Бири кем дүйнө...

Ошол күнү жумуштан абдан чарчап келип, бүкүлү кийимчен эле керебетиме кулап катуу уктап кеткен экемин. Аялдын ачуу кыйкырыгынан чочуп турдум.

– Аа-ай, жардамга-ааа ! А-а-ааа... - Карc-курc деген жыгачпы, айтор, бир шатырап сынган нерсенин коштоосундагы аялдын ач кыйкырыгы үйдүн арт жагынан, тим эле кулагымдын түбүнөн чыккандай угулуп кетти. Бир нече убакыттан кийин “күп” этип оор нерсе түшкөндөй үн чыкты да, жымжырт болуп калды. Бир саамга кулак тундурган жымжырттыктан кийин коридордогу шабыр-шубурдан улам дендароо болгон боюнча эле эшикке атып чыктым. Коңшулардын бардыгы эмне болгонун түшүнбөй башаламан эле бири-бирине суроо салып жатышыптыр.

– Эмне балакет болду? Жамиланын добушу чыккандай болдубу? Эмнеге кыйкырды? Түшүп кеткендей болду!

– Кокуй күн, үйдүн артына жүгүр, карап турбай!

– Бегиш кайда? Кыздарычы? Баласы каякта экен?

– Кичине уулучу?

Аңгыча Бегиш аке төртүнчү кабаттан лакылдап эле тепкичтин бирин басса, экинчисинен аттап секирип жерге түшүп кетти. Эч ким эч нерсе түшүнбөй жарымы анын артынан кетти, жарымы шашып кийингени кийинип, кийинбегени жылаңайлак, жылаңбаш сыртка карай бет алышты. Мен дагы элдин шары менен кошо биринчи кабатка түшүп, төрт кабат үйдүн артына жабалактай жетип барышкан элдин арасында алардын желкелеринен башбага адатымча мисирейип гана турдум. Анткени, мен жаратылышымданбы же жаш болсом да бала чагымда жанакыдай ач кыйкырык, мушташ, өкүрүктөн көңүлү калган байкуш жүрөгүм саамга өлүп калганбы, айтор, ушундай бир кырдаал болгон жерде ыза, ый же толкундоо, чочуу белгилер менде дайыма көрүнбөйт. Бирок, ичимде ирим болуп кыйнап тура бермейим бар. Анан да кимдин эмне кылып жатканын ар бир кыймылына чейин териштирүүгө үлгүрөм.

Жамила эженин дүңкүйгөн оор денеси жерде жатат. Өлүү-тирүүүсү билинбейт, Бегиш аке буулуккан бир чоочун үнү менен “Жамилалап” чакырып күңгүрөп –“... ушундай кылмаксың, ушундай кылмаксың! Өзү секирип кетпедиби!”-деп эженин оор денесин оодарып, бети-башын жана колу-бутун кармалап көрүп жатыптыр.

– Ий, шоруң каткыр, эмне балакет болуп кетти эле буга?

– Жанына эмне күч келди экен? Шордуу ай, шордуу!-дешип аялдар тегеректеп кармалашып, шыпшынып жүрүшөт.

– Ай, Бегиш, эмне болуп кетти кокуй?-деген Кадича эженин суроосуна:

– Мен кармаганга үлгүрбөй калдым, өзү боюн таштап жиберди,-деп каргылданды Бегиш аке.

– Тез жардам чакыргыла, тез жардам!-деп кимдир бирөө эсине келе калып бакырды. Аңгыча терезеден баш багып үстүдөн карап турган орус кошуналардын бирөө баба Нина деген:

– Бая эле чакырып койгомун, милиция да келейин деп калды,-деп кыйкырды. Анан артынан: - Бегиш, ушуну көрмөксүң!-деп кобурап кошумчалап коюп терезеден башын тартып алды. Айткандай эле бир маалда милиция, анын артынан тез жардам да келип калды. Кудай бетин салбасын, эл бир заматта толуп кетти. Болбосо түн жарымы ооп калган. Эки жактарын ченешип, квартирасына киришти, а Бегиш аке болсо темирейип, бирок, бир түшүнүксүз абалда туруп “өзүн-өзү таштап жиберди” деп айтып жатты врачтарга да милицияга да.

Мен бул үйгө көчүп келгендердин эң акыркысы болсом керек, ошондой болсо да “Жамила эженин күйөөсү башка аял менен жашап кетиптир” деген каңшаар сөздү эбактан эле уккам. Жамила эже өзүнө келбеди, ошон үчүн да күйөөсү ишенимдүү, бирок, каргылданган үнү менен кайра-кайра:

– Өзү кийинки убактарда акылынан адашып калган эле, долуланып эч кимге тынчтык бербей калды эле,-деп күңкүлдөп жатты. Мен Бегиштен гана көзүмдү албай жек көрүп, баскан-турганын, чөптөй кубарган өңүн, өзүн араң токтоо кармап жатканын байкап турдум. Бегиш тез жардам мененби же милиция менен кеттиби, эсимде жок. Кошуналар бир топко чейин короодо кобурашып турушуп, анан тарап кетишти.

Мен үйгө кирерин кирдим, бирок, көпкө чейин подъезддеги кабыр-шабырдан, өзүмдүн козголуп калган жүрөгүмдүн түрсүлдөгүнөн уктамак турсун бир караңгы туңгуюкка түшүп кеткендей камыгып туталандым. Жанымды коёрго жер таппай бөлмөдө жинди немедей ары-бери баса бердим, баса бердим. Жан дүйнөмдөгү бир эле Бегишке эмес, бүткүл эркектаанасына болгон жек көрүмчү сезимим менен алпурушуп жаттым. Керебетиме бет алды сулк кулап ооналактадым, тамагымды бууган ызанын жашы сызылып чыга албай так жүрөгүмдө катып калды, кыйнады. Жинди болуп кетишим да алыс эмес болуп баратты. Өзүмдү-өзүм бетке уруп, муздак суу менен ваннага кирип бетимди жуудум. Бул окуя мага тиешелүү болбосо да кайрадан эле эркек кишинин айынан, ушул эркек кишинин арам күчү акылынан ашып, алсыз аялды кордоп жатканы мени кыжырлантты.

