БАШ СӨӨКТҮН ИЧИНДЕГИ БАСЫМ ЭМНЕГЕ ЖОГОРУЛАЙТ?

Баш сөөктүн ичиндеги басымдын жогору болушунан жабыркап жүргөн адамдар коомдо көп эле. Бирок, аталышынан анын кандай кесел экенин элестетүү мүмкүн эмес. Муну эске алганда, өзүнүн ушул сыркоодон жапа чегип жүргөнүн билбегендер да кездешиши ыктымал деген ой чыгат. Буга байланыштуу, биз бул ирет баш сөөктүн ичиндеги басымдын жогору болушунун себептерине кызыктык.

 

Баш сөөктүн ичиндеги басым

Баш сөөктүн ичиндеги басым деп баш мээни курчаган суюктуктун мээге жасаган басымын түшүнүү керек. Жашоодогу ар кыл жагдайларга карата ал жогорулап, төмөндөп турушу мүмкүн. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Ал эми баш сөөктүн ичиндеги басым туруктуу жогору болуп кеткенде ал “баш сөөктүн гипертензиясы” деп аталып, организм үчүн коркунуч жарата баштайт.

 

Себептери

Баш сөөктүн ичиндеги басымдын жогорулап кетишинин бир нече себеби бар. Алар ар башка болгону менен баары бул процесске бирдей эле таасир этишет. Баш мээде аны курчап туруучу “ликвор” деп аталган мээ-жүлүн суусу бар, анын көлөмү 1,5 л болот. Ал күн сайын бир нече ирет жаңыланып, ал эми эскиси ошол эле баш мээде сиңирилип турат. Мына, айтылып жаткан себептер ушул циркуляциянын бузулушуна түрткү болуп, ликвордун сиңүүсүн начарлатат жана мындан улам баш мээде бул суюктук көбөйүп, ал мээни кыса баштайт. А бул болсо баш сөөктүн ичиндеги басымды жогорулатат. Баш сөөктүн гипертензиясына жеткирүүчү мындай себептер төмөнкүлөр:

- Баш сөөктүн ичиндеги шишиктер

- Баш сөөктүн жаракат алышы

- Мээдеги кан тамырлар системасынын бузулушу

- Мээге суук тийүү

- Мээнин катмарларына суук тийүү

 

Белгилери

- Түнкү өнөкөт баш оору

- Уйкунун канбастыгы

- Жүрөктүн тез-тез согушу

- Артериалдык кан басымдын жогорулашы

- Көздүн тумандашы, караңгылашы

- Кусуу

- Баш айлануу

- Көздүн ылдыйкы бөлүгүнүн көгүш тартышы

 

Түрлөрү

Идиопатикалык. Муну тубаса баш сөөктүн ичиндеги басымы жогору деп түшүнсө болот. Кеселдин бул түрү коркунучтуу деле эмес. Себеби, бала төрөлгөндөн тартып эле дарыгер-педиатрдын көзөмөлүндө болот эмеспи, ошондон улам анын баш сөөктүн гипертензиясынан жабыркаары кыймыл-аракетинен, сүйлөшүнүн кечеңдешинен улам тез эле байкалат. Анан дары-дармектин негизинде айыгып кетет.

Экинчилик. Бул болсо кандайдыр бир себептен улам пайда болгон түрү. Мында кесел бир аз коркунучтуу мүнөзгө ээ. Анткени, муну билбестик менен күчөтүп алуу же узакка жүрүп калуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, дарттын бул түрү деле айыктырууга мүмкүн болуп саналат.

 

  Жамал Тургумбаев, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башкы неврологу: “Баш сөөктүн гипертензиясы адамдын акыл-эсин кемитиши мүмкүн”

  – Жамал мырза, айтсаңыз, баш сөөктүн гипертензиясы кандайча келип чыгат?

  – Шишик болобу, жаракатпы же суук тийүүбү, ал түздөн-түз мээге таасир этип жатпайбы. Мына, ошол таасир этүүдөн кийин баш мээдеги көп түзүмдөрдө өзгөрүү жаралат. Мисалы, мээ-жүлүн суусунун циркуляциясы бузулат, баш мээдеги кан тамырлар системасы жабыркайт, мээден чыккан нервдер жапа чегишет. Анан ушул комплекс андагы басымдын жогорулашына шарт түзөт.

  – Артериалдык кан басым менен баш сөөктүн ичиндеги басым байланыштуубу?

– Жок, экөө таптакыр эки башка нерсе, башкача айтканда, баш мээдеги кан айлануу системасы тулку бойдогу кан айлануу системасына баш ийбейт. Кан басымы туруктуу түрдө жана узак убакытка чейин 200-300 мм сымап мамычасын кармап туруп алганда гана ал мээнин кан айлануу системасына таасир этиши мүмкүн жана мындан оорулуу инсульт алышы ыктымал.

– Баш сөөктүн гипертензиясы менен узакка жүрүү же дарылабай коюу коркунучтуу экен. Ал кийин кандай кесепетке кириптер кылышы мүмкүн?

– Бул жерде түшүндүрүп кетүүчү бир жагдай бар. Коомдо көп эле адамдар өнөкөт баш оорусун өз алдынча эле “менде баш сөөктүн ичиндеги басым жогору” деп ушул ооруга жооруй беришет. Чынында, диагнозду дарыгер коюп бермейинче минтип айтууга болбойт. Анткени, өнөкөт баш ооруну жаратуучу себептер көп. А эгер чыны менен баш сөөктүн гипертензиясы бар адам дарыланбай жүрө берсе, бара-бара бул кесел көздүн көрүүсүн начарлатат, стресс факторлоруна тез кабыла турган жана ызы чууну көтөрө албай кала турган кылат. Кийинчерээк болсо уйку качат жана бул көрүнүштөрдүн баары адамдын акыл-эсин кемите баштайт.

– Кеселди үй шартында аныктаса болобу?

– Бир жолу бар, аны биз деле сунуштап жүрөбүз. Муну эгер башыңыз чыдаткыс абалда көп ооруса бир гана жолу колдонуп көрсөңүз болот. Дарыканадан медициналык глицерин сатып алып, 5-7 күн күнүнө 3-4 маал тамак алдында бир аш кашыктан ичесиз. Ошондо оорутуу басыла турган болсо, анда сизде “баш сөөктүн гипертензиясы” бар болуп саналат. Ошентип аныктап алсаңыз деле андан кийин дарылануу үчүн сөзсүз дарыгерге келүүңүз керек.

– Баш сөөктүн гипертензиясынан жабыркагандар бизде көппү?

– Калктын 5-10 пайызы ушул оорудан жабыркайт. Бизде көптөр бул акыбалга жаракаттан улам кабылышат. Андыктан, дагы бир ирет эскерте кетким келет, бул көрүнүштү өз алдынча дарылоого болбойт. Себеби, баш сөөктүн гипертензиясы аны пайда кылган себепти жоймоюнча айыкпайт. Мисалы, жаракаттан пайда болсо - биринчи шишикти жок кылуу керек, суук тийүүдөн пайда болсо - алгач суук тийүүнү жок кылуу керек. Андан кийин гана кеселди дарылоо зарыл.

 

 

 

Ырыс ИМЕТАЛИЕВА