С ГЕПАТИТИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Убакыттын өтүшү менен оорунун биз укпаган жана билбеген түрлөрү пайда болуп жатат. Азыркы тапта алардын катарында “С гепатити” аттуу айыккыс дарттын да актуалдуулугу өсүп, аны жуктуруп алгандар көбөйдү. Болгондо да С гепатити учурда өз кулачына жаштарды алып жаткан учур. Ошон үчүн биз аталган оору тууралуу маалымат берүү менен бирге андан сактануунун жолдоруна токтолдук.

 

С гепатити

Негизи боорду сезгентүүчү оорулардын баары "гепатит” деп айтылат. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Булардын эң коркунучтуусу – С гепатити. С деген вирус, организмге түшкөндөн кийин ал кан аркылуу боорго барат жана клеткаларды бирден жеп отуруп органды жараксыз кылып салат. Учурда дүйнөдө С гепатити менен ооруган 170 млн адам бар. Ошол эле маалда жыл сайын бул дартты 3-4 млн адам жугузуп алып жатат.

 

Түрлөрү

Курч С гепатити. С гепатитин жуктуруп алган учур же оорунун башталышы курч С гепатити болуп саналат. Негизи бул дарт эч кандай белгилерди бербейт. Албетте, адам ооруган сыяктуу болот, өңү сары тартып, заарасынын түсү бир аз өзгөрөт. А мындай жагдай ар бир эле адамда кездешиши мүмкүн. Оорунун бул түрү менен ооруканага оорулуулардын 10-20 пайызы гана келет. А башкалары байкабастык менен бул учурду өткөрүп алышы мүмкүн. Негизи мындай белгилер вирусту жуктуруп алгандан кийин 2-26 жума аралыгында кээде гана байкалышы мүмкүн.

Өнөкөт С гепатити. Оорунун өнөкөт түрү менен ооруканага келгендер оорулуулардын 80-90 пайызын түзөт. Бул вирусту жугузгандан 26 жума өтүп кеткенден кийинки көрүнүш, башкача айтканда, мында адам боору ооруганын сезет, болбосо аны же ууланып калдым, же өтүм ооруп жатат деген белги менен алмаштырып ооруканага кайрылат.

 

Ооруну жуктуруп алуунун жолдору

С гепатити сүйлөшүүдө, чүчкүрүүдө, өбүшүүдө, учурашууда, кучакташууда жана бир идиш менен тамактанууда жукпайт. Аны жуктуруп алуунун же ал менен ооруп калуунун 3 гана жолу бар:

 Кан аркылуу. С гепатитин жуктуруп алуунун азыркы маалдагы эң көп кездешкен жолу. Буга басымдуусу баңги ийнелерин, устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр, пирсинг, татуировка жасоочу жана тиш жулуучу каражаттарды бирге колдонуу же медициналык кан куюу себеп болуп жатат.

 

 Жыныстык катнаш аркылуу. Актуалдуу эмес болсо дагы С гепатитин жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алуу мүмкүн. Азыр бул 3-5 пайызды түзөт.

 

 Балага эне аркылуу. Вирустун энеден балага өтөөрү шексиз, бирок, бардык учурда эмес. Азырынча ооруну мындай жол менен алгандар 5 гана пайызды түзөт. Бактыга карай, көпчүлүк маалда балдар дени-карды соо төрөлүп жатышат.

 

С гепатитине жакындыгы бар адамдар:

- Ийне сайынуу жолу менен баңгизатын колдонгондор;

- Донордон кан алып өзүнө куйдургандар;

- Гемодиализ же “жасалма бөйрөк” аппаратында жаткандар;

- Кайсы бир органын алмаштыргандар;

- Медициналык кызматкерлер;

- Көп киши менен жыныстык катнашта болгондор.

 

 Үмүтжан Мусаева, Республикалык инфекциялык оорукананын гепатологиялык борборунун жетекчиси: “С гепатити аны менен ооруган адамды өмүр бою коштойт”

– Эже, С гепатитин жуктуруп алгандар көбөйгөн ушул маалда биздин өлкөдө муну менен канча киши ооруру белгилүүбү?

