Санжар МЫКЫЕВ: “ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМ ЭМИ МЫНДАН ДАГЫ ӨРКҮНДӨЙТ”

Кыргыз шоу дүйнөсүнө аты белгилүү болуп калган бул мырза жакында бойдокчулук менен кош айтышып үй-бүлөлүк жашоонун жоопкерчилигин моюнга алды. Бактылуу мүнөттөргө байып турган жаш жубайлар учурда Ош шаарында тойду аяктай албай жүргөн маал. Бирине-бири куп жарашкан жаш түгөйлөр ак барактан башталган жаңы жашоолору тууралуу кеп салып беришти.

– Куш бооңуздар бек болсун, жаңы жашоого көнүп калдыңыздарбы?

Санжар: - Рахмат, көнүп калдым. Наристе экөөбүз кыз-жигит болуп 5 жылга чукул убакыт сүйлөшүп жүрдүк. Бири-бирибизге башынан эле абдан көнүп калганбыз. Ошондуктан, жаңы жашоого бат эле көнүп кеттим.

Наристе: - Токтогул жергесине салыштырмалуу бул жактын салттары башкачараак экен. Алгачкы күндөрдө кичине таң калуулар болуп жаткан. Азыр баарына тең эле көнүп калдым. Биз азыр Ош шаарынын өзүндөбүз. А Санжардын түбү Ош эмес, Алай жери болгондуктан, бул жактан таң атпай туруу, короо шыпыруу деген нерселер болгон жок.

– Наристе канчанчы келин болуп барды?

С: - Мен үй-бүлөдө беш баланын улуусумун. Наристе биринчи келин. Бул биздин үй-бүлөдөгү эң алгачкы чоң жакшылык. Ошондуктан, жакындарым абдан кубанычта болуп жатышат. “Кызым жок эле, эми кыздуу болдум, сен менин келиним эмес кызым болосуң” деп апам Наристени абдан жакшы тилектери менен кабыл алды.

Н: - Ооба, кандай болгон күндө деле жаңы үй-бүлөгө баруу, ага көнүү деген нерселер турмушка чыгаарда ойлондурат экен. Бирок, менин бул ойлорумду келген жерим бат эле жокко чыгарып койду. Апамдын мени мындай кабыл алуусу мага абдан кубанычтуу болду. Азыр дагы Санжар “апам кубанып бүтпөй жатат. Алардын кубанычын арттырып дагы бир азга бул жакта болуп туралы” деп жатат.

– Санжар, апаңыз менен келинчегиңизден окшоштуктарды байкап жатасызбы?

С: - Ооба, мен буга чейин апам менен Наристенин жылдыз белгилери эле окшош деп билчүмүн. Экөө бир үйдө болгондон бери мүнөздөрүнөн бири-бирине окшош жактары көп байкалып жатат. Экөө тең шайыр, ак көңүл, бир нерсени эптештирип турган айымдар. А негизи апама окшоштуруп деле тандаган эмесмин. Бул баары бир эркек балдар өзүлөрү байкашпагына менен ички туюмдарында апасына окшошторго жакын болуп алышат окшойт.

– Жаңы келиндин башкы милдеттери эмнелер болууда?

Н: - Азыр дагы деле үйүбүздөн конок үзүлө элек. Бирин узатып, кайра бирин тосуп алып конок тосуу менен эле алек болуп жатабыз. Чынын айтсам, мага жаңы келинсиң деп деле эч ким жүк арткан жок. Баарын кадимкидей эле кабыл алып, үйдө болгон иштин баарын тең эле кылып жатам.

– Келинчегиңизди ак жоолукчан көргөндө кандай абалда болдуңуз?

С: - Негизи биз үйлөнүүдө кыргыздын жана мусулманчылыктын бардык талаптарын аткардык. Алгач ата-энелерибизден уруксат алдык. Андан кийин алардын ыраазычылыгы менен Наристенин ата-энесинин алдына түшүп, сөйкө салдык. Менин кайын журтум Бишкекте турушкандыктан, ата-энемдер Оштон шаарга барышкан. Апам Наристеге ак жоолугун ошондо эле салып койгон. Ага ак жоолук абдан жакшы жарашат экен. Ак жоолукчан Наристени көргөндөн кийин ага ого бетер ашык болуп калдым. Азыр дагы үйдө ак жоолук менен жүрөт. Абдан жакшы экен, аны карап эле бактылуу болуп жатам.

– Балдыздарыңыз кулагыңызды чоюштубу?

С: - Шарт боюнча жезденин кулагы биз Наристени алып кетүүгө барганда чоюлушу керек болчу экен. Бирок, тойдун шааниси абдан толкундануу менен болгонго балдыздарым пландап жатышып эле бул нерсени унутуп калышыптыр. Менин деле эсимде жок. Ошентип кулагым аман калды.

– Сиздерди табыштырган күндү унутпасаңыздар керек?

Н: - Экөөбүз бир кечеде бирге болуп калдык. Санжар мага кайра-кайра тийишип абдан жиниме тийген. Ал кечеден кийин дагы артымдан калбай тийишип жүрүп акыры көңүлүмдү өзүнө буруп алган.

С: - Ооба, ошол кечеде байкасам башка кыздардан айырмаланып абдан токтоо болуп жүрдү. Ар ким менен жалжаңдап сүйлөшкөнүн такыр байкаган жокмун. Мага эң биринчи ушул жагынан жагып калды. Ал кезде КВНдин активдүү оюнчусу болуп, шоктугум артып турган маал эле. Мен сүйлөп тамашага салсам мени менен дагы сүйлөшкүсү келбей кагып-силкип атты. Ошентип ал күнү мага такыр көңүл бурбай койгон. Кийин анысы мага ансайын жагып артынан калбай белек берип, жакшы сөздөрдү айтып жатып макул кылып алгам.

– Наристе, Санжарды жолдошуңуз катары сезип жатасызбы же дагы деле жигитиңиздей мамиле кылып жатабы?

С: - Жолдошум деп эле кабыл алып жатам. Анткени, кыз-жигит кезибизде экөөбүз күнүнө бир маал гана жолугуп сүйлөшүп алып эки жакка кетип калчубуз. Азыр болсо дайыма жанымда. Эми мыйзамдуу түрдө биротоло меники да (күлүп).

– Санжар, сиздин чыгармачылыгыңыз эми кандай нукта уланат?

С: - Чыгармачылыгым өз жолу менен эле кете берет. Албетте, алдыда жаңы пландар, жакшы максаттар бар. Бирок, мен эмнени ойлосом дагы ишке ашкандан кийин гана айтам. Ошондуктан алар тууралуу азыр кеп кылбай турайын. Бирок, буюрса чыгармачылыгым мындан дагы өркүндөйт деп ойлойм. Анткени, эми менин эң мыкты колдоочум - келинчегим жанымда болот. Биз кыз-жигит кезде эле Наристе менин чыгармачылыгымды колдоп сынчым дагы, стилистим дагы болуп келген.

– Наристе, сиз алдыда эмне иштер менен алек болосуз?

Н: - Менин жеке сулуулук салонум бар. Ошол жердеги ишимди улантам. А өзүм кесибим боюнча бажы кызматкеримин. Бирок, өзүмдүн жөндөм-шыгыма ылайык ушул жагында иштеп кеткем. Эми өзүмө жаккан кесип менен эле иш алып кетем.

 

 

Гүлайым Калыбекова