Гүлшан МОЛДОЕВА: “ДИКТОРЛУК КЕСИБИМДИ БАШКА ИШКЕ АЛМАШТЫРУУНУ БИР ДА ЖОЛУ ОЙЛОНУП КӨРГӨН ЭМЕСМИН”

“Арноо концерти” дегенди угаарыңыз менен келбеттери да, сөздөрү да, жагымдуу добуштары да бири-бирине жарашкан чыгармачыл өнөктөштөр Бактыбек Мамытов менен Гүлшан Молдоеванын элеси көз алдыңызга тартылганын элестетип турам. Узак жылдардан бери кыргыз телесинин жүзү болуп, жарашыктуу келбетинен эч өзгөрбөй жагымдуу үнү менен элине кызмат кылып келе жаткан диктор айым тууралуу кенен маалыматка сиз дагы кызыкдар болсоңуз керек. Анда эмесе жагымдуу аялзатынын үлгүсү болгон Гүлшан айым менен болгон маекке көңүлүңүздү буруңуз.

 

“Балалыктын таттуу кыялдары”

– Менин балалыгыма туура келген 1960-жылдары биздин жерге телевизорлор жаңыдан келип, ал нерсе чоң жаңылык болуп турган кез эле. Ал учурда телевизору бар үй абдан бардар жашаган үй катары эсептелинчү. Ошол кездеги ак-кара түстүү, кичинекей эле болгон телевизорлорду сатып алуу дагы бир азап эле. А менин ата-энем айылдын алды болуп жашаган адамдар болушчу. Бирок, телевизордун таңсык экендигинен улам мен 3-4-класстарга келип калган учурда араң биздин үйдө дагы телевизор пайда болду. Мен 11 бир тууганмын. Баарыбыз телевизор көрүп кубанычыбыз койнубузга батпай жыргап эле калган элек. Ал кезде балдарга арналган эфирдин убактысында Роза Рыскелдинова, Тамара Жаманбаева сыяктуу дикторлор чыгып сүйлөп, андан кийин мультфильмдер көрсөтүлчү. Баарыбыз тизилип алып мультфильмди зарыгып күтчүбүз да, эфирге диктор чыгаары менен укмуштай сүйүнүп кетчүбүз. Биз үчүн диктор биз сүйгөн мультфильмдерди жараткан сыйкырчылардай эле болчу. А мен аларга карап алып “кандай кыйын адамдар?!.” деп ойлоно берчүмүн. Ошол таасирлердин баары мени акырындык менен чыгармачылыкка жакындаштыра берген экен. Кенедейимден активист кыз элем. Мектептеги кечелерди алып барууну өзүм моюнга алып, ал кечелерди алып барып жаткан учурда дагы эси-дартымда дикторлор турчу. Тымызын аларды туурап, аларга окшошконго абдан аракет кылчумун. Ошону менен кийин кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырып, музыка тармагында окуп калдым. Ал жактан деле мен баягы ойлорумду бек сактап алып баруучу болуп жүрдүм.

 

“Карьерама ташталган биринчи кадам жана эмгек жолум”