Ашканага кирип столго олтура калып ыйлай баштадым. Ыйлай бердим, ыйлай бердим, ыйлай бердим... Чарчаганча, бугум чыкканча ыйладым. Бул ый балалыгымдан бери чогулуп, бүгүн эле эмес мурунтан кысып келген, тагдырымдын тунук дайрасынын нугун туура эмес жакка буруп кеткен окуянын ыйы эле. Жүрөгүмдүн түбүндө жүргөн бул ызам жумуш менен алаксып убактылуу болсо да жутулуп кеткен экен. Бүгүнкү Жамила эженин окуясы анын оозун оңурайтып ачып кетпедиби. Мен азыр Жамила эжени эмес, жансыз сулк жаткан Жийдени элестеп кеттим. Эжекем Жийденин аянычтуу элеси көз алдыма келип, аны эсиме алуудан өзүм коркуп заарканып жаттым. Жийденин той алдында гүлдөй жадырап түшкөн сүрөтү ушул күнгө чейин илинип турган бөлмөгө кирип кандай өксүп-өксүп ыйлаган болсом, бүгүн да ошондой өксүп, соолуганча ыйладым. Ошол күндөргө кайтып бардым...

Апабыз оорукчан болчу. Ошон үчүн эки кыздан кийин эле төрөбөй калып эркек бир тууганыбыз жок болчу. Апам дайыма эки кызын бөпөлөп, кирпигибизге кир жугузбай, таза кийгизип аздектечү. Үчөөбүз көбүнчө жалгыз болоор элек. Апамдын күндө жасаган аракети: кыздарын окууга жөнөтүү, курсагын тойгузуп, кир-коогун жууп, анан сабактан келсе тосуп алып, сабагын жаздырып, божурап жыргап алуу эле.

Апамдын кайсы жери ооруганын деле мен балалыгымдан улам билбеген окшойм. Ал эми эжем Жийде болсо мектепти жаңы бүтүп, окууга өтпөй калып мектептин пионервожатыйы болуп иштеп калган ошол жылы. Аны менен тең кыздар тургай андан чоң, окууну бүтүп келген кыздарды ишке алышчу эмес анда. Көрсө, апамдын оорукчандыгын эске алышып, анын мурунку кесиптештери эмдиги жылы окууга кайра тапшырганга чейин убактылуу болсо да жумушка алууга көмөк көрсөтүшүптүр. Жийде оюнкараак, эркек баладай шарт-шурт жүргөн, кандай адам болбосун бир заматта эле тилин таап ала койчу, ачык жана жароокер, ошол эле учурда абдан жоопкерчиликтүү кыз эле. Ишине жан дүйнөсү менен берилип, үйгө келгенде деле ишин бажырап-чачырап айтып түгөтө албай калчу. Апам мугалим болгондуктанбы, баарын угуп, шашпай кошо талдашып, анан бир далайга чейин экөө акылдашаар эле. Андан кийин кадимки мектеп окуучусундай сабак даярдаганга отурчу. Кийинки жылы окууга өз күчү менен кирүү планынын камылгасы эле ал. Бош убактарында 10-класстар менен бирге сабакка катышып, билгендерин кийинки жылга чейин унутуп калбайын деп тырышчу.

Ал эми атабыз болсо кесиби боюнча курулушчу. Кудайдын жараткан күнү мас же кызымтал келээр эле. Сырттан үйдүн коңгуроосун баскандабы же тап-туп деп коридордон кирип келе жаткандабы, айтор, шыбышы угулса эле апам байкуш ал кишинин кандай абалда келээрин көзү ачыктай билип койчу.

– Жийдеш, бар эшикти ач. Атаң бир топ кызуу көрүнөт, этиетте, жинине тийип алба,-деп алдын-ала эле экөөнү тең бири-биринен калкалап турар эле. Ал эми атам жөн эле баарын каарып-кууруп, кабагы карыш салаңдап же эмне болуп жатканын ачык айтпай эле дүңкүйүп кирчү. Ким эмне сураса же сүйлөсө эле жекире кагып, зиркилдеп турчу. Анда мен кичине элем. Атама эркелегим келсе да даап жакындай албай апамды бир, атамды бир карап тим болчумун. Апам акырын ишарат берип "бар бөлмөңө" дегенчелик кылып ымдап койсо акырын жылып ичип жаткан тамагымды кесем менен көтөрүп чыгып кетчүмүн. А Жийдеш болсо апамдын жанында калып, жүрөгүндө аны атамдан калкалаган болуп, экөөнү уруштурбай эле эптеп жайгаруунун айласында болоор эле.

А атам, атам болсо күндөгү эле адаты менен жаңжал чыгаруу үчүн бир шылтоо издеп, дагы эле мурчуя берген оокаттын ичинен бир сабиздин туура эмес тууралганын тапса да ичип жаткан ашын чынысы менен кошо көмөлөтүп туруп кетчү. Анда байкуш апам болсо, тескерисинче кыздарына жаман көзү же тили тийип калбасын деп абайлап турчу.

– Энесинен эрте калып жеңе менен өгөй энеден тарбия алды дейсиңби! Дайыма аларга нааразы болуп жүрүп жакшы сөз угуп чоңойбосо кантсин? Менин бешенеме ушундай түркөй болуп тарбияланбай калыптыр. Кантейин, чыдап келем. Мен го түшүнүп мамиле жасап коём. Өзүчү, өзү да аябай кыйналат?”-деп гана тим болчу.

