Негизгиге Саамалык Мухтар Атаналиев: Он күн телефон кармабай тоодо жүрүү балдарга жагып жатат

Мухтар Атаналиев: Он күн телефон кармабай тоодо жүрүү балдарга жагып жатат

90

Келечектеги муунга тарыхты таанытуу, ата-бабабыз аздектеп келген каада-салттарды унутта калтырбоо максатында мурунку ырчы, обончу Мухтар Атаналиевдин “Көчмөндөр” этнолагери иштеп баштады. Балаңыз жайкы эс алуусун шаардын сыртында таза абадан дем алып, нукура азыктар менен тамактанып өткөрсүн десеңиз, төмөнкү маалымат сиз үчүн.

— Балдардын колунан уюлдук телефон түшпөй калган бүгүнкү күндө жакшы демилге баштаптырсыз. Идея кимдики?

— Бул менин үч жылдан бери ойлонуп келаткан ишим. Казактын “Көчмөндөр” деген киносунда хан баш болуп катардагы жоокерлер балдарын ушундай тоонун койнуна тарбиялоо максатында жиберишет. Ал жактан өспүрүм чыныгы жоокер болуп тарбияланып чыгат. Ушу нерсе идеянын өзөгү болду.

— Лагерь башталдыбы? Биринчи агымында канча бала бар?

— Ооба, лагердин он күндүк биринчи агымы аягына чыгып калды. Азыр ар кандай курактагы ондон ашуун кыз, дагы он чакты эркек бала бар. Баары шаарда өскөн өспүрүмдөр. Бала деген талаа-түзгө чыкмайын чыйралбайт. Балкондо эле отура берсе каруу да кирбейт. Андыктан бардык шарты бар жерден келген балдар башында бир аз жүдөгөнү менен тез эле көнүп кетишти, баарына жагып жатат. Бул жакта байланыш жакшы тартпайт экен, андан улам телефондорун өздөрү эле пайдаланбай коюшту. Башка облустарга караганда Чүй жылуу деп ушул аймактагы Арчалы жайлоосун тандап алганбыз. Жаан жааганда суу өтпөгүдөй кылып ичине клеёнка каптап 8 боз үй тиктик, ичине эки кабат керебеттерди койдук. Кыскасы, балдарга болушунча ыңгайлуу шарт түзгөнгө аракет кылдык.

— Улуттук ашкананын тамактарына басым жасайт экенсиздер?

— Бул да болсо балдар кыргыздын улуттук тамактарын жакшы билсин деген тилек. Бир күндө 4 маал тамактанышат. Тандырга бышкан нан, кымыз, боорсок, жарма болот. Тамактар казанга жасалат. Нукура азыктарды колдонуп атабыз. Мындан сырткары балдар тамак эле жеп тим болбостон, ар бир кыргыздын улуттук тамактары кантип жасаларын мугалимдерден үйрөнүшөт.

— Дагы кандай иш-чаралар бар?

— Биз программаны алдын ала катуу тартипте түзгөн жокпуз. Аба ырайына жараша болот. Мисалы, жаан жааса боз үйдүн ичинде кол өнөрчүлүк боюнча сабактар өтүлөт, мугалимдер жомок айтып беришет. Топ таш, чүкө менен упай оюндары ойнолот. Күн ачыкта сырттан күрөштүн түрлөрү уюштурулат. Тайган, бүркүт салып, ат минип, жаа атып, тоого чыгып дары чөптөрдү иликтеген программаларды уюштурабыз.

— Мугалимдер кантип тандалды?

— Мугалимдерди көпкө тандап отуруп акырында 6-7 устатка токтолдук. Ал жакта дайым 3 мугалим балдардын тамагын карап, көзөмөлдөп турат. Ал эми жаачы, бүркүтчү, тайганчы, кол өнөрчүлөр программа боюнча кезеги келгенде Бишкектен барып турушат. Алардын баары менен келишимдин негизинде иштешип баштадык. Буюрса, кийинки агымдарга келе турган балдарга кой сойгонду, устукандаганды үйрөтө турган мастер-класстарды кошсок деген пландар бар.

— Баасы кандай? Сөзсүз эле он күнгө барыш керекпи же эки күнгө эс алып кетсе деле болобу?

— Он күнгө 7000 сом, ошондо бир күнгө 700 сом болуп атат. Элдер каалоосуна жараша балдары менен эс алуу күндөрү келип кетсе болот. Бир үйдөн 2 бала барса 600 сомдон болот. Коомдук ишканалар 20-30 баланы бир жиберет элек, арзандатуулар болобу дейт. 600 сомдон ылдый болбойт. Анткени тамак-ашты, кеткен чыгымды актабай калат. Буюрса, лагерь августтун 25ине чейин уланат.

— Ата-эне менен ортодо келишим барбы? “Балам таза абага чыгып, чыңалсын” деген ата-энелер көп эле болсо керек?

— Ооба, ата-энелер бизге өздөрү кайрылып атышат. “Жамаатка аралашканды үйрөнсүн, жаан-чачын, шамалга бышсын” дегендер көп. Бирок бул баланын эркине каршы лагерге жиберип атат дегенди түшүндүрбөйт. Балдар барганда эле башкаларга аралашып, кызыгып кетип атышат. Биздин убакта 6-7-классыбыздан баштап тоонун башында чөп чаап, жүгөрү, пахта тергени чыкчубуз. Ошого жараша бышык болуп өстүк. Ал кезге салыштырмалуу азыр балдарга жыргал да. Баласын бизге тапшырып аткан ата-энелер менен кагаз түрүндө келишим түздүк. Ал жакта биздин негизги милдет- баланын коопсуздугу, жоопкерчилиги мойнубузда болот. Ата-эне болсо убагында акчасын төлөө керек.

— Лагерди башынан түптөгөнгө көп каражат жумшалгандыр? Каржы жагынан ким колдоо көрсөтүп атат?

— Бүгүнкү күнгө чейин бир жарым миллион сом жумшалды. Азырынча өзүбүздүн каражатыбызга иштетип атабыз. Лагерь ачылгандан бери элдин кызыгуусу жакшы болуп атат. Дагы кошумча боз үйлөрдү тигип кеңейтүү керек болуп турат. Ушул тармакты жакшы түшүнгөн, иштешем дегендер болсо учурдан пайдаланып өнөктөш болууга чакырып кетер элем.

— Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп атат?

— Буга чейин 7 көркөм тасманын сценарийин жазып, команда менен тарттык. Бүгүнкү күндөгү орчундуу маселени камтый турган тарыхый тасма тартсам деген планым бар. Ырчылар менен да кызматташып атам. Кээ биринин тексттин же обонун оңдоп түздөп берем. Чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Болгону мурдагыдай өзүмдү жарнамалабай калдым. Ага Кудайдын алдындагы жоопкерчилигим себеп. Чыгармачылык деген түшүнүк концерт коюу менен эле чектелбейт деп ойлойм.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here