АИДА: “МАХАБАТЫМДЫ ТАЛКАЛАГАН МОСКВАЧЫЛЫК”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Аиданын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Мен кинолор кызыктуу башталып, аягы аянычтуу бүтсө абдан нааразы болуп, эгер бактылуу башталган жашоо бир маалда аянычтуу, кайгылуу болуп уланып барып, кайрадан бактылуу аяктаса абдан кубанчу элем. Азыр кинодо кездешчү окуялар тагдырымдан орун алып, мени өйдө-төмөн болушунча калчап келип, эми оор абалга кириптер кылып турат. Бирок менин киномдун аягы жакшы бүтөбү же кайгы менен караңгылыкка сүңгүп кетеби, али билбейм…

Атым Аида. Учурда жашоомдун чейрек кылымын чыгарып жыйырма бешке толдум. Кимге болбосун 25 жаш деген курак кырчындай жаштык, кулпурган сулуулук эмеспи. Ырас, менде да ушундай болгону менен бул аз убакыттын ичинде турмушумдан көп нерсе көрүп, назик кыз болсом, чыйрак аялга, унчукпаган секелек болсом, эми керек жерден катуу айткандан тартынбаган адамга айландым. Анан да тамчыдай тунук эки наристеге эне болуп, барк билбеген бир адамга кор болдум.

2008-жылы банк кызматкерлигине окууга тапшырып студенттик жашоону баштадым. Турмушка чыгуу тууралуу ойлоно элек кезимде эжемдин курбусунун иниси менен таанышып калдым. Таанышууда ага жар болуу оюмда жок болчу. Убакыттын өтүшү менен бизде бири-бирибизге карата сезимдер ойгонуп, тез аранын ичинде баш кошуу чечимин кабыл алдык. Күйөөм окуумду бүтүрүп берүү убадасын берди. Анын мага болгон, менин ага болгон сезимдерибиз ак, таза эле. Ата-энем Ош шаарынын алдыңкы жашоочулары, кайын журтум да жакшы турушкан адамдар болгондуктан өзүбүздөн аянбайлы деп дүркүрөгөн той бердик. Кудай бетин салбасын, тоюбуз туура беш күнгө созулуп, ак көйнөк кийинген мага, мени өздүк кылып алып жаткан күйөөмө жашоо жомоктой эле болуп атты. Жакшылык эле жакшы да. Ал тойдун таасири көпкө чейин тарабай, эки-үч ай сүйүүгө, сезимге мас болуп жашадык. Анан жакындарыбыздын кеңеши менен күйөөмдүн Москвадагы туугандарына барып кошулуп, тиричиликти улантууга бел байладык. Алмаздын жакындары ал жакта туруктуу жашашып, жакшы орундарда иштешкен адамдар болушкандыктан ал жактан эч кандай кыйынчылыкка туш болгон жокпуз. Дароо иш табылып, мен ашпозчу, Алмаз дүкөндөргө товар ташуучу болуп иштей баштадык. Ишибиз башталганда эле итибиз чөп жеп айына жүз миң сомдун тегерегинде киреше кирип жатып заматта Ош шаарынан үч бөлмөлүү үй алдык. Ушул маалда кыздуу да болуп бактыбыз артты. Кийин кызыбызды менин эжеме каратып коюп иштеп жүргөн кезде экинчи ирет кош бойлуу болуп калдым. Бул маалда Москванын жакшы жеринен батирге чыгып, жеке ишкердигибизди баштап, эки машиналуу болгонго жетишкенбиз. Төрөтүм жакындаган кезде Алмаз артымдан барып калмак болуп, мен Кыргызстанга учуп кеттим. Көп өтпөй күйөөм келип, мен уул төрөдүм. 23 жашымда үй-бүлөм, кыз десе кызым, уул десе уулум, иштерман күйөөм, үй, машина, чакан да болсо бизнес ордубуз болуп мен жашоого абдан ыраазы элем. Күйөөм көп кармалбай Москвада калган ишибизге шашып кетти. Азыраак убакыт өткөн соң эки баламды алып мен артынан бардым. Ал жактагы жакындарыбызга жентек той берип дагы бир ирет кубанычка бөлөндүк. Тойдун эртеси аяштарыбыз болуп үйдө олтурсак мага «элчиликтен чалып жатабыз, Алмаз деген бала бир кызды зордуктаган экен. Жооп бериши керек» дешти. Аяштарыбыз абдан тамашакөй болушкандыктан ошолордун оюну экен деп кабатырланган деле жокмун. Бир-экөөнө айтсам каткырып «Алмазда москвачылык болуп кеткен го» деп коюшту. Алмаз эч нерсе болбогонун жай гана айтты. А москвачылык деген ал жактагы кыргыздардын улуу-кичүү дебей кумар үчүн бири-бири менен жатып ала беришкени. Бул чалуудан 10 күн өтпөй күйөөм үч күнгө жоголуп кетти. Эки балам менен жол карап күтүп, акыры досторуна билдирдим. Достору мүмкүн болгон жердин баарын кыдырып, эки баламды сүйрөп алып мен бутум жеткен тараптардан эки күн издеп таппай койдук. Ошентип, үчүнчү күн дегенде түнкү саат 3тө эшик кагылды. Адатта Москвада саат 11ден кийин эшикти ачпайт. Мен илгери үмүт менен ачсам күйөөм бети-башы кан, кийимдери тытылган, топурак болуп кирип келди. Жүрөгүм оозума тыгылып өнтөлөп калдым. Жайын сурасам «чёрныйлар кылышты» деди. Ал жакта “чёрный” дегендерге бизнесибиз үчүн акча төлөп турчубуз. Иш ушул үчүн болгон экен деп ашык кеп сураган жокмун. “Калган акчаны жеткирип беришим керек”, - дегенде үйдө акча жок болгондуктан жакында эле туулган күнүмө карата белекке келген алтын шакек, чынжырымдын баарын кармата салып узаттым. Эртеси таңда келген бойдон эки күн толук турбай кайра дагы жоголуп кетти. Бул жолу он күндөй жоголду. Дагы “чёрныйлардын” колуна түшүп калган экен деп уйкусуз жашап калдым. Достору табышпайт. Бир туугандары болсо “кайда?” деп сурай беришип, акыры анын телефону өчүк болгону үчүн мени коркутуп,“дайынын тап” деп башташты. Ошондой маалда күйөөм кайра пайда болду. А аны “чёрныйлардын” кармаганынын себеби мындай экен.

