Негизгиге Кесип Марал Койчукараева: Кино айдыңына биротоло киргенден корком

Марал Койчукараева: Кино айдыңына биротоло киргенден корком

166

Режиссёр Нурбек Эгендин эмгегинен жаралган «Ээнсиреген үй» тасмасы эсиңизде болсо керек. Фильмде баш каарман Аселдин ролун аткарган актриса Марал Койчукараева өзгөчө образды ачып бере алгандыгы менен көпчүлүктүн эсинде калган эле. Учурда актриса уулу Искендерди тарбиялап, сүйгөн кесиби – мал доктурлукту аркалоо менен алыскы Москва шаарында жашап жаткан кези.

— Марал, кандайсың? Эки жылдан бери Москвада экенсиң. Көнүп калдыңбы бөтөн жердин жашоо шартына?

— Баары жакшы, рахмат. Учурда Москва шаарында жашап, өзүмдүн ветеринардык кесибим боюнча эмгектенип жүргөн чагым. Бул жакта жүргөнүмө эки жылдай болуп калды. Кичинекей кезимден тартып эле турмуш-шартка байланыштуу ата-энем менен көп жер которуп жашап көнүп деле калгам. Анын үстүнө адамдар менен бат эле тил табышып кетем. Ушундай мүнөзүмдүн жардамы менен бөлөк жерге көнбөй, ыңгайсыз абалда калган учурум болгон эмес. Анын үстүнө азыр ата-энем, балам жанымда. Алардын колдоосу менен эч кандай куса-санаам жок, көңүлүм ток эле.

— Эмне үчүн ветеринардык кесипти тандап алгансың?

— Мага бул кесип жагат. Жумушка келгенде кадимкидей ырахат алам. Маанайым жок учурда ит-мышыктарды кучактап, өөп алсам кадимкидей жыргап калам. Мен жаныбарларга аябай жакынмын. Биз, кыргыздар итти короодо жаман шарт менен кармайбыз, жеген ашы эң жакшысы эле жугунду, ооруп калса дарылабастан, «тиги кошуна ийне берип койду» деген диагноз коюп коёбуз. Ошол нерселерди ойлогондо аябай жүрөгүм ооруйт. Москвада үй жандыктарына абдан сый мамиле кылышат. Абройлуу адам гана ит, мышык багат деген түшүнүк бар орустарда. Ошон үчүн менин жумушума суроо-талап көп, айлык маянасы да жогору. Бул жакта өзүмдү кадимки ооруканада иштегендей эле сезем. Сыркоолоп калган итти, мышыкты же болбосо башка жандыктарды алгач кабылдоочу бөлүмгө алып келишет. Ал жактан ооруган жандыкка диагноз коюлуп, эгер оорусу көп деле олуттуу болбосо ийне сайып, дары жазып берип узатабыз. Эгерде тамчылатма дарыга муктаж болсо, аны дагы жасап беребиз. Ал эми инфекцияга кабылса, операцияга муктаж болсо кадимкидей эле ооруканага жатып дарыланып чыгышат.

— «Ээнсиреген үй» тасмасынан кийин башка кинолордо роль жаратканыңды көрө алган жокпуз. Ошол ролго карата айтылган сын-пикирлер сени кино тармагынан алыстатып койгон жокпу?

— Жок, мен тасмага тартылып жатканда эле ошол сындарды угууга даяр болчумун. Кыргыз кызы жараткан бул роль талкууга түшпөй калбайт болчу. Бул эми жөн гана роль да. Мен кылмыш кылган жокмун да, туурабы? Ата-энем башында эле айткан, «искусство менен алектенем десең, анда бул сенин хоббиң гана болушу керек» деп. Эгер шартым туура келсе, сунуш болсо киного тартылууну улантсам деле болот. Бирок өз кесибимди таштап, биротоло кино айдыңына киргенден корком. Чыгармачыл чөйрө бул – өз жашооңду тобокелге салуу, бирде бар, бирде жок.

— Ата-энең бул ролуңа кандай баа беришти эле?

— Атам, албетте, тасманы көргөндөн кийин аябай нааразы болуп, мага таарынып жүрдү. Ортодо бир аз пикир келишпестиктер дагы болду. Бирок убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келди десем болот. Апам болсо башында эле макул болуп, колдогон. Антпеске аргасы да жок эле. Анткени мен аларга кастингден өтүп, Москвада өтчү съёмкаларга бармакчы болгондо, мен үчүн билет алынып калганда гана айткам. «Каршы болсоңор дагы, менден баш тартсаңар дагы, баары бир барам, тартылам»,- деп туруп алгам. Анан аргасыздан макул болушкан.

