АБДЫЛДАЕВА Мира: “АТА-ЭНЕМДЕН ЭРТЕ АЖЫРАГАНЫМ АЗ КЕЛГЕНСИП, КИЙИН ЭКИ ТУРМУШУМДАН ТЕҢ БАГЫМ АЧЫЛГАН ЖОК”

“Балдарын таштап кеткен аталарды Кудайым жазаласын” деген Мира Абдылдаева көз жашка айланган жашоосу тууралуу кеп кылып берди. Ысык жашын жаак ылдый агызып, балдары үчүн жансоогалап жашап келе жаткан замандашыбыздын жашоого болгон аракети дагы да күч. Кеп башынан болсун.

 

“Ата-энемдин өлүмү мага чоң сокку болду”

– Биздин жердигибиз Таластан болгону менен борбордо отурукташып, ушул жерде чоңоюп-өскөнбүз. Атам эт комбинатта иштесе, апам жер-жемиш саткан дүкөндө соода кылчу. Ал учурда бизден өткөн бактылуу үй-бүлө жок эле. Эч нерседен кем болчу эмеспиз. Ошол бактылуу күндөрүбүздү капыстан келген кырсык кайгыга алмаштырды. Шаңга бөлөнгөн үй-бүлө бир заматта кайгы менен ыйдын кучагында калат деген түшүмө да кирбептир. Бир күндө атамдан да, апамдан да ажырап калдык. Ата-энемдин белгисиз өлүмү мага чоң сокку болду. Мен ал учурда болгону 6-класста окуп жаткан элем. Кичүү сиңдим өтө эле кичинекей болчу. Ошол күндөн тартып мен үч бир тууганым менен томолой жетим калдым. Ата-энем эмне себептен каза болгонун билген да жокпуз. Болгону жол кырсыгынан мерт болгондорун гана билебиз. Анда атам 36 жашта, апам 34 гана жашта эле. Ойлосом азыркы менин курагым экен. Төрт бир тууганды жетим балдар үйүнө өткөрбөйлү деп бизди таежелерибиз багып чоңойтту. “Туугандын үйү” деген эле аты болбосо баары бир өз ата-энедей болбойт экен. Жан дүйнөмдө атам менен энемди жоктоп, жакшы сөзгө зар болуп жүрүп чоңойдум. Өзүм ата-энесиз өскөн үчүнбү, айтор, азыр балдарымды да жетим калтыргым келбейт. Себеби, бала үчүн атанын да, эненин да жоктугу өтө жаман экенин билем.

 

“Кайын журтум “томояк” деп басынтып жүрүп, акыры күйөөм менен ажырашып тындым”

– Ата-энеме куса болуп жүргөн кездеримде менин жашоомдо жалалабаддык Данияр аттуу жигит пайда болду. Анын “сүйөм” деп артымдан ээрчип, кооз сөздүн түрүн айтып келе бергенинен улам “сүйүү деген ушундай болот турбайбы” деп кийинки жашоом туурасында ойлобоптурмун. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп он сегиз жашымда баш кошуп алдык. Мени кичи мекени Жалал-Абадка алып барды. Көшөгөгө киргенден тартып кайын журттун каарын көрө баштадым. Мени кемсинтишип, атайын мага угуза баласын урушушат. Дайыма айткан, мени кемсинткен сөздөрү өлүп калган ата-энем болду. Баласына “жетимден башканы таппай калдыңбы?”, “төркүнү жок томояктан сеп келбейт” деген сөздөрүн айтып мени басынта беришти. Чындыгында, барган жеримдегилер мага калың төлөшкөн жок. Менин бул жактагы алыс туугандарым каада-салт боюнча сеп беришмек эле. Бирок, мага калың келген жок дешип эч кимиси оокат беришпеди. Көрсө, түштүк жакта салтка өзгөчө маани беришет экен. Кайындарымдын ачуу сөздөрүнө чыдап жашайм деп өзүмө-өзүм сөз бергем. Бирок, күнүгө айтылган уу сөздөрүнө чыдай албай ыйлайм. Күйөөм болсо мурдагысындай болбой толугу менен өзгөрдү. Дайыма үйгө ичип келет да тынчтык бербей, көк ала кылып сабап болгон жинин менден чыгарып кол көтөрөт. Акыры ызы-чуубуздан тажаштыбы кайненемдер бизди эки бөлмөлүү үйгө көчүрүп коюшту. Ал жерге көчүп барганыбызда көзгө көрүнүктүү эч нерсебиз жок эле. Ошол күндөн тартып мен түнү менен манты жасап, күндүз сатып иштей баштадым. Ал кезде биздин эле эмес, жалпы элдин жашоосу оор болчу. Канчалаган түйшүк менен манты түйөм, бирок, ал мантымдын алты даанасы араң бир сомдон өтчү. Минтип аракеттенбесем күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз. Бизге эч ким каралашчудай эмес. “Жетимден сеп келген жок” деп айткандан тажабаган кайын журтума көрүнөйүн деп намыстанып, мантыдан түшкөн акчадан бир тыйындан чогултуп жүрүп оокат ала баштадым. Мен ушинтип оокат топтосом, анан бала төрөп берсем Даниярдын ичкени токтолуп калабы деп ойлогом. Көрсө, жаңылышыптырмын. Данияр ичкенин токтотпой сырттагы жинин менден чыгарып жашообуз улана берди. Ошентип жүрүп ортодон кыздуу да болдук. Бирок, балага байыр алып таттуу жашоо уланталы деген ой Даниярда болгон жок. Бир жолу адаттагыдай эле түнү ичип келди. Анысы аз келгенсип жанына бир аялды ээрчитип алыптыр. Ошол эки бөлмөнүн бирөөндө кызым экөөбүз жатсак, бирөөндө күйөөм тиги аялы менен жатып алды. Кайын журтум теңсинбей кетиребиз дегенде “мен эч жакка кетпейм, кете турган болсом бул үйдөн сөөгүм гана чыгат” дечүмүн. Даниярдын бул кылыгы менин аялдык намысыма тийди. Кийин толугу менен кетүүнү чечтим. Бара турган жерим жок болчу. Мен кетем десем “кетсең кете бер! Сенден башка аял жок бекен” деп кубалады. Өзүмдүн маңдай теримден уланган оокатым да, тогуз ай көтөрүп төрөгөн кызым да кала берди. Кыялданган турмушум бузулуп, кара башымды калкалап Бишкекке келе бердим.