Атам күндөн-күнгө күчүн арактан чыгарып, үйгө келсе келип, келбесе жок, тапкан акчасын талаага чачып максатсыз эле жашап жүргөн. А апам үйдөгү мындай акыбалдан улам өзүнүн оорусу тууралуу ооз ачпаптыр. Анткени, дарыланууга эч кандай шарт жок эле да, андан көрө быйыл Жийдешти окууга өткөрүп алсак деп бардык колуна тийген мыдырын чогултуп олтурчу. Аны көргөн мен бала жүрөгүмдөгү, бала кыялымдагы каалааган нерселеримди айтып, аткартып кежирленчү эмесмин, түшүнчүмүн. Апам байкушту аячумун. Мына ушундай көрүнүштөр менен ошол жыл, андан кийинки үч жыл кандай өтүп кеткенин сезбей калдык. Жийдеш өз күчү менен институтка өтүп, ар бир окуу сессиясынан кийин зачёткасындагы жалаң “5” деген бааларын бизге көрсөтүп турчу. Элдин балдарына окшоп акча талап кылбай, жогорку баскычтагы стипендия менен окуганы үчүн кайра атама жаккан күрөң түстүү көйнөк, апама жылуу байпак, ал эми мага альбом, дептер же кооз чачка сайгыч таракчаларды алып келип берчү.

Антип-минтип Жийдеш үчүнчү курсту да бүтүп калыптыр. Бир күнү эле жайкы сессияны тапшырып жатып үйгө телефон чалды. Кубанычы койнуна батпай:

– Апа, Айдина, атама эптеп угузгула, мен турмушка чыгам, тойду каникул мезгилинде өткөрсөк деп чечтик, калганын келип айтайын,-деди. Апам экөөбүз биринчи абдан кубандык, бири-бирибизди кучактап: - И-ий, күйөө бала кайдан деп да сурабаптырбыз го?-деп күлүп алдык. Кечке атамды күттүк. Ата эмеспи, ал да сүйүнөт деп керектүү сөздөрдү камдадык. Өзүбүзчө бир топ пландарды да түзүп жибердик.

– Апа, Жийдеш апапак келин көйнөгүн кийсе абдан сулуу болот болуш керек. Чачы узун да, чачын кантип фатанын алдына жайгаштырып түйөт болду экен? Же жөн эле эки өрүп таштатып, элден башкача кылбайлыбы?-деп кечке экөөбүз Жийдештин тоюн элестетип жаттык.

Кечинде атам келгенде биринчи бар тапкандарыбызды алдына коюп, курсагын тойгуздук. Бүгүн атам да негедир жайдары эле келди. Кызымталдыгынанбы же ишинде жакшы бир нерсе болгонбу, күндөгүдөн башкачараак, шайдоот, алдына койгон тамак-ашты жакшы табит менен ал турсун мактап ичти. Апам экөөбүз баары бир оңтойлуу убакытты күтүп дагы эле айта албай жаттык. Бир маалда атам көтөрүп келген баштыгынан бир бөтөлкө арак алып чыгып:

– Эки стакан алып кел!-деди мага. Мен атама бир, апама бир карап калдым.

– Алып келе бер,-деди апам ичпесе деле. Атам ичип жатканда арак тургай ашка табити тартпай калчу апамдын. Азыр болсо Жийдештин турмушка чыгып жатканын айтыш үчүн абалды кичине жеңилдетейин деди окшойт. Мен да муну түшүнө коюп үйдөгү эң кооз идиштерден эки хрусталь стаканды шыңгыратып алып келдим. Атам маашырлана бөтөлкөнү ачып жатты, өзү да бир жаңылык айтчудай жагалданып шашып алыптыр. Апам байкуш ыраңынын саргарганы демейдегиден көбөйүп калганына, абдан катуу диетада экенине карабай атама маңдай-тескей ыңгайлуу жайланышып, кадимки ресторанда олтургандай кашык-вилкаларды оңдоп тизип убараланды. Мына, стол үстү майрамдагыдай жайнады. Эки стаканга толтура арак, мага сок куюлду. Атам негедир тостту алыстан-алыстан, апам менен таанышкан, үйлөнгөн күндөрүнөн баштап узак айтты. Апам экөөбүз кунт коюп уктук, акырында:

– Эми турмуш ар түрдүү болуп калат турбайбы. Мына, балдар чоңоюшту, сенин эле кичине ооруп калганың болбосо...-деп сөзүнүн аягын жутуп коюп: - Кел эми, алып кой сен деле, дары болуп кеткиси бардыр,-деп кесе айтып, өзү шарт алып жиберди. Апам болсо мууну бошоп, ал дагы качандыр бир кездеги жаштыгына, кыз кезине кайтып, жүзүн билинбеген нур чайып, оюнда Жийдешинин алдыдагы тоюн көрүп, эч болбосо бир баласын көрүп көз жумсам мейли эле деп тымызын тилек кылып отургансыды. Бирок, үнүн чыгарып айткан сөздөрү бул болду:

– Ооба, убакыт бир көз ирмемдей эле өтүптүр, батирден-батирге көчүп жүрүп, анан өзүбүз үйлүү болуп, минтип балдар да чоңоюп калганын карасаң... Өзүң айткандай бактылуубуз экөөбүз, мына, Жийдеш да бойго жетип бизди кубандырганы олтурат...-деп ток этер жерин айта албай жатты кыйналып. Анда-санда мени карап айтайынбы дегенчелик кылат.

