Негизгиге Адамга адам тирек Улан: Уулум рактан жакшы болуп баратат, биротоло айыгышына жардам керек

Улан: Уулум рактан жакшы болуп баратат, биротоло айыгышына жардам керек

111

Замандашыбыз Улан мырза аз убакыт эле мурун тѳгѳрѳгү тѳп келген бактылуу жашоонун ээси эле. Уулуна жармашкан жаман дарт анын үй-бүлѳсүн бир заматта арманга салып отурат. Ата-эне ага карабай илгери үмүт менен алга умтулууда.

“Бешинчи балам рак оорусу менен ооруп калды”

▶️Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынан болом. Жашым 40та. Айылда устачылык менен алектенип, кошумча дыйканчылык кылып үй-бүлөмдү эч кимге кѳз каранды болбой багып келгем. Жубайым экөөбүз беш баланын ата-энесибиз. Кичүү уулубуз үч жашта, улууларым мектеп окуучулары. Жубайым балдар менен үйдө. Кенжем Муса үч жашка чыгып, таттуу тили менен бактыбызды арттырып турган маалда жаман илдет менен ооруп калды. Уулум төрөлгөндө да, курсакта жактан кезинде да ден соолугу чың болчу. Үч жашка чейин тиешелүү анализдерди тапшырып, ийнелерин алып турчубуз. Ден соолугуна карата эч кандай даттануу болгон эмес. Март айында сол жак бети күтүүсүз шишип баштады. Бир айдын ичинде эле чоңоюп кетти. Жүрөгүбүз түшүп ооруканага алып барсак тез арада борбор калаадагы ооруканага баруубузду айтышты. Ал жерден баламдын жаагында чирик бар экенин билдик. Операцияны тез арада кылып, жаагын алмаштыруу керек болду. Бирок мындай операция бизде жасалбагандыктан Орусиядагы жаак-сөөктөрдү изилдөө борборуна багыттама жазып беришти. Каражатыбызды чогултуп алып үч күндө барып калдык. Ал жактын доктурлары “төртүнчү даражадагы рак оорусу” деп Мусаны чечиндирип алып денесин бүт карап чыгышты. Бир жак бутунун тизесине да метостаза берип жатыптыр. Тизесин биз деле байкачубуз, бирок буту менен катуураак урунуп алса керек деп анчейин көңүл бурган эмеспиз. Ошентип май айынан бери Орусиядагы ооруканалардын биринде дарыланып жатабыз.

“Уулумду көрүп заманам куурулат”

▶️Азыр баламдын акыбалы жакшы. Башында баса албай, маанайы суз, тамакка табити жок болуп, такыр эле шалдырап, колдору да кыймылдабай калган. Суу менен эле суу кошулган йогурт иччү. Аябай арыктап да кеткен эле. Баламдын акыбалын, жалдырап жаткан көзүн көрүп же жардам бере албай айлам кетип, ичим күйчү. Химиотерапия алгандан бери өз алдынча эки-үч кадам болсо да басып, тамакты ылгабай жеп баштады. Күнүгө бир маал эшикке чыгып келет. Буюрса, химиянын пайдасы аябай жакшы билинип жатат. Бутундагы, бетиндеги шишик тарап жатат. Доктурлар дарылоо учурунда химияга кошуп ар кандай дарылар куюлуп же кан куюлуп туруусу мүмкүн экендигин айтты. Бир күндө үч же он жолудан деле кан куюлуп калышы ыктымал. Химия башка органдарына залакасын тийгизген жок. Демек кийинкилерин да көтөрө аларын айтып жатышат. Жыйынтык толук жакшы болуш үчүн химияны токтотпой алышыбыз керек.

“Бир химия 2 миллион рублга чейин бааланат”

▶️Орусияга келгенибизге эки айга чукулдап калды. Биякта дагы сегиз ай жатышыбыз керек. Диагностиканы эле 500 миң рублга жасаттык. Ар бир химия эки миллион рублдан болуп, болжолдуу 12-13 миллион рубль сарпталат экен. Орусияга келе жатканда эптеп бир миллион сом чогултуп алып келгенбиз. Себеби бизге ар бир курс сайын бөлүп төлөп турууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. Башка акча сурашпайт, бирок майда-чүйдөлөрдү, кээ бир дарыларды сатып берип турушубуз абзел. Азыр негизги сумманы эле таап алсак деп чуркап жүрөбүз. Өзүм ата-энемдин үйүндө жашайм, өзүмө таандык үй-жайым жок. Үйдө беш-алты жандыгыбыз бар болчу, анын баарын сатып акча кылдык. Тууган-туушкандарыбыз да жардам берип жатышат. Айтылган сумма биздин чѳнтѳк үчүн абдан чоң акча болгондуктан кыйын болуп жатат. Же сатайын десем мүлкүм жок, аябай кыйналып турам. Азыр Москвадагы мечиттерге туруп акча сурап жатабыз, элчиликке да кайрылдык. Бизге көбүнчө бул жакта жашаган боордошторубуз жардам берип жатышат. Беш баламды эч кимге кѳз каранды болбостон ак эмгегим менен багып келе жаткан элем. Күтүүсүз ушундай сыноого туш келип калдык. Эми уулумдун өмүрүн сактоо үчүн гана жан үрѳп калдык. Колуңуздан келсе жардамга кол сунуңуздарчы?! Кылган жакшылыгыңыз сизге эселеп кайтсын!

Элсом: 0773 54 05 15
Сбербанк: 4276380174800081

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here