Негизгиге Ден соолук Гулнара Джунушалиева: Баланын рак оорусунан айыгып кетүүсү ата-энеден көз каранды

Гулнара Джунушалиева: Баланын рак оорусунан айыгып кетүүсү ата-энеден көз каранды

123

Акыркы жылдары онкологиялык оорулар күч алып атканы, болгондо да кичинекей балдардын арасында басымдуу экени өкүндүрөт. Бүгүнкү күндө Улуттук онкология жана Гематология борборунун балдар бөлүмүндө кырктан ашуун бала рак илдети менен күрөшүп жаткан кези. Бул оору эмне себептен күч алып жатканы, анын алгачкы белгилери тууралуу аталган борбордун бөлүм башчысы Джунушалиева Гүлнара Сагынбековна айтып берди

Гүлнара Сагынбековна, бул аты жаман илдет өөрчүй электе эртерээк аныктаса болобу?

— Негизи баланы алты айда бир жолу кан тапшыртып, жылына бир жолу медициналык кароодон өткөрүп турса бул оору азыркыдай кулач жайбайт эле. Бирок азыр ата-энелердин көбү мигрант болуп, балдар чоң энесинин колунда калып саламаттыгы жакшы каралбайт. Ата-энеси маңдайында болгон балдар деле убагы менен медициналык кароодон өтпөйт да. Бул ооруну жаңы пайда болгондо үй шартында аныктоо оор. Эгер баланын жүрүм-турумунан, тамактануусунда өзгөрүүлөр пайда болсо дарыгерге алып барыш керек. Мисалы, бала улам бир жери ооруп атканын айтат. Эртең мененкисин кусат, бат чарчайт, денесине кызарган тактар чыгат, тердеши мүмкүн. Бул өзгөрүүлөр рактын алгачкы белгилери. Мындай учурда баланы токтоосуз дарыгерге алып баруу керек.

Оорунун негизги себептери кайсы?

— Клетканын генинен көз каранды болот. Мындан сырткары радиоактивдүүлүк жогору болсо, организм химиялык ууланууга дуушар болсо, инфекциялык оорулар күч алып кетсе, стресс болсо рак клетка ойгонот. Бүгүнкү күндө лейкоз — ак кан оорусу көп кездешип атат. Кандын негизги үч клеткасы бар. Эритроцит, тромбоцит, лейкоцит. Үч клетка үч башка милдетти аткарат. Организмде инфекциянын кайсы бир түрү өөрчүп кетсе клеткалардын иштөө функциясы бузула баштайт. Ушундан улам бул оору пайда болот. Мээнин шишиги да көп кездешип жатат. Кээде тубаса болушу мүмкүн, көп учурда кайра эле ошол клеткалардын иштөөсү бузулганда ошол жерден шишик пайда болот.

Бул жакка келгенде дарылоо жолу кандай болот?

— Шишикти аныктоо үчүн компьютердик томографиядан өткөрөбүз. Анализдерине 2-3 күн кетет. Терапия баланын салмагына, боюна, оорунун стадиясына жана түрүнө жараша берилет. Химиотерапия – шишик клетканы өлтүрүү же өсүшүн жайлатуу үчүн, операциянын алдында шишиктин өлчөмүн кичирейтүү үчүн да колдонулат. Кымбат химиялык дары организмге кан тамыр аркылуу барат. Дары организмге кан аркылуу киргенден кийин рак клеткаларын өлтүрө баштайт. Тилекке каршы таза клеткалар да жабыр тартат. Аты айтып тургандай эле химиялык дары чачтын, тырмактын тамырына залакасын тийгизет. Ушундан улам чач, тырмак түшөт. Терапия токтогондон кийин чач мурдагыдай өсүп баштайт. Оорунун 1-2-стадияларында химиотерапия менен айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. 2-3 курстан кийин биз баланы кайрадан томографияга тартып шишиктин өлчөмүн карап турабыз. Улам кичирейип отуруп бара-бара рак клеткасы өлөт. Ал эми рактын акыркы, башкача айтканда, 2-3-стадияларында бул терапия жардам бере албайт. Андай учурда операцияга жиберебиз.

Операциядан кийин деле рак клеткаларынын кайра пайда болуу коркунучу жогору экен?

— Ал рак клеткасынын өлчөмүнө жараша болот. Бизге көп учурда өөрчүп кеткен учурда келишет да. Ошондо рак клетка агрессивдүү болуп, хирургияга да баш ийбей калат. Доктурлар шишикти толугу менен алганга аракет кылышат. Бирок баары бир деле кайсы бир бөлүгү калып калса кайра өсө берет. Ал эми оорунун баштапкы стадиясында операция жасалса толугу менен айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Химиотерапия организм үчүн чоң сокку да. Балдар чоң кишиге караганда аны оор көтөрсө керек?

