Негизгиге Адамга адам тирек Айжан Токтоболотова: Бир заматта беш неберем атасыз калышты

Айжан Токтоболотова: Бир заматта беш неберем атасыз калышты

203

Жашоодо кандай гана оор тагдырлар бар. Бири оорудан азап тартса, бирин айттырбай келген кырсык тооруп кайгыга салат. «Жол кырсыгынан улам кызым жолдошунан айрылып, чырактай беш баласы менен жалгыз калды» деген эне Айжан Токтоболотова алардын башына келген кырсык тууралуу, азыр неберелеринин, кызынын дарылануусуна каражат жатпей жатканы тууралуу айтып берип кейип турду…

«Уулумдай болгон күйөө балам бар эле…»

Күйөө балам Дайырбеков Манас менен кызым Шайыкова Айпери 1989-жылкы болушат. Экөө 2011-жылы баш кошушкан. Эл катары жашоо кечирип, жакшынакай эле жашап жатышкан. Кудайга шүгүр, төрт кыз, бир уулдуу болушту. Көптөн бери эркек балалуу болууну эңсеп жүрүп уулу төрөлгөндө төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп жүрдү күйөө балам. Өзү дагы күйөө баладай эмес, мага уулумдай эле мамиле кылчу. Абдан жароокер, кичипейил жан эле. Минтип бир заматта кырсыкка кабылып, бизди таштап, үй-бүлөсүн таштап кетерин билсек эч жакка чыгарбай үйдө эле кармап отурбайт белек. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күнү күйөө балам, кызым беш баласы менен Балыкчыдан Бишкекти көздөй келе жатышкан. Ошондо саат түнкү 10дор чамасы экен. Жолдон биздикине кирип учурашып, кайра чыгышкан. «Эми кеч болуп кетти, жатып алып эртең менен жолго чыккыла» десем болбой койгон такыр. «Эчтеке болбойт, апа, ичпейм, чекпейм, Кудайга шүгүр, аман-эсен эле жетип алабыз»,- деп. Анан Токмокко жеткенде Бишкекке айланып өтчү жолдон болуп жатпайбы кырсык. Көрсө, рулдагы күйөө балам чарчаганынан уктап кетип, жолдогу чоң бакты катуу ылдамдык менен келип сүзүптүр. Үч кызы артында, кызым 9 айлык баласы менен жолдошунун жанында отуруп келатышкан. Улуу кызы менин колумда болчу. Кырсык болгондо жолдо эч ким болбогондуктан Токмокто таксист болуп иштеген дунган улутундагы адам жардам бериптир, тез жардам чакырып, акчасынын баарын төлөп берип. Учурдан пайдаланып ага терең ыраазычылык билдирип кетейин. Эгер ал киши болбогондо жаракат алган неберелерим көп кан жоготуп мындан дагы оор абалга туш болушмак экен.

«Кызым жолдошунан айрылганына дале ишенбей келет»

Тез жардам келип алгачкы жардамды көрсөтүп, күйөө баламдын абалы оор болгондуктан аны алып Токмок шаардык ооруканасына алып кетип бараткан жолдо үзүлүп кетиптир. Үч кызынын тең буту-колу сынып, бети жарылып, оор абалда ооруканага түшүшкөн. Кызымдын болсо боору жарылып кетип, аябай оор операцияны башынан кечирди. Кан аябай көп кеткендиктен кан чогултуп аябай түйшүк тарттык. Доктурлар дагы «кызыңызды Кудай колдоп эле аман калды» деп айтышты. Кызымдын абалы оор болгондуктан жолдошу каза болгонун алгач угузган жокпуз. Бир айдан соң, өзүнө келгенде айтсак ишене албай аябай ыйлады. Азыркыга чейин эле «биз эми эмне кылабыз?» деп кейип ыйлап эле отурат. Куда-кудагыйыма дагы аябай жаман болду. Жакында эле кызынан ажырап кан жутуп турушту эле, минтип чырактай баласынан да ажырап калышты. Албетте, бул кырсык бүтүндөй биздин үй-бүлө үчүн аябай эле оор болду. Бирок баарынан дагы азап тартып жаткан кудам менен кудагыйым. Аларга бир гана сабырдуулук тилейт элем. Өз каныңдан жаралган баладан айрылуудан өткөн азап жок болуш керек бул жашоодо. Неберелеримди карап алып боорум ооруп ыйлайм. Кызымдын кийинки жашоосу кандай болот деп кабатырланам. Күйөө баламдын сүрөтүн көрсөм эле ичим ачышып буркуруп ыйлап алам. Эмне кылабыз, кырсык деген айттырбай келет экен да. Ажал алып кетсе эчтеке кыла албай эле ыйлак-сыктап кала берет экенбиз…

Элсом: 0776 14 07 16

Асель Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here