Негизгиге Психология “Апасынын баласы”. Кайра тарбиялоого болобу?

“Апасынын баласы”. Кайра тарбиялоого болобу?

191

Энени сыйлоо, ага жардам берүү, жакын болуу – ар бир баланын милдети. Бирок энесине өтө эле жакын эркек эл арасында “апасынын баласы” аталып, аялзаты тарабынан жакшы кабыл алынбайт. Анткени энесине чектен тыш байланган эркектин өз алдынча үй-бүлө күтүп кетүүсү татаал.

“Апасынын баласы” эркектин 10 БЕЛГИСИ

☑️Пассивдүү болот. “Апасынын баласы” эркек сиздин сунушуңузду жана каалооңузду кыйынчылык менен аткарат. Аны аткарбоонун айласын издеп миңдеген шылтоонун башын айтат. Сиз оор кырдаалга туш болуп, кандайдыр бир колдоого муктаж болуп калганыңызда жардам бере албайт.Маселелериңизди өзүңүз чечип алышыңызды күтөт.
☑️Таарынчаак болот. Ал көптү талап кылат, бирок өзү аз берет. Анан өзү каалабагандай нерсе болсо дайыма таарына берет.
☑️“Апа” деген сөздү көп айтат. Эки сөзүнүн бири апасына байланыштуу болуп, биринчи эле жолугушуудан кийин сизди апасы менен тааныштырууну каалайт. Телефондон да апасы менен көп сүйлөшкөнүн байкайсыз. Апасынын суранычы – ал үчүн мыйзам болуп эсептелинет. Андайда экөөңөрдүн планыңар дароо артка жылып кетет. Ооба, ага чындыгында жардам керек болуп калган учурлар болот. Бирок бул көрүнүш улам-улам эле кайталана берсе, сиздин жигитиңиз кадимки эле “апасынын баласы” болот жана андан оолак болууга туура келет.
☑️Мамиледе тажрыйбасыз болот. Аялзаты тууралуу, алардын психологиясы тууралуу аз билет, андыктан өзүнүн бактысын табуудан кечигип жүрө берет. Көбүнчө апасынын ордун алмаштыра ала турчу бийликчил аялдарды тандап алышат.
☑️Белек бербейт. Чоң сүйүүнү, чоң келечекти убада кылат. Бирок бир тал гүл да алып бербейт. Баары алдыда экенин көп кайталаганы менен эч качан сизге белек тартуулабайт.
☑️Акча жаатында апасына көз каранды болот. Же иштебейт, же иштеп тапкан акчасын бүт бойдон апасына алып келип берет. Апасы болсо жашоосуна жеткидей акчаны бөлүп берет.
☑️Биринчи кадамды ал эмес, сиз таштайсыз. Анткени мындай эркектер демилге көтөрүп көнгөн эмес. Ал үчүн ар дайым апасы кылат – жакшы баа алыш үчүн мугалимдер менен сүйлөшөт, өзүнүн курбуларынын кыздары менен тааныштырат…
☑️Силердин мамилеңер тууралуу апасы баарын билет. Эгерде жигитиңиздин апасы менен тааныш болсоңуз, андан “ооба, балам айткан” деген фразаны көп угасыз. Ар бир түгөйдүн өздөрүнө тиешелүү сыры болот эмеспи, а сиздерде андай болбойт. Анткени мындай эркектер апасынан сыр жашырышпайт.
☑️Кийимди апасы сатып берет. Жигитиңиздин кийимдерин ким тандаганына кызыгып көрүңүз. Эгерде апасы тандаган болсо, анда ал “апасынын баласы”.
☑️Ар качан апасы менен салыштыра берет. “Менин апам тамакты даамдуу жасайт”, “бул көйнөгүмдү апам колго жуучу…” деген сыяктуу салыштырууларды тез-тез угуп турасыз.

Эгерде күйөөңүз “апасынын баласы” БОЛУП КАЛСА…

☑️Мындай эркекти кайра тарбиялоонун эң жакшы жолу – кандай жол менен болбосун бөлүнүп кетүү. Болгондо да алысыраак жакка. Албетте, мындай эркектер башында апасын сагынып жаман болушат. Жасаган тамактарыңызды жактырбай апасыныкы менен салыштырып айлаңызды кетирет. Бирок баланы тарбиялагандай эле кайра башынан тарбиялап өз алдынча жашоого көндүрсөңүз болот.
☑️Кайненеңиз менен жакын болуңуз. Ага тез-тез барып же конокко чакырып аны тууроого аракет жасаңыз. Баласы жакшы көргөн тамактардын рецептин сураңыз, ал кызыккан нерселерди билип алыңыз. Муну менен биринчиден, апасы менен ынтымактуу болгонуңуз үчүн жолдошуңузду сүйүндүрсөңүз, экинчиден, анын психологиясын батыраак өздөштүрөсүз.
☑️Кайненеңиз тууралуу кымындай да жаман сөз айтпаңыз. Айрыкча баш кошкон алгачкы жылдарда. Болбосо күйөөңүз үчүн дароо эле жаман аялга айланасыз.
☑️Күйөөңүздү башкарууга аракет кылбаңыз. Болбосо аны таман астындагы эркекке айлантып, өзүңүз ал үчүн “экинчи апа” болуп каласыз. Ага үй тиричилигине байланыштуу оор эмес тапшырмаларды берип, керек жерден жардамдашып туруңуз.
☑️Аны эч качан сындабаңыз. Болбосо энесине качып кетип калат. Ар бир туура чечими үчүн мактаганды унутпаңыз.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here