 

“Экинчи турмушумдан да багым ачылган жок”

– Кийин күйөөм башка аялга үйлөнүп алды деп уктум. Анын бул кылганына аябай таарындым. Ошол кезде кызымды да сагынып жүргөн элем. Туш тараптан кыскан кайгыга тумчугуп жүргөн кезимде жашоомо Кубат аттуу жигит кирип келди. Кубаттын ичпегени, түшүнүктүүлүгү жаккан. Аны менен жакындан таанышып, сыр бөлүшүп жүрүп жакын болуп кеткенбиз. Кийин мени алам деген сунушуна макул болуп турмушка чыгып алдым. Муну уккан Данияр “кыз кишиге тарбияны энеси бериши керек. Өзүң чоңойт” деп кызымды бул жакка салып жибериптир. Кызымдын кебетесин көрүп алып боорум ооруду. Арыктап, таанылгыс болуп кебетеси кеткен. “Жанында болгонумда мынчалык арыктап жүдөмөк эмес” деп аны кучактап алып ыйладым. Бир күнү кызым “апа, чоң апамдардай болуп нанды катып койбойсузбу” дейт. Көрсө, үч жаштагы кыздан нандарын кызганып бекитип коюшчу экен. Анын айтканын эстесем азыр да жүрөгүм тилинип кетет. Ал күндөн тартып кызыма өзүм тарбия бере баштадым. Ошол учурда Кубат экөөбүз бир кыз көрүп, жашообуз бара-бара өз нугуна түшкөндөй болгон. Бирок, бир турмуш бузулган соң баары бир оңолуп кетиши кыйын экен. Эмне болгону белгисиз эле экинчи күйөөм да бир күнү башка аялдын үстүнө кирип жашап алды. Чынында, аялдар жокчулукка чыдайт экенбиз. Ал эми эркектер андай оор турмуштун азабына чыдабай, жеңил жашоо издей башташат окшойт. Балдарынын кийимине жетсе тамагына жетпеген жашоодон тажап кеткенин айтып, эки балалуу болуп калган кезибизде “жардам бербейм. Билгениңди кылып ал! Балдарды өзүң төрөдүңбү эми өзүң бак” деп тескери карап башка аял менен басып кетти. “Балдарын таштаган адамдарды Кудайым өзү жазаласын” деп ыйладым. Ошондо биринчи турмушумдагы кызым, андан кийин Кубат экөөбүздүн кызыбыз, уулубуз жана менин курсагымдагы наристем болуп бешөөбүз кала бердик. Барган сайын акыбалым оорлоп, эч жерде иштей албай үйдө отуруп калдым. Балдарымдын ачка отурганына чыдабай Кубаттан жардам сурап, ал жашап алган аялынын үйүнө чейин издеп барган күндөрүм болду. Кубат менин кош бойлуу экенимди эске албай ал аялдын көзүнчө тепкилеп сабап туруп ал жерден кубалайт. Айлам жок барган жеримден түнү менен жөө келем. Ошентип жүрүп төртүнчү баламды жарык дүйнөгө алып келдим. Төрөгөндөн тартып кыркымды чыгарбастан, бешиктеги баламды кыздарыма таштап коюп жанымды үрөп иштеп жүрдүм. Курулушта, ашкана, кафелерде кыскасы мен иштебеген кара жумуш калган жок. Ошентип жүрүп ден соолук деле начарлады. Акыркы жылдары буттарым “варикоз” деген дартка кабылып, баса албай төшөккө жатып калчу болдум.

