Негизгиге Аңгеме Театрды сүйгөн кыз

Театрды сүйгөн кыз

252
Театрды сүйгөн кыз
Бүгүн да неберемди жетелеп театрга келдим. Жаңы жылдан кийинки эс алууну неберем менен театрга каттап ѳткѳзүү — адатым. Ал эми иш күндѳрү театрды сагынып, ал жакта мен жок эмне болуп атты экен деп ойлоно бермейим бар. Мага бир эле элести кайталап эстей берүүнү буюрган бул жер мага абдан жагат. Анда олтуруп ѳткѳн күндѳрүмдү эстейм. Жашоомдун бир барагы театрга арналгандай туям. Мени бул абалга бир гана адам – театрды сүйгѳн кыз туш кылган. Ал деле азыр мендей небере жетелеген карыга айланса керек. Балким, ушул жерде каршы-терши ѳтүп, театрды сүйүп, андан бирге ырахат алып жүргѳндүрбүз. Ал да мендей болуп кѳз айнек тагынып калды бекен? Ушинтип ойлоно берем. Ал тууралуу ойго баткан ар бир ирмемдин аягында «ыракмат сага, театрды сүйгѳн кыз» деп коём. А өзүнүн аты ким экени эсимде жок. Анын жайы мындай.
 
Окууну аяктап бойдокчулукка кошулган анык жыргалчыл жашоо баштадым. Жумушум билим талап кылып, башты оорутпаган иш. Ушул артыкчылыгына, анан акчасына карап тандап алгам. Болбосо мени окууну укмуш кыйратып окуган дейсизби. Эртең менентен баштап түшкү 3тѳргѳ чейин жүк ташуучу болуп иштейм. Эч кандай формуланын, теориянын кереги жок. Күчүң болсо болгону. Ичинде эмне бар экендиги белгисиз, таңгак-таңгак коробкаларды машинеге жүктөп, машинеден чоң дүкѳндѳргѳ ташып киргизем. Кечинде мени менен тең жарышып иштеген курбалдаштарымдан денемдин ооруганын, чарчаганымды жашырып кассага келем. Жашырганымдын себеби күн бою аларга атаандаш болгон соң эми аягына чейин жеңгендей түр кѳрсѳтүү керек. Баарыбыз ушинтебиз. Ошентип, жанталашып иштеген эмгегибизди эсептетип акчабызды алабыз. Андагы акчанын кененчилиги ай, кайда жумшарымды билбейм.
— Малик, кандайсың?
— Кандайын сурайсың, чарчап турам. Курсак ач, — досторумдун бул сѳзү мага майдай жагат. Дароо үнүмдү ѳктѳм чыгарам:
— Менин досум ачка жатпашы керек. Баланча кафеге келип кал. Бир сообуңа калайын, ха-ха-ха.
— Ушундай эле досумсуң да.
Ар бир кечим ар башкача, бири-бирине окшобой ѳтѳт. Күн сайын бир кафеде бир досум мененмин. Айрым кезде жаныбызда кыздар болуп калат. Андайда сокур тыйыны жок калып эртең менен жумушка ачка кетем. Кечте кайра баягы. Ошондой күндѳрдүн биринде бир досумдун туулган күнүнѳ бардык. Тууганыныкына жакындары менен бирге болгонго адаттагыдан тынч болуп тартиптүү отурдук. Бирок бул эч кимибизге жаккан жок. Менин ичтен тынып бир гана кымыңдаганым мейман кыздардын эң сулуусу менен катарлаш отурганым болду. Абдан татынакай экен. Күлгѳнү укмуштай жагымдуу десең. Бирок ал эмнегедир маанайсыз олтуруп, улам саатын карап кеченин аякташын күтѳт. Бул жерге келгенине ѳкүнгѳндѳй.
Ал кечте мен аны ѳзүмѳ каратканды кой, жакшы сүйлѳтѳ албай койдум. Бийге чакырганым да бекер болду. Ал мени жекире карап, менден алыс болгонго аракет кылган сайын ага тартылам. Ансайын анын сырын билип, оюн бѳлүшкүм келет. Анан эле аны таппай калдым. Кетип калыптыр. Эч кимибиз баам албай калыптырбыз.
