-бүлө курган кезде чыгармачылыгым менен үй-бүлөмө байланыштуу суроо жаралса албетте, менин тандоом үй-бүлөм болот.

– Машинаңды өзүң оңдой аласыңбы?

– Жок, узак убакыттан бери рулда отурганым менен машина оңдогонду билбейм. Машинаны жакшы оңдогон жерлерди билем. Кудайга шүгүр, азырынча тулпарым мени жолго таштай элек.

 
– Кичинекей Малика менен азыркынын айырмасы барбы?

– Кичинемде абдан шок кыз болчумун. Бирок, канчалык тентек болсом дагы апамдан катуу тил уккан эмесмин. Менин кичинекей кезимдеги жүзүмдү эл дагы деле унута элек болсо керек. Келбетим гана кичине өзгөргөнү болбосо жан дүйнөм ошол кездегидей эле таза бойдон, кичинекей Малика-Дина мурда кандай болсо дагы деле ошондой десем болот. Бирок, өзүмдөн мурдагыга салыштырмалуу токтоо тартып, көп нерсенин жоопкерчилигин өз мойнума алып калганымды сезип жатам. Ошого ылайык, апамдын, элдин жана жакындарымдын мага болгон ишеничин сезем жана алардын ишеничин актаганга абдан аракет кылам.

 

 

 

Гүлайым Калыбекова