Негизгиге Психология Толук эмес үй-бүлѳдѳ тарбияланган бала ким болот?

Толук эмес үй-бүлѳдѳ тарбияланган бала ким болот?

151

Ата-эне — балдардын негизги мээрим булагы. Ата-эне наристенин биринчи кумири, таянар тоосу, досу жана сырдашы. Ата-эненин өз баласына төккөн мээримин эч бир жылуулук алмаштыра албайт эмеспи. Ал эми томолой же тирүүлөй жетим болуп калган балдардын абалы кимди гана болбосун өкүндүрбөй койбойт. Канткен күндө да мындай тагдырга кабылган балдарга туура багыт берип жаркын келечекке үндөө ар бирибиздин милдетибиз.

Чоң ата, чоң апа, таене жана таятанын колунан алган тарбия менен өз ата-энесинен алган тарбия таптакыр эки башка нерсе. Замандын талабына ылайык жумуш издеп мигрант болуп кеткендер же турмуш жолу эки айрылышка түшкөн үй-бүлөлөр көбүн эсе балдарын ишенимдүү адамдарына таштап кетишет. Бирок жаш балапандардын көңүлү, жан дүйнөсү муну кабыл алабы же жокпу бул башка маселе. Мындай шартта биз аларды тирүүлөй жетим абалына туш болгондор деп атасак болот. Ал эми тагдырдын жазмышы менен эрте жашында атасынан, апасынан же экөөнөн тең айрылып калгандарды жарым жартылай же томолой жетим абалындагылар десек болот.

Атасы жок үй-бүлѳдѳ тарбияланган эркек балдарда жаралуучу айрым маселелер:
— Мектепте же бала бакчада тартынчаак болуп жана көп маселелерди жаратат. Коомчулук менен тил табыша билбейт.
— Үйдөн качып кетүү тууралуу көп ойлонот.
Тамеки чегүүгө, наркотикалык заттарга же алкоголго тез берилет.
— Мектепте окуса эч нерсеге көңүлү келбей начар окуй баштайт.
— Ден соолугу начарлап, өзүнө көңүл бурбай калат.
Жалгыздыкты жактырат.
— Максат коюп, келечекке план түзүп жашоодон коркушат, же жеңил ойлуулукка тез алдырышат.

Атасы жок үй-бүлөдө тарбияланган кыздарда жаралуучу айрым маселелер:
— Өзүн-өзү баалоосу жоголот.
— Атасынан берилүүчү сүйүүнү ар убак издеп улуу адамдардын азгыруусуна бат чалдыгышат.
— Турмуш курганда күйөөсү андан аялдык сүйүүнү күтсө,атасы жок өскөн кыз андан аталык мээримди күтө берет. Мындай абалда өзүнө мистикалык каармандын образын түзүп алып “чыныгы эркек жок ” деген түшүнүккө келет.
— Мамиледе жана ой жүгүртүүдөтуруксуз болот.
Эң коркунучтуусу, сексуалдык көз карашы туура эмес калыптанып калышы ыктымал.

Энеси жок өскөн балдарда жаралуучу айрым маселелер:
— Эркектик эмес, аялдык сапаттарга көбүрөөк жакын болуп өсүп калат.
— Кыздардагы артыкчылыктарды баалай албайт.
Ата жана татыктуу жар болууга психологиялык жактан даяр эмес болот.
— Досторунун арасында позициясын кармай албаган кыз мүнөзгө ээ.
— Жеке басар сапатына ээ болушат.
— Сабырсыз болуп калыптанышат.
— Принципиалдуулукту, чечкиндүүлүктү алып жүрө албайт.

Энеси жок өскөн кыздарда жаралуучу айрым маселелер:
— Өзүн аялдык жашоого даярдабайт.
— Коомчулукта өз ордун табууда кыйналат. Психологдор мындай адамдарды индивид деп атап коюшат.
— Ата-энеге, улууларга сый мамиле кылуу, аларды камкордукка алуу сезимдери туруксуз болот.
— Сырды сактоо же досторуна ишенип сырдашуудан айбыгат.

Балдардын ата-энесинен алыс же алардан айрылгандагы тынчсыздануусу кандай болот

Куса болуу. Ар кайсы жактан атасын же апасын издеп аларды көрүүгө ашыгат. Сагынат, эч кимге көрсөтпөй же себепсиз эле ыйлап, басынып, түнкү уйкусу бузула баштайт.

Кыжыры кайноо. Өзүнө-өзү жини келип “эч кимге керегим жок” деп сезиши ыктымал. Кээ бир убакта ошол мезгилде багып жаткан адамдарга жинденип “бул жок болгондо ата-энем мени эч кимге таштамак эмес” деп ойлошот. Ошондой эле ата-энелүү балдарга дагы жини келип агрессивдүү болуп калышат.

Депрессия. Эч нерсеге көңүлү келбей келечеги тууралуу ойлонгусу келбейт. Чоң адамдардай мүнөз күтүп сүйлөгүсү келбей, алы кетип ооруп дагы калышы ыктымал.

Күнөө. “Эмне үчүн бул менде гана болушу керек?”, “Мен жаман баламын” жана башка ушул сыяктуу өзүн-өзү жемелөөсү күч алат. Балакатка жетип калган маалында айрымдары өзүн ашык баш сезип өмүрүнө кол салууга чейин барышат.

Коркунуч. Эч кимге ишенбөөчүлүк сезими күчөп, жакын адамдарынан корко баштайт. Жалтактап өтүмү жок, же тескерисинче ар кимге кошомат кылган, эки жүздүү мүнөз калыптанып калуусу мүмкүн.

Жокко чыгаруу. Эгер ата-энесинин бири же экөө тең көз жумган болсо, кайрылгыс сапарга кеткенин түшүнүп калганда бир гана сагынуу менен жашап калышат. Ал эми ана-мына келет деген сооротуу менен, тагыраагы тирүүлөй ажырап калгандар үмүт менен жашашат. Ар убак күтө берип убакыт аралыгы алыстаган сайын көңүлү калып, ата-энеге болгон кусалык, сагынуунун ордуна кыжырлануу менен кек сактоо пайда болот.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here