 

“Ооруп төшөктө жатып калганда суук үйдө балдарым ачка калды”

– Өткөн жылы бутумдун оорусунан баса албай төшөккө жатып калгам. Ооруканага барсам операция кылабыз дешти. Ал учурда дарыланышка да акчам жок эле. Үйдө чиедей төрт балам ачка. Улуу кыздарымдын мектепке кийе турган кышкы бут кийими жок, жайкы бут кийим менен кыштын кыраан чилдесинде сабакка барып жатышты. Мектептен келгенде кыздарымдын бут кийимдери суу, муз болуп тоңуп келет. Үйүбүз суук болуп балдарымдын үшүп-тоңуп отурганын көрүп кайгыга тумчугуп, сай сөөгүм сыздайт. Анысы аз келгенсип батирибиздин төлөө акысы келген. Бир туугандарымдын жашоосу меникинен айырмасы жок. Тескерисинче, иним келип “сарттардын балдарын өздөрүнө бер, аталары багышсын. Сен болсо эжедей болуп мага жардам бер!” деп урушуп кетет. Кыскасы, Кудайым мени төрт тарабымдан катуу кайгыга курчаган. Аябай кыйналып жатканыбызда Кудайга үнүм жеткенби, бир таанышым Мусулмандар дин башкармалыгында жардам берет деп айтып калды. Ошондо Өзбек ажыга барып болгон абалымды түшүндүрсөм кыздарыма бут кийим алып берип, тамак-ашыбызга да колдоо көрсөттү. “Тирүүнүн ырыскысы түгөнбөйт” дегенге ишендим. Өткөндө эки балам “апа, Өзбек ажыны биз таята десек болобу?” дешет. Себеби, менин балдарым чоң ата, таята эмне экенин билбей өсүп келишет. Биздин турмуштун таатаалдыгын бейкүнөө балдарыбыз кошо тартып жатканына өкүнөм.

 

“Оор жумушка жарабай калгам, учурда блинчик жасап сатып жан сактап келебиз”

– Эки кыз, эки уулума сыртта ата, үйдө энемин. Азыр баягыдай оор жумушка жарабай калган үчүн блинчик жасап базарга барып өткөрүп жан сактап, балдарымды багып келе жатам. Канчалык жеткирейин десең да баары бир аялдын тырбалаңдап тапкан кирешеси эч нерсеге жетпейт экен. Жашаган батирибиз айына 3000 сом, анын светин төлөй келгенде 4000 сомго барат. Атасынан жардам болбогон соң балдарымды өзүмө каттатып алгам. “Жалгыз бой эне” деп өкмөттөн жардам болобу деп барсам “болбойт” дешти. Бир жолу пособие чектеткени өкмөткө кайра барсам, ар бир балаңызга 150 сомдон чыгат дейт. Менин документ даярдап, топтогонум ала турган акчадан ашык чыгым болот экен. Ошентип, ал жөлөк пулду да албай калдык. Жардам сурап барбаган жерим калган жок. Бир жолу депутат Ыргал Кадыралиевага жардам сурап кат жазсам катымды райондук тиешелүү органдарга жиберген эле. Бир жыл бою чакырышат, барсам документтеримди көчүрмөдөн өткөрүп алып кайра кетирип жиберишет. Ошентип создуктуруп жүрүп бир күнү “бизге учетуң жарабайт экен, ошол жардам сураган депутатыңа бар” деп кетиришти. Өмүр бою Чүйдө жашап келе жатып эки бөлмөлүү үй курганга кичинекей жерге жете албай койдум. Ленин районунда жер бөлүштүрүп жатканда көпчүлүк эл менен мен да документ топтоп кезекке тургам. Ошондо он бешинчи кезекте элем. Менден кийинки кезектегилер жерлерин алышыптыр. Ошончо элден менин документимди “жоголуп кетиптир” деп коюшту. Азыр “өз арабаңды өзүн тарт” деген заман тура. Мага, балдарыма Кудайдан башка жардам берчү эч ким жок.

 

 

Жаз-Айым Айдекова