Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес.
Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Аида

Туулган жылы: 1982-жыл 4-ноябрь

Кесиби: тигүүчү

Иштеген жери: үйдө тигүүчүлүк менен алектенет

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат: ыймандуу, олуттуу ойлонгон, камкор, жигердүү, ичкиликтен алыс

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0779 19 80 21

– Буга чейинки никем менен сегиз жыл бирге жашап бир кыздуу болгом. Ажырашуубуздун себеби жолдошумдун ичкиликке берилип, жакшы жашообузга кара көлөкө түшүргөнү болду. Ал ичпей жүргөн кезде бактылуу күндөрүбүз көп болгон. Мындай жашообуз аягына чейин уланбай калганына өкүнөм. Ажырашып кеткен эки жылдан бери төркүнүм тарапта болуп кызымды тарбиялап, жашоо менен күрөшүп келем. Эми мага жар болууну каалаган адамдын жашы 30дан 40ка чейин болушу керек. Жердиги маанилүү эмес. Мурунку никесинен бир-эки кичинекей баласы болсо багып алууга макулмун. Кызым болсо мени менен болот. Андыктан мени менен таанышам дегендер ушул жагын эске алып кызыма ата болуп бере алам деп ишенгендер гана чалыңыздар. Мен үчүн аялдык бакыт менен катар кызымдын ата мээримин, ата тарбиясын көрүп өсүүсү да маанилүү. Ошондуктан жеңил ой, сыноо менен чалып убактымды албаңыздар.

 

Рахат

Туулган жылы: 1986-жыл 20-октябрь

Кесиби: журналист жана электрик

Иштеген жери: электриктик кесиби менен иштейт

Жердиги: Нарын облусу Кочкор району

Кандай сапаттагы айымдар жагат: ыймандуу, чырайлуу, туруктуу, түшүнүктүү

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 28 78 32

– Мен буга чейин турмуш кура элек жигитмин. Себеби ушул кезге чейин кыялымдагы кызды таппай келем. Атам өтүп кеткен, апам бар. Өзүм сегиз бир туугандын жетинчисимин. Бир туугандарымдын баары турмуштан өз ордуларын таап, жакшы жашоолорго жетишишкен. Баарыбыз бири-бирибизди колдоп турабыз. Менден кийин иним болгону менен анын айылда калайын деген түрү жок. Ошондуктан айылдагы үйдө апамды карап калуучу бала мен болуп жатам. Эми апама кызматымды кылып, үй-бүлөлүк жашоону баштоо үчүн 18 жаштан 23 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Жердиги чүйлүк, нарындык, көлдүк болушу керек. Эң негизгиси мага айылдын турмушун жерибеген, апам менен жашоомо каршы болбогон кыз керек. Алган билимине жараша айылдан ылайыктуу иш чыкса, иштешине каршы эмесмин. Буга чейин турмуштан чыгып ажырашкандар убара болушпасын.

 

Токтокан

Туулган жылы: 1987-жыл 30-октябрь

Кесиби: тигүүчү

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Баткен облусу Лейлек району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат: намыскөй, боорукер, намаз окуган, адамгерчиликтүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0777 00 86 72

– Нике кайып ар кимге ар кандай буюрат экен. Жашым өтүп баратса дагы али турмуш курбай жалгыз бой келем. Мунун себеби өзүмө ылайыктуу мырзаны таба элегимде. Эми чыгынып өз теңимди издеп жатам. Мага 27-29 жаштардагы лейлектик, баткендик жигиттер керек. Мурда турмуш куруп ажырашып кеткендер убара болушпасын. Өзүм турмушка чыга элек кыз болгондон кийин турмушту мени менен бирге баштай турган гана мырзалар менен таанышам. Негизги талабым - ичимдик ичпеген, чылым чекпеген адам болушу керек. Чалыңыздар.

 

Канат

Туулган жылы: 1972-жыл 5-март

Кесиби: инженер

Иштеген жери: курулуш фирмасында кесиби менен иштейт

Жердиги: Нарын шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат: акылдуу, өзүнө тың, туруктуу, чынчыл

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0770 43 34 02

– Сүйлөшүп жүрүп баш кошкон аялым менен ажырашып кеткем. Ортобузда болуп өткөн түшүнбөстүктөр үчүн эч кимди күнөөлөбөйм. Өзүбүз да кеч турмуш курганыбыз үчүн балалуу боло алган эмеспиз. Адам үчүн эң маанилүү болгон үй-бүлөлүк турмушум бузулуп калганына кейийм. Ошону менен бирге ал күн үчүн эми өкүнө берген деле болбойт деп ойлойм. Эми мен кайрадан бактымды сынап турмушка бышып, келечекке олуттуу карап калган 30 жаштан өйдө жаштардагы айымдар менен таанышам. Жердиги кызыктырбайт. Менин туруктуу жашоом Бишкекте өтөт. Ушул нерсени эске алып алган билими менен иштейм деген айым болсо мен макулмун. Үйдө отурууну каалаган аял болсо да жакшы. Негизгиси үй-бүлөлүк жашоону биринчи орунга коюп, күйөөнү сыйлай билген аял болушу керек. Буга чейин турмуштан ажырашкандардын балалуулары менен тааныша албайм. Менин максатым - үй-бүлө курган соң өз канымдан жаралган балдарыма кам көрүп, өз жашоом менен күрөшүү. Менин оюмду окуй алган акылдуу айымдар чалыңыздар.

 

Данияр

Туулган жылы: 1980-жыл 20-март

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда сатуучу болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай сапаттагы айымдар жагат: жөнөкөй, чынчыл, туруктуу, акылдуу, баамчыл

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0703 55 00 82, 0771 57 23 54

– Мен беш бир туугандын улуусумун. Ата-энем бар. Ушул күнгө чейин үй-бүлө курбай жүргөнүмдүн себеби ар кандай иштер менен алек болуп чет мамлекеттерде көп жүргөнүм болду. Мындан ары эки жакка чыгууну токтотуп, жеке жашоону колго алайын деп жатам. Себеби мени күтүп инилерим да үйлөнбөй жүрүшөт. Эми мени шаштырып "биз да үйлөнөбүз" деп жатышат. Туруктуу жашоо баштоо үчүн 20 жаштан 25 жашка чейинки баткендик, жалал-абаддык, оштук кыздар менен таанышам. Буга чейин турмуш куруп ажырашып кеткендер менен деле тааныша берем. 2-3 жашка чейинки кызы болсо багып алууга макулмун. Ал эми уулу барлар убара болбой эле коюшсун.