– 1977-жылы Бүткүл союздук искусство фестивалында Кыргызстандын атынан көркөм окуучу бир кыз керек болуп калган экен. Ал учурда Кондучалова министр эле. Күтүүсүз болгондуктан, эч кандай даярдыгы жок эле Күлүпа Кондучалованын алдына чыктым. Мурда ал адамдын атын угуп эле сүрдөп жүрчүмүн. Анын алдында абдан сүрдөдүм. Мурдатан билгендеримден айтып коюп туруп калдым да акырын басып сахна артына жөнөп калдым. “Кызым, бери кел” деген анын добушунан улам калтырап чыкканымды эстесем азыр дагы титиреп кетем. Кантсе дагы министр айым да, көп сүйлөп олтурбай эле “ушул кыз алып барат” деп койду. Бул менин дикторлукка таштаган эң биринчи кадамым эле. Москвада болгон чоң салтанатта Кыргызстаным тууралуу эң сонун сүйлөп келдим. Ушул кубанычымдын толкундары тарабай сүйүнүп жүрүп колума дипломумду алып калдым. Бирок, мындан ары кайда иштейм деген суроого али жооп таба элек элем. Эмнеси болсо дагы алгач ата-энеме дипломумду көргөзүп келейин деп жолго чыгууга камынып жаткан кезде “радиого иштөөгө дикторлор керек” деген кулактандырууну угуп калдым. Катышып көрүүнү туура көрүп сынакка барып биринчи турга катыштым дагы айылга кетип калдым. Дипломум үчүн ата-энем менен бирге сүйүнүп жаткан кезибизде борбордон телефон чалып мени кийинки турга чакырып калышты. Менин диктор болууга кылып жаткан аракетиме ата-энем укмуштай кубанышты. Экинчи турга катышканымдан кийин “кайра айылга кетип калба, жообун бат эле айтабыз. Үчүнчү тур дагы бар” дешти. Айтылгандай эле көп өтпөстөн 2-турдун жыйынтыгын айтышып, мени кийинки турга катыштырбастан эле ишке алышты. Ошентип, менин чыныгы чыгармачылыгым радиодон башталды. Бир жыл радиодо иштегенимден кийин телеге эфирди ачып жапканга диктор жетишпей жатат деп жетекчилер мени телеге которуп кетишти. Ал кезде теленин иштеринин 90 пайызын дикторлор иштетишчү эле. Мени эфирге өтө тез арада даярдап калышты. Таланттуу режиссёр Балташ Кайыпов мага “азыр сени тартышат. Сен жаңылыктарды окуй турган диктордой болуп чачыңды жасап кел” деди. Ал кезде чачым абдан узун эле. Чачтарачканага барып кандай жасалга керек экенин колумдан келишинче түшүндүрүп бердим. Чачымды жасатып келип, үн жаздырууга олтурсам эле маңдайымдагылар мени карап ыңгайсызданып эле олтуруп калышты. Мындай чач жасалгага көнбөгөн жаным ансыз да кыжаалат болуп жаткан элем. Эмне кылар айламды таппай калдым. Анан аргасыз өзүлөрү чачымды ары-бери кылышты дагы тартып калышты. А мен чачымдан улам кыжаалаттык менен биринчи жолку эфирим кандай болуп өтүп кеткенин сезбей дагы калдым. Ошону менен кийин бүт дитимди ишиме коюп мыкты адис болуп кеттим. Ишимди абдан сүйгөндүктөн, мен үчүн эң алдыңкы орунда ишим турчу. Ошондон улам эсимден кеткис бир кызык окуяга кабылган элем. 1984-жылы жаңы жылдык кечени алып барып болуп эфирди жаптым. Иш жамаатыбызды алып кетүүчү унаа бар эле. Мен эфирди жаап коюп кийимимди алмаштырып чыкканча унаа мени эске албай кетип калган экен. Дежур балага барып жайымды айтып, такси чакырып бер дедим. Мен жаңы жылды үйүмдөн тосуп калсам экен деп тызылдайм. Үй-бөлөм улам сайын чалып ого бетер шаштым кетти. Алар дагы, биз дагы таксиге чалып эч ала албай жаттык. Бир маалда тигил бала “эже, эми башка айла жок. Оорулуу адам бар деп эле тез жардам чакырталы” деди. Аргам түгөнүп ага макул болуп тез жардамга чалсак албайт. Бир таксиге, бир тез жардамга чала бердик. Ошол аракетибиз менен жаңы жылга кирип бардык. Акыры тез жардам алды да биздин дарекке бир саат дегенде келип калды. “Оорулуу кана?” дешкенинде аргасыздан күлүп жибердик дагы мен “кечирип койгула, шартыбыз ушундай болуп калды. Эми мени оорулуу адамдай кылып эле машинеңерге салып алып үйүмө жеткирип койгула” деп сурандым. Ал кезде элге таанылып калган элем. Тез жардам кызматкерлери болсо мени туура кабыл алышып “сизге мындай кызмат кылганыбызга кубанабыз” деп жеткирип коюшту. Ушундай кызыктарга бай иш жолума абдан ыраазымын. Жакында эле эмгек китепчемди карап олтуруп бир кубанычка баттым. Анткени, менин 35 жылдан бери толтурулуп келе жаткан эмгек китепчеме ишиме байланыштуу бар дагы жаман пикир, билдирүү жазылбаптыр. Бардыгы тең ийгиликтер, жетишкендиктер, артыкчылыктар экен. Бул менин ишимди сүйгөндүгүм эле эмес ишиме болгон абдан жоопкерчиликтүү мамилемдин жыйынтыгы деп ойлойм. Мен баарынан дагы бир нерсе менен абдан сыймыктанам. Ушунча жыл аралыгында мен жалгыз гана дикторлукту аркалап, ага бүт өмүрүмдү бердим. Дикторлук кесибимди башка ишке алмаштырууну бир дагы жолу ойлонуп көргөн эмесмин.

