Асылбек ӨЗҮБЕКОВдун жубайы Сүйүн эже: “Сырттан караган адамга чыгармачыл адам менен жашаш жыргалдай сезилет”

Аткарган мыкты ролдору, мукам үнү үчүн КРнын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековго кимдер гана суктанбаган, кимдер гана ашык болбогон. Биз бул ирет ошол эл суктанган адамга кандай жубай туш болгонуна кызыктык. “Эрди эр кылган дагы, кара жер кылган дагы аял” демекчи, көрсө, агайдын ушул деңгээлге жеткенине жубайынын таасири чоң болгон экен. Эже менен маектешкен соң анын кең пейилдүүлүгүнө, чыдамдуулугуна, аялзатына үлгү болчу сапаттарга бай экенине суктанып кайттым.

 

“Асылбектин таенеси бизди 18 жашыбызда үйлөндүрүп койгон”

– Асылбек экөөбүз бир айылда туулуп-өскөнбүз, мектеп босогосун дагы чогуу аттап, экөөбүз бир мектепте, бир класста окудук. Ошондуктан, биз бала кезибизден эле таанышпыз деп айтсам болот. Ал мектепте тентек балдардын катарына кирчү. Кийин 5-класста окуп калганыбызда Асылбек М.Абдраев атындагы музыкалык мектепке окуу үчүн Бишкекке кетип калды. Анан арадан төрт жыл өткөндө, тактап айтканда, 9-класста окуп жатканыбызда кайрадан айылга келип биз менен окуду. Ошондо баягы тентек бала жок, созулган, тартиптүү болуп калган экен. Бара-бара чачымдан тартып, мага тамашалап көп тийишчү болду. Башында тийишкенине ачуум келе турган болсо, кийинчерээк менде башкача сезим пайда боло баштады. Көрсө, Асылбек да мени жактырчу экен. Ошентип, экөөбүз 9-класстан окууну бүткөнчө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал кезде ортодогу сезимдерибиз абдан күчтүү эле. Биздин сүйүүбүздү айылдын баары билчү. Кийин мектепти аяктаганыбызда Асылбек Ташкентке окууга кетти. Мен болсо аны узатып кала бердим. Андан кийин мен дагы окуюн деп университетке тапшырдым, бирок, кулап калдым. Эмки жылы окуйм деп айылда жүрсөм Асылбек эс алууга келип калды. Ошондо мурунтан биздин сезимдерибизди байкап жүргөн Асылбектин таенеси “Сүйүнгө үйлөнөсүң, болбосо бул кызды бирөө ала качып кетет” деп экөөбүздү 18 жашыбызда үйлөндүрүп койду. Үйлөнгөндөн кийин Асылбек окуусун улантканы Ташкентке кетип калды. Мен бул жакта калып Жеңишгүл эжемдикинде, кайненемдин үйүндө жашап жүрдүм.

 

“Асылбек эмне кылбасын, сүйгөнүм үчүн баарын кечирип жашай бердим”

– Кийин Асылбек келип мени да кошо Ташкентке алып кетти. Ал жакта экөөбүз чогуу эки жыл жашадык. Жашообуздун алгачкы учурларында арзып жеткен тунук сүйүүбүздүн даамын татып бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Көп өтпөй катарынан бир кыз, бир балалуу болдук. Асылбек чыгармачылык менен иштеп жүргөндүктөн, үйдүн, балдардын түйшүгү мага жүктөлдү. Өзүм дагы Асылбекти ушунчалык катуу сүйгөндүгүмдөн ага үйдүн түйшүгүн көрсөткүм келген жок. Ал уктап жатканда ойготуп албайын деп балдар ыйласа башка бөлмөгө алып кетип, ага баланын ыйлаганын да угузчу эмесмин. Мен чыгармачылыгына тоскоол болуп калбайын деп аны жайына койдум, Асылбек өзү каалагандай жашап, ырдап, ойноп-күлдү. Ага күйөрман болуп жактырган кыздар көп эле. Мен жактыруу, сүйүү деген эмне экенин жакшы билгендиктен, Асылбекти ал кыздарга жиберип турчумун. Ал үйгө кайсы учурда келбесин бир үндөбөй тосуп алып, акырын уктатып койчумун. Күтүп, кызганып, ыйлап жатсам да Асылбекке билдирбей баарын ичиме катчумун. Ушул учурга чейин “мындай жүрдүң, тигил жакка бардың” деп ызы-чуу салып көргөн эмесмин. Ал эмне кылбасын, сүйгөнүм үчүн кечирип жашай бердим. Чынында, мен каршы чыга бергенимде жашообуз уланбай же Асылбектин эл сүйүп уккан обондору жаралбай калмак беле деп ойлойм. Негизи жолдошуң айым болобу же мырзабы, айтор, чыгармачыл адамдын жары болуш кыйын экен. Мен ошол кыйынчылыктын баарына чыдадым. Бул нерсеге апамдын тарбиясы дагы себепчи болду, анткени, апам бизди кичине кезибизден «үй-бүлө деген ыйык нерсе, ошол ыйык нерсени сактап калуу дагы, бузуу дагы көп учурда аялдын колунда болот. Силер балдарыңар жетим калбашы үчүн жашоонун ар кандай сыноолоруна чыдашыңар керек» деп айтып чоңойтту. Кийин мен Асылбекке эрте турмушка чыгып кетип жатканда да “кеттиңби, болду, кайрылып келбе” деп узаткан. Апамдын ушул сөздөрү үчүн баарына чыдадым, үй-бүлөмдү сактап калдым.

