Уйкусуздук эмнеден келип чыгат?

Адатта кеч киргенде организмде мээнин активдүүлүгү төмөндөп, жүрөктүн кагышы жайлап, кан басымы азайып, дем алуу басаңдайт. А уйкусуздукка кабылган адамда бул механизм тескерисинче иштейт. Эмне үчүн жана аны калыбына келтирүү тууралуу төмөндө сөз кылабыз.

 

Стресс. Күндүз сарсанаа болуп, дем алуусуз иштеп, урушуп, талашып жүргөн адамдын нерв системасы көпкө чейин тынч албайт. Бул жагдай көпкө кайталанса уйкусуздукту жаратат.

Кофе, алкоголь, никотин. Булар уйку режимине мүмкүнчүлүк бербеген нерселер. Кечкисин ичилген кофе адамды уктатпайт. Алкоголь башында уйкуга мас кылган менен кийин көп ичкен адамдын уйкусун качырат. Никотин дагы ушундай сапатка эгедер.

 

Уйку гигиенасынын бузулушу. Көп учурда уйкусуздук уйку гигиенасынын бузулушунан, башкача айтканда, ыңгайсыздыктан келип чыгат. Буларга уктоочу бөлмөдөгү ысык же муздак абал, жарыкты өчүрбөй бирөөлөрдүн сүйлөшүп отурушу, өтө ачык түстөгү парда, ыңгайсыз жаздык же төшөк мисал боло алат.

 

Саламаттыктагы көйгөй. Жүрөгү ооруган, астмадан жабыркаган, булчуңдары жана муундары ооруган адам сөзсүз уйкусуздукка кабылат. Андыктан, ооруну басылтып туруп жатуу кажет.

 

 

Ашыкча маалымат. Телевизор, интернет жана газета сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан ашыкча жана жаман маалымат алган көрүнүш дагы уйкусуздукка кептейт. Буга жеке же үй-бүлөлүк окуялар дагы кошумча болушу ыктымал.

 

Жакшы эмес тамактануу. Кабыл алып жаткан тамак-аш түздөн-түз уйкуга таасир берет.Тактап айтканда, майлуу жана оор тамактын кеч ичилиши жана алардын курамында минералдар менен поливитаминдердин жоктугу уйкусуздук жаратат.

 

Жагдай. Түнкү нөөмөт бөлүмүндө иштөө жана бала эмизүү сыяктуу уйкудан ойгонууга мажбур кылган көрүнүштөр дагы уйкусуздукка себепчи болушат. Алар узакка улана берсе адамда ушундай жашоо образы калыптанып калат.

 

 

Биз уйкусуздукка маани бербей жашоого көнүп калганбыз. Күнүмдүк турмушта аны жагымсыз нерсе катары кабыл алуубуз мүмкүн, бирок, олуттуу деп эсептебейбиз. Бул туура эмес мамиле. Себеби, мындай кыла берүүдөн улам уйкусуздук өнөкөткө айланат, бара-бара адам кырс, чыргоо болот, өнөкөт баш оору, чарчоо коштойт, эс-тутум начарлайт жана ушул көйгөйлөр менен байланыштуу оорулар жанданат. Андай болбош үчүн:

Бал. 1 аш кашык балды 1 стакан жылуу сууга аралаштырып, жатаарда ичүү керек. Буга кошумча бир даана кантка лаванда майынан 3-4 тамчы тамчылатып туруп соруп алса болот.

Кефир. 1 стакан кефирге 1 аш кашык бал кошосуз. Анан уктаар алдында бул аралашмадан 2 аш чай кашык жеп, эртең менен турганда 1 чай кашык сүт кошулган 30-50 г балды жеп алууңуз кажет.

Алма уксусу. 3 чай кашык алма уксусун бир чыны балга аралаштырасыз. Жатаар алдында мындан 2 чай кашык жеп алсаңыз, жарым сааттан кийин мемиреген уйкуга кетесиз.