Апамдын кыйналып жатканын билип мен шарт эле сөзгө аралаштым:

– Ата, апам экөөбүз сизге жакшы кабар айтканы олтурабыз, угасызбы? Ата, Жийдеш турмушка чыгам деп бүгүн айтты, эми күйөө балалуу болосуз...-деп оозумду жыя электе эле:

– Эмне?! Эмне???-деп ордунан тура калды. Эмне, эрге тие турган болуп калыптырбы? Акыбалыңарга карабайсыңарбы?! Акмактар, кыз бакканча ит бак деп бекер айтышпайт тура! Карасаң, эрге тиет имиш, ит баксамчы, ит баксамчы!-деп кыйкырып колундагы стаканын жерге чаап сындырып, ага алымсынбай столдогу дасторконду оокат-ашы менен аңтарып жиберип туруп кетти. Апам болсо колундагы арак куюлган стаканды коёрго жер таппай алдастап, бирок, мен көрбөгөн кайратын жыйнап, алсыз акыбалын унутуп:

– Качан адам болосуң? Кана, олтур мындай! Койчу деп койсо, эсирип кеттиң! Баарыбыздын башыбызды жесең да тойбойт окшойсуң! Олтур мындай. Жийде турмушка чыгат, кыз бойго жеткенде турмушка узатуу - ата-энелик милдетибиз. Акмак деп сени айтат! Олтур дедим, олтур!-деп артынан барып сенделектете столго кайра олтургузду атамды. Столдогу тамактар, нан, идиштер ойду-келди чачылып, сынып, аралашып жатты. Менин той жөнүндөгү эмелеки ой-тилегим, үмүтүм, сүйүнүчүм кошо быт-чыты чыгып жатты. Апам эми чындап күчүнө кирип, оорусунан так сакайгандай, жүзү таштай сумсайып бир саамга унчукпай калды да, оор дем алып анан муздак, сүрдүү үнү менен өкүм сүйлөп, атамды заматта кыймылсыз абалга келтирип койду. Апамдын кайраттуу экенин мурун билсем да мындай көрүнүшүн, ал тургай атамдын эмелеки жини да кагыла калганын көрүп коркуп кеттим. Апам өзүн-өзү күч менен араң кармап турду.

– Сен адам кейпинен кетпе! Эгер азыр сен адам эмес, айбанмын десең, анда мен башка иш кылам! Мени жок кылганың азбы сага? Кыздарым үчүн сага чыдап жүрөм! Жийдешти турмушка узатышыбыз керек, анан мени тирүүлөй көмсөң да макулмун! Жексур, кетер жагыңа анан кете бер, менин көзүмдү күтпөй эле кой! Уктуңбу?!-деп ордунан күч менен обдулуп туруп чыгып кетти. Атам бир топ шалдайып олтуруп, анан кайра жиндене чамгарактап сөгүнүп, жерде жарымы төгүлүп жаткан арагын мойнунан апчый кармап короого чыгып кетти. Мен ызага буулуп жерге олтура калдым. Жүрөгүм туз куйгандай ачышып, бир жамандыкты сезип эки колум менен бетимди басып үнсүз шолоктодум. Андан кийин гана апамдын артынан анын бөлмөсүнө кирдим. Апам мени соорото эркелетип, үнсүз сумсайып олтурду. Андан кийин салабаттуу үн менен:

– Жийдеш эч нерсе укпасын!-деп эскертип, кайра үн катпай калды. Ошол калыбында караңгы киргенге чейин олтурду. Мен да баягы чачылган столду жыйнамак турсун нес болуп калдым, жыйнагым да келген жок. Мен кичине болгонум менен апамдын катуу ооруганын билчүмүн. Бирок, атам каякка кете турганын боолголосом да мойнума алгым келбей, айрыкча апамдан тактап суроого батынбай сарсанаа болчумун.

Бир маалда экөөбүз тең атамдын ач кыйкырыгынан “селт” этип чочуп тура калдык. Атам чала мас, мындай маалында абдан жаман болчу эле, эшикти ачып:

– Ээй, ушундан көрө өлүп эле калчы сен! Же колум, же жолум бош эмес.

Эшик ачсаң аял сасыйт, мен да эркекминби же жокпу? Мен уулум жок талаада калгым келбейт! Айт кызыңа, азыр аны эрге бергенге шарт жок! Мен аял алып алгамын, бүгүн сени менен сүйлөшүп, эртең кетейин дегем, карачы, мен деги эле бактысызмын!-деп аялдан да ачуу кыйкырып жер тепкиледи. Кудай бетин ары кылсын, эркек кишинин ушунчалык аялдан да беймаал болорун билбептирмин. Атамдын апамчалык сабыры да, кайраты да жок экенин эми билдим.

Апам үн чыгарбай ордунан туруп, жакын барып атамды жаакка бир чапты да, ашканага барып бир чака суу алып келип башынан ылдый куюп жиберди.

– Эсиңе кел, эсирбе! Кыздарым үчүн чыдап келдим, эми ырысың бүттү! Эсиңе кел! Менин азыр да сендик алым бар, башкасын билбейм. Сага Кудай ушундайлыгыңан эркек бала берген жок!-деди. Апам азыр акыркы күчүн Жийдештин тою үчүн муштумуна уучтап тургансыды. Мүмкүн акыркы күчүдүр, акыркы үмүтүдүр...

Демек, апам билчү экен да анын аялы бар экенин. Оо, Кудай, ошол күнү ал да өзүнүн башка аялга биротоло кетерин айтуу үчүн жанагыдай шайыр-шайдоот келген тура! Мына, биринчи жолу атама болгон жек көрүү сезими ошол саамда өрттөй жалындап пайда болгонун мен азыр эстеп турдум. Ал эми апамдын кудуретине, күчүнө, кайратына таң берип турдум азыр да.

