Кыйма - кыргыз балдарына гана таандык көрүнүш

Наристе жаңы төрөлгөндөн тартып түрдүү витаминдерди үзгүлтүксүз алып турушу керек экени энелерге маалым. Баланын чачтары да витаминдерге зарыгышат. Себеби витаминдин жоктугунан бала сөзсүз чач түшүү илдетине чалдыгып, анын өтүшүп кетүүсү менен ар кандай коркунучтуу ооруларга да дуушар болушу ыктымал. Көбүнчө бала итий болгон учурда, башкача айтканда күн нурунан ала турчу Д витаминин жетишсиздигинен чачтын түшүүсү келип чыгат.Муну элдик тил менен кыйма деп атап, ар кандай элдик ырымдарды колдонуп келебиз. Мына ушул кыйма тууралуу салттуу медицина эмне дейт да, элдик медицинанын өкүлү эмне дейт экен?..

Токторбаева Нуржакан, педиатр:
"Медицина менен катар кыргыздын ырымын да ала жүргүлө деп кеңеш берем"


- Нуржакан Садыковна, балдардын чачынын түшүшү да өзүнчө оорубу? 
- Баланын чачынын түшүшү итий оору­сунун башталышы болот. Итий оорусунун белгилери наристе төрөлгөндөн бир айдан кийин эле билинет. Наристе кыжырданып көп ыйлап, уйкусу тынч болбой көп чочуйт. Эмчек эмгенде чекеси чыпылдап тердеп, шалдырап, алсырай берет. Көп энелер баланын ушул абалын курсагы тойгонго магдырап калды деп жаңылыш түшүнүшү мүмкүн. Чачы өсүп баштаганда, текши чыкпай өзгөчө желке чачтары түшүп, же болбосо желке чачтары өспөй жол түшөт. 
- А медицинада кантип дарыласа болот? 
- Чач түшүү - организмде витаминдин азайышынан болот. Өзгөчө Д витамининин жетишсиздигинен бул илдетке чалдыгышат. Наристе бул витаминди күн нурунан алгандыктан, аптаптуу мезгилде эртең менен саат ондорго чейин, кечинде алтыдан кийин баланы күнгө кактап, эмчек эмизген эне да, наристе да түрдүү витаминдүү азыктар менен тамактанышын сунуштайбыз. Балага жылдын салкын, суук мезгилдеринде атайын Д витамини берилет.
- Өтүшүп кетсе ошол боюнча чач чыкпай калышы мүмкүнбү? 
- Негизи бул оорудан чач гана жапа чекпестен, бүт дене зыянга учурайт. Мындай белги башталганда энелер 

бизге кайрылбай жүрүп ооруну өөрчүтүп жиберишсе, анда сөөктөрдүн туура эмес калыптанышына алып келет. Баштын арт жагы тегиз болуп жалпайып, баш сөөк узунунан кетет. Көкүрөк клеткалар ичти көздөй кирип, дем алуусу да оорлошот. Тиши кеч чыгып, чыкса да морт болуп эрте эле бузулуп, сынышы мүмкүн. Булчуңдары бош болуп, каруусу жок болгондуктан бала кеч эмгектеп, кеч басат. Жогоруда саналган белгилер көбөйүп отуруп акыры сөөк ткандар туура эмес өскөндүктөн, адамды бүкүрлүккө алып келиши мүмкүн. Көздүн көрүүсүн начарлатып, чалыр болуп калышы да ыктымал. 
- Элдик ыкма менен ар кандай ырымдарды колдонуп жүрүшпөйбү. Сиздин оюңузча бул жардам бериши мүмкүнбү? 
- Мен узак жылдык эмгек жолумда бир укмуштуу сырга туш болуп жүрөм.Мага ар түрдүү улуттун балдары келип көрүнүп турушат. Ушунча болуп орустун, корейдин же башка улуттун балдарынын желке чачынын жол болуп түшкөнүн көргөн жокмун. Бул жол кыргыздардын балдарында гана кездешет. Анан дагы кээде итий болбогон учурларда деле баланын башына жол түшүп калат. Мен алардан "кыркын чыгарганда кандайдыр бир ырым кылдыңар беле?" деп сурайм. Биздин каныбызда мындай нерсе болгондуктанбы, "ырымдаттык" дегендердин балдарынын чачтары түшпөйт да, "ырымдалган эмес" деген балдар итий болбосо дагы чачтары түшөт. Биринчи кезекте медицинаны колдонуп дарылайм, андан соң кыргыздын ырымын да ала жүргүлө деген кеңешимди берем. Өзүм педиатр экениме карабастан неберелеримди сөзсүз бул жаатында ырымдаттырып коём. 


