Гулзина Султанова, апасы: "Кызымдын алдында түбөлүк күнөөлүүмүн"

Каш-кабактын ортосунда болуп кеткен кырсык наристе кыздын жүзүн бузуп, ата-энесин арманга салып кеткен. Кичинекей мекендешибиз Фатиманын эртеңки күндөрү үчүн жанын үрөгөн ата-эненин кызынын ден соолугун жакшыртууга кылып жаткан аракеттерине биз дагы салымыбызды кошолу. Наристенин бактылуу болуусуна сиз дагы кайдыгер карабаңыз. 



"Кызым Фатима 5-6 бала менен өрттүн ичинде калыптыр" 

- Мен Бишкек шаарынын жашоочусу болом. Жолдошум Талант экөөбүздүн эки балабыз бар, алардын улуусу кыз, кичүүсү уул. Ушул жылдын 3-февраль жекшемби күнү Талант экөөбүз кайнагамдын үйүнө конокко барганбыз. Ал жакта жалаң жаш балдар ашканага кирип чай ичип жатышкан. Ошол маалда кайнагамдын кичинекей кызы газ баллондун оозун бурап отуруп ачып жиберип, ал жерде тамактанып жаткан 5-6 бала жалындаган өрттүн ичинде калышыптыр. Муну биле койгон кайнагам чуркап кирип эле аларды алып чыгууга аракет жасаптыр, чала-була күйгөн башка балдарды алып чыгууга үлгүргөнү менен коркконунан чай ичкен столдун астына кире качкан менин Фатимамды таппай коюптур. Аны ал жакта жок деп чыкса биз дагы кызым ашканадан чыгып кеткен го деп ойлогонбуз. Ошентип, баарыбыз чогуу өрттү өчүрүп, бир чети Фатима кайда деген эки анжы ой менен ашканага кирип барсак кызым ууланган, өзүн жоготкон жана күйгөн абалда жатыптыр. Биз болсо аны алып түз эле оорукананы көздөй жөнөдүк.


"Өрт кызымдын денесинин 40-45 пайызын күйгүзүп кеткен экен"

- №4-шаардык оорукананын күйүк бөлүмүнүн дарыгерлери кызымды жан сактоо (реанимация) бөлүмүнө алып жөнөштү. Көрсө, баягы өрт ошондо эле Фатиманын денесинин 40-45 пайызын күйгүзүп кеткен экен. Тынымсыз кан куюп жатышты, күйгөн жаракаттарды калыбына келтирүүгө аракет кылышты, анан керектүү учурда наркоз аркылуу операция да жасашты. Антсе да дал ошол эс-учун жоготкон абалында кызым туптуура 2 ай жатты. Анан бактыга жараша, врачтардын болгон күчүн жумшоосунун артында өзүнө келди. Бул аралыкта ата-эне катары Талант экөөбүз уйку деле көргөн жокпуз. Мен дайыма анын жанында болууга аракет кылдым, ал эми атасы керектүүлөрдү ташып, акча таап, кызды аман алып калуу үчүн жан үрөп чуркап жүрдү. Бүгүнкү күнгө чейин Фатимага баш-аягы наркоз менен 8 жолу операция жасалды. Күн-түн дебей жанынан жылбай отургангабы, айтор, анын абалын көрүп ушунчалык эзилем. Төрөп туруп карай албагандан кийин кызымдын алдында өмүр бою күнөөлүүмүн да. Алакандары катуу күйүп калган экен, азыр 2 колун билегинен кесип салышты. Бети, чачы, жону күйгөн экен, азыр алар улам катуу кычыштырып кызды ыйлатат. Алгачкы 3 айда Фатима толугу менен ооруканада болгон, андан кийин дарыгерлер үйдө кароого уруксат беришкен. Учурда жакшы болуп өз алдынча ойноп калды деген менен менин "сенин эмнең эне?" деп өзүмдү жемелегеним күн сайын күч алып барат. Себеби, кызым өз алдынча тамак иче албайт, күйгөндөн кийин өңү-түсү да башкача болуп өзгөрдү, жүзүндө болсо бүтүндөй тырык менен так калды.


"Кызым "апа, бетимди жакшы кылып бергилечи" деп суранат"


- Былтыр, тагыраагы бул окуя орун алган маалда кызым 2-класста окучу. Андан кийин окуусун уланта албай калып, эми кайрадан 3-классты Бишкек шаарынын четиндеги "Максат" аттуу реабилитациялык борбордо окуп жатат. Азыр деле мен такай жанындамын. Ал эми жолдошум Фатиманын катуу жабыркаган чачын, бетин, эки колун келечекте калыбына келтирип алуунун айла-амалдары менен алпурушуп жүрөт. Негизи колдорго протез салып, бетке тери чаптап, чачты дагы кандайдыр бир жол менен өстүрсө болот экен. Бирок, биз үчүн азыркысы аларга чейинки кадамдарды бүткөрүү керек болууда. Башкача айтканда, Фатиманын бетиндеги, чачындагы, жонундагы тактарды, тырыктарды пластикалык операциялардын жардамы менен жакшы кылуу керек. Алдын-ала маалыматтар боюнча, мындай бир операциянын наркы бизде 4-5 миң долларды түзөт экен. Буюрса, жакынкы 2-3 айдын ичинде кызыма ушул операциялар жасала баштайт. Буга байланыштуу, мен боорукер элимден колуңуздардан келген жардамыңыздарды бериңиздерчи деп өтүнүп кетет элем. Ушул убакка чейинки деле дарылоо чараларынын баары мекендештердин колдоосу менен бүткөнүн жашыра албайм. Ошол адамдардын баарына рахматымды билдиргим келет. Кызым эсине келе албай жаткан мезгилде анын бир күндүк дары-дармегине эле 10-12 миң сомдук каражат кетип жатты. Жолдошум экөөбүз убактылуу жумуштарда гана иштеп коюп жүргөндүктөн, муну толугу менен өзүбүз жаба алган жокпуз. Эми болсо Кудайга шүгүр, Фатима жакшы болуп калды, бирок, 9 жашка толуп өйдө-төмөндү түшүнүп калгангабы, айтор, күн сайын "апа, менин бетимди эле жакшы кылып бергилечи" деп суранат. Ата-эне катары биздин деле тилегенибиз ушул.

Жардам берүүнү каалагандар каражатты Кыргызстанда гана РСК Банкынын 1299002130020288 эсебине которушса болот. Байланыш телефондору: 0771 38 96 56, 0557 01 28 15

 



Гаухар ЖАКШЫЛЫКОВА