 Ошентип, ал күнү атам суудан өзүнө келип калдыбы же кезектеги жаңжал номери өтпөй калдыбы, жинин менден чыгарып апчып түртүп жиберип короого чыгып кетти. Апам байкуш гүлгө ороп, таптаза кылып дайым жасап койгон сөрүгө барып үстөмөнүнөн кулады. Анан көпкө чейин сөгүнүп-сөгүнүп кобурап, эч бири-бирине байланышы жок бирдемелерди балдырап жатып уктап калды. Эрте менен турсам апам эч нерсе болбогондой гүлдөрүн сугарып жүрүптүр. Тескерисинче, күндөгүдөн сергек, көңүлү ачык. Мени көрүп эле:

– Кудалардын келишине короо гүлгө толуп аңкып турса дейм...-деди акырын.

Ал эми атам оозун ачкан боюнча аңтарылып уктап жатат. Сакалы өскөн, капкара, той түшүнө да кирбесе керек. Арбайган узун колу менен анча-мынча кашынып, эстеп коюп ойгоно баштады. Биздин кобурубуздан ойгонуп, максатсыз, мээримсиз көздөрүн ачып-жуумп башын көтөрдү. Дагы эле керсейип же кечээгисине күнөөлүү болумуш болуппу, айтор, жаман көзү менен бизди акшыя карап, ыргылжың туруп ашкана тарапка басты. Сыягы, муздак бир нерсе издеп жатса керек ичи өрттөнүп. Идиштерди калдыратып-шалдыратып акыры "шарак" эткизип кайсы бир идишти дагы сындыргандай болду. Демейде мен же апам жүгүрүп барып идиштин калганын да чагып таштай электе айран же муздак суу куюп бере койчу элек. Мында апам мага “тим кой” дегенсип ишарат кылып койду.

 Ошентип, атамдын аялына кете турганы жөнүндөгү тема ошону менен токтоп, баягы эле көнүмүш турмуш уланып жатты. Атам баягысы баягы, ичкенде ичип келет, ичпегенде деле баягы салыңкы кабагы. Апам болсо тойду пландаштырып аны менен деле иши жок. Мага бир топ тапшырмаларды күндө берет, жаздырат, Жийдеш менен эки-үч маал телефондо сүйлөшөт да, кайра эле тойдун камын көрөт. Убактынча оорусун да унутуп калды көрүнөт, мурункудай дарысына деле жабышпай, онтобой да калды. Күнүнө үч тизме жазат, биринчи тизме - Жийдешке деп даярдап койгон үйдө бар буюм-оокаттар, экинчиси - апамдын катташкандары, тууган-уругу жана жакындары алып беребиз деген буюмдары, иши кылса дайыны бар даярдыктар. Ал эми үчүнчүсу болсо - атайын атап сатып ала турган оокат-буюмдар. Ушул тизме апам экөөбүздү санаага салат. Күндө атама көрсөткөнү тизмени алдын-ала даярдап, акырын алдына коёбуз. Атам өкүрүп-бакырып, кээде тытып ыргытса да эптеп акча алабыз, баарын болбосо да бир кыйласын ошентип даярдап алдык. Бул түштүктүн элинде кыз берүү абдан кыйын, чоң нерсе көзгө көрүнбөй, кээде майда-барат оокат кыздын тагдырын чечип кеткен мезгилдер оголе көп болот. Ошондуктан, апам байкуш намыстанып, анан калса биринчи кызын берип жаткан үчүн бир топ эле түйшөлдү. Анын жанын үрөп, бар-жогуна карабай кыз себин оозго аларлык кылып даярдап жатканынын бирден-бир себеби, байкушум аай, көзүм өтүп кетсе кызым барган жеринде башы бийик болсун дегени экен азыр талдап ойлоп көрсөм. Бири кем дүйнө деген ушулбу, катыгүн!

Мен байкап калып жаттым, кирпиги араң эле ирмелип, бирок, кайратына чоң казан аш бышып, акыркы демин ичине алып эле даярданып жатты. Андан да кудалар менен абдан шайдоот кишидей, салабаттуу эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты. Барыш-келиш, сөйкө салмайлары, кыздын себи да бүттү. Албетте, атамды ыргылжың болгонуна карабай мойнунан байлаган койдой жетелеп, апам өзү бүт туура, аз чыгым менен пландаштырып, эже-сиңдилери жана курдаш жакын досторунун күчү менен баары бүтүп кетти. Апам да аларга убагында кызмат өткөрүп койгон экен, бардыгы жанын үрөштү, чачылганын чогултушуп, үзүлгөнүн улашып кол кабыш кылышты. Болгону атамдын эле баягы түркөй кыялы апам экөөбүздү жүдөттү. Эми той күнү ичпей-чычпай жакшы туруп берсе экен дейбиз.

 Тойго бир жума калганда Жийдеш келди. Абдан бактылуу, жайдары, анан өзгөчө сулуу болуп кетиптир... Апам экөөбүздү алмак-салмак кучактап эле жароокерленип эркелейт. Апамды мага, мени апама улам эле дайындап:

– Мен тез-тез эле келип турам, атама көңүл бурбай бири-бириңерди бапестегиле. Атам деле жакшы киши, эми анын мүнөзүн билип калдыңар да, капа болбогула. Баары бир аны уккула, макулбу?-деп эле чебелектейт. Ай байкушум аай, ошондо эле биз менен коштошуп жаткан тура эми эстесем.