***
Ошол кечеден кийин басып-туруп ойлонгонум ошол сулуу болду да калды. Ал кезде азыркыдай телефон, интернет деген кайдан. Дарегин да сурабаптырмын, алаңгазар жаным. Досторумдан сураштырып, курбуларын иликтеп жүрүп жатаканасынан таптым.
— Кандайсың, сени күтүп аттым эле? – жатакананын оозунда эки сааттан бери олтурганымды билсе экен дегендей баса унчуктум.
— Анан?
— Биз Маликтин туулган күнүндѳ кезиккенбиз?
— Анан? – ал тыкылдап асфальт жолду жаңыртып баса берди. Мен артта калып калуудан намыстанып, бирок жанына да катарлаша албай ыңгайсызданып, тим эле жүдѳп кеттим.
— Кайда баратасыз?
— Театрга, — жаңы эле токтогон троллейбуска жеңил жетип түшүп кетти.
Абдан жалкоо, уйкучу болгонумду мойнума алам. Анын айынан курсташтарым менен театрга барып эс алуу бактысын сезбей калгам. Бул кыздын артынан жүгүргүм келгени менен ансыз да анын жанында басына түшкѳн жаным ѳмүрү босогосун аттабаган театрдын ичинде ого бетер жүдѳбѳйүн деп кала бердим.
***
Ошондон кийин ал сулууну ойлонсом да ага ѳзүмдү татыксыз сезип, андан алыс болуп калдым. Бирок сагына берем. Мурдагыдай шатыра-шатман жүрүүнү токтотконумду Малик байкаптыр. Жанымды койбой сурай бергенинде ашык болуп калганымды, сүйүү дартым бар экенин айттым. Кѳйрѳң досум заматта сулууну жолугушууга чакыра салыптыр.
— Эртең кечте жолугасың. Театрга барабыз.
— Эмнеге театрга?
— Аның башка эч жерге кызыкпайт экен, — жактырбагандай унчукту.
Эртеңки жолугушуу үчүн кубана алган жокмун. Театрдан башка жерге эле кѳндүрбѳйбү. Жѳн эле сейилдеп келсек деле болбойт беле. Кыжырдана кетип калдым. Эртеси сулууну кѳргүм келгеним менен дагы деле театрдын сүрүнѳ даап бара албадым. Аны киргизип жиберип күтүп турсамбы дейм, уялам. Сырттан эле күтүп алсамбы дейм, антип жага албасымды билем. Айтор, миң толгоно берип акыры барбай койдум. Өзүмдү байкуш сезип, басынып кала бердим.
***
Мен эми аны менен көрүшүүдөн үмүт үзүп койгом. Бул маалда жүк ташуучу жумушума айдоочулук ишти кошуп жумуштун машинесин айдап калгам. Рулдагы ордума кубанып бүтпѳй жүргѳн ал күнү иштен кайтып келе жатып автобекеттин тушунан баягы сулууну кѳрүп калдым. Абалын дароо түшүндүм. Айылдан келген апасын тосуп алып оор жүктѳрү менен жатаканага жетүүнүн жолун издеп турган экен. Чын дилден жардам бергим келди. Токтоп сунуштаган жардамыма “жок” деген жок. Жол бою апасынын жалынган сѳзүн угуп барып, жүктѳрүн ал жашаган кабатка чейин жеткирип бердим. Ѳзүмдү сулуу ашыгымдын алдында эркин сезип, ага катар жолугушуудан качкандагы уятымды жуугандай болдум.
— Рахмат, эми кандай ыраазычылык билдирсем экен? – кабак чытпай, жылмайып сүйлѳсѳ мурункудан да сулуу болуп калат экен.
— Жоок, эч нерсенин кереги жок.
— Андай болбойт, сизди драма театрында боло турган премьерага чакырам. Кечээ эле ага эки кишилик чакырууну сыйлыкка алдым. Келбей койбоңуз. Күтѳ туруңуз.
Ал акыркы баштыкты колуна алып чуркап кирип кетти да, айткан чакыруунун бирин алып чыгып мага сунду.
