АЙДАЙ САМИЕВА: «ЖОЛДОШУМДАН КЕЛБЕТИМЕ КАРАТА ЖАЛАҢ ГАНА ЖАКШЫ КОМПЛИМЕНТТЕРДИ УГУП КЕЛЕ ЖАТАМ»

Күн сайын бизди мекенибизде болгон түрдүү жаңылыктар менен тааныштырган Айдай айым көрөрмандарына жаңылыктарынан мурун сырткы келбети менен да жагаары талашсыз. Жагымдуу келбетти бир калыпта алып жүрүүнүн өзү бир кыйла аракеттерди талап кылат. Эмесе, диктор айымдын кеңештерин эске сактап сиз дагы келбеттүү болууга умтулуңуз.

– Сулуу болуш үчүн күнүнө канча убактыңызды бөлөсүз?

– Сулуулук деген бир эле макияж же чач жасалга эмес. Менин оюмча, турган турпатыңдын жагымдуу көрүнүшү, жарашыктуу, таза-тыкан болуусу - сулуулук. Өзүм бул нерселердин баарын сактоо үчүн күнүнө эки сааттык убактымды коротом. Баарынан мурун мен маанайыма көп көңүл бурам. Маанайымды кызымдын апалаганы, анан жагымдуу музыка көтөрөт.

– Боёкко жакынсызбы? Күнүмдүк жашоодо кандай боёнуп жүрөсүз?

– Мен күнүмдүк жашоодо макияждын жеңил түрүн колдоном. Көп боёнбогонго аракет кылам. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой, боёкту көп колдонуу - зыян. Ошол эле учурда жүздү, чачты да боёктон эс алдыруу керек. Бирок, күндүн нурунан же ызгаар сууктан сактай турган кремдерди сүйкөмөйүнчө эшикке чыкпайм.

– Сулуулугуңуз үчүн айына канча каражат сарптайсыз?

– Ар кандай. Мисалы, чачты боёодо түсүнө, узундугуна, сапатына жараша акча каражаты сарпталат. Ошол эле учурда косметолог-визажист, маникюр, педикюр, чач тарачтын кызматы деп отуруп мен айына беш миң сомдон жогору каражат сарптайм.

– Көпчүлүк айымдар жүзүндөгү кандайдыр бир кемчиликтерин боёк аркылуу жашырып алышат, сизде да ушундай кемчилик барбы?

– Ооба, көпчүлүк айымдар бетинде пигмент же болбосо көздүн алдындагы кара тактарды тоналдык крем менен жашырып алышат. Бул көрүнүштү мен туура эмес деп эсептейм. Анткени, тоналдык крем беттеги тешикчелерди жаап, клеткалардын дем алуусуна тоскоол болот дагы, бул беттин эрте картаюусуна, бырыштын пайда болуусуна алып келет. Ошондуктан, алгач ички органдарды текшерүүдөн өткөрүү керек. Бөйрөк, боор, ашказан сыяктуу ички органдардын начар иштөөсүнөн жана аз уктап көздү эс алдырбоодон улам бетке тактар түшүп, көздүн ичи кызарып жана шишип калат. Ошондуктан, мен бетимде кемчиликтер пайда болгонун байкап калсам, биринчи жаап-жашырууга эмес, пайда болуу себептерине көңүл бөлөм.

– Беттин чоң душманы болгон бырыштын кантип алдын алып, аны менен кандайча күрөшүп жатасыз?

– Билишиме караганда отуз жаштан өткөндөн кийин адамдын денесинде суунун жетишсиздиги пайда болот экен. Анын натыйжасында денеге бырыштыр‑түшүп баштайт. Ошол себептен адам күнүнө эки литрден кем эмес суу ичип туруусу керек. Мен бул эрежени натыйжалуу колдонуп келе жатам. Анан дагы бул эрежеде көңүл бура турчу нерсе: сууну жатаарга эки саат калганда ичпөө сунуш кылынат. Анткени, бул көздүн, беттин шишип калуусуна алып келет. Ал эми шишиген бет терини чоюп, бырышты пайда кылат. Эгер жатаар алдында аябай суусоо болсо анда бал кошулган бир стакан жылуу сүт же кефир ичип койгон оң. Андан сырткары жумасына бир жолу көздүн айланасына арналган маскаларды жасайм. Алардын бирөөсүн мисал кылып кетейин: жылытылган сүткө нанды майдалап кошуп, он мүнөттөй тыныктырып, даяр болгон боткону көздүн тегерегине он беш мүнөткө коёбуз. Андан кийин жылуу суу менен жууп коюу керек. Ошондой эле бетке бырыш түшпөөсү үчүн бетимди мүмкүн болушунча кайнатылып кайра муздатылган суу менен жууганга аракет кылам. Анткени, хлордуу суу да бетти кургатып жиберет. Бетти жууган соң ным териге дароо бет май коюуну сунуштайм. Себеби, кургап калган териге салыштырмалуу ным териге сүйкөлгөн кремдин натыйжалуулугу жогору болот.

– Негизи сиздин бетиңиздин териси кандай типте?

– Менин бетим кургак, сезимтал типтеги беттердин катарын толуктайт. Баарыбызга белгилүү болгондой, майлуу же аралаш типтеги беттерге караганда мындай типтеги бет бырыштын бат түшүшү, нымдуулукту көп талап кылышы менен айырмаланып турат. Кургак беттерди бырыш түшкөнгө чейин алдын алуу керек.

