Турмуш босогосун жаңы аттап олуттуу жашоону моюнга алган жаштарга жакындарынын, коомдун, жакшы санаалаштардын материалдык да, моралдык да колдоолору айрыкча мааниге ээ. Алардын катарында өкүл ата, өкүл эне деген статустуу адамдар да бар. Дал ушул инсандардын шайлануу максаты, алардын орду, милдети тууралуу ар тараптан иликтөөгө аракет кылдык.

☑️ДИНДЕ

Мусулман дининде өкүл ата коюу деген маселе жок, зарыл деп табылбайт. Бирок салтыбызга сиңген бул көрүнүшкө исламдын каршылыгы жок. Өкүл ата менен өкүл энени шайлоону динибиз жаш түгөйлөрдүн бири жарым же томолой жетим болгондо жактырат. Анткени алар өкүл болуудан тышкары ата, эне деген атты кошо алып жүрүшкөндүктөн ушул инсандардын ордунда жаштарга милдеткер болушат. Мусулман мусулманга бир тууган болгондуктан жаштардын абалына көз салып, керек муктаждыктарын канааттандырып берип, алардын бири-бирин түшүнүп жашоолоруна акыл кошуп насаатчы болгондору сооп. Нике кыюу маалында алардын күбө катары отурушу шарт эмес. Аларды күтүү менен никени токтото туруу, кечиктирүү жактырылбайт. Себеби нике кыйылышы үчүн түгөйлөрдүн башка жакындарынын күбөгө өтүшү жетиштүү.

☑️САЛТТА

Өкүл ата шайлоо кыргыз элинде илгертен калыптанып калган салттуу көрүнүш. Бирок салттын заман агымына ылайык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, башка нукка бурулуп кеткени байкалат. Мисалы, илгери өкүл атаны жаштар эмес, баланын ата-энеси ал адамдын коомдогу ордун, үй-бүлөгө кылган камкордугун, элге болгон кадырын эске алуу менен дайындаган. Ушинтип өкүл ата аталган адамдын жубайы жолдошу менен катар өкүл эне статусун алган. Жаштар өзүлөрүнүн ата-энесине билдире албаган же билдирүүнү каалабаган маселесин чечүүсү үчүн ал адамдар жардамга келиши керектигине маани берилген. Ал эми азыркы учурда өкүл ата менен катар өкүл апаны шайлоо калыптанып кеткен. Ошондой эле алар аймактык айырмачылыктарга карай түгөйлөрдүн экөөнө бир гана же түйгөйлөрдүн ар бирине бирден дайындалат. Азыркы кезде өкүл ата-эненин жашы, үй-бүлөсүнө карата мамилеси, мисалы, канча балалуу, аларды кандай тарбиялап жатат, ажырашканбы же жокпу, анчейин эске алынбайт. Ошондуктан жаштар өз каалоолору менен жакшы мамиледеги теңтушун, кесиптешин бул орунга шайлап, ошого карата мамилесин улантып кете беришет.