Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес.
Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Уланбек

Туулган жылы: 1984-жыл 9-февраль

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: мектепте кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Ала-Бука району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Ак көңүл, чынчыл, туруктуу, кең пейил, мээримдүү

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 13 76 79

– Мен биринчи никем менен төрт жыл жашагам. Келинчегим экөөбүз ата-энеме кызматыбызды кылып, бир уулга ата-эне болуп жакшы эле жашап жатканбыз. Мындай жашообузга төрт жыл болгон кезде келинчегим эч кимибизге айтпай, баарыбыз жумушта жүргөнүбүздөн пайдаланып төркүнүнө кетип калыптыр. Неге мындай кылганына түшүнбөй турган маалыбызда анын уулумду кайненеме таштап, өзү Орусияга кетип калганы билинди. Чындыгында ал начар жашоодо чоңоюп, кийин жакшы жашоого келген бактылуу адам болчу. “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” болду окшойт. Бар байлыкты көтөрүп жөндөп кетпей, башканы издеп кетип калды. Көңүлүм катуу калгандыктан кайрадан жарашууну каалаган жокмун. Ошону менен жашообузга чекит коюлду. Уулум орто жолдо калышын каалабай аны менен сот аркылуу чечишип баламды колго алдым. Кандай күтүлбөстүктөр болсо дагы жашоо улана берет экен. Кайрадан жаңы жашоо баштап, жакшы күндөргө умтулууну максат кылып турам. Эми жаныма шерик болчу 18 жаштан 28 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Жердиги бир гана Жалал-Абад облусунан болушу керек. Мурда турмуш куруп ажырашып кеткендер менен байланышкым келбейт. Ата-энем менен уулумду сыйлап, аларга жакшы мамиле кылуу колунан келе турган ыймандуу, акылдуу кыздар чалыңыздар.

 

Батма

Туулган жылы: 1991-жыл

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: катчы болуп иштейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Адамгерчиликтүү, туруктуу, боорукер, сөзүнө тура билген, акылдуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0552 16 80 60

– Ар бир адамдын келечеги үчүн билим маанилүү эмеспи. Ошол себептүү буга чейин бир гана билим алууга басым жасап, жеке жашоону кийинкиге калтырып келгем. Эми турмуш курчу убактым келди деп эсептейм. Андыктан 26 жаштан 30 жашка чейинки мырзалар менен таанышам. Жердиги кызыктырбайт. Буга чейинки турмушунан бир баласы болсо багып алууга каршы эмесмин. Жаңы баштаган жашоомо бирөөлөрдүн киришип, жолтоо болушун каалабайм. Ошондуктан аялы менен биротоло ажырашкан болушу керек. Мага жар болуучу жигиттин турмушка терең көз карашта болуусу шарт. Андан ары бири-бирибизди түшүнүү менен жашап кетебиз деген ойдомун. Чалыңыздар.

 

Айгүл

Туулган жылы: 1981-жыл 6-октябрь

Кесиби: эсепчи

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Ноокат району

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Токтоо, кечиримдүү, акылдуу, ыймандуу, ичпеген, чекпеген

