МЕДИНА: «КҮЙӨӨМДҮ “КОШ БОЙЛУУМУН” ДЕП АЛДАП ЖАҢЫЛЫПТЫРМЫН…»

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Мединанын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Менин атым Медина. 21 жаштамын. Учурда борборубуздагы тигүү цехтеринин биринде эмгектенем. Атам менен апам өтө карапайым адамдар. Кесиптери жок болгондуктан жалаң жер иштетүү менен бизди багышат. Мен 9-класска келген жылы кенже бир тууганыбыз да мектепке кирип, алты баланы бир маалда окутуу ата-энем үчүн оор болуп калды. Алардын акыбалын түшүнүп өз жанымды өзүм багып, алардын түйшүгүн жеңилдетейин деп чечтим да райондун борборундагы окуулардын бирине тапшырмак болдум. Ата-энем деле кыйынчылыктын кырдаалынан чыга албай турган маалда бул айтканыма каршы болушкан жок. Ошентип, 2009-жылдын жайында мен окууга тапшырып жатаканадан орун алдым да, райондун чок ортосундагы кафеге идиш жуугуч болуп ишке орноштум. Жай аяктаганча иштеп, окуум башталганда дароо эки жакты бирдей алып кетүү түйшүгүнө түштүм.

Мага окуунун алгачкы эки айы гана кызыктуу болду. Андан кийин жашоом жумушума байланыштуу кызыктарга бай болуп баратты. Анткени мен иштеген жеримден бир адамды жактырып калдым. Сыргак - мен иштеген кафенин күзөтчүсү. Бирок ал короо шыпырып, азык-түлүк ташышып, кафе жабылгандан кийин таштандыларды төгүп, айтор, бардык жумуштарды иргебей аткара берген жакшы бала. Күн сайын идиш-аяктарды жууп болгон соң полдорду сүртүп чыгуу менин милдетим, таштандыны төгүп, баарын бекитип чыгуу анын милдети болгондуктан экөөбүз калган кездерде кыска маектешип калып жүрдүк. Менин көңүлүмдү анын ар дайым адамды аялуу караганы, эч качан жок дебеген элпектиги, ишенчээктиги көп бурчу. Анан да жанда жок боорукер десең. Күндөрдүн биринде Сыргак үй-бүлөсү “жыл жаңырганча үйлөн” деп жатканын айтып калды. Кадыресе маек катары кабыл алып койгом. Көрсө, бул анын мага үйлөнүүгө сунуш кылып жаткандагысы экен. Ошол күндүн түнү мага уйкусуз болду. Али мектеп жашында экеним, бир туугандарым кичинекей экенин, ата-энем кыйынчылыкка тырмышып туруштук берип жатышкандарын унутуп, Сыргактын кебинин тегерегинде гана ойлонуп калдым. Ырас, мен аны сүйүп калыптырмын. Ошентип, кыштын биринчи айында мен 17, Сыргак 21 жаш курагында бир бүлөгө айландык.

Кайын журтум деле карапайым кишилер. Кайненем менен кайнатам, үйлөнө элек кайнагам, эки кайынсиңдим болуп бирге жашайбыз. Баары ар кандай иштерде иштешип, тапканын ортого салып жашаган бүлө экен. Мени жакшы кабыл алышып, окуумду калтырбай улантып кетүүмө баары көмөкчү болушту. Күйөөм экөөбүздүн иштерибиз өзгөрбөгөн бойдон калды. Бири-биринен айрып алгыс опокшош күндөрдө биз абдан бактылуу элек. Кийин менде бир коркунуч жарала баштады. Бул менин баш кошконубузга жыл айланса дагы кош бойлуу болбогонум. Бул маселе ар айда ата-энесине учурашканча бир туугандарына акыл айтып кетип турчу кайнежем келген сайын козголчу болду. Бир ирет кайненем үчөөбүз чай ичип отурганыбызда: «Ай келин, эмне мынча ийне жеген иттей арыксың. Дени-кардың сообу? Бой-союңдан түшүп калбай эле жүрөсүңбү?» - деди. Кайнежемдин бул сөзү мага бычактай эле тийди. Кайненем абдан момун адам, кызынын кебин коштогон жок. Ошондон кийин мен тымызын курбуларымдан бойго бүтпөй жатканга эмнелер себеп болорун, кайда барып кантип текшерилип көрүш керек экенин сураштыра баштадым.