- Баланын ичегисинде курттардын болушунан да чач түшүүсү мүмкүнбү? 
- Эгер баланын ичинде ар кандай курттар болсо анда сөзсүз чачтын түшүшүнө алып келет. Андай учурда доктурдун айтуусу менен дарыланса түшкөн чач калыбына келет.
 

Дамира эже, эмчи: 
"Ырымдын бизге белгисиз, бирок пайдалуу көп касиети болот"


- Балдардын желке чачынын түшүүсүн элдик ыкма менен кантип дарылайсыз? 

- Кээ бирөө карышкырдын өтү же боору менен эмдетебиз деп келишет. Мен ага каршымын. Себеби карышкыр витаминдүү эч нерсе жебейт. Ошо үчүн анын өтү уу болот. Керек болсо бала өлүп калышы мүмкүн. Ал эми мен колдонуп жүргөн эмдөөнүн бири кашкулактын өтү менен дарыл

оо. Кашкулактын өтүн сууга эзип көрсөңөр кадимкидей жапжашыл өң берет. Өттү үч күн бою бир маалдан түшкөн чачтарына шыбайм. Себеби анда Д витамини көп болуп, баланын оорусунан айыгуусуна жардам берет. Болбосо эшекке жем жедиртем. Эшекти пайгамбар да минген. Эшекти арам дегенибиз менен көп дарылык жактары бар экенин биле бербейбиз. Ар бир кыргыз баласы бала төрөлгөндөн тартып чоңойгонго чейин сөзсүз кыргыздын ырымын колдоно жүргөнү ашыктык кылбайт. Ырымдын бизге белгисиз, бирок адам баласына пайдалуу көп касиети, керектүү сыры болот.

- Чач түшүүгө каршы колдонулуучу кыргыздын ырым-жырымдары:

- Мал союлгандан кийин анын мөөнүнөн жасалган быжыны баланын чачы түшүп калган жерине тийгизип ырымдоо.Жаңы бышкан эттин шорпосу витаминге бай болгон үчүн сүртүлгөн витаминдүү шорпонун жардамы менен айыгат дешет.

- Кашкулактын өтү менен эмдөө. Кашкулак адам баласы жетпеген жердеги витаминге бай дары чөптөрдүн тамырын жейт. Ошондуктан кашкулактын өтү түшкөн чачтардын кайра чыгуусуна жардам берет.

- Эшекке жем жедирүү.
Баланын топусуна жем салып эшекке жедирип туруп аны тазалабастан кийгизүү абдан пайдалуу. Себеби эшектин шилекейинин курамында пайдалуу заттар да бар. 
- Иттин жүнү менен сүртүү. Чач күн нурунун жетишсиздигинен түшөт. Ал эми ит ар дайым күн нуруна какталып жатат. Анын жүнүндө күн нурунун керектүү заттары бар.
- Кемеге түшкөн адамга чачты кырдыруу.
Мурда ыйык Меккеге барып келген адамды кемеге түшкөн деп билишкен. Ошол себептен кемеге түшкөн адам чачын алса, ыйык жерден келген адамдын тилеги кабыл болот дешкен.
- Ысык нанга куран окуп, аны жылымык кылып башына коюп тегерете кесип ырымдоо.
Муну менен Кудай өзү айыктырат деп ниет коюшкан.



Жаз-Айым Айдекова