Негизгиге Ден соолук Ким балмуздакты жакшы көрөт? Колду көтөрөбүз ;)

Ким балмуздакты жакшы көрөт? Колду көтөрөбүз ;)

139

Бала жана балмуздак: пайдасы көппү же зыяныбы?

Балалык мезгилде балмуздакты жакшы көрбөгөн адам жок чыгар. Таттуу шириндикти балдар гана эмес, чоңдор дагы тамшанып жеп келишет. Маанайды көтөрүп, чаңкоону кандырган балмуздактын тарыхына токтолуп, пайда жана зыяндуулугун карап чыгалы.

▶️БАЛМУЗДАКТЫН ПАЙДАСЫ

Сүттүн курамында көп көлөмдө кальций болгондуктан, ар бир бала күнүнө бир литрден кем эмес сүт ичип туруусу керек. Бирок бардык балдар сүттү каалай бербегендиктен анын ордуна балмуздакты колдонсо болот. Анткени сүттө болгон пайдалуу элементтер балмуздакта дагы сакталып каларын далилдеп чыгышкан.
Балмуздак майлуу болуп эсептелгени менен ашказанга киргенде тез сиңүүчү азык. Буга инулин кошулмасы себеп болуп келет. Анын пайдасы — организмге майдын топтолушуна шарт түзбөйт.
Балмуздактын курамында лактоза, кальций, магний бар. Алар ашказан, ичегинин иштешин жакшыртат жана жүрөк-кан тамырлардын жумушуна пайдалуу.
Таттуу болгондуктан маанайды көтөрүүчү касиетке ээ. А көтөрүңкү маанай – бактылуу балалыктын бир белгиси.

▶️Балмуздак мээ кан тамырларынын иштешин жакшыртып, эс тутум жана ой жүгүртүүнү калыпка келтирет. Натыйжада өтүлгөн теманы оңой кабыл алып, сабакты жакшы окуйт.

▶️Балмуздакты өзүнүн кичинекей кашыгы менен жеген учурда ангина, фарингит, тонзиллит ооруларынын алдын алууга болорун дарыгерлер айтышат. Анткени аз-аздан балмуздак жеп туруу баланын тамагындагы былжыр челдин сезимталдуулугун азайтып, аталган ооруларга туруштук берүүсүн күчөтөт.

▶️БАЛМУЗДАКТЫН ЗЫЯНДУУЛУГУ

Курамында инулин кошулмасы болбогон шоколад жана майлуу сүттөн жасалган балмуздактар ашыкча салмакка алып келет. Андыктан балдарга аптасына эки жолу 100 граммдан ашык жегенге болбойт.

☑️Балмуздак ишканаларынын атаандашуусунан улам шириндиктин миңдеген түрү пайда болгон. Алар ар кандай даам жана түс берүүчү кошулмаларды колдонушкандыктан балада аллергия болуу коркунучу жогору болот.

☑️Ашказаны ооруган балдар балмуздак жеген учурда оорусун күчөтүп жиберет.

☑️Балмуздакты күн сайын жеген учурда кант диабетине жеткирет.

☑️Көп өлчөмдө жана соруп жеген балмуздактар жугуштуу тамак ооруларына жеткирет. Анткени муздак шириндик тамакты муздатып, бактериялардын топтолушуна алып келет.
Үч жаштан кичине балдардын иммундук системасы толук калыптана элек болгондуктан балмуздак берүүгө болбойт.

☑️Күндүн ысыгында муздак шириндикти тиштеп жеген учурда тиштин эмалдары туруштук бере албай, тез бузулат. Ооз көңдөйүндө температура кескин төмөндөгөндө тиш сыздап, эмалдарда жаракалар пайда болот.

▶️Балмуздак кантип пайда болгон?
Балмуздак алгач кайсы жерде пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок аны биздин заманга чейин 3 миң жыл мурда Кытай эли, Греция жана Египеттин калкы колдонуп келгени тарыхый китептерде калган.

▶️Кытайда балмуздактын чыгуусуна ачкачылык себеп болгону айтылып келет. Тамак-аш жок мезгилде ыйлаган балдарын сооротуу үчүн музду беришкен. Бара-бара ага апельсин, лимон, анардын ширеси кошулуп таттуу шириндикке айланган.

☑️Ал эми Грецияда балмуздакты ач аскерлерди тойгузуп, чарчаганын басуу үчүн ойлонуп табылганы жазылган. Ал үчүн бийик тоолорго чыгып, кол менен музду тоголок формага келтирип бал, сүт жана башка ширелерди аралаштырып кайра карга көөмп коюшкан. Ал жерге белги коюп турушкан. Машыгуу учурунда аскерлер тоону көздөй чуркап, даяр балмуздактарды алып, кайра кайтып келип чаңкоолорун кандырышкан.

▶️11-кылымда Египеттин султаны муздак суусундук менен балмуздак жасатып турганын Каир шаарына саякаттап барып, күбө болгон саякатчы жазып чыккан. Ал султандын желдеттери атайын алыскы тоолорго барып, мөңгүлөрдү ташып келип турушкан. Музду алып келүү учурунда бир топ адамдар жолдон каза болушкан.

▶️ҮЙ ШАРТЫНДА БАЛМУЗДАК ЖАСАЙБЫЗ

КЛАССИКАЛЫК БАЛМУЗДАК
Керектелүүчү азыктар:
Сүт: 250 мл
Сливка: 250 мл
Шекер: 100 гр

▶️Кантип жасалат?
Идишке сүттү куюп, үстүнө шекерди кошосуз. Жай отко коюп, тынымсыз аралаштыруу керек. Шекер толук ээригенде идишти оттон алып бөлмө температурасында муздатуу зарыл. Муздагандан кийин сливканы куюп аралаштырып, тоңдургучка салып коёсуз.

ПЛОМБИР БАЛМУЗДАГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка: 3 даана
Сүт: 150 мл
Шекер: 150 гр
Сливка: 300 мл

▶️Кантип жасалат?
Жумуртканын сарысына шекерди кошуп, бир түскө келгенге чейин чалыңыз. Ага сүттү кошуп, жай отко коюп тынымсыз аралаштырып туруңуз. Аралашма коюуланып кайнап баштаганда оттон алып, муздаганга чейин калтырып коюңуз. Андан соң сливканы кошуп 10-15 мүнөт тынымсыз аралаштырган соң тондургучка салып коёсуз.

МӨМӨЛҮҮ БАЛМУЗДАК
Керектелүүчү азыктар:
Банан: 1 даана
Кулпунай: 100 гр
Йогурт: 2 даана
Бал: 1 чай кашык

▶️Кантип жасалат?
Банандын тышын аарчып, туурап, кулпунай менен бирге блендерге саласыз. Йогуртка балды кошуп алган соң блендер аркылуу майдаланган мөмөлөргө кошуп дагы 2 мүнөт аралаштырасыз.
Мөмө-жемиштерден дөмпөкчөлөр калбай, бир калыптуу аралашма болгондо кичинекей чыныларга куюп тоңдургучка салып коюңуз. Он мүнөттөн кийин алдын ала даярдап койгон жыгач кашыктарды дал ортосунан сайып, үч саатка тынч коюңуз.
Даамдуу — таттуу болсун!♥️

Жаңыл Исаева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here