Канча жашка чейин төрөгөнгө болот?

Окумуштуулардын изилдөөсүндө аялзаты 20 жаштан 40 жашка чейин төрөгөнгө болот. Бул учурда аялзаты эне болууга толук даяр жана гормондорунда дагы өзгөчө өзгөрүүлөр, бузулуулар болбойт. Ал эми 25тен өтүп 30га чамалап калган курактагы энелер экинчи жана үчүнчү баласын 35-40 жашында төрөп калат экен. Деги эле канча жаштан канча жашка чейин төрөгөнгө болот? деген суроо ар бир айымды кызыктырса керек. Бул суроого жооп төмөнкү макалада.

 

Жаш энелер

Жыл өткөн сайын 15-16 жаштагы мектеп окуучуларынын эне болуп жаткандарын кезиктирип жатабыз. Бирок ага карабай дарыгерлер жаш эне деп 18 жаштан 25 жашка чейинкилерди эсептейт. Бардык эле учурда жаш төрөгөн энелер кыйынчылыкка учурабай койбойт. Ошого карабай терс жактары менен катар көңүл жайгарган оң жактары да бар.

Жаш төрөттүн оң жактары

1. 18-23 жаш аралыгында төрөгөндөрдө кан басымы, богок, кант диабети, жатынга суук тийген сыяктуу ар кандай оорулар аз болот. Бул учурда эне боло турган аялзатынын ден соолугу физикалык жактан да, психикалык жактан да жок дегенде 80 пайыз чың болот. Андыктан ден соолугу чың бала төрөлөт.

2. Жаш энелер төрөттөн көп кыйналышпайт. Анткени алардын булчуң эттери чоюлчаак жана тартылчаак болот. Төрөгөндөн кийин жатын тез жыйрылып мурунку, калыбына бат келет.

3. Жаш энелер орто курактагы энелерге караганда түн уйкусунан бат турат жана сезимтал болушат.

4. Бул курактагы кыздардын көпчүлүгүндө тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү сыяктуу жаман адаттар жок болот.

5. Жаш энелердин балдары өздөрү менен тең чоңоюп, натыйжада түйшүктү балдарына өткөрүп беришет.

 

Жаш төрөттүн терс жактары

1. Кыздардын организми 20 жашка чейин өсүп калыптанат. Бул учурда убактысынан мурун төрөп коюу же бойдон түшүү көбүрөөк кездешет. Айрымдарыныкы гормоналдык жактан али жетиле элек болот.

2. Балалык кылып эки киши үчүн тамактануу жана ичиндеги түйүлдүккө витамин зарыл экенин көп аңдай бербейт. Натыйжада ымыркайы өзүнүн салмагына жетпей калат.

3. Жаш энелердин балдарынын дүйнө таанымы жашы ортолоп калган кезде бала күткөн энелердин уул-кыздарына караганда кичине артта болот жана тынчы жок келишет. Себеби жаш эне ымыркайына көп көңүл буруу, анын ар бир жаңы кылыктарына маани берүү жагынан тажрыйбасыз болот.

4. Келечекте эне боло турган жаш кыздар аз кандуулук оорусуна бат эле чалдыгат. Андыктан бойго бүткөндүн алгачкы жумаларында жана кийин дарыгердин көзөмөлүндө болбой калган энелердин балдары аз кандуулук оорусу менен төрөлүп калышы мүмкүн.

5. Жаш энелердин көпчүлүгү дарыгерлердин айткандарын кынтыксыз аткарбайт да, натыйжада ичиндеги түйүлдүккө коркунуч пайда болот.

6. Эне-ата болууга али жарай элек жаштар курган үй-бүлөдө баланы чыдамсызданып күтүү болбойт. Аларда болгону төрөлө турган бала төрөлдү дегендей мамиле байкалат.

7. Айрым кыздар төрөр-төрөгөнчө моралдык жактан өзүн даярдабай жүрө берип, төрөгөндөн кийин 

депрессияга дуушарланып, психикалык ооруларга да кабылып калышат.

8. Кээ бир жаш энелердин жамбаш сөөгү али жетиле электигине байланыштуу кичинекей болгондуктан төрөт учурунда жамбаш сөөгү ажырап кетет. Төрөттөн мындайды күтпөгөн энелер психикалык жактан жабыркашат.

 

Орто жана улуу курактагы энелер

Бул курактагы энелерге жашоодон көптү көрүп, баарын түшүнүп билип калган айымдар кирет. Алар келечектеги баласын жарык дүйнөгө чыдамсыздык менен күтүп алып келишет. Бирок алар төрөт учурунда кыйналып, төрөгөндөн кийин дагы бир топко чейин азап тартышары илимде далилденген. Кеч төрөттүн оң жагына караганда терс жактары көбүрөөк.

 

Кеч төрөттүн оң жактары

1. Жашы ортолоп калган маалда төрөгөн айымдарда бала күтүү, аны асырап кароо, өзүнүн ден соолугуна кам көрө билүү тажрыйбалары мол болот.

