Адылова Гүласал: "Наркотикке берилип кеткен эжем кызын да унутуп калды"

 Өткөн жумада кароосуз калган 6 жаштагы Мариям аттуу кичинекей кыргыз кызы Түркиянын көчөлөрүндө бир канча айдан бери күн кечирип жүргөндүгү жана Кыргызстанга түрк жаранынын жардамы менен келгендиги тууралуу маалымат таркаган эле. Дал ошол Мариям аттуу кыздын таежесин кепке тарттык. 

- Жээниңиз Мариям кандайча Түркияга барып калды эле? 

- Эжем Гаухар биринчи күйөөсү менен жашай албай ажырашып кеткен эле. Ошондон кийин "Түркияга барып акча таап келем" деп кеткен. Ал жакта канча иштеди, эмне иш кылды азыр толук айта албайм. Айтор, Мустафа деген түрктөн боюна бүтүп, анысы жети айлык түйүлдүк кезинде кайра Кыргызстанга келди. Кызын ушул жактан төрөдү. Атын Мариям деп койдук. Апам эжеме жардам берип кызын багышып жүргөн. Анан эле эжем "мен барып иштейин, кайра келип үй алам" деп кызы 1,5 жашка чыкканда кайрадан Түркияга кетип калды. Мариямды апам 4 жашка чейин бакты. Андан кийин деле бакмак, бирок апам каза болуп калбадыбы. Апам дүйнөдөн кайткандан кийин мен багып алайын десем, өзүм кайын-журтум менен турам. Алардан кысылып, тартынганымдан улам Мариямды өз колума ала алган жокмун. Апамды жерге бергенден кийин эжем айла жок кызын өзү менен кошо Түркияга алып кетти. Ал жакта булар жакшы эле жашап жатышкан. Себеби мен эжем менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө ал "бизде баары жакшы, жакында Кыргызстанга барып үй алам. Бизди тосуп аласыңарбы?" деп жаткан. "Кыргызстанга келип үй алат экен" деп сүйүнүп жатканбыз, анан эле эжем такыр чалбай калды.

- Эжеңизден кабар келбегенден кийин бир чара көрүп, ага телефон чалган жоксузбу? 

- Анын кабарсыз кеткенинен улам "иштери чыгып бошобой жатса керек" деп ойлоп койгом. Көрсө, ошондо эжем наркомандардын колуна түшүп калыптыр, ал өзү менен өзү болуп, кызы каралбай көчөдө калган экен. Мариямдын айтуусу боюнча байкуш кыз көрбөгөн күндү көрүптүр. Бир канча ай көчөдө күн кечирип жүргөндө Тунжай Гюден деген түрк жигит көчөдөн таап алып, сураштырып отуруп эжемди таап кызын алып барса, ал кызын карабай койгон. Эжемдин абалын көргөн түрк жараны Түркиядагы кыргыз элчилигине жардам сурап кайрылган. Кыргыз элчилигинин, Социалдык өнүгүү министрлигинин жана Башкы прокуратуранын жардамы менен түрк жараны Тунжай Гюден Мариямды мекенибизге эжемдин жакын санаалашы Клара деген аял менен кошо жол киресин төлөп жөнөтүп жиберген. 

- Учурда Мариямдын абалы кандай? 

- Мариям көпкө көчөдө жашап жүрө бергенден уламбы, бир нерсе "шырт" деп кетсе же үнүм катуураак чыкса эле алайып коркуп кетет. Бир нерсени сурасам бирде "ооба" десе, бир аздан кийин кайра сурасаң "жок" деп жооп кайтарат. Психикалык жактан кичине жабыр тартып калган окшойт, айтор, бир кызыктай. Ошондон улам психологго алып барсамбы деп жатам. Өзүмдүн үч уулум бар, ошондуктан кызды аябай жакшы көрөм. Азырынча Мариям убактылуу менин колумда, биротоло өзүмө өткөрүп багып алып, колун дарыгерлерге көрсөтүп операция жасатсамбы деген оюм бар. 

- Колуна эмне болду эле? 

- Мариямдын оң колунун бармактары тубаса жок болгондуктан, 1-топтогу майып. Бирок мындай операция бизде жасалабы, жокпу билбейм. Мектепке баргыча дарылатып алсам деп тилек кылып жатам. Кудай буюрса, тилегиме жетермин. 

- Эжеңиз Гаухар менен кабар­лаштыңызбы? Ал кызы сиздин колуңузда экенин билеби? 

- Билбейм, ал Мариям Кыргызстанга келгенин, учурда мени менен жашап жатканын да билбейт болуш керек. Наркотикке берилип кеткенден кийин кызын таптакыр унутуп калды. Ал кызын ойломок түгүл, өзү бир жумадан бери үйүнө келе элек экен. Кайда жүргөнүн эч ким билбейт. "Келип эжеңди таап, тезинен алып кетпесең, ал өлүп калат" деп чогуу жүргөн достору мага телефондон кабарлашты. Мен аны Түркиянын кайсы бурчунан табам? Табылган күндө да кайсы акчам менен барып алып келем? Өзүм үй кожойкеси болсом... Азыр мен ушул суроолорду өзүмө-өзүм берип, бирок жооп таба албай жүргөн кезим. 

 


Даткайым Досматова