Негизгиге Сурагым келет Айгүл: Күйѳѳм менен ажырашып туура кылдымбы?

Айгүл: Күйѳѳм менен ажырашып туура кылдымбы?

257

Шаарда тигүү цехин иштетчүмүн. Жумуш, акча табуу керек, бутка туруу керек деп жүрө берип 30 жашка чейин бой жүрүп калдым. Бир жолу социалдык тармактар аркылуу бир жигит менен таанышып, көп өтпөй жолуктук. Келбеттүү, жарашыктуу кийинген жигиттин 32 жашка чейин үй-бүлө кура электигин угуп “кантип эле?” деп таңгалып койгом. Анын “экөөбүз бири-бирибизди күтүп жүрсөк керек” деген сөзүнө ынап үч айдан кийин эле баш кошуп алдык. Ал Токмокто жашачу, жогорку окуу жайын бүткөнү менен туруктуу деле иши жок экен. Мен жумушума карап шаарга көчүп келели десем такыр көнбөй койду. Үйлөнгөн соң бир жума эле Токмокто турдук да, андан кийин мен өзүм жалгыз шаарга кайттым. Ошону менен бир бутум Бишкекте, бир бутум Токмокто. Кээде күн сайын каттасам, жумуш көп болгон күндөрү эки-үч күндөп бара албай калам. Күйөөм эмнегедир ага деле кайыл. Кызыктын баары кийин башталды. Менин боюма бүтүп, жолдо жүрүү кыйынчылык туудуруп калган маалда кайненеме: “Нурбек шаарга эле келсе болмок, талгактан кыйналып кеттим”,-деген элем телефондон. Ошол күнү эле үйгө барсам жолдошум каарданып тосуп алды. Көрсө, мен айткан сөздөрдү кайненем баласына таптакыр тескери кылып айтыптыр. Анын айтуусу боюнча “мен силер менен жашагандан тажап кеттим, айылыңарды көрөргө көзүм жок” деген мааниде айткан имишмин. Ошол күнү бизде биринчи жолу уруш чыкты. Тилекке каршы, акыркысы болгон жок. Улам барган сайын кайненем ар кандай сөздөрдү айтып күйөөмдүн оюн бузуп койгон болот, анан урушуп эле жатып калабыз. Баарынан да күйөөмдүн “шаарда кантип жашап жатканыңды кайдан билем, балким ичиңдеги бала деле меники эместир” деген сөздөрү мени катуу ыза кылды. “Чогуу жашайлы” десем же өзү келбейт. Ошентип ызы-чуу менен коштолгон күндөр биринин артынан бири өтүп уул төрөдүм. Дагы жакшы, балам күйөөмдүн эле көчүрмөсү болуп төрөлдү. Балам менен иштей албай калгандыгымдан цехимди жаап, биротоло Токмокко көчүп бардым. Бирок бул дагы, баланын төрөлүшү дагы бизди бактылуу кылып жиберген жок. Урушубуз мурункудан да тез-тез кайталанчу болду. Ар бир урушубузга кайненем себепкер болот. Ар кандай жалган жалааларды жаап уулуна мени жамандаганын койбойт, уулу болсо апасынын тилинен чыкпайт. Анын ою боюнча апасынын оозунан чыкканы мыйзам, калганыбыздын сөзүбүз сөз эмес. Атүгүл бул үйдө кайнатамдын да орду жок. Ал өзү менен өзү болуп эле оокатын кылып жүрө берет. Акыры бул үйдөгү мындай көрүнүшкө чыдабай 7 айлык баламды көтөрүп үйдөн чыгып кеттим. Андан бери эки ай убакыт өттү, күйөөм артыбыздан келмек тургай бир жолу телефон чалып да койгон жок. Ошентип үй-бүлөлүк жашообуз башталбай жатып аягына чыкты. Мен туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы? Негизи “апасынын балдарын” кайра тарбиялап алууга мүмкүнбү?

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here