Зарема МИДИНОВА: “МИДИН АПАМДЫ ЭЧ ЖАККА ЭЭРЧИТЧҮ ЭМЕС ЭКЕН”

Кыргыз адабиятына бай казына калтыруу менен бирге элдин эсинде тирүү адамдай жашап келген Райхан, Байдылда, Мидин деген ысымдар бизге жакындан тааныш. Ушул залкарлардын ичинен биз бүгүн куйкум сөзү, курч сатиралары, кубулжуган сүйүү лирикалары менен эл арасында жашап келе жаткан Мидин Алыбаев тууралуу кеп кылабыз. Кылымда бир жаралчу улуу талант жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарды акындын кызы Зарема айым айтып берет.

– Сиз акындын канчанчы перзентисиз?

– Чын сөздү айтсам, мен Мидиндин үчүнчү кызымын. А атам менен апамдын тун кызымын. Анткени, атам менин апамды алганга чейин эки жолу никеге турган адам экен. Биринчи аялынан Тополоң деген кыз көрүптүр. Азыр ал кызынын көзү өтүп кетти. Андан кийин кыргыздын эң биринчи гинеколог кызын аялдыкка алып, андан Анара аттуу кыздуу болгон экен. Аны менен бир тууган катары катышып турабыз. Эми мен тууралуу айтсам, мен төрөлгөндө апам абдан жаш болчу экен. Анан анын жаштыгынан кабатырланган таенем менен таятам атам менен апамды борбордон Чаек айылына чакыртып алышыптыр. Апам тыңып калган кезде атам иштеши керек болуп борборго кетели дегенде таенем “кыз силердин эле кыз бойдон калат. Мен багып, чоңойтуп берейин” деп мени алып калган экен. Ошону менен мен таенем менен таятамдын колунда калып аларды ата, апа деп, өзүмдүн апамды Жипариса эже, атамды Мидин жезде деп калыптырмын.

– А атаңыз менен апаңыз кантип баш кошуп калганынан кабарыңыз барбы?

– Атам менен апам экөө тең Жумгалдын Чаек айылынан. Апам абдан татынакай, сөөгү кичинекей, назик аял. Жаш кезинде абдан сулуу дагы болчу экен. Анан аны кайран Мидин ала качып алыптыр. Кызын ала качып кеткенин уккан таятам “кызымды ага бербейм” деп мылтыгын алып чуркап, абдан чуу салыптыр. Бирок, айылдын эли арачага түшүп жатып тынчытып коюшуп, экөө жашап калышкан экен. Бирге түтүн булатышкан аз убакытта төрт кыз, бир уулдуу болушту.

– Азыр башка бир туугандарыңыз кайсы жактарда турушат? Таланттуу адамдын балдары дагы таланттуу болушса керек?

– Кудайга шүгүр, азыр баарыбыз пенсия жашындабыз. Ар кимибиз өз үй-бүлөбүз менен, небере жыттап калган кезибиз. Ал эми атамдын талантын жолдогондор болгон жок. А чындыгында атамдын деңгээлине жетиш деген кайда? Негизи медицинада талант ата жактан болсо, ал балдарына эмес убакыттын өтүшү менен неберелерине же алардын балдарына өтөт экен. Ошол себептен кийин Мидиндин урпактарынан өзүндөй таланттуу бирөө чыгат деп ойлойм. Ал эми балдарынын арасынан атама келбети, мүнөзү жактан жана сүрөт тартуу жагынан дагы окшош бала менмин. Атам убагында карикатураны абдан мыкты тартчу экен. Апам жана атамды көргөндөрдүн баары мени атама окшоштурушат.

– А Мидин Алыбаев сиздин атаңыз экенин качан билип, “жезде” статусун атага качан алмаштырдыңыз?

– Тилекке каршы, мен үчүн ал жезде боюнча эле калды. Өзүнө “ата” деп айта албай калдым. Менин 4-5 жаштарга келип калган кезим эле. Ушул маалда мени баккан атамдардын (таятамдын) үйүнөн анча алыс эмес жерде атамдын бир тууган агалары жашачу эле. Алар мени көргөндө “мурду атасынын өзү ай, кантсе да биздин кан да” деген сыяктуу сөздөрдү айтып калышчу. Бала да болсом ушул сөздөрдөн улам Мидин менин атам экенин туйчумун. Ал үйгө келип калган кезде атам катары карап, качан мени “кызым” дейт деп күтчүмүн. Экөөбүздүн ортобузда ата-баладай ынак мамиле бир гана жолу болду. Мени кубандырган бул жакшы окуя ушул күнгө чейин жүрөгүмдү сүйүндүрүп келет. Бир күнү ал биз жакка келип “бери келчи, кызым. Эч ким жокто бир жыттап алайын” деп мени чакырды. Ал “эч ким жокто” деп айтса мен дагы бизди бирөө көрүп калса болбойт го деп эки жагымды карап абдан чочулап турдум. Ал мени чакыра берди. Балалык сезим менен мен чын эле аны кучактап, мен дагы аны өпкүм келди. Бир маалда ал чөнтөгүнөн шоколад алып чыкты. Азыр дагы көз алдымда, тыйын чычкандын сүрөтү бар кичинекей төрт бурчтуу таттуу эле. Баланы таттуу бат эле алдайт да. Ошондо чуркап жетип баргам. Атам мени бекем кучактап алып аябай өпкөн. Мен аны "ата" деп айтпасам дагы ушул окуяда аны атам катары сезгем. Бул менин жашоомдогу эң бактылуу анан эң сезимтал күн болгон.