***

Ошол келгенинде Алмаз дароо эле алдымда чөгөлөп: «Сенин алдыңдагы күнөөм тоодой. Кечирип, жардам кыла алар бекенсиң?» - деди. «Адам өлтүргөндөн башканы кечирем», - десем «сен уулубузду төрөгөнү Кыргызстанга кеткен маалда мен бул жактан бир кыз менен жатып алгам. Анын боюнда болуп калган экен. Ошол төрөп, эми бала менден экенин мойнуна алгыча сабагыла деп мени “чёрныйларга” салып берди. Бая күнү ошол үчүн жоголуп, ошол үчүн токмок жеп келгем. Эми “баланы колуңа ал” деп жатышат. Жакында каны текшерилсе дароо алышым керек. Жардам берчи», - деди. Мен үчүн канчалык оор болсо дагы күйөөмдү бул абалдан чыгарып кетүүнү алдыңкы планга коюп, чыр чыгармак турсун, үнүмдү да бийик чыгарган жокмун. Ойлонуп олтуруп баланы багып алууга чын дилимден макул болдум. Ошентип, болгон акчабызды канды Лондондон текшертип келүү үчүн тапшырып отуруп калдык. Кызыктын баары кандын жыйынтыгы чыгып келгенде болду. Бала менин күйөөмдүкү эмес экенин аныктаган жыйынтык кагазды алып жатып кыздын аты-жөнүн окуп нес болуп калдым. Күйөөм менен москвачылыкка барып бузулуп жүргөн ал менин парталаш классташ кызым экен. Мектепти аяктагандан бери кабарлашпаганыбыз үчүн ал менин күйөөм менен ойноп жүргөнүн билген эмес окшобойбу. Анысы аз келгенсип жанагынча “чёрныйды” жалдап күйөөмө догурунуп атса, анысы да туура эмес чыгып калып ит болду. Анын бул жүзүн буга чейин көрбөй келгенден кийин эми биротоло көрбөй эле коёюн дедим. Ошентип, мен (азыр ойлосом ошол кездеги жаштыгым, жаштык акылсыздыгым менен) күйөөмдү кечирип жашообуз кайрадан уланып калды. Бул тууралуу экөөбүз тең жанталашып жашырып атып досторуна да, кайын журтума да эч бир шек билдирген жокпуз. Аял байкуш үй-бүлөсүн сактоо үчүн баарына чыдайт тура.

