Анжеликанын апасы Гүлбайра эже: «Үй-бүлөлүк бюджетинин 70 пайызын Анжелика иштеп табат»

Учурда өзүн ырчы, бизнес-леди катары көрсөтүп жүргөн айчырайлуу Анжелика эки кызга эне болсо дагы апасы үчүн дале эрке кыз бойдон. Элинин эркеси болуп калган Анжеликаны тарбиялап, такка отургузган айым ким экенине кызыгып, ырчынын апасы Гүлбайра эже менен ой бөлүштүк.

- Гүлбайра эже, кызыңыз Анжеликанын жарык дүйнөгө келген күнү эсиңизде болсо керек?

- Анжеликаны мен Жараткандан сурап жүрүп тапкам. Анткени, бала күтүп жүрүп көргөн кызым болчу. Ошондуктан, жарык дүйнөгө келген күнү алигече көз алдымда турат. Анжелика төрөлөөрдөн мурун төрөт үйүндө жатып «Анжелика жана Король» деген сериалды көргөм. Ошол кинодогу Анжелика деген кыздын күчтүүлүгүн, мүнөзүн, келбетин, атын жактырып, кызым төрөлө электе эле атын Анжелика деп атап койгом. Анжелика 1989-жылдын жай айында, тактап айтканда, 12-июнунда Бишкектеги №2 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген. Кызым төрөлгөндө эле көзү бакырайган сулуу кыз болуп төрөлгөн. Алгач колума алганда толкунданганымдан колум титиреп, абдан кубангам. Эне болгонума ыраазы болуп, кызымды бөпөлөп өстүрдүм.

- Анжелика кичинесинде эмнеге кызыкчу эле?

- Мен кийимди жакшы тикчүмүн, ал мени менен кошо бир нерселерди тигип жанымда олтура берчү. Экөөбүз олтурганда ага тарбиялык мааниси бар китептерди көп окуп берчүмүн. Бир күнү кошунаныкына барып келе жатсак тепкичтен бутун кайрып алды. Мен «ай, акырын баспайсыңбы» десем, «апа, эженин үйүнөн куурчагыма кийим тигем деп бул чүпүрөктү уурдап, байпагыма салып алгам. Мени Кудай көрүп калды окшойт, бутумду кайрып алдым» дейт. Анан экөөбүз кайра кошуна эжеге барып айтсак, ал «анын кереги жок, таштандыга таштала турган чүпүрөк болчу» дейт. Аны угуп Анжелика «Мени эми Кудай урушпайт, ээ?» деп кубанып, үйгө келип ал чүпүрөктөн куурчагына көйнөк тиккен. Негизи кичинесинен эле кийим тиккенге шыктуу болчу. Мектепте окуп жүргөндө классташ кыздарына кийим тигип берчү.

 - Ырга болгон шыгы качан пайда болгон?