— Театрдан жолугушканча.
***
Бул жолу баш тартууга мүмкүн эмес эле. Жакшылап даярданып барайын дедим. Саатынан мурун барып сулууну күтүп алдым. Театрдын ичин биринчи ирет кѳрүшүм. Тим эле жаркырайт. Катар тизилген атактуулардын сүрѳтүн кѳрүп оозумду ачам. Унчуксам үнүм жаңырарын билип демимди ичиме катам. Колубуздагы кагазга карап жумшак орундуктардын арасынан ѳз ордубузду таптык. Алдыбызда сахна. Театрдын сахнасы. Тиземди калтырак баса баштады. Колумдагы кагазды бир топ ушалап салганымды сулуу аны менден алып койгондо билдим да, абдан уялып кеттим. Кудай жалгап ушул маалда жарык ѳчүп калды. Оюн башталды. Ал спектакль кандай аталганын жана кимдер ойногонун эстей албайм. Кыскасы, мага театр абдан жагып калды.
Ал күнкү каармандар менен катар жашоомдо жѳн гана сулуу же театрды сүйгөн кыз аталып калган ал каарманымдын атын ушул күнгө чейин эстегим келип, бирок таппайм. Мындай болушуна эртеси күнү болгон кырсык себеп. Мен театрга ашык болгон күндүн эртеси таң заардан авто кырсыкка кабылдым. Биздин унаадай чоң жүк ташуучу машине менен кагышып катуу жараат алып, эки ай дегенде ооруканадан чыктым. Доктурлар менин эсиме келишимди күтүшпѳптүр. Ал эми эсиме келген соң эч кимди тааныбаганыма кабатырланышпаптыр. Анткени мендей болуп башынан оор жараат алгандардын баары ѳткѳнүн таптакыр унутушат экен. Ооруканадан чыгарып келишкен соң мени ар кандай табып, молдо дегендерге алып барышты. Акырындык менен ѳзүм тууралуу айрым нерселерди эстей баштадым. Анан ата-энемди, бир туугандарымды таанып, алардын аттарын кайра башынан жаттап чыктым. Жарым жыл дегенде гана ѳз алдымча сейилдеп, бир жылга чукулдаган кезде шаар ичине чыга баштадым. Шаардын бир жери жаңы кѳргѳндѳй таасир калтырса, бири жакшы түшүмдѳй эске түшѳт. Алардын ичинен мен театрды ушундай бир сонун абалда тааныдым. Кызыгы, эч кимдин сурануусу, эркертүүсү жок эле мени бул жерге бир сулуу алып келгенин эстедим. Бирок атын эч таппай койдум.
***
Акыркы жолу доктурга кѳрүнүп, абалымдын абдан жакшы экендигин айтышкан соң апама бир ыраазычылык билдиргим келди. Аны ѳзгѳчѳ эс алдырайын дедим. Театрга алып бардым. Апам абдан кубануу менен барды. Мен анын театрды, белгилүүлѳрдү сахнадан кѳрүп жатканына эмес, менин аман-эсен сакайганыма, андан дагы бир кездеги кѳйрѳң, ала кѳѳдѳн уулунун токтолуп, ушундай жерде эс алууга жарап калганына кубанып атканын туюп аттым.
Доктурлар “дагы жарым жыл иштебей, ѳзүңдү жакшы карап эс ал” дешкен. Күнүм сейилдѳѳ, жѳѳ басуу, тынч уктоо менен ѳтүшү керек. Мен буга театрды кошуп алгам. Жарым жыл тынымсыз театрга каттадым. Ѳмүрлүк жарымды ушул жерден таптым. Ал да театр күйѳрманы. Бирок мага окшоп бир кѳргѳнүн экинчи ирет кѳрѳ берүүнү жактырбайт. Ага бир эле жолу барып койсо болду. А мен эч качан тажабайм. Алгач ѳзүм кѳрѳм. Кийин келинчегим менен келем. Андан кийин биз кѳргѳндү кѳрсүн деп ар бир баламды жетелеп келгем. Эми театрга неберелерим менен каттай баштадым.
Ыракмат сага, театрды сүйгѳн кыз.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here