— Уулуң чоңоюп калса керек. Канчага чыгып калды?

— Уулум Искендер сентябрда 5ке чыгат, буюрса. Өзү дагы туулган күнүн күндө санап отурат. Бала бакчага барат. Бирок дайыма эмес. Үйдө баламды каралашкан апам болгондугуна байланыштуу кээде гана балдар менен аралашсын деп алпарбасам, көпчүлүк учурда таенеси менен болот. Аябай тентек. Атасы дагы, мен дагы жаны тынбаган шок адамдар болгонгобу, балам боюмда кезинде эле туугандар «аябай тентек бала болот болуш керек» деп айта беришчү. Айткандай эле бир жерде отурбаган бала болду. Көңүл бурууну аябай жакшы көрөт. Үйгө эки-үч конок келип калса эле ырдап, бийлеп, болгон өнөрүн көрсөтүп жатып калат.

— Анда ата-энесинин жолун жолдочу бала экен да?

— Ооба, өзүм дагы ошентип ойлоп коём. Актёрдук кесипти тандашын анча каалабайм. Бирок эгерде өзү кааласа, анда айла жок, ар бир адам өзүнүн каалаган кесибине ээ болушу керек. Эми аны убакыт көрсөтөт.

— Уулуңду жалгыз тарбиялап жатыптырсың. Бул оор болсо керек?

— Жолдошум менен жашабай калганым эле болбосо, мен жалгызмын деп айта албайм. Мен баламды жалгыз баккандан коркпойм. Материалдык жактан аксап калам деп да ойлобойм. Мени бир гана ойлондурган нерсе бул – уулумдун тарбиясы. Мен аялдык мээримдүүлүккө салып баламды эрке кылып албаймынбы деп чочулайм. Баары бир эркек балага атасынын тарбиясы абдан маанилүү да. Ошондуктан азыр эркек баланы тарбиялоо боюнча өзүмө көп маалыматтарды топтоп жүргөн учурум. Азыр кичинекей болуп билинбейт, келечекте эркек деген атка татыктуу болуп чоңойсо экен дейм.

— Мурунку жолдошуң, актёр Атай Өмүрбеков менен эки башка жолго түшүшүңөргө эмне себеп болду?

— Атай экөөбүз бири-бирибизди аябай сүйдүк. Сүйүүбүз жомоктогудай көркөм болду десем жаңылышпайм. Бизде баары жакшы болчу учурунда. Ошол убактарды азыр эч кандай таарынычым жок, кубануу менен гана эскере алам. Эмне үчүн мен бир убакта сүйгөн адамымды ажырашып кетсем эле жамандап жатып калышым керек? Үч жыл сүйлөшүп, үч жыл чогуу жашаптырбыз. Кудайга шүгүр, уулдуу болдук. Ажырашып кетсе эле ийгиликсиз турмуш куруу болуптур деп жыйынтык чыгарып койгондор бар. Бул туура эмес. Анда эмне, эки адам бири-бири менен бактысыз болуп, бирок өмүрүнүн аягына чейин чогуу жашаса ийгиликтүү баш кошуу болуп калабы? Көрдүңүзбү, бардык нерседе чек бар. Ажырашуубузга кайсы бир нерсе себеп болду деп айта албайм. Маңдайыбызга жазылганы ушул экен. Кейигеним — баламдын толук кандуу үй-бүлөдө чоңойбой жатканы. Балам кээде: «Апа, Бишкекке барганда атам менен чогуу көлгө барып эс алып келеличи?»-деп калат. Андайда бир чети күлкүм келсе, бир чети жаман болуп: «Балам, андай болбойт»,- деп акырын баланын тилинде түшүндүргөнгө аракет кылам. Атай өзү деле атанын мээримине зар болуп атасыз чоңойгон. Ошондуктан баласын өксүтпөй анын жашоосуна аралашып турганга аракет кылат. Экөөбүз ортобуздагы сый мамилени сактап калганбыз. Кандайдыр бир маселе жаралып калса, бири-бирибиз менен сүйлөшө алабыз, кеңеше алабыз.

Асел Эсенбек кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here