– Абдан татаал суроо. Биздин республикалык инфекциялык ооруканада эле азыр 2400 оорулуу каттоодо турат. Бирок, бул өлкө боюнча алынган статистика эмес. Анын эсебин чыгаруу абдан эле татаал. Эмнеге дегенде айрымдар жашаган жери боюнча дарыгердин каттоосунда, айрымдар жеке клиникалардын каттоосунда, ал эми айрымдар өздөрүнүн ушул вирусту жуктуруп алгандарын билбей деле жүрүшөт да. Ошон үчүн бул суроого так жооп берүү мүмкүн эмес.

– Азыр бул оору айыккыс дарттардын катарында турат да э?

– Ооба, С гепатити аны менен ооруган адамды өмүр бою коштойт, бул айыккыс дарт. Дүйнө окумуштууларынын көбү мунун дабасын табууга жапа тырмак аракет кылышканы менен тажрыйбалардын баары себепсиз болууда. Себеби, С гепатитинин эле 6 генотиби бар, алар өз ара 1,2,3... - 6 деп бөлүнүшөт, анан ошол эле генотиптер дагы 1А, 1В деген сыяктуу бир нечеге бөлүнүп кетип жатышпайбы. Эң татаалы – оорулуу түшкө чейин бир генотип менен ооруп турса, андан кийин ал таптакыр башка түрүнө алмашып кетүүдө. Мына дал ушул себептен улам азырынча бул дарттын вакцинасын ойлоп табуу кыйынга туруп жатат. Бирок, кээде вирусту жуктуруп алып оорубай эле жүргөндөр да кездешет. Анын организминде вирус бар, атүгүл ал көбөйүп жатат, ошентсе да алар ал адамга зыянын тийгизишпейт. Бул чанда гана кездешчү көрүнүш экенин баса белгилей кетүү керек. Ошон үчүн С гепатити менен ооруп калган шартта сөзсүз каттоого туруп, дарыгер берген диетаны сактап, эң башкысы алкоголдук ичимдиктен алыс жүрүү зарыл.

– С гепатити кандай кесепеттерди бериши мүмкүн?

– Кыргызстанда бул оору менен ооругандардын 70-80 пайызы С гепатитинин 1В генотибине чалдыккан болуп жатат. Бул эң коркунучтуу генотип. Тагыраак айтканда, оору тез өөрчүйт, бирок дарттын белгилери жок болгон үчүн ал боордун клеткаларын, ткандарын жеп отуруп, андан ары башка дагы органдарга залал келтирип жатып адамды 10-15 жылда боордун циррозуна же биринчи даражадагы рагына жеткирет. Ал эми булардын кандайча аяктаары азыр ар бир эле адамга белгилүү болуп калбадыбы.

– Аталган дарттын алдын алууга болобу?

– Оорудан эч ким корголгон эмес экени айдан ачык эмеспи. Ошентсе да үйдө жеке гигиенаны сактаган жакшы, устараны, маникюр жасоочу каражатты ар ким өз алдынча жана жеке кылып колдонушу керек. Учурда С гепатитин көптөр чачтарачканадан, стоматологиялык борборлордон, сулуулук салондорунан жуктуруп алып жатышат. Албетте, ал жакта жалпы каражаттарды колдонушат, тейлеп бүткөндөн кийин аларды спирт менен тазалап коюшат, а бул оорунун вирусу ага өлө турган жандык эмес. Ошон үчүн колдон келсе андай жерлерге деле жаңы сатылып алынган же жеке колдонулуп жүргөн каражаттарды алып баруу зарыл. Ал эми тааныш эмес же аз тааныш болгон адамдар менен жыныстык катнашка барганда сөзсүз түрдө презерватив колдонуусу кажет. Үйдө С гепатити менен ооруган адам боло турган болсо анын тамактанган идиштеринен тартып бардык керектүүлөрүн өзүнчө бөлүүгө алган гана дурус.

 

 

Ырыс Иметалиева