 

“Бактылуу үй-бүлөмдүн түптөлүшү”

– Ишиме абдан берилгенден уламбы, турмуш курууну эч ойлонбой эле жүрө берген экенмин. Бирок, көз салып жүрүп ала качып кеткендер көп болду. Мындай окуялар канча жолу кайталанса дагы мен баарынан кетип калып иштеп жүрө бердим. Акыры 26 жашка келгенде үй-бүлө деген дагы керек экенин туюп, турмуш курууга бел байладым. Мени жолдошум менен курбу кызым тааныштырган. Ал адам менин диктор экенимди билчү деле эмес экен. Анткени, Ленинградда окуп, ал дагы мен сыяктуу карьера деп жүргөн экен. Экөөбүз тең турмушка токтоолук менен карап калган кезде табыштык. Турмушка чыгам деп чечкенимде “балалыктан бери көксөп жүрүп жеткен ишимди эч нерсеге алмаштырбайм” деп айтып, анын сөзүн алгам. Табылды Төлөгөнов да билимдүү, интеллекти бийик адам болгондуктан, менин карьерамдын ийгиликтүү улануусун колдоду. Экөөбүз эки кызга ата-эне болдук. Улуу кызым Чынара бизди эгиз неберелүү кылып, таята, таене деген статус берди. Кичүү кызым Айдана болсо учурда 17 жашта. Союздун тарашы ошол кездеги ар бир үй-бүлөгө өзгөрүү алып келди. Алардын арасында биздин үй-бүлө дагы замандын жаңы агымына ыңгайлашууга аракет кылдык. Ошондо жолдошум иш билгилик кылып институттагы жумушун таштап жеке ишкерликке өтүп кетти. Ал атайын илимий изилдөөлөрдү кылып олтуруп көл өрөөнүнө Кыргызстандагы эң чоң мөмөлүү жемиштерди көбөйтүүчү питомник ачты. Ушул иш менен менде өкмөттүн колун карап жашоо маселеси жоюлуп, ишимди чыгармачылык менен улантып кете беришиме шарт түзүлдү. Азыр ал ишибиз калыптанып, эл үчүн эң жакшы кызмат көрсөтүп жатат. Биздин питомникте алманын, алмуруттун, алчанын, шабдалынын, өрүктүн көптөгөн сорттору бар. Азыр Нарындан, Чүйдөн келип көп алып кетишет. Ал эми менин айлык маянам толук өзүмө жумшалат. Жаман эмес айлык алам. Андан тышкары чоң-чоң кечелерди алып баруудагы гонорарым жакшы.

 

“Жакшы жүзүмдү жакшы бойдон сактагым келет”

– Мен үйдө жакшы кожойкемин. Бардык мөмө-жемиштер өз колубузда болгондуктан, табигыйлуулукка басым жасайм. Мисалы, биздин үй-бүлө чай сатып алуу дегенди билбейбиз. Күнүмдүк ичиле турганчайды колго даярдайбыз. Ал эң жөнөкөй. Кадимки карагат менен малинанын мөмөлөрүн кургатып, ага кошуп бир аз жалбырактарын дагы таза жууп кургатып алам. Даярдалган массаны демдеп алып чай ордуна иче беребиз. Мындай чай даамдуу дагы, пайдалуу дагы. Андан тышкары алмадан, жүзүм, карагаттардан өз-өзүнчө эрежелери менен вино жасап алам. Менин виномдун жардамы менен төрөтү кечигип жүргөн келиндер балалуу болушканын коркпой айта алам. Ал эми винону жасоону болсо жолдошумдан үйрөнгөм. Сүт азыктарынан деле көп нерселерди жасап алсак болот. Мисалы мен сыр, быштак жана майларды таптакыр сатып албайм. Бул нерсенин баарын үй шартында жасап, колдоном.Мен сулуулукту абдан жакшы көрөм. Сулуулукту сактоо ар бир кыздын милдети. Ошондуктан, кыздарымды сырты дагы, ичи дагы сулуу болгонго, ал турсун кылган ишинен дагы сулуулук байкалып турганга үйрөткөм. А өзүм болсо элден “баягыдай эле жашсың, сулуусуң” деген сөздү көп угам. Ырасында мен элге ушул жүз менен таанылып калган соң элдин көңүлүн ирээнжитип, “картайып калыптыр”, “жүдөп кетиптир” деген сөздөрдү айттыргым келбейт. Өзгөчө Көлдөгү үйүбүзгө келген кардарларга жагымсыз абалда көрүнбөгөнгө аракет кылам. Биздин корообуздан ар дайым эл үзүлбөйт. Карапайым адамдар келишкендиктен, алар менен эфирдегидей жаркылдап учурашып, жеңил сүйлөшөм. Таштанды төккөнү чыксам дагы келбетиме бир көңүл буруп алам.

 

 

Гүлайым Калыбекова