2. Кеч төрөгөн энелердин балдары өзү теңдүүлөргө караганда акылдуу жана таланттуу болушат. Себеби эне баласын түйүлдүк кезинен эле тарбиялаган болот. Убактысынын баарын ымыркайына арнап, бир гана ага көңүл бурат.

3. Кеч төрөгөн энелер климакс оорусуна кеч чалдыгышат.

Кеч төрөттүн терс жактары

1. Улам жашы өйдөлөгөн сайын аялзаты кан басымы, богок, кант диабети, жатынга суук тийген сыяктуу ар кандай оорулар менен ооруп, айрымдарынын оорулары өнөкөт ооруга да айланып кетет.

2. Жашы 30дан ашып төрөгөндөрдүн айрымдарынын сүтү чыкпай, сүт бездери шишип кетиши ыктымал. Сүтү чыкса да баласын тойгуза албай, натыйжада кошумча багууга туура келет.

3. 30ду ашып 40 жашка барып калган аялзатында бойго бүтүү дагы кыйыныраак. Себеби бул учурда аялзатынын организминде гормоналдык өзгөрүүлөр болуп, жатын мурункудай кабыл ала албай, натыйжада жумуртка клеткалары эскире баштайт. Бойго бүткөн күндө да көпчүлүгүндө бойдон түшүп калуу коркунучу көбүрөөк болот.

4. 40 жаштан кийин аялзатынын хромосомаларында өзгөрүү болот. Бул маалда төрөлгөн балада бир хромосомасы ашыкча болуп Даун өзгөчөлүгү менен төрөлүп калуу коркунучу бар.

5. 30 жаштан ашып үй-бүлө күткөн айымдар бир жыл же алты айга чейин кош бойлуу боло албаса, дарыгерге кайрылуусу шарт.

6. 35 жаштан өйдө аялзатында жатындан сырт бойго бүтүп калуу коркунучу көбүрөөк.

7. Жашы өтүп калгандардын көпчүлүгүндө төрөт кыйын болот жана узакка созулат. Себеби булчуңдар жакшы тартылбай, чоюлбай калат. Натыйжада кеч төрөгөн энелердин балдары төрөт учурунда жаракат алып кыйналып калышат.

8. Кесарево менен төрөөгө көп дуушар болушат.

 

Раиса Асылбашева, Саламаттыкты сактоо департаментинин гинекологу: “Кудай ден соолук берсе, 50-60 жашында да төрөгөнгө болот”

– 20 жашка чейин төрөсө, ден соолугу чың бала төрөлөт деген туурабы?

– Мен буга бир тараптуу жооп бере албайм. Бир чети туура. Бирок учурда жаш кыздардын ден соолугу орто жаштагылардын ден соолугунан начар. Аларга витаминдер жетишсиз, кичинесинен ар кандай өнөкөт оорулар менен оорушат. Ушул себептен улам көпчүлүк жаш үй-бүлөлөр балалуу боло албай жүрүшөт.

– Учурда кайсы курактагылар көбүрөөк төрөп жатышат?

– Айыл жеринде биринчи баласын 18 жаштан өйдө төрөгөндөр көп. 35-40, айрым учурда 50 жашка чыгып калгандар 6-7- балдарын төрөп жатышат. Бул жакшы көрүнүш. Ал эми шаарда биринчи баласын 25тен өтүп 30 жашка чамалап калганда төрөшөт. Негизи Кудай ден соолук берсе, 50-60 жашында да төрөгөнгө болот. Бирок бизде акыркы учурда жугуштуу ооруларыдан кийин тукумсуз болуп калгандар көбөйүп жатат. Ал оорунун натыйжасында айрым кыздарыбыз эрте жашында эле климакс оорусуна чалдыгышууда.

– Биздин медицинада канча жаштан кийин аялдар курагы өтүп калган болуп эсептелет?

– 40-45 жаш бизде улуу муун катары саналат. Бул курактан өтүп бала төрөөнү пландаган энелерди биз көзөмөлгө алып, аларды бат-баттан текшерип турабыз.

– Эркектердин курагы өтүп калган маал да аялдардай эле көзөмөлгө алынабы?

– 40 жаштан 50 жашка чейинки мырзалардын спермасы азайбаганы менен генетикалык жактан жабыркап калат. Натыйжада бул курактагы эркектерден ымыркай күтүп жаткан энелерде бойдон түшүү көбүрөөк кездешет. Француз окумуштууларынын изилдөөсү боюнча бул көрүнүштөн улам боюнан түшкөндөрдүн саны 75 пайызга жеткен. Мындан тышкары 40 жаштан өтүп калган аталардын балалуу болуу мүмкүнчүлүгү 3 пайызга азаят. Кошумчалай кетсем, курагы өтүп калган маалда ата болгондордун 20 пайызынын оорулары ген аркылуу баласына өтөт. Атадан баласына шизофрения оорусу берилет. Себеби курагы өткөн сайын атанын ДНКсында мутация жүрөт да, ал жыл өткөн сайын чогула берет. Натыйжада кийин ал баласына өтөт.

 

 

Даткайым Досматова