Той болчу күн да келип калды. Короодо кым-куут, эрте менен Жийдеш дос кызынын машинасы менен чачын жасатып, макияжга барып, андан ары көйнөгүн кийип келмей болуп жөнөп кетти. Таеже-жеңелерибиз ЗАГС тосуу үчүн камылга көрүп казан тарапта жарымы, жарымы залга дасторкон жасап жатышат. Мен болсо тойго даярданган эже-жеңелерибизге элек кайда, челек кайда, ким чай куят, ким идиш жууйт, балдарды кабат үйгө алып кетиш керек, анан дасторкон даяр болгондон кийин полду жууп чык деген тапшырмалар менен эле аралашып жүргөм. Антип-минтип эле күйөө балдар келе турган убакыт да болуп калыптыр. Аңгыча кайдан-жайдан эле короодо эки аял пайда болду да, ызы-чуу, кыйкырык болуп кетти. Мен эч нерсе түшүнбой эле короого колумдагы дагара менен чыга калсам, бири жашыраак, бири тиш кагып калган эки аял ач кыйкырык салып жатышыптыр:

– Чык дегенде чык, акмак, алдамчы! Сен жыргап той кылып отурасың, а менин сиңдим болсо минтип талгак болуп ооруп, кусуп, дарыга акчасы жок олтурат!-деп өң-алеттен кетип жатышыптыр. Апам көрүнбөйт, атам времянканын терезесинен баш багып карап эле кайра бекинип калды. Көрсө, апам тигил аялдарды көрүп эле атамды бекиткен тура. Бир маалда бир таежем заңкылдап чыгып эле:

– Кандай бейбаш немелерсиңер? Ким силерге короого кирүүгө уруксат берди? Бери чык, мени менен сүйлөш, чык бери!-деп аларды короодон сүрүп чыгарууга аракет жасап жатты. Той болорун билип, тойдун үстүнөн атайын жаңжал салуу үчүн келген немелер чыга коёбу оңой менен.

– Чакыр тигил эркек болбой эмирең калгыр немени!-деп алкылдашып жатышты.

Ал аңгыча Жийдеш да апапак куудай жасанып, курдаш кызы менен короого кирип келбедиби! Аппак жүзү андан бетер кубара түштү, эмне дээрин да билбей эле элеңдеп таежемди карады. Дос кызы болсо Жийдешти колтуктан алып үйгө алып кирүүгө аракет жасай баштады. Жийдеш болсо короодон көзү менен атамды издеди, демек, иштин чоо-жайын түшүндү болуш керек го. Бирок, үн ката албай эле араң басып үйгө кирип кетти.

 А атам болсо баягысындай эле кызуу экен. Качан сеп этип үлгүргөнүн билбейбиз. Бир маалда апама ээ-жаа бербей времянкадан атып чыкты.

-Эй, шуркуялар, кимди ким алдаптыр? Чыккыла короодон, мен силерге эмне деп айттым эле?!-деп бирин сала экинчисин тепкилеп кирсе болобу. Каап десең, кичине чыдап турса таежем аларды сүрүп чыгарып кетмек. Биз бардыгыбыз жабылып атамды кармадык, алар болсо короодон чөө-бөрүдөй ызылдашып чыгып кетишти. Апамдын жети өмүрү жерге кирип, ансыз да алсыз неме үнүн да катуу чыгара албай, үнсүз олтуруп ыйлап жатты. Эже-сиңдилери үстүнө үйрүлө калып жубатып жатышты. Канткен менен болоор иш болду, атамдын ушунусу эле калды эле бизге көрсөтпөгөн! Же ушунчалык болуп калган экен, тигилерин тынчытып кетирбеди. Ким билсин, алар эмне ой менен кетишкенин... Аттиң, жаман иш болду! Болгондо да ак той күнү. Биринчи той күнү! Апамдын абысындары, анан анча-мынча короодо кызмат кылып жүргөн кошуналар да өз-ара апамды, Жийдешти аяшып, күбүр-шыбыр боло түшүштү да, кайра билдирбей кызмат кылгандарын улантып кетишти. Короодо эмне болуп жатканын көргөн Жийдеш ыйлап, жасатып келген макияжын бүт кетирип алды дешти бөлө кыздар, кирип сооротушкандары. Мен болсо төркү бөлмөгө кирип алып аябай ыйладым, көз жашымды апам же Жийдеш көрбөсө экен деп калп эле кайраттанып алып чыгып иш кылып калдым.

– Би-би-ии-ип!-деп күйөө балдардын машиналары да келип калды аңгыча.

Азыр эле башка ызы-чуудан бозоро түшкөн корообуз заматта музыкага толуп, күйөө жандоочулардын ырына, топурап короонун сыртында той көргөнү келген бала-чаканын ызы-чуусуна толо кетти. Кыздын жеңелери чыгып балдарга аралашып тамашалашып, а бөлө кыздар уялыңкы четте турушкан. Анын ортосунда эле баягы эки аял кайрадан короодо пайда болду. Баягыдан да башкача айкырык салышып, кайдан экени белгисиз, бети-баштары канап, кийимдери тытылган боюнча короонун ортосунда долуланып жатышты. Ооба, аларды атам тепкиледи, бирок, анчалык тытылышкан жок эле го? Долуланып жатышты... Жана короодон чыгып кетишкенде ушундай кара ой менен кетишсе керек. Албууттанган ач кыйкырыктарын салып короодогуларды, күйөө балдарды көздөрүнө илбей чакчелекей түшүрүп жатышты. Менин жаным кайдан калсын, Жийдеш мунун баарын көрбөсө экен деп атама барып тез, эмне кылса да тетигилерди короодон чыгаруусун талап кылдым. Кайдан, мас адам качан эле укчу эле, айрыкча атамдын кырс мүнөзү менен! Ал кайра чылпагын алам деп көзүн оюп, тигил экөөнү эле эмес, короодогуларды, жада калса күйөө балдарды кошо сөгүп ашмалтайын чыгарды. Күйөө балдар эмне кыларын билбей, жарымы күйөө балага кошулуп машинага кирип кетишти, калганы сүрүлүп короонун эшик жак бурчунда чогулуп туруп калышты. Апамдын дайыны жок, менимче, таежелерибиз жубатып жатышкан болуу керек. Жанына даап бара албадым. А Жийдеш болсо короодо болуп жаткан көрүнүштү бир саамга үнсүз тиктеп туруп, таежелерибиздин, досторунун тосконуна ээ-жаа бербей короого жүгүрүп чыгып кетти. Ак той көйнөгү жер чиет! Бутуна үй тапичкесин эле иле коюптур. Көптөн күткөн ак тою минтип кызыл-кыргын жаңжалга айланып, турмушка шилтеген биринчи кадамы сынып жатса туфли эсине келмек беле?! Жийде короого чыкканда жанына эч ким бара алган жок, анткени, анын жүзү абдан сүрдүү эле. Анын кийинки иш аракети эмне болуп кетээрин эч кимиси боолголой албай нес болуп турушту. Чачы узун болгондуктан, жарымын төбөсүнө түйүп, жарымын башкача бир кооз кылып өрүп таштап койгон экен. Мен Жийдешти ошол боюнча гана эске сактап калдым. Башкача эч элестете албай келем. Түшүмө да ошондой кирет дайым. Фатасы кайсы, көйнөгү кайсы билинбей, экөө бирдей апапакай болуп кара чачтарын ого бетер бөлүп булайтып көрсөтүп турду. Ошондо Жийде кандай сулуу эле! Бири кем дүйнө!!!

