Пиццалар

Пицца — дүйнө жүзүнө өтө кеңири тараган тамактардын бири. Бул тамактын прототиби байыркы Рим менен Грецияда пайда болгон, ал эми бүгүнкү күндө пицца итальяндардын улуттук тамагы катары саналат. 200 жыл мурун бул тамакты кедейлер гана жешкен, 20-кылымдын башында гана бай-кедейине карабай ар бир италиялык адам сүйүп жеген тамакка айланган.

Пицца үчүн камыр

Кандай азыктар керек?

Жылуу суу: 250 мл

Ун: 350-400 г

Кургак дрожж: 1 чай кашык

Оливка майы: 1 чоң кашык

Шекер: 1 чоң кашык

Туз: 1 чымчым

Кантип жасалат?

Үймөк ундун үстүн чуңкурайтып, ал чуңкурга шекерди, унду, оливка майын саласыз.

Дрожжду жылуу суунун бир аз өлчөмүнө кошуп эритип аласыз да, аны да чуңкурга куясыз.

Эми бир колуңуз менен чуурутуп сууну куюп, экинчи колуңуз менен камырды жууруй баштайсыз.

Жакшылап жууругандан кийин идишке салып, үстүн майлык менен жаап туруп 30 мүнөт тыныктырып коёсуз. Бул убакыт аралыгында камыр көөп, баштапкы өлчөмүнөн эки эсе чоңоёт.

Эми камырды майланган калыптын ортосуна коюп, колуңуз менен басып отуруп тегерек, жука формага келтиресиз да, бетин вилка менен бир нече жеринен сайып, керектүү азыктарды камырдын үстүнө тизесиз.

 

 

Тоок эти менен пицца

Кандай азыктар керек?

Камыр

Тооктун эти: 200 г

Помидор: 6 даана

Сыр: 100 г

Сарымсак: 4 тишче

Каймакмай: 50 г

Пияз: 2 баш

Оливка

Кантип жасалат?

Тооктун этин бышырып, орточо көлөмдөгү бөлүктөргө бөлөсүз.

Помидорду тегерек кылып туурайсыз.

Пиязды шакекче кылып туурап, каймакмайга кууруп аласыз.

Сырды кыргычтан өткөрөсүз.

Оливканы туурайсыз.

Сарымсакты да майда туурайсыз.

Тегерете жайылган камырдын үстүнө тооктун этинин жарымын салып, анын үстүнө куурулган пиязды тегиз кылып себелейсиз. Кайра тооктун этин, помидорду тизип, анан майда тууралган сарымсакты себелейсиз. Оливка майынан же башка эле өсүмдүк майынан чачыратып, кыргычтан өткөрүлгөн сырдан себелеп коёсуз.

Пиццаны 200°С температурадагы духовкага 15 мүнөт бышырасыз.

 

 

Итальянча пицца

Кандай азыктар керек?

Камыр

Жумуртка: 1 даана

Пияз: 2 баш

Помидор: 2 даана

Ышталган колбаса: 200 г

Таттуу болгар калемпири: 1 даана

Сыр: 200 г

Кара тоголок калемпир

Туз

Кантип жасалат?

Камырдын үстүнө алгач майда тууралган пияз менен помидорду коёсуз.

Туз, калемпирден себелейсиз.

Анан кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелейсиз.

Анын үстүнө колбасанын кесимдерин коюп, шакекче болуп тууралган таттуу болгар калемпиринин кесимдерин коёсуз.

Пиццаны кызытылган духовкага салып 30 мүнөт бышырасыз.

Кожойкелердин эсине

Сыр – пиццанын негизги курамы. Аны мүмкүн болушунча көбүрөөк кошо берүү сунуш кылынат. Пицца үчүн классикалык сыр катары Моцарелла сыры эсептелинет. Мындан башка да Пармезан, Рикотта сырлары кеңири колдонулат. Сырды пиццага жалпак кылып туурап да, кыргычтан өткөрүп да колдонууга болот.

Пицца ширелүү болуу үчүн ага оливка майынан чачыратып коюу зарыл.

Ал эми чекелери кургак болуп калбоо үчүн жумуртканын сарысынан сүртүп коюу керек.

Пиццага мүмкүн болушунча оливка майын, болбосо башка бардык өсүмдүк майларын колдоно берсе болот.

Пиццага колдонулуучу помидордун ордун кетчуп менен алмаштырууга болот.

250 мл суу менен 3 стакан ундан жасалган камырдан диаметри 25 см болгон 3 пицца чыгат.

Пиццаны көмөчказанга бышырууга да болот. Мындай учурда камырдын калыңдыгы 2 миллиметрден кем болбоого тийиш. А көмөчказандын түбүн өсүмдүк майы менен майлап, камырдын бетине манка унунан себелеп коюңуз.

Пиццаны ысык духовкага гана салыңыз.

Пиццанын даяр болгонун ширеңкенин чийи менен текшерүүгө болот. Эгерде камырга сайылган чий кургак болуп чыкса, пицца даяр болот.

Пиццаны муздаткычыңызда болгон азыктардан өзүңүздүн табитиңизге жараша жасай берсеңиз болот.

 

 

 

Нуриса Баялиева