– Ал үчүн атайын маскаларды жасайсызбы?

– Атайын кургак териге арналган маскаларды максатына ылайыктуу, тактап айтканда, эмне максатта колдонуп жатам ошого байланыштуу бир жумада бир же эки жолу жабам. Мисалы, бетти агартуучу жана тешикчелерди, кирлерди тазалоо үчүн ромашка гүлүн сууга салып кайнатып, анын буусуна он беш мүнөт тосуп турам. Аны бүткөндө тердеп турган бетти сүлгү менен аарчыбай, өзү кургоосун күтүп туруу керек. Бул бир жумада бир эле жолу колдонулат. Азыктандыруу максатында болсо, картошканы сууга бышырып алып ага сүт жана зайтун майын кошуп пюре жасайм. Аны да таза бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салам. Бул дагы бир жумада бир жолу жасалат. Ал эми күндө жатаардын алдында кастор майын ысытып туруп каш, кирпик, көздүн айланасы жана бетке сүйкөп койсо, бул бырыштардын алдын алып, беттин тартылуусуна жардам берет жана ошондой эле каш жана кирпиктин өсүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул ыкманы он күн катары менен коюп, кайра он күн эс алдырып жасоо керек.

– Тырмак өстүрөсүзбү?

– Кызым төрөлгөнгө чейин тырмак өстүрчүмүн. Төрөгөндөн кийин көп убакытка өстүрбөй жүрдүм. Анткени, тырмак өстүрүү бала багууда тоскоолдук гана эмес, гигиеналык жактан да туура келбейт. Тырмак өстүрүү үчүн дагы ага кам көрө билүү керек. Мисалы, организимде кальций, магний, Д витамининин жетишсиздигинен тырмактын катмарланып сынышы байкалат. Бул учурда албетте, тамактануубузга көңүл буруп, балык, сүт азыктарын рационго кошуубуз керек. Ошондой эле тырмактын түбүндөгү жука катмардын бузулуусу же болбосо сыйрылуусу байкалса, анда кадимки эле гигиеналык помаданы сүйкөп койсо, айрыкча, кыштын күндөрү аябай пайдалуу каражат болуп эсептелет. Мен тырмагыма лакты дайыма колдонбойм. Бир жума койсом, бир жума эс алдырам. Анткени, тырмак да күндүн нуруна муктаж болот.

– Адамды биринчи караганда эле чачына көз түшөт эмеспи, чачыңызга кандай кам көрөсүз?

– Менин дагы баарынан көп көңүл буруп, бапестегеним - чачым. Анткени, биздин жумушка ылайык, чачтын сапаттуу болуп жүрүүсү оңойго турбайт. Күндө лак, ар кандай химиялык заттар кошулган каражаттар көп колдонулат. Ошондуктан, жуманын аягында сөзсүз түрдө маска жасайм. Алар чачтын түшүүсүнө, жукарып жана сынып калуусуна каршы жардам берет. Мисалы, мен уйгак майын (репейное масло)көп колдоном. Аны дарыканалардан сатып алса болот. Ал майды жылытып, баштын терисине сүйкөйм да полиэтилен баштыгын кийип, анын сыртынан жоолук менен бир саатка ороп коём. Бир сааттан кийин жууп салам. Андан сырткары чач түсүнөн кетип, бозоруп баштаганда бир литр сууга бир аш кашык туз салып чайкап коюу керек. Айрым учурда туздун ордуна ашкана уксусун да колдонсо болот. Бир литр сууга он тамчы уксус кошуп чачты чайкаса чач жылтырап, кулпуруп калат.

– Жолдошуңуз келбетиңиздин өзгөрүп турганын байкап турабы?

– Майда-барат өзгөрүүлөргө көп деле көңүл бурбайт. Олуттуу өзгөрүү болсо, албетте, байкайт. Мен ойлойм, айымдардын таза, тыкан, сулуу, татынакай болуп жүргөнү ар бир эле эркек кишиге жагымдуу болсо керек деп. Биздин беш жылдык чогуу жашообузда жолдошумдан сырткы келбетиме карата жалаң гана жакшы комплименттерди угуп келе жатам.

– Сизде толуп кетүү коркунучу жокпу? Келбетиңизди бир калыпта кантип кармайсыз?

– Спорт менен машыгуу бир эле ден соолукту чыңдабастан, сулуулуктун 90 пайыз кепилдиги деп коркпой айта алам. Калган 10 пайызы косметика жана диета менен толукталат. Мен келбетимди бир калыпта кармоо үчүн спортко чоң маани берем. Жумасына бир сааттан спорт менен машыгам. Ал эми диета жөнүндө сөз кылсак, эртең мененки тамактанууга жарым саат калганда бал кошулган суу ичем. Түшкүсүн жакшы тамактанууга аракет кылам. Ал эми кечинде рациондон майлуу, куурулган жана ачуу тамактарды алып салам. Анан сөзсүз түрдө жашылча, мөмө-жемиштерге басым жасайм. Мына ушундай аракеттеримдин аркасында келбетимди бир калыпта кармап келе жатам.

 

 

Динара Чокоева