 - Кичинесинен эле музыкага, ырга жакын болчу. Менин курбу кызым ырчы болчу, мен дагы кээде ырдап калчумун. Бизди көрүп Анжелика дагы ырдап, курбу кызымдын костюмдарына кызыгып кийип алчу. 3-класста окуп жүргөндө Айчүрөк Иманалиеванын «Кызыл гүл» деген ырын, кийин Клара Алибекованын «Классташым» деген ырын ырдап калчу. Үйгө конок келсе такыр тартынбастан колуна чач тармалдатчу плойканы алып, аны таппай калса кашыкты кармап алып концерт коюп калчу. Музыкага шыктуулугун көрүп М.Абдраев атындагы музыкалык мектепке киргиздим. Ал жерде бир жыл окуп, скрипкада ойноп калган эле. Анан жайкы эс алууга чыкканда Таласка барсак Айчүрөк Иманалиева «ырчы кыздарга сынак болот» деп жазып коюптур. Аны угуп Анжелика «апа, баралычы» деп калды. Мен башында көңүлдөнгөн эмесмин, анан кызымдын көңүлүн кыя албай ага барпыраган көйнөк кийгизип алып ээрчитип жөнөдүм. Барсак Бакыт Букаев эшикте турган экен. Ал Анжеликаны көрүп «ии, татынакай кыз турбайбы, сынакка келдиңби?» деп сурап калса, Анжелика менден мурун «ооба, келдим» деп жатпайбы. Аны Бакыт жетелеп кирип кеткен, бир убакта мени чакырып калышты. Кирсем Айчүрөктүн жанында Каныкей Эралиева, Динара Акуловалар бар экен. Айчүрөк «кызыңыз бизге жакты, бере аласызбы?» деп калды. Мен «билбейм» десем кызым мени карап көздөрү жалдырайт. Ошентип ал күнү кеткенбиз, эртеси сынактын жыйынтыгы чыгып Анжелика тандалыптыр. Ошону менен Айчүрөктүн колунда ырдап калды. Биринчи жолу чоң сахнага сегиз жашында чыкты. Эсимде, Анжелика тартынбастан сахнага чыгам деп жулунуп жатат, мен болсо бери жакта туруп алып коркуп калтырап жатам. Анткени, микрофондун боосуна чалынып жыгылып калабы деп сарсанаа болгом. Анан кызым тыпылдап ырдап чыгып кеткенде көзүмдөн жаш айланган.

- Ошол учурда кичинекей кызыңызды Айчүрөк эжеге берип коюу сизге оор болгон жокпу?

- Кызымдын көңүлүнө карап гана макул болгом. Мен таптакыр эле Айчүрөктүн колуна берип койгон жокмун да, кызым мени менен эле жашап, М.Абдраев атындагы мектепте эле окуп жүрдү. Гастролдон кеч келишкенде эле Айчүрөктүн үйүнө жатып калганы болбосо, концерттер болгондо өзүм алып барып катыштырып, кайра алып кетчүмүн. Үшүп калбасын деп гастролдо аны менен чогуу жүргөн дагы күндөрүм көп болгон.

- Кызы тууралуу ушак угуу эне үчүн оор эле болсо керек?

- Кантип оор болбосун, Анжелика тууралуу ушак уга берип чачыбыз агарды го?.. Кызым тууралуу туура эмес макалаларды окуп алып чындыкты билбеген эл кандай ойдо калышты деп ойлоп жүрөгүм ооруп, ал турсун ыйлаган дагы күндөрүм болгон. Анжеликанын душмандары азыркы күндө деле көп. Кечээ дагы бир окуя болду, кызым «апа, ушулардан качан кутулаар экем. Маңдай терим менен баарын тапсам дагы ушундай мамиле кылышат» деп кейиди, ыйлады. Эми бизде жумасына андай көрүнүштөн бир-экөө болуп турбаса болбойт. Кызым алардын баарына көнүп деле бүттү.

- Ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн чарчаганда «кызым, башка эле кесипти тандасаң боло» деп айткан күндөрүңүз болду беле?

- Былтыр, мурдагы жылдарда Анжеликанын артынан ар кандай сөздөр ээрчип жүрбөдүбү. Ошондо «кызым, кыйналбай Дубайга эле кетип калып, ошол жактан эле эмгектенгилечи. Мен барып турам» десем, кызым кыйылып «апа, элимди сагынам» деп болбой койду. Ошол учурда Дубайга кеңсе ачып иштеп, үйлүү дагы болуп калышкан эле. Эне катары ошол жакка үй-бүлөсү менен тынч жашашын каалагам. Бирок, кызым өзү кеткиси келбей койду.

- Анжелика эрте турмушка чыкпадыбы, ошол учурда эне катары сизде тынчсыздануу болду беле?

- Албетте, тынчсыздангам. Атасы дагы ыйлады, кейиди. «Кызымды Америкадан окутат болчумун» деп мени менен урушту. Бирок, мен кийин кызым «ошондо макул болсоңор, мен бактылуу болмокмун» деп жүрбөсүн деп ойлоп турмушка чыгуусуна макул болдум. Кудайга шүгүр, кызымдын турмуштан ордун тапканына кубанычтамын. Эгерде азыр Анжелика бойдок болсо, артынан азыркыдан дагы көп ушак ээрчимек.

