Чач түшпөөсү үчүн эмне кылуу керек?

Аялзатынын көркү болгон чачтын түшүүсү эң жагымсыз көрүнүш. Улам сайын көркүнөн кетип, кадам сайын илешип түшө берген чачка кандай кам көрүү керектигин билбей жүргөн болсоңуз, бул макала сиз үчүн.

 

Чачтын түшүү себептери

Чачтын көп түшүшү ооруга, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт ооруларга, ошондой эле чач түбүндөгү бездердин функциясына байланыштуу болот. Чачта май безинин функциясы бузулганда териде майлуу же кургак какачты пайда кылат.

Оор жана тар баш кийимдер, кеп чачты такай кийип жүрүү чачтын түшүшүн күчөтөт.

Чачтын бузулушуна ачык тийген күн жана катуу суук да терс таасирин тийгизет. Ысыкта чач кургап, сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температура теринин үстүңкү кан тамырлары кысылып чачка керектүү азык заттын келишин азайтат.

Өзгөчө А, С, В1, В6 витаминдеринин жетишсиздигинде, ичеги-карын, боор, калкан бездин, нерв системасынын өнөкөт ооруларында чач түшүү байкалат.

Өтө чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда жана студенттерде сынак учурунда чачтын түшүшү күчөйт.

Аялдарда чачты катуу тартып байлаганда, катуу тараганда чач көбүрөөк түшө баштайт.

Айрым учурда чач тегерек болуп такырайып түшөт. Ага нерв, эндокрин системасынын бузулушу, организмдин жалпы уулануусу, тиштин чириши, тонзиллит, гайморит жана башка өнөкөт инфекциялар себеп болот. Анда капысынан 5-10 тыйындын көлөмүндөй тегерек так байкалат да, такыр жер улам чоңоёт. Айрым учурда чачтын баары түшүп, баш бүт такыраят. Оорунун мындай формасы өнөкөт түрүнө өтөт жана оңой менен айыкпайт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен доктурга кайрылуу керек.

Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да чач түшөт.

 

Чач көп түшкөн учурда колдонулуучу маскалар

Пияздын ширеси

100 грамм коньяк менен 1 жумуртканын сарысына бир даана пияздын ширесин аралаштырып, суюктук бирдей калыпка келгиче чаласыз. Даяр болгон массаны чачыңыздын түбүнөн учуна чейин сүйкөп, андан соң башыңызга баштыкча киесиз. Бул ыкманы жумасына бир жолу эки сааттан кармап жасайсыз.

 

Бал аралашмасы

1 чай кашык бал, 1 аш кашык пияздын ширеси, 1 даана жумуртканын сарысы жана 1 чай кашык өсүмдүк майы керектелет. Бул азыктардын баарын бирдей массага келгиче чалып, жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон массаны чачтын түбүнөн учуна чейин сүртүп, эки саат кармайсыз. Аталган ыкманы жумасына эки иреттен 3-4 айга чейин кыласыз.

 

Сабиздин ширеси

Чачыңыз аябай көп түшүп жаткан учурда сабиздин ширесин көп ичкенге аракет кылыңыз. Мындан тышкары сабиздин ширесине пияздын ширеси менен кастор майын аралаштырып чачыңызга маска кылсаңыз дагы жакшы натыйжа берет. Бул ыкманы жумасына 2 иреттен 6 айга чейин жасоо зарыл.

 

Какао маскасы

100 граммдык 1 стакан кефирге 1 даана жумуртканын сарысын жана 1 аш кашык какаону аралаштырасыз. Даяр болгон массаны чачтын түптөрүнө сүртүп, 2 саат кармайсыз. Андан соң жылуу суу же чалкандын ширеси кошулган суу менен чайкап саласыз. Аталган масканы жумасына 2-3 иреттен жарым жылга чейин үзбөй жасоо зарыл. Бул ыкмадан кийин чач түшпөй, тескерисинче коюуланып, түшүп калган жерлерге чач чыга баштайт.

 

Кир самын

Бул учурда кадимки эле кир самын, алоэ гүлүнүн ширеси, кастор майы, уксус жана туз жардамга келет. Алгач башыңызды кир самын менен жууп алууңуз керек. Андан кийин чач жок тегерек жерлерди алоэ гүлүнүн ширеси же жаңы үзүлгөн жалбырагы менен сүртүп, андан кийин кичине туз себелеп коюу зарыл. Жарым саат өткөн соң 1 аш кашык уксус кошулган бир литр суу менен чайкап туруп, туз себилген ачык жерлерге кастор майын шыбап коёсуз. Бул ыкманы жумасына бир ирет 6 айга чейин же тегерекчелерге чач чыкканча жасасаңыз болот.

 

Кызыл калемпир менен арак

Бул маска үчүн жарым стакан арак жана кызыл калемпир керектелет. Алгач майда тууралган кызыл калемпирди жарым стакан аракка салып 24 саат коюп коёсуз. Даяр болгон соң аны маска катары башыңызга коюп, жарым саат кармайсыз. Бул ыкманы бир айда бир же эки жолу жасап турсаңыз болот. Кызыл калемпирдин ордуна пияз колдонсоңуз да болот. Бул ыкма чачтын түптөрүн бекемдөөчү жана какачтан арылтуучу касиетке ээ.

 

Сарымсак жана кастор майы

Эки даана сарымсактын ширеси менен бир чай кашык кастор майын аралаштырып, аны чачтын түптөрүнө сүртөсүз. Баш териңизди күйгүзүп жибербеш үчүн аны 20-30 мүнөт гана кармайсыз. Бул ыкманы жумасына эки иреттен жарым жылга чейин жасасаңыз болот. Аталган ыкманы чачтын түшүүсүнүн алдын алуу үчүн дагы колдонууну адистер сунушташат.

 

Дайыма жасоого боло турган маскалар

 

Чалкандын ширеси

Чалкандын ширесин сатып алыңыз. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, бир боо чалканды таштекке салып ысык суудан куюп коюңуз. Чалкандын ширеси чыкканда сууну сүзүп алып, башыңызды ошол сууга чайкап жүрсөңүз, чачыңыз түшпөйт жана какачтабайт.

Айран же айрандын сары суусу

Башыңызды ар дайым айран же айрандын сары суусу менен жууп жүрсөңүз, чачыңыз бат өсөт жана көп түшпөйт.

 

 

Эскертүү:

Чачты жуугандан кийин жумшак сүлгү менен аарчып кургатуу керек;

Фен менен кургаткандан көрө өзү кургаганча күтүү пайдалуу;

Кыска чачты түбүнөн, узун чачты учунан баштап тараш керек;

Ным кезинде таралган чач көп түшөт. Андыктан чач кургагандан кийин тароо зарыл;

Эч убакта бирөөнүн тарагын пайдаланбаңыз жана пайдалануу үчүн өз тарагыңызды башкаларга бербеңиз;

Чачыңыздын сапаттуулугу үчүн А, С, В витаминдүү тамактарды көп жеңиз;

Ден соолукту чыңдоо, убагы менен сейилдөө, таза абада эмгектенүү чачтын калыбына келүүсүнө, туура өсүүсүнө түрткү берет;

 

 

Даткайым Досматова