— Тескерисинче, балдар жеңилирээк көтөрөт. Албетте, башында кусат, кыйналат. Бирок өсүп жаткан организм баары бир ооруну жеңүүгө жөндөмдүү болот. Бала деген балалыгын кылып чуркап алаксып кетет. Бир кыйынчылык, оорулуу агранулоцитоздук абалга түшүп калуусу мүмкүн.

Ал кандай абал?

— Башында кандын 3 негизги курамын айтып өтпөдүмбү. Эритроцит, тромбоцит, лейкоцит. Химиядан кийин ушул үчөөнүн бирөөсү нормадан төмөн болсо кыйынчылык келип чыгат. Лейкоцит азайып кетсе гемоглабин төмөндөйт, инфекция пайда болот. Тромбоциттин деңгээли төмөндөсө кан токтобой калуусу мүмкүн. Мындан улам бала кичинекей жерин чийип алса деле кан кетип, бүйлөсү канап, кээде заарасы кан аралаш чыгуусу мүмкүн.

Мындай коркунучтун кантип алдын алуу керек?

— Биринчи орунда химия алууга шарт жакшы болуш керек. Гигиенаны кылдат сактоо зарыл. Жада калса бала химия аларда жыныстык органдары таза болбосо организмге инфекция кирүү коркунучу жогорулайт. Бөлүмдө жаткан бир бала чүчкүрүп калса, бүт баарына жугат. Ал эми химиядан кийин инфекция жуктуруу бул –кымбат дарылануу текке кетти дегенди билдирет. Ушундан улам биз бөлүмгө ата-эне, баладан бөлөк эч кимди киргизбейбиз. Андыктан химия алардын алдында бала ооруп калган болсо айыкмайын терапия кылбайбыз. Өткөндө бир аял кызына кызылча оорусун жуктуруп келиптир. Эми андан айыкмайын химия албайт. А шишиктин күн санап өсүп атканын ойлоп сарсанаа болуп отурам.

Бул оорудан түп-тамырынан айыккан балдар барбы?

— Ооба,оорунун алгачкы стадиясы болсо 2 жыл үзгүлтүксүз терапия алып, айыгып кеткендер бар. Алар толук айыкты дегенде деле 5 жыл биздин көзөмөлдө болушат. Мындан он беш жыл мурда 14 жаштагы кыз ооруп келген. Азыр айыгып, турмушка чыгып, эки балалуу болду. Дагы бир бала айыгып, азыр университетте сабак берип иштейт. Мындай мисалдар көп эле.

Дарыгер катары баланын оорусун ата-энесине угузуу оор болсо керек?

— Албетте оор. Көбү ыйлап, өзүн таштап салып эмоцияга алдырышат. А биз, дарыгерлер убакыттан уттурбашыбыз керек. Мен диагнозун угузганда ата-энелерге мындай деп айтам: Рак үч учурда айыкпайт, биринчиси –шишик өөрчүп кетип, терапияга моюн сунбай калганда, экинчиси- терапияны орто жолго таштап аягына чейин албай койгондо рак клеткасы кичирейгени менен өлбөй жашынып калат дагы баары бир кийин чыгат. Үчүнчүсү –бала инфекцияга кабылганда рак клетка ого бетер өөрчүйт. Андыктан баланы убагында дарыгерге көрсөтүү, рак менен күрөшүп аткан учурда балага туура кам көрүү ата-энени милдети. Баланын айыгып кетүүсүнүн 90 %ы кароодон көз каранды.

Учурда бөлүмдө канча бала дарыланып жатат? Алардын билим алуусуна да көңүл бурулганбы?

— Бөлүмдө азыр 48 бала бар. Калган балдар маал-маалы менен келип химия алып турушат. Калган учурда үйүндө ата-энесинин көзөмөлүндө болушат. Себеби азыр бөлүмдө бала көп, орун аз. Бир палатага жаткан 4-5 бала бири –бирине сасык тумоо жугузуп, анын кесепетинен бүт бөлүмдө жаткандар азап тартат. Ушундан улам азыркы нормага ылайык бул жакта үзгүлтүксүз химия алгандар жатат. Балдарга “Жардам берүү оңой” деген коомдук фонд менен Билим берүү министрлиги бир бөлмөнү класс кылып жасап, керектүү эмеректер менен камсыз кылышкан. Борбордогу № 60 мектептин мугалимдери химия алган балдарга үзгүлтүксүз билим берип келишет.

Химиотерапияга ата-энелер акчаны өздөрү табышабы?

— Жылына бир балага терапияга аз дегенде 8- 12 миң доллар кетет.Президентке жазып атып бюджеттен азыр акча которула баштады. Жеке фонддор жакшы жардам берет. Ошондо балдардын дарылануусуна 80% мамлекеттен акча которулса, калган 20%ды кайрымдуу