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0773 73 38 80

– Мен бир уул, бир кызга энемин. Балдарымдын атасы менен 5 жыл жашагам. Кызым төрөлгөнгө чейин жашообуз бир калыпта эле. Ал таксисттик кесиби менен бизди бакчу. Таксисттердин жүрүм-турумуна карата айтылган кеп бекер эмес экен. Анын күн сайын аракка берилип, анысы аз келгенсип башка аялдар менен ойногону көңүлүмдү калтырды. Андан улам кызым төрөлгөндө эле аны менен жашоодон баш тартып, балдарымды боорума кысып баса бергем. Андан бери туура беш жыл өттү. Балдарымды ата-энемдин, бир туугандарымдын көмөгү менен чоңойтуп алдым. Эми алдыда жаңы жашоо баштоого убакыт келди. Балдарым ата-энеме абдан жакын болуп, аларга көнүп калышкандыктан мен турмуш курсам, балдарым ата-энемдин колунда калат. Андыктан мага жар болууну каалаган мырзалар бул жагынан ойлонбой эле коюшса болот. Болгону убак-убагы менен балдарыма байланышып, акыбалдарын сурап туруума каршы болбоосу керек. Ал эми жашы 33 жаштан 43 жашка чейин, жердиги Жалал-Абад, Ош облустарынан болуусу шарт. Туруктуу иши, отурукташкан жайы болсо жакшы болот. Баласы болсо багып алуу колумдан келет. Мен үчүн азыр эң башкысы жакшы жашоо. Ушул максаттарымды ишке ашырып алсам, кесибим менен иштөө кыялым бар. Менин жакшы тилек, таттуу кыялдарыма көмөктөш болууга кудурети жеткен чыныгы мырза менен таанышарыма ишенем.

 

Нургазы

Туулган жылы: 1984-жыл 6-декабрь

Кесиби: программист

Иштеген жери: элдик дарыгер

Жердиги: Талас облусу Талас району

Кандай сапаттагы айымдар жагат? Намаз окуган, туруктуу, жөнөкөй

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы, бизнеси бар

Байланыш телефону: 0771 58 56 57

– Мен ак никеден кошулган келинчегим менен жети жыл жашап, эки уулдуу болгонбуз. Балдарымдан кийин кыз көрүү биздин кыялыбыз эле. Бирок бул тилегибизге карыш аралык калган жерден жетпей калдык. Тактап айтканда, кызымды жарык жашоого алып келүү маалында келинчегим каза болуп калды. Ымыркайыбыз да апасы менен кошо кетти. Ошентип, жашоомдун жарыгы өчүп, балдарымды медер тутуп дагы жети жылды артка калтырдым. Бир уулум менин колумда, учурда 2-класста билим алат. Бир уулумду кайненем колуна алган. Ага барып учурашып, каралашып турам. Мен ата-энем менен бирге турам. Баарыбыз намаз окуйбуз. Ошондуктан мага намаз окуган, дин жолунда жүргөн 20 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Жердиги кызыктырбайт. Мурунку жашоосунан баласы болсо багып алууга макулмун. Материалдык жактан эч кандай кабатыр болбой эле коюшса болот. Негизгиси эркекке туура мамиле кылууну билген, балага мээрим бере алган чыныгы аялзаты болсо жаңы жашоо баштоого даярмын.

 

Жазира

Туулган жылы: 1994-жыл 4-август

Кесиби: медайым

Иштеген жери: окуусун бүтө элек

Жердиги: Чүй облусу Токмок шаары

Кандай сапаттагы мырзалар жагат? Жөнөкөй, ыймандуу, акылдуу, туруктуу, билимдүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0705 67 67 94

– Мени 19 жашымда тааныбаган эле адам ала качып кеткен. Өзүмдө кенедей да каалоо болбогону менен тегеректеген улуулардын сөзүнөн өтө албай отуруп калгам. Менин ойлорум менен эсептешпей алып келип алганы аз келгенсип көнүшүп жашап кетүүбүзгө аракет кылбай, жагымсыз мамиле жасаганы мени абдан иренжитти. Мындай жашоого 3 ай гана чыдадым. Андан бери апам менен бирге жашап, окуумду улантып келе жатам. Эми жакындарымдын кеңеши менен жаңы жашоо баштоону туура көрүп турам. Ал үчүн бишкектик, нарындык 26-28 жаштардагы жигиттер менен таанышам. Ата-энеси менен бирге жашайм деген, мурунку жашоосунан бир баласы бар мырзалар менен таанышууга макулмун. Жылдызыбыз келишип, тил табышып кетсек, жакшы жашоо кура алабыз деп ойлойм. Намаз окуган, билимдүү, туруктуу иши болсо жакшы болот эле.