Ушинтип дагы бир жыл өзүм менен өзүм күйпүлала болуп, ай сайын кош бойлуу эмес экеним үчүн ичтен сызып жашадым. Мени кубандырган жалгыз нерсе Сыргактын кош бойлуу болбогонум үчүн мени суракка алып, күнөөлөбөгөнү эле. Кайнежем ар бир келген сайын мени жекире карап, кагып-силкип, ал турсун, «туубас катынга кор болуп» жүргөн инисин да тилдеп өтчү болгон. Бир жолу ачуусун бүркүп: «Ай бала, деги сенин башкалардай болуп балалуу болоюн, “ушу карыган атам менен энем менин баламды көрүп кубансын” деген ой барбы, я? И, дагы канчага чейин катыныңдын көзүн карап, элдин күбүр-шыбырына чыдап жүрө берейин деп атасың?!» - деп кирди. Кайненемдин келин-уулу эми бирдей текшерилип көрүшү керек экенин, ал үчүн акчанын башы ашпай жатканын түшүндүрөйүн деген аракетин угуп да койгон жок. Кепти чукул кайрып биздин ажырашып, Сыргактын төрөй турган аял алуусу гана керек экенин айтты.

Ал түнү же кайнежеме таарынарымды, же тагдырга наалат айтарымды билбей ыйдан күчүмдү чыгарып жаттым. Ушул ызалуу түндө биринчи жолу күйөөмдүн баладай баёолугун жектеп, ал үчүн ачуум келди. Миң түркүн ойлор менен алышып жатып “чын эле мени Сыргак менен ажыраштырып салышабы” деген ойго келгенимде жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Ыйым басылып, уйкум умачтай ачылды да күйөөмдөн азыр эле айрып коюшчудай коркуп жаттым. Таң менен эч ким козголо электе үйдөн чыгып тайпамдагы курбу кыздын жардамы менен таап, акыркы кездерде ден соолугумду текшертип жүргөн эжеге жетип бардым. Ал доктур курбумдун алысыраак эжеси, райондун төрөт үйүндө көп жылдан бери иштейт экен. Менин боюмда болбой жүргөнү ага бештен белгилүү эле да, жайымды айтып, акыбалымды колумдан келишинче түшүндүрүп, эптеп кош бойлуу болушума болгон жардамын кылуусун жалбарып суранып ийдим. Бирок ал менин көңүлүм кубанарлык эч нерсе айтпай узатып жиберди. Кабагым ачылбай калган бул күндөн 3 күн өткөн соң мен курбумдан доктурдун жакшы жаңылыгын уктум.

Ушул эле райондун бир айылынан мектеп жашындагы кыз кош бойлуу болуп, аны энеси менен таежеси үйүндө жашырып жатышкан экен. Алар дагы мен кайрылган доктурга барышып, кызды эптеп аман-эсен төрөтүп, баланы көздөн далдоо кылып абийирин жаап беришин суранып жатышыптыр. Айласын таппай аткандарга мендей балага зар адам чыкпай аткан экен. Мен алардын баласын багып алуум үчүн доктурга ал айткан сумманы таап бермей болуп сүйлөштүк.

Менин "кош бойлуу" болуп калганым күйөөмдү баладай кубантты. Арадан төрт ай өткөндө доктур ичимди томпойтуп жасап берди. Бул ай үчүн ичиме бир моюн орогучту бүктөп салып, бир жоолук менен таңып коюу жетиштүү болду. Бул күндөн баштап мен күйөөмдөн мага абдан абайлап мамиле жасоосун талап кылдым. Арадан заматта эки ай өтүп ичим улам «чоңоё» берди. Баары биз ойлогондой ишке ашып кайын журтум менин кош бойлуу экенимди ошондо гана билишти. Кайнежем кезектеги келгенинде абдан кубанды. Мурда бир айда бир келип мени жекирип кетип жүрсө, эми “кош бойлуу” келинин аяп, айына эки келип мага иш кылдырбай абдан кам көрчү болду. Ушундан баштап мурда мен үчүн түндөсү гана күйөөмдү алдоо түйшүгү болсо, эми күндүзү кайнежем менен алышуу түйшүгү башталды. Анын көзүнөн далдоо болуп, суроолорунан качуу үчүн сабакка таң эрте чыгып, иштен эң эле кеч келчү болдум. Күйөөмдү болсо “боюмдагы” кичине билинип калган кезде эле: «Мени доктур “бала керек десең күйөөң менен жакындашчу болбо. Бул талаптарды жакшы аткарбасаңар, баладан ажырап каласыңар» деди”, - деп алдап андан жаа бою каччу болгом. Күйөөм бул айткандарымдын бирине да сөз кайтарбай ишенчү. Бирок кантсе да эркек да. Кээде анын мени шынаарлап калган күнүн байкаганда ал уктамайынча ар иштин башын кармап, айлам кеткенде түн оогуча сабак жазган болуп, анан ал уктаган маалда жаздыкка баш коюп жүрдүм. Ал эми доктурдун сураган акчасын күйөөм экөөбүздүн акчабыздан чогултуп бергем. Анткени биздин болжол менен ушул жумада мен “төрөшүм” керек. Толгоо азабын, кандай аракеттерди кылышым керектигин алар түшүндүрүп берип, “кел деген маалда келип кал” деп узатышкан. Бассам-турсам телефонду аңдып, ичимден толгоого камынып жүрдүм. Бир күнү сабакта отурсам доктур “кел” деп калды. Бирок баарыбыздын тилегибизди таш капты. Биз күткөн наристе 2 саат гана жашап чарчап калды. Күйөөмө: “Мен толготуп төрөтканага кеттим”, - деп айта калган элем. Бул үчүн доктур толгоо жанып кетти кылып ичимди кайрадан жараштыра таңды да, узатып ийди. Кеп кийин уланмак болду.

