Айпери ОБОЗОВА: “ЭМИ ЫСЫМДАР ЧЕГЕРИЛГЕН ТАГЫНЧАКТАРДЫ ЧЫГАРА БАШТАДЫМ”

Жакшылыкка баруу кандай жакшы. Ал эми жакыныңызга ыроолочу белегиңиз купулуңузга толуп турса андан дагы жакшы эмеспи. Жакшылыктарга бай жаш курактагылардын “кандай белек алсам?” деген баш оорусун жеңилдетип Айпери айым оригиналдуу белектердин топтомун ойлоп тапты. Коюлган баасы, көзгө жагымдуу кооздугу менен кимге болсо дагы жага турган мындай баалуу белектер тууралуу Айпери Обозова буларды айтып берди.

– Ысым менен тагынчактарды жасоо идеясы кайдан пайда болду?

– Өзүбүздүн улуу инсандарды баалай билели деген идея менен кыргыздын белгилүү инсандарынын сүрөтү түшүрүлгөн кийимдер коллекциямды чыгарбадым беле. Ошондон кийин ар ким өзүн баалап, өзүн сүйүп жашаса деген идея менен ушул ишимди баштадым. Башында өз ысымымды башка эле жактан жаздырып алып тагынып жүргөн элем. Ага кызыккандар көп болгон. Ошондуктан, ар кимдин өз ысымын жанына алып жүрүүгө дайыма колго, моюнга тагып жүрүүчү тагынчактар ылайыктуу экен деп ойлодум. Ошону менен тагынчактар, браслеттер менен кыздардын сөйкөлөрүн өз ысымдарын жаздырып чыгара баштадым.

– Кардарларыңыздын басымдуу бөлүгү кайсы курактагылар?

– Биз чыгарган тагынчактар албетте, жаштарга ылайыктуу жана жарашыктуу дагы. Ошондуктан, туулган күндөргө белек кылуу үчүн же сүйүшкөн түгөйлөр жакшы тилектери менен келип биринин ысымын бири тагынып жүрүүгө буйрутмаларды берип кетишет. Ысымдарынан тышкары сүйүшкөндөргө ылайыктуу “жаным”, “алтыным” деген сыяктуу кыргызча жакшы сөздөр түшүрүлгөндөрү дагы бар. Андан тышкары көп кездешүүчү ысымдар жазылган тагынчактар азыр сатыкта.

– Бир буйрутманы канча күндө даяр кылып бересиздер?

– Негизинен биз алган буйрутмаларыбызды чогултуп туруп жуманын дем алыш күндөрү жасайбыз. Ошондо берилген күнүнө жараша 5-6 күндүн ортосунда эле даяр кылып беребиз.

– Ал эми наркы кандай?

– Чынжырчалардын да, браслеттердин да баасы 2500 сом турат. Сатып алса деле, буйрутма кылса деле бул нарк өзгөрбөйт. Анткени, биз ысым чегилүүчү күмүштү бир калыпка салып алганбыз. Көп тамгалуу ысым дагы, аз тамгалуу ысым дагы бирдей салмактагы эле күмүшкө жазылат. Ал эми чынжырча менен браслеттердин баасынын бирдей болгонунун себеби, биринин чынжыры ичке жана узун болсо, бириники кыска болгону менен ошого жараша жоон. Болгон айырма ысымга жараша тамгалар же чоң, же майда жазылуусу мүмкүн. Ал эми ысымы менен жасалган иймекти жубу менен эки кулагына тең тагынып жүрүүнү каалаган кыздар үчүн анын баасы 2800 сом.

– Күмүштөрү кайдан алынат?

– Учурда биз пайдаланып жаткан күмүш өзүбүздүн эле Кыргызстандыкы. Сапатына кепилдик бар. Ал эми чынжырларды болсо кыздар үчүн да, эркек балдар үчүн да атайын Түркиядан алдырабыз.

– Сатып алууну каалагандар кайсы түйүндөргө кайрылышса болот?

– Сатып алуучулар дагы, буйрутма берүүчүлөр дагы “Дордой Рlaza” соода борборунун 1-кабатына келишсе болот. Биздин кызматты пайдаланууну каалагандарга эшигибиз ар дайым ачык.

 

Күмүш менен ажарын ачкан жылдыздар

Айнура Турганбаева:

– Мен күмүш зер буюмдарын пайдалуу дешкендиктен тагынам. Белекке келген алтын жасалгаларым деле бар. Бирок, күмүш жасалгаларды жакшы көргөндүктөн, алтындарым катылган бойдон эле турат. Ал эми күмүш сөйкө, шакек, билериктерди өз-өзүнчө дагы, топтому менен дагы сатып ала берем. Кайдан көрүп, кандай жактырып калсам ошол замат токтолбостон сатып алам. Андан кийин гана ал жасалгаларыма ылайыктап кийим тандайм. Кадимки сууга күмүштү салып койсо “күмүш суу” пайда болот дегенди уккан элем. Ошондон бери убак-убагы менен кечинде сууга шакек, сөйкөмдү таза жууп салып коюп эртең менен ичип алып жүрөм.

 

Айнура Салахидинова:

– Мен күмүшкө эмне үчүн жакын экенимди жакында гана билдим. Анын себебин менин дайыма эле күмүш жасалгаларды ала бергенимди байкаган курбу кызым айтып берди. Көрсө, тараза жылдызынын алдында төрөлгөндөр өзүлөрү эле күмүшкө жакын болушат экен. Бир чети алтынга салыштырмалуу күмүш жаштарга ылайыктуу деп айтылып келгендиктен дагы ага басым жасайм. Жолдошум каалаган белегиңди тандап ал деп берген акчасына мен сөзсүз түрдө күмүш сатып алам. Зер буюмдарымдын ичинен сөйкөлөрүм эң көп. Ал эми күмүштөрүмдү убак-убагы менен кадимки ашкана содасы менен сүртүп, жалтыратып турам.

 

Канымжан Жаманбаева:

– Менин күмүшкө кызыгып калышыма таенем себепкер болгон. Эсимде, мен бала кезде чоң энем айран уютарда ал сүткө күмүш шакегин же күмүш кашыкты таза жууп туруп салып койчу. Күмүш менен уюган айран абдан даамдуу да, ден соолукка пайдалуу да болот экен. Ал эми мендеги күмүш жасалгалардын туура теңи апамдан калган, калганы өзүм сатып алгандарым. Апам жалгыз кыз болгондуктан, бардык күмүштөрүн таенем апама берген экен. Күмүш жасалгалары абдан көп болчу. Апам болсо өз кыздарына бөлүп берген. Күмүш жөн гана сулуулук бербестен аялдын саламаттыгына дагы пайдалуу экен.

 

 

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА