Таалайкан Абазова: «Маданияттын күзгүсү болгон театр менен кинонун адамы болгонума сыймыктанам»

Таалайкан Абазова кыргыздын таланттуу актрисаларынын тизмесинин сап
башында десек жаңылышпайбыз. Ал жыйырма жылдан бери ушул тармакта
эмгектенип, бул жылдар аралыгында «Свет аке», «Кентавр», «Сүтак», «Дарак ыры» жана башка көптөгөн кыргыз тасмаларына тартылып, бир канча спектаклдерде роль жараткан.

Саламатсызбы, Таалайкан эже? «Жамгырдан кийин» деп аталган тасмага
тартылып жатыптырсыз. Качан жарыкка чыгат?

— Тасма, буюрса, тартылып бүттү, жакын арада көрөрмандарга сунушталат.
Тасмада мен үй-бүлөлүк оор кырдаалга туш болгон эненин образын чагылдырып
бердим. Муну менен режиссёр, менин оюмча, эгер сенин үй-бүлөлүк тылың бекем
болсо, жашоодогу эч бир кыйынчылык сени тушап коё албайт. Акырындык менен
болсо дагы баары бир жеңиш сен тарапта болот деген ойду айткысы келген. Бул
тасманы көргөн ар бир адам өзүнө ушундай жыйынтык чыгарып кетеринде шек
жок.

А чыныгы жашооңузда ушундай кырдаалдарга кабылып көрдүңүз беле?Дегеним, жолдошуңуз менен жаңы турмуш курганда бардык эле жаш үй-
бүлөлөр сыяктуу кыйынчылыктарды баштан кечиргенсиздерби?

— Ооба, күнүмдүк жашоодо боло турчу бир аз кыйынчылыктарды тарттык, албетте.
Бирок жашай турган жерибиз, иче турган ашыбыз жок калгыдай оор күндөрдү,
чынында, башыбыздан өткөргөн жокпуз. Анткени Алтынбек экөөбүз жаңы баш
кошкон жылдары Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда эмгектенчүбүз. Ал
убакта агай өзү жетектеп турчу эле театрды. Анан таланттуу актёр, актриса деп
бизге алгач жатакана бөлүп берип, кийинчерээк үй дагы белек кылган. Андыктан
биз үйдүн деле түйшүгүн тарткан жокпуз. Анын үстүнө ал учурда театр абдан
гүлдөп турган учур болчу, дээрлик дүйнө жүзүнүн бардык булуң-бурчуна барып
спектакль коюп, дүйнөлүк режиссёрлор менен иштешип, абдан жемиштүү жылдар
болгону эсимде. Ошондуктан тагдыр бизге укмуштуудай сыноо берип, ары калчап,
бери калчаган жок. Башында кандай жакшы нукка түшсөк, Кудайга шүгүр, азыркы
убакка чейин ошол деңгээлди сактап келе жатабыз.

Жолдошуңуз дагы өнөр адамы экени жалпыга маалым, а үйдө кандай
кожоюн?

— Балдарына аталык мээримин төккөн, аял кишини урматтап-сыйлоону билген,
мырзага тиешелүү болгон бардык иштер колунан келген адам деп айта алам
жолдошум тууралуу. Дайыма изденүүдө болуп, бир жерде токтоп турганын
көрбөйсүң, ар убак кандайдыр бир иш менен алектенип жаткан болот. Ушундай
сапаттарга ээ болгон үчүн үй-бүлөсүн бекем сактап келе жатат деп ойлойм.

Экөөңүздөр тең эл көзүндөгү адамдарсыздар, бири-бириңерди кызганган
учурлар кездешти беле?

— Албетте, жакшы көргөн адам кызганат да, кантип кызганбайсың? Анын үстүнө
өмүрлүк жолдошуң, жарың болуп жатса. Бирок мен дагы, Алтынбек дагы кызганыч
үчүн үйдө эч кандай уруш-талаш чыгарган учурларыбыз болгон эмес. Бардыгы
чеги менен болуш керек деп ойлойм. Бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызга
тоскоолдук жаратпайбыз, анткени экөөбүздүн жашоодогу жолубуз, позициябыз
бир.

Сизге сунушталган ролду кабыл алууда жолдошуңуз менен кеңешесизби?
Ролуңуз ага жакпай каршы болгон учур болобу?

— Кеңешкен учурлар болот, албетте. Бирок сценарий жакса чечимди өзүм эле
кабыл алам. Каршы болгон учур боло элек ушул убакытка чейин. “Өзүң чеч туура
көрсөң” деген гана кеңешин берет.

Жолдошуңуз министрлик кызматты да татыктуу өтөдү. Сизге министрдин
аялы болгон жактыбы же жөнөкөй эле маданият кызматкеринин аялы
болгонбу? Алтынбек агайдын өзүнөчү?

— Министрдин жубайы болсоң көбүрөөк элдин сынында болот экенсиң. Баскан-
турганыңды, эмне деп сүйлөп жатканыңды көзөмөлдөп каласың. Жөнөкөй
кызматкер болсо эркиндик көбүрөөк болот экен. Алтынбек болсо: “Билинбегени
менен министрлик кызматты аркалоонун бир топ эле түйшүгү бар экен. Мурун бул
кызматка келе электе Маданият министрлиги эч нерсе кылбайт деп ойлочу элем.
Көрсө, канча иш кылып жатышса дагы кээ бир учурларда эл аны байкабайт
турбайбы. Министрлик кызмат мага чоң сабак болду”,- деп айтып калат. Бирок
жолдошума, чынын айтканда, чыгармачылык көбүрөөк жакын. Анткени кантсе да
канча жылдан бери ушул кесипти аркалап, театрдын ысыгына күйүп, суугуна
чыдап жүргөн адам эмеспи.

Актрисалык карьера жасоо аял киши үчүн абдан оор дешет. Эмне себептен
ушул багытты көздөгөнсүз? Ата-энеңиз каршы болгон жок беле?

— Эми жаш кезиңде ойлобойт экенсиң да, ушул кесип мага оор болуп калбайбы
деп. Башында сезилген эмес эле. Мектеп курагынан бери эле бул тармакка
шыктуу болуп өстүм. Мектепте кандай гана иш-чара болбосун активдүү катышчу
элем. Актрисалыктын оордугу үй-бүлө кургандан кийин билинет. Анткени үй-
бүлөлүк жашооңду дагы, жумушуңду дагы жөндөп кетүүгө туура келет. Биринчи
кезекте сени кайын журтуң, анан жолдошуң колдошу керек. Менде бул жагынан эч
кандай маселе жаралган жок. Кайната, кайненем экөө тең түшүнүктүү кишилер.
Медицина кызматкерлери болгону менен, чыгармачылыкты баалай билген
адамдар. Ошолордун колдоосу астында карьерамды жасай алдым десем болот.
Ата-энем эч качан менин тандоомо каршы болгон эмес, окууга тапшырып
жатканда эсимде, атам: «Кызым, эң негизгиси, кетмен кармабай калем кармаган
кыз бол»,- деп батасын берип узаткан эле.

А сиз балдарыңыздын келечекте эл көзүндөгү адам болушуна кандай
карайсыз?

— Кудайга шүгүр, үч балабыз бар. Улуу кызыбыз Айжан жогорку окуу жайлардын
биринде 3-курста окуйт. Ортончусу – уулум Байэл 7-класс, кичүү кызым Мөлмөл 3-
класста окушат. Албетте, балдарымдын актёрлук кесипти тандашын анчалык деле
каалабайт элем. Анткени бул абдан түйшүктүү иш эмеспи. Бирок балдарымдын
үчөө тең чыгармачылыкка жакын. Келечекте эгер биздин жолубузду жолдойбуз
деп калышса каршы болбойм. Анткени бала деп оюн чектеп койгондо болбойт.
Керек учурда абдан олуттуу эне болсом, кайсы бир учурда балдарым менен чогуу
ойноп дагы койгон шайыр энеге айланам. Эне катары баары бир балдарыңдын
жоопкерчилиги сенде болот экен. Балдарымдын жүрүм-турумуна көз салып, ар
бир баскан кадамын көзөмөлгө алууга аракет кылам. Алар дайыма мени менен
кеңишип турушат. Кээде мен алардын айтканы менен иш кылган учурлар дагы
кездешет.

Өзүңүз тасма тартуу тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Тарта турган
болсоңуз, кайсы теманы чагылдырат элеңиз. Эмне маселени көтөрөт
элеңиз?

— Бөдөнөнү сойсо дагы касапчы сойсун демекчи, ар бир адам өзүнүн билген ишин
кылганы туура деп эсептейм. Жолдошум өзү азыркы учурда тасма тартып жүрөт.
Ошондуктан азырынча бул ишти колго алуу тууралуу оюм жок, чынын айтсам. Эми
келечекти алдын ала көрө албайбыз да. Балким, жашоодо кандайдыр бир
бурулуштар болуп, бул жаатта билим алып калсам, тасма тартып деле калышым
мүмкүн. Мен эгер кино жаратууга бел байласам, аялзат темасын чагылдырат
элем. Аялзатынын түйшүгүн, көтөрүмдүүлүгүн ачып бергенге аракет кылат элем.
Бардыгына жакшылык кылам деп жүрүп аял байкуш өзүн таштап койгон учурлар
көп кездешет эмеспи, мына ушул теманы ачып, аялдардын аң сезимин ойгото
турган тасма тартат болчумун. Көргөн ар бир аялзаты, сабак алып, «ии, чын эле
мен туура эмес кылып жүрүптүрмүн, эми өзүмдү колго алып жашоомду жакшы
жагына өзгөртөм» деген жыйынтык чыгарып кетчү тасма тартсам керек эле. Тасма
тартпаган күндө деле бул маселе мени ар убак ойлонтуп келет. Кыргыздын
кыздары, айымдары аялзаты деген атка татыктуу болсо экен, жашоосунда
кыйынчылык көрбөсө экен деп кыялданам. Ар бир аялзаты өзүн баалай, барктай
билгенди үйрөнсө экен деген нерсе ойлондуруп келет мени.

Кинодо, театрда эмгектенип келе жатканыңызга канча жыл болду. Сиздин
жүрөгүңүзгө кайсы тармак көбүрөөк жакыныраак?

— Бул тармакта эмгектенгениме 20 жылдын жүзү болду. Азыр шартка жараша,
чынында, театрдан алысыраак болуп турам. Бирок бул эки дүйнө тең менин
жашоомдо чоң роль ойнойт. Эч качан бирин өйдө, бирин ылдый койгон эмесмин.
Кээ бирлер айтып калышат го, «артисттердин эле жашоосу жыргал, эч кандай
оорчулугу жок, болгону, бирде күлүп, бирде ыйлап коюшат» деп. Бул ой туура
эмес, эгерде театрдын, кинонун өзгөчөлүгү болбосо, анда канча деген таланттуу
инсандар ушуну кесип кылып, өмүрүн, жашоосун ушул тармакка арнап жүрбөйт
эле го. Театрдын өзүнүн кандайдыр бир сыйкыры, рахаты, ошону менен бирге оор
түйшүгү дагы бар. Маданият бул – коомдун күзгүсү дейбиз го, ал эми маданияттын
уюткусу, түзүүчүсү – дал ушул кино менен театр. Ошондуктан ушул кесипти тандап, элиме аз да болсо кызмат кылып, эмгегимди өтөп жүргөнүмө бир чети суктансам, экинчиден абдан сыймыктанам.

Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Асел Эсенбек кызы