Акчасын алып койгон үчүн доктур мени баласыз калтыра албайт эле. Эми ал тызылдап дагы бир баланы таап чыкты. Ал наристе эки жумада жарыкка келет экен. Кайрадан баягыдай эле кымырынып, кымтынып жашап аттым. Эптеп эки жума өткөн соң таң эрте мага чалуу келип мен "толготуп" жөнөп калдым. Бирок бул жолу да жолум болгон жок. Көрсө, баягы баласынан баш тартып аткан кыз төрөгөн соң наристесин алып качып кеткен экен. Айлам куруп кайрадан баягы эле көрүнүш кайталанды. Ушундай жол болбостуктардын айынан менин “кош бойлуулугум” 10 айдан ашып кетти. Кайнежемдин мага болгон баягы мээрими тарап, орой мамилеси башталды. Мен доктурду шаштырып, ал айла таппай, уйкусуз жашай баштадым. Арадан бир жума өткөндө чакырды. Бул жолку толгоомду кайнежем коштоп бармак болду. Каалабаганым менен каршы да боло алган жокмун. Экөөбүз ооруканага жетип, мен кирип кеттим. Анык азап мени ушул жерде күтүп турган экен. Доктур баягы мен берген акчаны алдыма коюп баш тарта баштаса болобу. Экөөбүз кыжылдашып туруп уруша кеттик. Мен ачуум менен ичиме таңылган жаздыкча, жоолуктун баарын алып салган элем. Бир сааттан ашык алышып олтуруп бир маалда башымды мыкчып залга чыга калсам кайнежем так маңдайымда отургучта отурган экен. Менин ичим түптүз болуп, ачуулуу чыккан кебетемди көрүп ордунан ок аткандай атып турду. Эч нерсеге түшүнбөсө да көп нерседен шек алып доктурдун кабинетине кирип барды. Жерде чачык жаткан жоолуктарды көргөн соң баары түшүнүктүү болду. Мени желкелеп үйгө алып жөнөдү. Андан калган тагдырым бат эле чечилди. Бул кылыгым үчүн ошол күнү кечинде эле күйөөмдүн, кайнатамдардын көзүнчө айтпаган сөздү айтып туруп мени кууп чыкты. Күйөөм ага арачы боло алган жок. Аз күнгө баягы курбумдун үйүндө баш калкалап Сыргакты күттүм. Бирок ал келген да, чалган да жок. Бул кайнежемдин таасири экенин билип эле турдум. Анан эч максатым жок эле өмүрү барып көрө элек борбор шаарга кетип калдым. Ошентип, шаарда жашап жатканыма бир жылдан ашты. Сыргакты абдан сагындым, күттүм, бирок жанагынтип 10 ай бою алдап жашаганым үчүн анын бетин караганга уятым чыдаган жок. Жакында эле таанышымдан анын мен кеткенден кийин эле үйлөнүп алганын, азыр таттуу наристеси бар экенин, келинчеги эми да кош бойлуу экенин уктум. Ал таанышым мага: “Башкага турмушка чык. Сен деле төрөп калышың мүмкүн”, - дейт. Ал сунушун ойлонуп көргөнүм менен Сыргактан башка адам менен кол кармашып, бир жаздыкка баш коюп жашаганымды эч элестете алган жокмун. Азыр менин күндөрүм өкүнүү менен гана өтүп жатат. Барган жеримдин учугун улап төрөп бере албасам дагы абийир, ыйманымды булгап алдамчы атка конбой кетсем эмне?..

 

Медина