– Атаңыз үй-бүлөгө кандай караган адам болчу экен?

– Апам айтат, гонорар алаары менен мага абдан жакшы, жаңы чыгып жаткан кийим алып берчү. Анан болду. Калган акчаны толук бойдон алып кетип досторун майрамдатып, достору менен эс алып, айтор, баарын достору үчүн жумшачу экен. “Антпе, ашыкча кетирбе” десе, “ой, сага алып бербедимби, турат го” дечү дейт. Апамдын айтуусуна караганда үй-бүлөгө анчейин жакшы карачу эмес экен. Апам “анын ичинде эки адам жашачу” дейт. Биринчиси - тентек, ээнбаш, сылаңкороз, чечен болсо, экинчиси - таланттуу, интеллигент, март Мидин болчу экен. Ар дайым жакшынакай кийинип жүрүүнү каалачу дейт. Бирок, ошол жакшынакай кийиминин баарын досторуна, сурагандарга таратып берип салып үйгө өзү байкуштун кийимин кийип келип калчу. Колу ачык адам эле, анын щвецариялык баалуу сааты бар болчу. Бир күнү аны бир жакыны “берип тур, тагынып барып кайра алып келип берем” десе, “жок, менден сага белек. Эми сеники” деп ага тартуу кылып салыптыр. Ушундай дүнүйөгө карабаган жан экен. Апам өмүрүндө бир жолу жерге төшөгөнгө бир жаңы оокат алса “сен жазуучулардын көпкөн аялдарына окшошом дебе. Балдарың токпу, болду” деп урушкан экен.

– Атаңыздын “жинди суу” менен болгон достугу үй-бүлөсүнө терс таасир эткени болчу бекен?

– Ар дайым досторунун жанында болуп алар менен бирге эс алууну жакшы көрчү дейт. Бирок, ал ичкиликти мас болуп, өзүн жоготуп койгончо иччү эмес экен. Ал тууралуу мага Эрнис Турсунов “маданияттуу, ашыкча нерсеси жок ичкен” деп көп айтат. Болгону ал ичип алган соң ырларды абдан жакшы айтып калчу экен. Көргөнүн көргөндөй кылып турган ордунан айткандары элди аралап кетчү экен. Ичкиликтин айынан анчалык жаман адам болсо апамдан угат элем.

– Атаңыздын күлкү жараткан ар кыл жоруктары эл арасында айтылып келет, сиз дагы андай аргасыздан жылмайткан окуяларынан билсеңиз керек?

– Ооба да, Мидиндин ээнбаштыгы менен тентектиги укмуштай эле болгон экен. Апам ушул окуяны бушайман болуп эле айта берчү. Бир күнү атам жаш келинди ээрчитип үйгө келди дейт. “Жыпан, бул келин ыр жазганды үйрөт дейт. Биз азыр кабинетке кирип алып ыр жазганды үйрөнөбүз. Сен балдарыңды карап, тамагыңды жасай бер” деп иш бөлмөсүнө кирип кетти дейт. Мен байкуш конок болуп келген болсо деп ага арнап манты түйдүм. Анан алар “ыр жазганды үйрөнүп” бүтүшүп тамагымды жеп, шашпай олтурушту дейт. Мидин аны узатып келди. Кийин билсем ал эч кандай ыр жазгысы келген келин эмес эле анын көңүлдөшү болчу экен. Ал кезде апамдын 23 жаштагы жаштык кези экен. А кайран Мидике жаш немени ушинтип эле алдап койчу экен да. Бул окуяны эстеген сайын бир туруп апама боорум ооруса, бир туруп аргасыз күлүп алам. Негизи эле атамдын мындай жоруктары арбын эмеспи. Анан дагы апам канчалык сулуу, билимдүү, жаш аял болсо дагы аны эч жакка ээрчитчү эмес экен. Өзүнө деле “сени ээрчитип алып мен кантип ыр жазмак элем. Сени карап олтургандан ыр чыкпайт” дечү" дейт. Ошентип анан Мидин Алыбаевдин керемет лирикалары жаралыптыр.

