БАЛАГА ЫСЫМДЫ КАНТИП ЫЙГАРУУ КЕРЕК

Астрологдор ымыркайга ат тандоого байыркы доордон бери эле чоң маани берип келишкен. Демек, алар туура тандалган ысым наристенин келечегине жакшы таасирин тийгизет деген ишенимде. Эртеби же кечпи, сиздин балаңыз да ага эмне үчүн ушундай ат ыйгарганыңызга кызыгаары бышык. Ошондо жагымдуу жооп кылуу үчүн кийинки макалага көз жүгүртүп алганыңыз туура.

Негизи ысым наристе төрөлгөндөн кийин гана тандалышы керек. Аны тандоодо каалаганча атты баракка жазып алып, алардын кайсынысы сиздин балаңызга татыктуу экенин тууган-уруктун, кошуна-колоңдун жардамы менен чечкениңиз жакшы. Себеби:

Бала сиздики болгон үчүн ага кандай ысым жарашаары өзүңүзгө көрүнүктүү болбойт. Бул жагын сырттан караган адамдар гана туура баамдай алышат.

Астрологияда да, ар бир элдин тарыхында да наристеге атты ата теги менен байланыштырып ыйгаруу салты кездешет. Бирок, мында ошол адамдын жашап өткөн тагдыры кандай болгон, ал жаңы төрөлгөн баланын турмушунда кайталанып калбайбы деген ойлорду эске алган жакшы.

Чоң атасынын же чоң энесинин атын балага ыйгарууда ал ысым ушул доорго туура келер-келбесине, кийин балага жагар-жакпасына кароо керек.

Тарыхый белгилүү инсандардын атын кичинекейге берүүдө биринчи ал ошол ысымды актай алабы деген жагын ойлонуу кажет. Себеби, ал дал ошол улуу ат менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп тураары бышык.

Учурдун модасына айланган ысымдарды бере берүүдөн коркпой эле коюу керек. Бирок, мунун да ымыркайга жарашаарын карап көрүңүз.

Сейрек кездешүүчү аттар болсо көп учурда наристенин келечектүү, активдүү болушун шарттайт. Анткени, ал баланын көмүскөдө оозго алынбай калуудан коркуу сезимин ойготот.

Өтө көп кездешүүчү ысымдар кичинекейдин өзүн сүйүүгө болгон сезимине чек коюшу ыктымал. Андыктан, атты ал кийин бир аз өзгөчөлүктү, уникалдуулукту сезе тургандай тандоого аракет кылган дурус.

 

Кээде ийгиликсиз тандалган ысым баланы психологиялык жактан жабыркатып коюшу мүмкүн. Ата-эне катары мындайга жол бербөө үчүн кийинки катачылыктарды кетирбөөгө аракет кылып жүрүңүз:

Бала меники, ага өзүм каалагандай ысым ыйгарам деген өзүмчүлдүк туура эмес. Анткени, анын да өз жашоосу, сезими, каалоосу жана санаасы бар. Андыктан, ал санаага дагы санаа кошпой, атты тандоо, кеңешүү аркылуу бергениңиз жакшы.

Көпчүлүк балдар эрезеге жеткиче атасын же энесин үлгү кылуу менен чоңоюшат. Ошон үчүн аларга ата-эненин аттарына уйкаш келген ысымдарды ыйгаруу да жакшы натыйжа берет.

Ымыркайга өтө назик аттарды ыйгаруудан алыс эле болгон жакшы. Себеби, ал үчүн ата-эненин жүрөк түпкүрүнөн чыккан сүйүүсү эле жетиштүү, ал эми берилген назик ысымдар баланы андан бетер сезимтал болууга түртөт.

Көпчүлүккө жакпаган, кызга кыздай, эркек балага эркектей өң бербеген стандартсыз аттар ар бир элде кездешет. Андай ысымдар кичинекейдин кыжырын келтирип, аны психологиялык жактан аксатышы мүмкүн.

Ысым – жөн гана сөз эмес. Ошондуктан, балага ыйгарылып жаткан аттын жеке маңызына дагы жакшылап үңүлүү керек. Өз учурунда бул анын келечегине, кулк-мүнөзүнө жана аң-сезимине баарынан биринчи таасир этери бышык делет илимде.

Туулган күнүнө карап кайсы бир майрамдык датанын урматына ыйгарылган аттар көп учурда анчейин ийгиликтүү боло бербейт. Бул биринчиден, анын ээсине жакпайт, экинчиден, жагымдуу угулбайт.

 

Нумерология илиминде туулган күндүн датасы дагы ал адамдын мүнөзүнө белгилүү бир деңгээлде таасирин тийгизет деп айтылат. Ал үчүн баланын туулган датасынын сандарын бир орундуу сан чыккандагыдай кылып кошосуз да, төмөнкүнү карайсыз:

1 – максаттуу

2 – тең салмактуу, оор басырыктуу

3 – майдачыл

4 – туруктуу

5 – өзүнө ишенимсиз, туруксуз

6 – өзүнө ишенимдүү

7 – кыялкеч

8 – байлыкчыл

9 – атак-даңкты сүйүүчү

Ушул эле жерден баланын ысымындагы тамгалардын саны туулган күндүн цифраларынын суммасынан көп болгону жакшы экенин айта кетүү керек. Себеби, нумерология ал көп болсо келечекте бала чынчыл, аз болсо жалкоо, ал эми барабар болсо анын жашоосу гармониялуу болорун эскертет.

 

Наристеге ысым энчилөө кыргызда да өзүнчө бир маданият болуп саналат. Ага жараша ата-эне өз баласын кандай сүйсө, анын атына ошондой урмат менен мамиле жасашы, ал эми бала берилген энчини жоопкерчилик менен алып жүрүшү керек. Ошондой эле кыргызда да наристеге ыйгарылган ысым анын кийинки жашоосуна таасир этет деген ишенимдин алдында ат коюуда элдик этика бар. Ал эми тарыхтын талаптары менен өзгөчө орунду ээлеген ысымдар:

Манас, Бакай – күч-кубат берген ысым, ээсин дайыма алга сүрөп турат. 20-кылымда ата-бабалар каргаша урат, бул ысымды балам көтөрө албайт деп аталган аттарды ыйгаруудан карманчу;

Бурул, Жаңыл, Уулбү, Уулжан – жалаң гана кыздар төрөлгөн маалда кыз ордуна уул бала берсин деген максатта коюлган аттар;

Токтобүбү, Токтосун, Бучук, Сасык – элдин көзү өтпөсүн, назары түшпөсүн деген кыязда балдары токтобогон ата-эне коюучу ысымдар;

Майрамкүл, Майрамбек, Жеңиш, Жакшылык – майрам күнү төрөлгөн наристеге берилүүчү ысымдар болуп келген;

Калбү, Анара, Анарбек, Калия – денедеги калдан, анардан арылуу максатында коюлат;

Элчибек, Элмырза – элге карамдуу, жарамдуу, кызмат кылган адам болсун деген ниеттеги ысымдар;

Тунук – жашоосунун төрт тарабы тең айтылгандай таза, келечекке карай жолу шыдыр жана ачык болсун деген ниетте берилет.

 

 

Гаухар ЖАКШЫЛЫКОВА