– Ата, мени аябасаңыз апамды аябайсызбы?-деп кесе айтып туруп машинадан али түшө элек күйөө балага барып: - Нурдин, мен ушундай адамдын кызымын, сени бактылуу кыла албайм. Кет, кеткиле! Мен турмушка чыкпайм!- деп фатасын башынан жай чечип алып балага карматып койду да, үйдү карай тез-тез басып кирип кетти. Күйөө бала фатаны кармап, эч нерсе айтканга үлгүрбөдү, ордунда таштай катып калды. Баягы эки аялдан башкабыз бир саамга орду-ордубузда жылбай туруп калдык. Бардыгы тып басылып, короодо өлүктөй оор тынчтык өкүм сүрүп турду. Анан атам жанагы эки аял менен кубалашкан бойдон көздөн кайым болуп көрүнбөй калды. Күйөө жандоочулар эмне кыларын билбей күйөө баланы тегеректеп калышты. Аларды бөлөбүз Жанар короодон алып чыгып кетти, эмне деп сүйлөштү, эмне жок, мага азыркыга чейин караңгы.

Жийдеш апамдын бөлмөсүнө кирип эшикти ичинен илип алды. Апам байкуштун болсо санаасы онго эмес, миңге бөлүнүп:

– Жийдеш, Жийдеш, балам, жаным, сен эч нерсеге көңүл бурба, мени ук. Сен менин кызымсың, мени чыгып бир сол көзүң менен эле карачы, баарын түшүнөсүң! Чыкчы, жарыгым, сени менен бир ооз сүйлөшкүм келип турат, же мага да таарындыңбы? Аччы, аччы?!-деп жалооруп өзүн дагы баягыдай күч менен кармап олтурду. Тамак да ичпеди, сиңдилеринин улам келип тамак бергенине да көңүл бурбады. Кадимки эле соо кезиндей боюн түздөп, колунан келсе басып өткөн өмүрүн кайра башынан баштагысы келчүдөй кайратта бозоргон өңүн кирген-чыккандан жашырып отурду. Аттиң, колумда бул жалгандын ачкычы болсо баягы апам, Жийдеш үчөөбүз бактылуу болгон той алдындагы бир көз ирмемге артка бурап койбойт белем?! Колумдан келгени ошол болду, эшикке барып:

-Жийдеш, апам экөөбүздү жакшы көрөсүң го, ач эми?!-деп жалынып коём .

Жийдеш корообузда баягы тойго даяр болгон шаан-шөкөттүн көлөкөсү гана калганда, апам отургучка кайкалай жөлөнүп унчукпай калган мезгилде эшиктин илгичин ачты. Мен апамдын жанында тургам, Жийдеш таштай суз, жансыз эле. Апам да кечке зарыга күткөн кубанычын билгизгенге дарманы келген жок. Жийдеш үн-сөзсүз келип апамдын алдына тизелеп олтуруп, колун жыттап, өзүнчө кобурап жалынып жатты:

– Апа, кечир мени, атам үчүн да мени кечир! Апа, биз экөөбүз күнөөлүү эмеспиз, Жараткан бар болсо бардыгын өз-өз ордуна коер, апа. Кечир мени, минтип ак тилегиңди таш каптырдым. Эгер сенин ооруң азыр мага өткөн болсо бактылуу болоор элем, кечир мени! Бүгүн күйөө балалуу кылып сени бактылуу кыла албаганым үчүн кечир мени!

Апам болсо үн катканга чамасы жок.

– Жаным садага сага, балам! Мен силерге садага болсом экен, балдарым! Сен сөзсүз бактылуу болосуң, балам!-деди да, Жийдешти үн-сөзсүз кучактап көпкө олтурду. Короодогу кошуна-колоңдор, аяш апалардын кеткени кетти, кетпегени, апамдын эже-сиңдилери, жакын достору улам бизге жакын келгенге батынбай жүрүштү. Андай мезгилде эки сөз көп, бир сөз аз да! Ким эмне демек эле? А мен болсо кабак-каштын ортосунда турган жамандыкты сезсем да балалык кылып билбей, айла таппай эле экөөнү тең кучактап, сылап жубатып жүрдүм. Көзүмдөн он талаа жаш эч кургаган жок. Көзүм соолусачы, андан көрө Жийдешти кайтарып жанынан чыкпасам, чырылдап сактап калат белем?!