Жашообуз өз нугуна түшүп бул кылыгы унутулуп калган кезде күйөөм кайрадан жоголуп кете баштады. Бир туруп 3 күн, бир туруп бир жума жоголуп кетет. Менин андай-мындай деп айткан акылым ага чымын чакканчалык да болгон жок. Ошентип жүрүп бир күнү кеткен бойдон үч ай жоголду. Кичинекей эки бала менен тамак-ашсыз кесерип, батирдин акысын төлөй албай кыйналганымды айтпай эле коёюн. Ошентип, кайра пайда болуп калган кезинде сүйлөшөйүн десем «ушул маалда сүйүү келип калса эмне кыл дейсиң. Мен эми ансыз жашай албай калдым», - деп күйгүздү. Көрсө, ал бул маалда өзүнөн сегиз жашка улуу аял менен жашап алыптыр. Менин кебимди кеп дебей билгенин кылып, үйгө келген кезде сөзсүз мас болуп келип мени ашканага киргизип алып сабачу адат тапты. Андан да кыжырга тийгени демейде карадан башка труса кийбеген күйөөм сары, кызыл болгон бир укмуш түстүү трусаларды кийип келчү болду. Ошондой күндөрдө кайын журтумду бүт чогултуп өткөн окуяны ачыкка чыгарып, ызамдын баарын айттым. Бирок менин бул аракетимден эч кандай майнап чыккан жок. “Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деп тарап кетишти. Анын эртеси күйөөм сыртка кетип жаткан маалда: “Акча таштап кетчи”, - десем “кайдагы акча?! Кайсынысына жеткирип, эмне акча таштайын”, - деп урушуп кетип калды. Жакшы санаалаш эжеге сырымды айтып жүрчүмүн. Ошол күнү ал эженин жардамы менен күйөөмдүн артынан аңдымак болдук. Артынан эле чыгып такси кармадык. Эжеге шашылыш чалуу болуп иши чыгып калганда ал мени таксистке тапшырып, өзү калып калды. Мен болсо эки баламды колума алып күйөөмдүн артынан түштүк. Бир маалда ал азык-түлүк сатуучу дүкөнгө токтоп, кирип кетти. Мен айдоочуга баарын ачык айтып, анын кардары катары чалып кайсы даректи айтар экенин билип беришин өтүндүм. Ал мен айткандай чалса турган жеринен башка даректи айтты. Дароо эле мен чалып дайынын сурасам достору менен жүргөнүн айтып, таптакыр башка даректи айтты. Аңгыча баштыктарды толтуруп чыгып калды. Ошондо ачуум менен алдынан тосуп чыктым. Мындайды күтпөгөн күйөөм нес болуп эле туруп калды. Бир ооз да унчуккан жок. Колундагы баштыктарда толтура кымбат арак, вино, мага өмүрү алып бербеген шоколаддар бар экен. А үйдө эч кандай азык-түлүк жок эле. Бери баскан соң менин орус таксист менен келгенимди билип: «Бул орусту кайдан таап алгансың? Эмнең болот сага анча күйгөн», - деп тийише баштады. Ошондо тиги орус аны бир урду да: «Керек болсо сени бул кылыгың үчүн милицияга азыр жетелеп барып түрмөнүн түбүндө чиритем. Мен Фрунзеде чоңойгом. Ошондуктан мен башка улуттардан кыргыздарды бийик көрүп, сыйлап жүргөм. Көрсө, кыргыздар бузулган турбайсыңарбы. Анысы аз келгенсип келип алып Москваны да бузуп атасыңар», - деп тилдеди. Бул билген кишиге октой сөз. Бирок менин күйөөмдүн мээсине жеткен деле жок. Ошондо кайын журтумду дагы бир ирет чогулттум. Бул жолу эч ким Алмазды колдогон жок. “Үйдү Аидага бер да жайына кой” дешти. Ошондон көп өтпөй бир күнү күйөөм: “Даярданып тур. Азыр сени Кыргызстанга салам”, - деди. Мен анын бул сөзүн тамаша же мени коркутуусу катары гана кабыл алып: “Даярданса даярданып турайын”, - деп койдум. Себеби биз эки-үч айдай жашабай калган кезибизде ал мени менен жашабай атканын эч кимге билгизбей ушинтип “даярданып тур” деп айтчу. Анан балдар менен мени алып конокторго барып жакшынакай отуруп, анан кайра таштап кетип калчу. Антип конокко барганыбызда аяштарыбыз “жарашкан түгөйлөрсүңөр. Кандай гана бактылуу аялсың” деп суктанышчу. Ошондой болуп дагы бир жакка барабыз го деп ойлоп даярдандым. Бирок күйөөм чындап эле мени Кыргызстанга салып жиберди. Ал билетти даярдап, каттоодон да өткөзүп койгону үчүн баш тартууга кеч болуп калды. Ошентип, мен Ошко келдим да баягы үйүбүздө жашап калдым. Кайнатамдарга абалыбызды айтып барганымда ал баласына абдан нааразы болуп: “Мен анын балалыгынан кечем. Сен өзүңдү жакшы карап жашай бер, неберелеримди жакшы бак. Ылайыктуу бирөө жарым чыкса, жаштыгыңды куру кетирбей турмушка деле чыгып ал. Нааразы эмесмин”, - деди.