 

“Мен жолдошумду отуз беш жыл бала кезимдегидей сүйдүм”

– Биз Ташкенттен келгенден кийин Асылбек Кыргыз Улуттук драма театрында иштеп ар кандай ролдорду жаратып калды. Мен аны менен бирге театрдын музыка бөлүмүндө он жылдай иштедим. Экөөбүз ээрчишип чогуу ишке барабыз, балдарымды сиңдиме каратып коюп Асылбек менен гастролго чыгып кетчүмүн. Кийин мен декреттик эс алууга кеттим. Анан союз тарап кино тармагында солгундоо болуп кетпедиби, ошондо Асылбек Жамал Сейдакматова эже менен “Туңгуч” театрына кетип калды. Алар концерттерди уюштуруп буттарынан турганча үй-бүлөбүздө көп эле кыйынчылыктар болду. Мен болсо элдин шары менен соодага кирип кеттим. Алгачкы учурларда чет өлкөдөн товар алып келип сатып жүрдүм, бирок, ал ишим болбой калды. Анан базарга чыгып эт сатып иштеп калдым. Ишим жакшы болгону менен таң атпай барып эт алып, аны саткандан кыйналып кеттим. Анан Кыйбат деген курбу кызым орун таап берип, мен ал жерде жумуртка сатып иштеп жүрдүм. Бир күнү Асылбек “Сүйүн, элдин баары эстрада менен ырдап жатышат. Мен дагы эстрада менен ырдап чыксам кыйналбай жакшы жашап калат элек” деди. Ал учурда бир ырга аранжировка үч жүз сомго жасалчу. Мен жумуртканын бир коробкасынан жыйырма беш сом гана пайда көрчүмүн. Анан ошол пайдамды чогултуп олтуруп алты жүз сом болгондо Асылбекке “эки ыр жаздырып ал” деп бергем. Ошол ырлары менен сахнага чыгып, анын жылдызы жанып кетти. Айтканындай эле ал сахнага чыккандан кийин жашообуз жакшы нукка бурулуп, бутубузга турдук. Асылбек кыргыз элине таанымал болуп калгандан кийин белилүү адамдын жубайы катары мага суктангандар көп болду. Сырттан караган адамга чыгармачыл адам менен жашоо жыргалдай сезилет. Кандай болгон күндө дагы Асылбекти “башка эле кесиптин ээси болгондо” деп бир ойлонуп көргөн эмесмин. Анткени, мен аны башка чөйрөдө көрө албайм. Ошондой эле “бул менин жолдошум болбой эле койгондо” деп дагы ойлогон эмесмин. Себеби, мен аны отуз беш жыл бала кезимдегидей сүйдүм. Биздин чогуу жашаганыбызга отуз жыл болгондо Асылбектен бирөө интервью алып, ага “сиз аялыңызды сүйөсүзбү?” деп суроо бергенде Асылбек “жок, сүйүүм балдарга, чыгармачылыгыма өттү” деп жооп бериптир. Ошол интервьюсун окуп алып “балдарга, чыгармачылыкка болгон сүйүү башка, аялга болгон сүйүү башка да” деп капа болдум эле. Анан арадан убакыт өткөндөн кийин менин ага болгон сүйүүм дагы солгундап балдарга, неберелерге өтүп кетти.

 

“Асылбек чыгармачылык деп жүрүп балдардын кантип чоңойгонун көргөн жок”       

– Биздин чогуу жашап келе жатканыбызга отуз сегиз жыл болду. Ал арада беш баланын ата-энеси болдук. Азыр төрт балабыз бар. Тун балабыз Сапар 36 жашка чыгып, эки баланын атасы болду. Экинчи кызым Жыпар 34 жашта, анын да эки баласы бар. Азыр ал эки балам үй-бүлөлөрү менен Орусияда иштеп, ошол жакта жашашат. Кийинки уулубуз Арген Президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөнү турат, ал 22 жашка чыкты. Төртүнчү кызыбыз Гүлзар чарчап калган. Баласын жоготкон эненин күйүтү кандай кыйын экенин көрдүм, кызым каза болгондон кийин күйүттөн түн уйку көрбөй калгам. Асылбек күйүтүн ырдан чыгарып жүрдү. Кийин Сезим деген кенже кызымды көрдүм. Ал учурда Чок-Талдагы түрк лицейинде окуйт, жашы 13кө чыгып калды. Асылбек азыр өзү деле “балдарымдын төрөлгөнүн, басканын, булдурап-чулдурап сүйлөгөнүн көргөн жокмун” деп айтып калат. Чынында, ал чыгармачылык деп жүрүп балдардын кантип чоңойгонун көргөн жок. Учурда неберелеринин таттуу күндөрүн көрүп жатат, алардын көзүн карап, айткандарын аткарып турат. Биздин бактылуу чоң эне-чоң ата, таене-таята болгон курагыбыз. Азыр балдарыбыздын, неберелерибиздин амандыгын тилеп олтурабыз.

 

 

Динара Чокоева