- “Жолдошунун байлыгына кызыгып тийди” деген дагы ушактар ээрчип жүрдү эле…

- Эч кандай андай эмес. Азыр кызым менен күйөө балам тең жарышып иштеп жүрүшөт. Мен коркпой эле айтам, алардын үй-бүлөлүк бюджетинин 70 пайызын Анжелика иштеп табат. Аны күйөө балам деле билет. Кызым кичинесинен эле жетиштүү жашоодо өстү. Машинаны болсо 10-класста окуп жүргөндө айдаган, туулган күнүндө атасы «Гольф-4» деген машина сатып берген. Кызым байлыкка кызыгып, аны ээрчип кеткендей жашоо көргөн кыз эмес.

- Анжеликанын жолдошу сизге кандай күйөө бала?

- Мен аны мактап жаткан жерим жок, ачыгын айтсам, Урматтай жакшы балдар жашоодо миңден бир болот. Ушундай күйөө балалуу болгонума Жаратканга ыраазымын. Мага биринчиден, кызымды алаканына салып сыйлап, чыгармачылыгына колдоо көрсөткөнү жагат. Анжелика биринчи балалуу болгондо бир жылдай сахнага чыкпай үйдө олтуруп калды. Ошондо кадимкидей сахнаны сагынып, чүнчүп калган эле. Аны байкаган Урмат «сен эмнеге үйдө олтурушуң керек, ырдап чык» десе кызымдын көздөрү жайнап кубанган эле. Кызымды жакшы караган үчүн Урматты жакшы күйөө балам деп эсептейм.

- Кызыңыз жолдошу менен таарыныша кетсе ал тууралуу сизге айтабы?

- Анжелика мага болгон сырын айтат, ортобузда жашыра турган эч нерсе жок. Эми турмуш болгондон кийин ар нерсе болот экен, аларда деле болот. «Энеси болушчаактын кызы ыйлаак» деп мен Анжеликага такыр болушпайм. Урмат экөөнү чогуу олтургузуп алып акыйкат сөзүмдү айтам. Жыйынтыгында күйөө балам «апа, сиздей апа жок го деги, баарын ордуна коюп коёсуз» деп мени кучактап ыйлап, мага ыраазы болуп калат.

- Неберелериңиздин кимиси сизге жакын?

- Экөө тең эле бирдей жакын. Аларды көргөндө жүрөгүм эзилип кетет. Улуусу Айыма баарын түшүнгөн акылдуу кыз. Экинчи кызы Элима Анжеликанын эле өзү. Анжелика дагы кичинесинде томпойгон кыз эле. Анан дагы апасындай таланттуу кыз. Мени «тайнешка», таятасын «таяташка» деп эркелетип сүйлөшөт.

- Өзүңүздүн канча балаңыз бар?

- Анжелика кичине кезинде «апа, мага эки ини төрөп берсеңиз, мен ырдаганда алар мага жансакчы болуп турушат» деп кыялданчу. Оозуна сала бергендей эле андан кийин эки уулдуу болгом. Азыр улуусу он эки, кичүүсү тогуз жашта.

- Сиз кесибиңиз боюнча кимсиз?

- Мен политехникалык институтту бүткөм. Ошол учурда шаарга иштейин деп жатсам апам инсульт болуп ооруп калып, аны караш керек болуп кала бергем. Анан Таласта аскер кызматкери болуп иштеп калдым. Кийин Бишкекке «Скорпион» аскер бөлүгүнө келип иштеп, ошол жерден жолдошум менен таанышып калдым. Ал дагы аскер кызматкери, учурда полковник. Экөөбүз баш кошуп ошол жерде чогуу иштеп калдык. Мен ал жерде он сегиз жыл кызмат кылып, азыр ардактуу эс алуудамын.

 

 

 

Динара Чокоева