Сулу. Сатыктан алынган сулу талканынан (овсяные хлопья) идишке 1 стакан салып үстүнө 1 литр кайнак суу куясыз да, аралашма коюулангыча жай отто кайнатасыз. Даяр болгондо буга 1 аш кашык бал кошуп дагы 2-3 мүнөт кайнатып, жылуу абалында күнүнө 2-3 жолу жарым же 1 стакандан ичип туруу керек.

Ромашка. 1 аш кашык ромашкага 200 мл кайнак суу куюп, жарым саат тыныктырган соң тамак ичүүгө 1 саат калганда ичип туруу зарыл.

 

Уйкусуздукка кабылганда эмне кыласыз?

            Дүйшөн Байдөбөтов:

– Мендеги уйкусуздук көбүнчө спектаклде ойноп келгенден кийин болот. Мен сахнада ойногондон кийин, сахна артына өтөөрүм менен жараткан образым тууралуу ойлоно баштайм. Бул менин илгертен берки адатым. Анан бир туруп “мен туура ойнодумбу?”, “дагы кантип жакшы ойносом болмок?” деген суроолорго жооп издеп кетсем, бирде туруп өзүм жараткан каарманымдын тагдырын ойлонуп, ойго чумкуп кетем. Андай учурларда ойдон алыстап кетүүгө канча аракет кылсам дагы болбойт. Айлам кеткенде төшөгүмдөн кайра туруп алып образдарымды бышыктап, репитиция кылган учурларым дагы болот.

 

               Алина Жетигенова:

– Албетте, андай көйгөй менде дагы бар. Негизи эле мен кеч жатып көнүп калгам. Бирок, кээде көнүп калган убагымда жатсам деле уктай албай кыйнала берем. Бул нерсе менде мурда концерт берер алдында болуп келген болсо, кийин балдарым үчүн уйкусуздукка кабылып калдым. Эне ар дайым бала үчүн санаа тарта берет эмеспи. Башкалардай эле мен дагы балдарымдын ал-абалын жаңы эле сураган болсом дагы, аларда жакшы экенин билсем дагы алар тууралуу ойлонгонум ойлонгон. Анан андайда менин жиптерим менен шиштерим жардамга келет. Дегеним, ар дайым уйкусуздук болгондо мен кийим токууга олтурам. Ойлонуп олтуруп токуй берем. Анан көзүм талып уйкуга кетем. А эртең менен туруп бир топ ишти арбытып койгонума кубанып калам.

 

Айбек Карымов:

– Чыгармачыл адам болгонум менен мендеги уйкусуздук дайыма бизнесиме байланыштуу болот. Бизнесте пайда боло калган кичинекей нерсе дагы адамды тынч уктатпай коёт. Анын айынан таңды телевизор көрүү менен атырып калам. А кээде теледе дагы маанай көтөрчү нерсе болбой, ого бетер ачууну келтирет. Андайда комузумду колго алам. Мындай уйкусуздуктун бир жакшы жери – мага эргүү алып келет. Түндүн уйкуга кетчү маалында керемет обондорумду таап алган учурлар көп эле болгон.

 

Алтынай Нарбаева:

– Мен акыркы учурда дал ушул нерседен жабыркап жүрөм. Биринчиден, үч жерде иштеп жүргөндүктөн, менин нерв системам тынч абалда болбойт. Ар бир күнүм жоопкерчиликте абдан ойлонуп жүрүү менен өтөт. Экинчиден, оор аккордеонду көтөрүп жүрүп бел ооруга кабылгам. Анын айынан түн ортосунда ойгонуп кетип уйкумду таппай калам. Ушул себептерден улам мен уктоо үчүн атайын дарыларды колдонуп калдым. Бирок, дары баары бир экинчи жерге терс таасир тийгизээрин эске алып көбүнчө элдик ыкмага басым жасаганга аракет кылам. Ошондуктан, менин эң жакшы жардамчым бал деп билем. Ал үчүн уктаар алдында бир стакан кайнаган сууга бир аш кашык балды салып, ээрите аралаштырып туруп ичип жатыш керек. Бул ыкма абдан натыйжалуу.

 

Гүлайым Калыбекова