ОКУУЧУЛАРДЫН БАКТЫСЫН АЧКАН ТАСМА - «ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР»

Өзүн гана эмес, элин дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын арты менен жүздөгөн адамдардын таланты таанылып, бактысы ачылган. Бүгүн биз Айтматов жумалыгынын урматына дал ошондой эмгектердин бири тууралуу сөз кылып, ал тасмада жашап калган тагдыр ээлерин кепке тартабыз.

Аталышы: “Эрте келген турналар”

Сценарийин жазгандар: Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев

Режиссёру: Болот Шамшиев

Тартылган жылы: 1978-79-жылдар

Тартылган жери: Чүй облусу

Узактыгы: 1 саат 30 мүнөт

Башкы ролдордо: Эмил Борончиев (Султанмурат), Нургүл Кендирбаева (Мырзагүл), Марс Кутманалиев (Анатай), Сүймөнкул Чокморов (Султанмураттын атасы), Гүлсара Ажыбекова (Султанмураттын апасы), Сүйүтай Шамшиева (Султанмураттын карындашы), Советбек Жумадылов (Султанмураттын таякеси), Орозбек Кутманалиев (бандит) ж.б.

 

Эмил Борончиев: «Аттын алдында калып катуу жаракат алгам»

– Султанмураттын ролу сизге кандайча буюруп калган?

– Мен ал учурда борбордогу мектептердин биринде окуган он беш жаштагы бала болчумун. Бир күнү класста олтурсам Тынчтык Алыкулов деген чакырып «киного тартыласыңбы?» деп калды. Менин киного кызыгуум бар болчу. Бирок, ага ишенген жокмун. Кийин анын айтканындай эле киночулар келип төрт баланы тартып кетишти. Үйгө келип «бизди киного тартабыз деп жатышат» десем, үйдөгүлөр «башыбызды оорутпа, эс алуу болсо айылга барып таятаңдарга жардам бересиң» деп коюшту. Ошол жуманын эс алуу күндөрү айылга кетип калгам. Артымдан Болот Шамшиев, Тынчтык Алыкулов, Темир Дүйшекеев үчөө келип “сен бизге жактың” деп мени ээрчитип киностудияга алып келишти. Ал жакка келсем бир автобустун ичинде кырктай Султанмурат болчу балдар, элүүдөй Мырзагүл болчу кыздар олтурат. Анан киного тандоо башталып, баарыбызды тартып калышкан. Бир нече күндөн кийин эле үйгө киностудиядан бирөө чалып киного тартылмак болгонумду айтып мени куттуктап калды. Ошентип, Султанмураттын ролун жаратуу бактысы мага буюруп калган. Биринчи жолу киного тартылдым, биринчи жолу Чыңгыз Айтматовду көрдүм ошондо. Агайдын көзүнө карай албай уялганым азыр дагы көз алдымда турат. Кино тартылып жаткан учурда агай дайыма

келип биз менен сүйлөшүп, көп нерселерди айтып берчү. Ошол учурда бала экенбиз да, сөзүн укпай качып кеткен учурларыбыз дагы болчу.

– Үйүңүздөгүлөр каршы болбой калыштыбы?

– Алар кабар келгенде «кантип эле сени киного тартышсын?..» деп ишенишкен жок. Кийин Болот Шамшиев өзү телефон чалып айткандан кийин ишенүүгө аргасыз болушту.

– Мурда бул чыгарма менен тааныш белеңиз?

– Албетте, биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңойгонбуз да. Бирок, «Эрте келген турналар» чыгармасындагы Султанмураттын ролун ойноп киного тартылып калам деп такыр ойлогон эмесмин.

– Жаш бала үчүн кинодо роль жаратуу оор эле болгон болсо керек?

– Ооба, мен үчүн абдан эле оор болду. Өзүм киного тартылуу деген эмне экенин билбеген 9-класста окуган бала болсом… Кинодо Мырзагүлдү сүйүү, ыйлоо деген жерлерин аткаруу кыйын эле болгон. Анан да биз минген аттар ипподромдуку болгондуктан, ооздору абдан катуу эле. Тасмада бандиттер ат менен кууган жеринен мен аттын алдында калып катуу жаракат алгам. Ал жерден мени тез жардам дароо ооруканага алып барды. Катуу жыгылган экенмин, же тура албай, же баса албай абдан кыйналдым. Дарыгерлер «ооруканада эки айдай жатасың» дешкен. Бирок, кинону тартыш керек болуп, режиссёр мени бир жумадан кийин эле тургузуп кеткен. Барып Мырзагүлгө белек берип аткарган жеринде белим ооруп абдан кыйналгам.

– Тасма жарыкка чыккан соң «жылдыз» болуп кеткен жок белеңиз?