Азыр менде баары жакшы. Уулум менен кызымды бала бакчага алып барам. Бала багуучум да бар. Ак эмгек менен иштеп жүрүп жакында эле машина алдым. Бир гана маселе күйөөм бар туруп орду бош турганында болуп жатат. Жакындан бери чалып жарашуу тууралуу айта баштады. Кебине караганда баягы батирибизде жашабай калыптыр. Иши да орунсуз болуп бир кезде экөөлөп иштеп жүрүп алган үч машинабыз тең жок болуптур. “Азыр таптакыр акчам жок. Кабыл алам десең, жол киреге акча таап алып барам. Кайра жашайлы”, - дейт. Бирок азыркы жашоомду анын айынан кайрадан бузуп албаймынбы деп чочуп турам. Акча бар кезде мага болгон кордукту кылып, эми эч нерсеси жок калганда мага жалбарган күйөөмө ишенеримди же ишенбесимди билбей кыйналып жүрөм. Балдар деп жалгыз бой жашап жүрдүм. Мен алардын атасыз болушун чынында каалабайм. Кээде анын «эми отуң менен кирип, күлүң менен чыгайын» дегенине ишенип кетем. Бирок ошол эле маалда кайрадан жарамды сыйрып, жаман абалга таштап кетпес бекен деп корком. Бул окуялар кайталана турган болсо, балдарымдын аң-сезимине таасир этери сөзсүз да... Айтор, москвачылык талкалаган махабатым, москвачылыкка курман болгон бактым эми кайра уланар бекен, жанар бекен? Азыр мен Москва деген сөздү уккандан заарканып, Москва деген сөздөн чыйрыгып жашайм. Ал жерди эми желкемдин чуңкуру көрсүн.

Аида