Андан кийин Жийдеш апамды жубатып, жанына олтуруп тамак жедирип, дарысын ичирип, кайра:

– Эми менин тынчымды албагыла, андан көрө апамды карагыла. Айдина, сен акылдуу бол, апамдын жанында бол, мага кичине убакыт керек, өзүмө келейин, анан чыгам...-деп кайра кирип кетти. Баарыбыздын көңүлүбүз кичине болсо да тынчтана түштү. Жийдештин үнүнөн эч кандай жамандыктын жышааны сезилбейт эле. Ал тескерисинче, токтоо, ишенимдүү, жароокер эле. Ошон үчүн мен эле эмес, баарыбыз убактылуу алаксып калбадыкпы.

Бирок... чыныгы жүрөктүн үрөйүн учурган окуя андан кийин болбодубу! Жийде өз өмүрүн кыйды! Таежем кирсе Жийдеш узун чачтарын сулайтып экиге бөлүп өрүп, жасанып, апам тигип берген сары чыт көйнөгүн кийип алып асылып туруптур. Столдун үстүндө жигити Нурдинге гана жазып калтырган алакандай каты жатыптыр: “Кечир мени, сенин да атамдай күйөө болушуңду каалабадым.” Бир эле апам экөөбүз эмес, кулагы угуп көзү көргөн, Жийдешти тааныган, тааныбагандын баары ыйлады. Биз минтип алаамат болуп жатканда Жийдештин жигити да өзү жалгыз келип, колуна өзү үчүн жазылган куш тилиндей катты алып аз жерден акылынан ажырап кала жаздады. Бирок, эми кылычын ташка чапса да Жийдешти таппайт эле. Алакандай ак кагазды Жийдештин ордуна кучактап өкүрүп турду үн баспай. А “көшөгөдө” жаткан табыт келин-Жийдеш үн катпады, бул үйлөнбөй туруп жесир калган жаш жигиттин киши чыдагыс ыйы Кудайга жетпеди, анткени, ал күнү Кудай атама окшогон чыккынчы эркек таналардын күнөөсүн кечире албады окшойт. Зар какшасак да Жийдешти кайтарып ала албадык. Бири кем дүйнө!

Жийдешке ак той көйнөгүн кийгизип жерге беришти! Апам экөөбүздүн болсо “а” дээрге алыбыз да калган жок. Атамдын ал күнү келген-келбегени эсимде калбады. Келсе да мен аны менен күйүтүмдү бөлүшмөк эмесмин! Көрбөгөнүм да жакшы болуптур...

Андан кийин апам көп узабай күйүттөн каза болду. Атам ошол бойдон үйгө кайтып келбеди, арак ичип, аялдан аялдын колуна өтүп, эркек балалуу болмок тургай, эрбеңдеген эрмендин жытын сезбей кор туткан турмушуна, бактысына зар болуп талаада калды дешти. Ишинен ажырап, жүз грамм аракка көрүнгөндөн он сом сурап күнүмдүк курсагынын, арактын кулу болуп калыптыр.

А мен болсо таежемдикинде жашап калдым.

Ошондон бери бир адамдын жарым жашынчалык мезгил өттү. Бирок, мен ошол окуяны жада калса түшүмдө да кайталап көрөм. Жаралуу жүрөгүмдүн бөскө жерин эч нерсе толуктай албай келет... Минтип, жашым кыркка карап калгыча күйөөгө тиймек турсун, ойлогондон заарканып, эркектин баары атамдай арсыз, аракеч жана жүрөгү жок чыккынчы болоруна терең ишенип келем. Эмдигиче ак той көйнөк эмес, Жийде менен апама аза күтүп кызыл көйнөк кийгенге да кушум жок. Айланамдагыларга көбүнчө суз гана мамиле жасап, канчалык аракет кылсам да ачылып жайнай албайм. Ар качан мындай тагдырларга күбө болуп же кулагым чалып калса, кайра эле минтип ансыз да жарты жүрөгүм бычаксыз тилинет. Ошондой болсо да окуумду артыкчылык диплому менен бүтүп, мектепте көп жылдан бери иштеп келем. Тегерегимдеги канчалаган тааныштарым, кесиптештерим, деги эле мени жакындан билгендер канча жолу бирөөлөр менен тааныштырып да көрүштү. Жок, мен күйөөгө чыгууга аракет да кылбайм! Мен бейбак бактысызмын, билем, эркектин баары эле атама окшош эместир, бирок, Жийдеш үчүн да мен эркектин жанына басууга акым жок! Баскым да жок эми! Баспайм дагы!

Мына ушул, мен жооп таппаган ушул гана ой-бүтүмгө бир жооп Кудайдан болду. Ошончо оор бою менен төртүнчү кабаттан түшүп Жамила эже тирүү калды. Эже эсине келери менен күйөөсү жанында болуп, баягы эле айла-амалына салып, байкушту алдап “өзүм секирип жибердим” дегизип иш козготтурбай жааптыр. Эженин алдырганы - ден соолугу, утканы - күйөөсү үйүндө калганы болду. Ооруканадан чыккандан кийин Жамила эженин алдынан өтүп, касам ичип, өмүр бою жанынан карыш чыкпай, ала жипти аттабай жашамак, бакмак болуп кечирим сураптыр. Чоңоюп калган кыздары катуу турушуптур, бирок, Жамила эже байкуш балдарынын келечегин ойлоп кечириптир дешти. Бир колу, мойну жана бир жак жамбашы сыныптыр. Терезеден түз түшпөй телевизордун антеннасынын зымына, андан кийин даракка илешип барып кулаптыр да. Ошончо жаракаттан кийин көпкө үйүнөн чыкпады. А Бегиш болсо эжени эртели кеч жетелеп бастырып калды кийин...

(Аягы)

 

Барчынай ОМОРОВА