– Атаңыздан ажыраган соң апаңыз турмуш жаңырткан жокпу?

– Кайдан, атам 42 жашында каза болду. Ал кезде апам болгону 29 жашта болчу экен. Мен 10го чыгып калган кыз элем. Апам байкуш ошону менен беш баланын бүт түйшүгүн жалгыз өз мойнуна алып, бүт өмүрүн балдарына арнап койду. Мидиндин балдары дагы Мидиндей тентектиктерди кылбай койбойт да. Апам ошонун баарын жөнгө салып, тарбиялап, бешөөбүздү тең жогорку билимдүү кылып, турмуштагы ордубузду таап берди. Апам азыр 86 жашта. Өткөн жылдарда катуу инсульт алган эле. Ошондон бери оору. Азыр жалгыз уулу Медердин колунда.

– Атаңыздын акыркы күнү тууралуу билгениңиз барбы?

– Апамдын айтуусунда, атам каза болчу күнү алар конок чакырууга камынып жатышкан экен. Атам апама “коноктор келгенче сейилдеп турайын” деп эшикке чыгыптыр. Айта кетчү нерсе, атам бул маалда таптакыр ичпей калган экен. Ага чейин ооруп калып дарыланыптыр дагы андан бери ичпей жүргөнүнө бир ай убакыт болуптур. Ошентип сейилдөөгө кеткен атамдын сөөгү келген экен. Коноктон кеч кайтып келе жаткан орус жубайлар атамды оор абалда жолуктурушуп тез жардам чакырышып, ооруканага алып барышыптыр. Ооруканага барган кезде атамдын жаны бар болчу экен. Анан ошол жерден жан бериптир. Башына оор нерсе менен чабылган экен. Көпчүлүктүн ичинде бул нерсени Аалы Токомбаев уюштурган деген маалымат жүрөт. Бирок, мен апамдын жана атамды жакындан билгендердин пикиринен улам бул нерсеге кошулбайм. Анткени, Аалы Токомбаев атамдын өкүл атасы болчу экен. Анан да атамды абдан жакшы көрүп, талантын сыйлачу дешет. Ага “ай, тентек, ичкенди койсоң боло. Сен деген талантсың” дечү экен.

– Мидин Алыбаевдин Ала-Арча көрүстөнүндөгү мүрзөсү каралбай калыптыр го?..

– Жок, эч кандай каралбай калган эмес. Балдарынын андан толук кабары бар. Таң калганым, анын четиндеги чынжырчаларын жулуп, сүрөтүн дагы чагып салышыптыр. Эми аны уулу Медер калыбына келтирүү үчүн чуркап жүрөт. Ар дайым атамдын мүрзөсүнө барып, куран түшүрүп турабыз. Убак-убагы менен кан чыгарып, атабызды эскерип келебиз. Атамдын эстелигине балдары чуркабаса башка эч ким карачудан эмес. Алдыда баарын калыбына келтиребиз.

– Атаңызга арналган иш-чараларды сиз уюштуруп келе жатканыңыздан кабарыбыз бар, алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Мен жолдошумдун колдоосу менен ушу күнгө чейин атам үчүн жакшы иштерди кылып келдим. Аны эскерүү кечелерин толук бойдон өз мойнума алып, китебин чыгарып, иш-чаралардын бардык чыгымын моюнга алып уюштурчумун. Бирок, убакыттын өтүшү менен биздин дагы жашыбыз келди. Адам деген чарчайт экен. Эми ал нерселердин баарын элге тапшырдым. Быйыл Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгы. Улуттук китепкананын ишкерлери дагы мени уюштуруп бериңиз дешкенинде жогорудагы пикиримди айттым. Мидин Алыбаев үчүн кыргыздан ким жакшы иш жасаса дагы жарашат. Анткени, ал баарыбызга ата, баарыбыздын сыйыбызга татыктуу инсан. Эл мени туура кабыл алат деп ойлойм.

– Учурда сиз эмне менен алексиз?

– Бала кезимден сүрөткө кызыкчумун. Ушул кызыгуум менен сүрөтчүлүктү окуп, китеп-сүрөтчүсү деген кесиптин ээси болгом. Бул тармакта иштеп келе жатканыма 35 жылдай убакыт болду. 1999-2000-жылдардагы “Алиппе” окуу китебинин ар бир сүрөтү менен кол эмгегим, менин чыгармачылыгым. Дагы деле ушул ишимди улантып, буйрутмалар менен иштеп, чыгармачылык менен эмгектенип жатам.

 

 

Гүлайым Калыбекова