– Эмне болгонун өзүм деле түшүнбөй калгам. Май айында кинонун ачылышы болду. Андан кийин эле Москвага актёрдук боюнча билим алайын деп окууга кетип калдым. Менин актёрдук кесипти тандап калышыма дагы ушул кино себепчи болгон десем болот. Анткени, киного тартылганга чейин актёр болуу оюмда жок эле. Эжем экономика тармагында билим алчу эле, мен деле ошонун арты менен кетем деп ойлогом. Бул тасма мага абдан жакшы мектеп болду.

– Канча гонорар алганыңыз эсиңиздеби?

– Жашым жете элек болгондуктан, гонорар менин колума эмес, апамдардын колуна тийген. Ошондуктан, канча алганымды билбейм. Кийин апамдардан сурасам «жакшы эле» деп коюшкан. Гонорарымдан мага арнап костюм-шым алып беришкени эсимде.

– Учурда кайсы кинолорго тартылып жүрөсүз?

– Акыркы жолу Съездбек Искеналиев продюсерлик кылган «Аманат» аттуу кинодо криминалдык чөйрөнүн башчысынын ролун жараттым.

 

 

 

Марс Кутманалиев: «Сасыганыбызга карабай чочколордун жанына жатып жылынчубуз»

– Атам Орозбек Кутманалиев киного тартылаарга барганда үй-бүлөбүз менен баарыбызды ээрчитип алчу. Тасма айдыңында чогуу жүрүп Болот Шамшиев мурун тарткан «Сүйүү жаңырыгы» деген тасмада эпизодго тартылып калгам. Ал кезде мен ашынган тентек бала элем. Ошол кино тартылып жатканда тыйын чычкан кубалап бакка чыгып кеткен элем. Болот агай «Марс, түш, сен кадрга түшүп жатасың» деп урушкан. Андан кийин деле ойноп жүрсөм «сен дайыма кадрга түшүп каласың» деп уруша берчү. Ошондо эле болжоп койгонбу, кийин Анатайдын ролун жаратканга өзү чакырды. Мен тентек бала болгондуктан, кинодогу образымды жаратыш кыйын болгон жок. Бирок, ал кинодон кийин кино айдыңында калбай орган кызматкери болуп кеттим.

– Мен аттан жыгылган жеримде колумдан жараат алышым керек болчу. Гримдөөчү болсо колума чоң жара жасап берип койгон. Анан режиссёр ары жактагы бизге жардам көрсөтүүгө даяр турган тез жардамды көрсөтүп «тигилерге барып көрсөтүп көрчү, эгерде алар жара экенине ишенсе тасмага жарайт» деп калды. Барып дарыгерлерге көрсөтсөм «бул жараңа азыр инфекция кирип кетсе ырбап кетет, сени ооруканага алып барып жаратыңды тазалаш керек» деп ишенип алышыптыр. Биз тасмага тартылып жатканда мыкты гримдөөчүлөр иштешкен.

– Тоодо тартылган жерибизде күн абдан суук эле. Үшүп такыр айлабыз кеткенде сасыганыбызга карабай арабанын ичинде жаткан эки чочконун жанына жатып жылынчубуз. Анткени, чочконун деми абдан күчтүү, эти ысык болчу.

 

 

 

Нургүл Кендирбаева: «Костюмдарды алмаштыруу биз үчүн көйгөй эле»

– Бул киного тартылып жүргөн учурда кыштын айы, суук күндөр эле. Костюм коюлуучу жайыбыз Кой-Таш айылында болчу. Ал жакка барып костюмдарды алмаштыруу биз үчүн көйгөй эле. Анткени, ал бөлмө абдан суук болгондуктан, костюмдар муздак болуп калчу. Кийгенден кийин титиреп үшүп, көптө барып анан өзүбүзгө келчүбүз. Ошол учурда балалык кез менен баары кызык болуп, ал нерсеге деле чыдаптырбыз.

 

 

 

 

 

 

 

Болот Шамшиев: «Эки баланы бири-бирине ушактап койсом кызыл чеке болуп мушташкан»

– Султанмурат менен Анатайды мушташтыруу кыйын болчу. А тасмага чыныгы мушташ керек эле да. Анан ойлонуп олтуруп бир амал таптым. Алар мушташа турган учурга келгенде Эмилге барып «Марс сен жөнүндө мындай жаман сөз айтты» деп ага айтып, кайра келип ошол эле сөздү Марска айттым. Бала да, экөө тең ишенип алышып бири-бирине жини келип, анан чындап кызыл чеке болуп мушташа кетишти. Биз болсо ал кадрды ийгиликтүү тартып алганбыз.

 

 

 

Динара Чокоева